Загрузка документа…
4-тиркеме (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы N 346 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жол фонду жөнүндө ЖОБО
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-апрелиндеги № 209, 2023-жылдын 6-апрелиндеги № 195, 2025-жылдын 27-ноябрындагы № 761 токтомдорунун редакцияларына ылайык )
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жол фондунун (мындан ары - Фонд) ишинин укуктук жана экономикалык негиздерин белгилейт, түзүү булактарын жана чыгымдардын максаттарын, башкаруу органдарынын ыйгарым укуктарын, Фондго түшкөн каражаттарды бөлүштүрүүнүн алкагында өз ара аракеттенүүнүн тартибин аныктайт.
2. Фонд жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун долбоорлоону, күтүүнү, оңдоону, реконструкциялоону, курууну жана өнүктүрүүнү каржылоо үчүн акча каражаттарын топтоо максатында түзүлгөн Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин (мындан ары - транспорт жана коммуникациялар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган) ведомстволук бөлүмү болуп саналат.
3. Фонд өз ишин "Жол фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, ушул Жобого, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына, транспорт жана коммуникациялар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана Байкоочу кеңештин чечимдерине ылайык жүзөгө ашырат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 6-апрелиндеги № 195 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Фонд мекеменин уюштуруу-укуктук формасындагы юридикалык жак болуп саналат, ага бекитилген мамлекеттик мүлктү оперативдүү башкарууну ишке ашырат, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн, мамлекеттик жана расмий тилдердеги өзүнүн аталышы жазылган мөөрү, штамптары, фирмалык бланктары, негизги жана жүгүртүүчү каражаттары, казыналык системасында эсептери болот.
5. Фонддун каражаттары республикалык бюджетте топтолот, максаттуу мүнөзгө жана атайын багытка ээ.
6. Фонддун толук аталышы:
1) мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жол фонду";
2) расмий тилде: "Дорожный фонд при Министерстве транспорта и коммуникаций Кыргызской Республики".
Жол фондунун кыскартылган аталышы:
1) мамлекеттик тилде: "Жол фонду";
2) расмий тилде: "Дорожный фонд".
7. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Исанов көч., 42.
8. Фонд өз ишин мыйзамдуулук, ачыктык, айкындуулук, ошондой эле Фонддун каражаттарын сарамжалдуу жана натыйжалуу башкаруу принциптеринде ишке ашырат.
2. Фонддун максаты
9. Фонддун максаты болуп жол тармагын өнүктүрүүнүн негизги багыттарына ылайык Фонддун финансылык каражаттарын топтоону жана натыйжалуу пайдаланууну камсыздоо эсептелет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 6-апрелиндеги № 195 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Фонддун башкаруу органдары
10. Фонддун башкаруу органдары болуп төмөнкүлөр саналат:
1) жогорку башкаруу органы - Фонддун Байкоочу кеңеши (мындан ары - Фонддун кеңеши);
2) аткаруу органы - Фонддун катчылыгы.
11. Фонддун кеңешинин ыйгарым укуктары:
1) Фонддун ишинин негизги багыттарын жана артыкчылыктарын, келечек жана учурдагы милдеттерин кароо, аныктоо жана бекитүү;
2) Фонддун каражаттарынын киреше бөлүгүнүн келип түшүүсүнүн болжолун жактыруу;
3) Фонддун каражаттарын сарптоо планын жактыруу;
4) жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун жана жол чарбасын долбоорлоого, курууга, реконструкциялоого, оңдоого жана күтүүгө бөлүнүүчү республикалык бюджеттин каражаттарын бөлүштүрүү;
5) Фонддун каражаттарын пайдалануу боюнча отчетторду жактыруу;
6) учурдагы жылга каржылоонун көлөмүн жана кийинки жылдарга болжолдуу көрсөткүчтөрдү бекитүү;
7) Фондго түшүүчү каражаттарды топтоону жакшыртуу боюнча сунуштарды киргизүү;
8) Фондго келип түшкөн каражаттардын өлчөмдөрүнүн маселеси боюнча сунуштамаларды берүү;
9) автомобиль жолдорун оңдоо жана күтүү планы боюнча сунуштарды берүү;
10) Фонддун каражаттарын пайдалануу жөнүндө ар жылдык аудитордук отчетту угуу;
11) Фонддун катчылыгынын түзүмүн, штаттык ырааттамасын бекитүү;
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-апрелиндеги № 209 токтому менен берилген өзгөртүүлөр 11-пункттун расмий тилдеги редакциясына киргизилди, 2023-жылдын 6-апрелиндеги № 195 токтомунун редакциясына ылайык.)
12) финансылык отчеттордун түзүмүн, аларды даярдоо жана жарыялоо тартибин аныктоо;
13) Фонддун ички жол-жоболорун бекитүү;
14) эл аралык кызматташууга катышуу жөнүндө чечимдерди кабыл алуу;
15) Фонддун катчылыгынын чыгымдарынын сметасын бекитүү;
16) Фонддун акча каражаттарынын максаттуу пайдаланылышын контролдоо;
17) Фонддун чыгымдарынын сметасынын аткарылышы жөнүндө Фонддун отчетун угуу жана бекитүү;
18) Фонддун ишине тиешелүү башка маселелерди кароо.
12. Фонддун кеңеши ага жүктөлгөн ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу үчүн:
1) катчылыктан жана транспорт жана коммуникациялар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын тийиштүү түзүмдөрүнөн өз ишин жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон маалыматты суратууга;
2) катчылык тарабынан берилген документтерди толуктап иштеп чыгууга жиберүүгө;
3) Фонддун директоруна өзүнүн функцияларын аткарбаган же талаптагыдай аткарбаган учурда ага карата чара көрүү жөнүндө Фонддун уюштуруучусуна сунуш жиберүүгө.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 6-апрелиндеги № 195 токтомунун редакциясына ылайык)
13. Фонддун кеңешинин мүчөлөрү анын ишине коомдук башталышта катышат.
14. Фонддун кеңешинин мүчөлөрү анын жыйналыштарына алмаштыруу укугусуз катышат. Фонддун кеңешинин мүчөсү жок учурда ал каралып жаткан маселелер боюнча өз пикирин жазуу жүзүндө билдирүүгө укуктуу.
15. Фонддун кеңешинин курамына киргизилген органдын/уюмдун өкүлүнүн мүчөлүгү анын аты-жөнүн, кызмат ордун, ошондой эле өкүл алмашкан учурдагы себебин көрсөтүү аркылуу тийиштүү органдын/уюмдун расмий каты менен ырасталат.
16. Фонддун кеңешинин мүчөлөрүнүн саны 7 адамдан кем болбоого тийиш.
17. Фонддун кеңешинин курамы транспорт жана коммуникациялар, экономика жана финансы, жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын, жол курулушу, жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташуу чөйрөсүндөгү коомдук бирикмелердин өкүлдөрүнүн кеминде 2 жылдык мөөнөткө бирдей өкүлчүлүгүнүн принциби боюнча транспорт жана коммуникациялар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын жетекчисинин чечими менен түзүлөт.
18. Фонддун кеңешинин жыйналышы зарылдыкка жараша өткөрүлөт. Фонддун кеңешинин жыйналышы кезектеги жана кезексиз болушу мүмкүн.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 6-апрелиндеги № 195 токтомунун редакциясына ылайык)
19. Фонддун кеңешинин анын компетенциясына кирген маселелер боюнча чечимдери жыйналышка катышкан Байкоочу кеңештин мүчөлөрүнүн көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Добуштар тең болгон учурда Фонддун кеңешинин жыйналышында төрагалык кылган адамдын добушу чечүүчү болуп саналат.
20. Транспорт жана коммуникациялар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын жетекчиси (Фонддун кеңешинин төрагасы) Фонддун кеңешинин ишин жетектейт жана анын жыйналыштарын өткөрөт, ал жок учурда аны алмаштырган адам өткөрөт.
21. Фонддун кеңешинин жыйналыштары Фонддун катчылыгынын кызматкери болуп саналган Фонддун кеңешинин катчысы тарабынан протоколдонот. Протоколга Фонддун кеңешинин төрагасы же жыйналышта төрагалык кылган адам, ошондой эле жыйынга катышкан Фонддун кеңешинин мүчөлөрү кол коёт. Протоколдордун түп нускалары Фонддун катчылыгында сакталат.
22. Фонддун кеңеши өзүнүн жыйналыштарына зарыл болгон учурда тиешелүү техникалык кызматтардын өкүлдөрүн, жыйналыштарга добуш берүү укугусуз катышкан эксперттерди жана консультанттарды чакырууга укуктуу.
23. Күн тартибин, өткөрүү убактысын жана ордун көрсөтүү менен Фонддун кеңешинин жыйналышын чакыруу жөнүндө маалымат Фонддун катчылыгы тарабынан жыйналышты өткөрүү күнүнө чейин 3 календардык күндөн кечиктирбестен Фонддун кеңешинин мүчөлөрүнө маалымдалууга тийиш.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 6-апрелиндеги № 195 токтомунун редакциясына ылайык)
24. Фонддун кеңешинин жыйынын видео-конференц-байланыш системасын пайдалануу жолу менен өткөрүүгө жол берилет.
25. Долбоорлорду каржылоо жана ишке ашыруу маселелери боюнча Фонддун кеңешинин чечимдерин жана тиешелүү түрдө аткарууну Фонддун катчылыгы камсыз кылат.
26. Фонддун катчылыгын транспорт жана коммуникациялар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын жетекчисинин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызмат ордуна дайындалуучу жана кызмат ордунан бошотулуучу Фонддун директору жетектейт.
261. Фонддо директордун орун басарынын кызмат орду каралган. Директордун орун басары Фонддун директорунун сунушу боюнча транспорт жана коммуникациялар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын жетекчиси тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат, директорго түздөн-түз баш иет, Фонддун ишин бөлүштүрүлгөн милдеттерине ылайык уюштурат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 6-апрелиндеги № 195 токтомунун редакциясына ылайык)
262. Фонддун директору жок учурда анын ыйгарым укуктарын Фонддун директорунун орун басары аткарат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 6-апрелиндеги № 195 токтомунун редакциясына ылайык)
27. Фонддун директору:
1) Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарына ылайык Фондго жүктөлгөн милдеттердин аткарылышы, Фонддун каражаттарынын сакталышы, натыйжалуу жана максаттуу пайдаланылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
2) Фонддун атынан иштейт;
3) ушул Жобого ылайык Кеңештин компетенциясына кирген маселелерди кошпогондо, Фонддун ишинин бардык маселелери боюнча чечимдерди кабыл алат;
4) Фонд түзгөн макулдашууларга жана келишимдерге кол коёт;
5) Фонддун катчылыгынын кызматкерлерин кызмат ордуна дайындайт жана кызмат ордунан бошотот, Фонддун катчылыгынын кызматкерлерине карата сыйлоо жана тартиптик жоопкерчилик чараларын көрүүгө укуктуу;
6) аткарууга милдеттүү болгон буйруктарды, тескемелерди чыгарат жана көрсөтмөлөрдү берет;
7) долбоорлорду каржылоодо төлөм документтерине кол коёт;
8) Фонддун катчылыгынын түзүмүн, штаттык ырааттамасын түзөт жана Фонддун кеңешинин бекитүүсүнө берет;
9) Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине ылайык кызматкерлерди тандоону уюштурат;
10) Фонддун катчылыгынын кызматкерлери менен эмгек келишимдерине кол коёт;
11) Фонддун түзүмдүк бөлүмдөрү жөнүндө жоболорду жана Фонддун катчылыгынын кызматкерлеринин кызматтык нускамаларын бекитет.
12) коррупциянын алдын алуунун ички системасын түзүү жана иштөөсүн камсыз кылуу үчүн жеке жоопкерчилик тартат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 6-апрелиндеги № 195, 2025-жылдын 27-ноябрындагы № 761 токтомдорунун редакциясына ылайык)
28. Фонд төмөнкүдөй функцияларды аткарат:
1) Фонддун кеңешинин чечиминин негизинде долбоорлорду ишке ашыруу боюнча, ошондой эле Фонддун катчылыгынын операциялык жана учурдагы чыгымдары боюнча финансылык операцияларды ишке ашырат;
2) Фонддун кеңешинин мүчөлөрүнүн, уюштуруучунун суроо-талабы боюнча Фонддун иши жөнүндө маалыматты берет;
3) казыналык системасында Фонддун бюджеттик администрациялануучу, депозиттик жана атайын эсептерин ачат;
4) долбоорду аткаруучу келишимдин шарттарын же долбоорду ишке ашыруунун жол-жоболорун бузган учурда каржылоону токтотот;
5) бюджеттик чөйрөдөгү ченемдик укуктук актыларда белгиленген тартипте Фонддун каражаттарынын кыймылы боюнча эсепти жана отчетту жүргүзөт;
6) катчылыктын функцияларын ишке ашыруу, долбоорлорго мониторинг жүргүзүү жана баалоо үчүн адистерди, консультанттарды жалдайт;
7) Фонддун операциялык чыгымдарга бөлүнгөн каражаттарынын чегинде Фонддун чыгашаларынын сметасын иштеп чыгат жана Фонддун Кеңешинин кароосуна жана бекитүүсүнө киргизет;
8) Фонддун кеңешинин жыйналыштарын уюштуруу боюнча иштерди жүргүзөт;
9) аудит үчүн маалыматты даярдайт;
10) Фонддун кеңеши жактырган долбоорлорду ишке ашыруунун мониторингин камсыз кылат.
11) ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгат жана транспорт жана коммуникациялар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга киргизет;
12) Фонддун киреше жана чыгаша каражаттарын бөлүштүрүү долбоорун иштеп чыгат жана Фонддун кеңешине бекитүү үчүн киргизет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 6-апрелиндеги № 195 токтомунун редакциясына ылайык)
29. Ушул Жободо аныкталган милдеттерди ишке ашыруу үчүн Фонд төмөнкүдөй укуктарга ээ:
1) жумуштарды аткаруу жана кызмат көрсөтүү боюнча юридикалык жана жеке жактар менен жарандык-укуктук бүтүмдөрдү түзүүгө;
2) ишинин белгиленген чөйрөсүндөгү маселелерди иштеп чыгуу үчүн белгиленген тартипте илимий жана башка уюмдарды, окумуштууларды жана адистерди тартууга;
3) ишинин белгиленген чөйрөсүндө кеңеш берүүчү жана эксперттик органдарды (техникалык кеңештерди жана комиссияларды) түзүүгө;
4) Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында каралган башка укуктарды жүзөгө ашырууга.
5) Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынан, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынан, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине караштуу "Унаа" мамлекеттик мекемесинен төлөмдөр боюнча эсептөө жана түшүүлөр тууралуу маалыматты суроого.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 6-апрелиндеги № 195 токтомунун редакциясына ылайык)
29-1. Фонддун киреше же чыгаша бөлүгү көбөйгөн же болбосо азайган учурда Фонддун каражаттарын бөлүштүрүү Фонддун катчылыгынын кийин аткаруусу үчүн Фонддун кеңеши тарабынан бекитилүүгө тийиш.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 6-апрелиндеги № 195 токтомунун редакциясына ылайык)
29-2. Фонддун катчылыгы ушул Жобого ылайык Фонддун кеңеши менен өз арааракеттенүүнү жүзөгө ашырат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 6-апрелиндеги № 195 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Фонддун каражаттарын түзүүнүн тартиби
30. Фонддун бюджети Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин жоболоруна ылайык түзүлөт.
31. Фонддун каражаттарын түзүү булактары "Жол фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган каражаттардын эсебинен түзүлөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 6-апрелиндеги № 195 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Фонддун каражаттарын чыгымдоонун тартиби
32. Фонд тандалып алынган долбоорлорду ишке ашыруу боюнча акча-төлөм операцияларын жүргүзүү менен бөлүнгөн каражаттардын чегинде чыгашаларды жүзөгө ашырат.
33. Фонддун каражаттары "Жол фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык пайдаланылат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 6-апрелиндеги № 195 токтомунун редакциясына ылайык)
34. Фонддун каражаттары республикалык бюджетте транспорт жана коммуникациялар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын ведомстволук классификаторунда өзүнчө сап менен чагылдырылат.
35. Бюджетти аткаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган Фондго келип түшкөн төлөмдөрдүн эсебин жүргүзөт жана аларды республикалык бюджеттен Фонддун казыналык эсебине ар бир айдын 5, 15 жана 25инде которууну камсыз кылат.
35-1. Фонд кирешелердин түшүүсүнүн жалпы көлөмү жөнүндө маалыматты алат, анын ичинде атайын иштелип чыккан автоматташтырылган маалыматтык система аркылуу мониторинг жана талдоо жүргүзөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 6-апрелиндеги № 195 токтомунун редакциясына ылайык)
35-2. Фонд кирешелер боюнча түшүүлөрдүн көлөмү жөнүндө алынган маалыматтардын негизинде кийинки айдын 5ине чейин бюджетти аткаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга чыгашалардын сметасын өзгөртүүгө жана Фондду каржылоону ачууга өтүнмөнү белгиленген тартипте жөнөтөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 6-апрелиндеги № 195 токтомунун редакциясына ылайык)
36. Транспорт жана коммуникациялар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жыл сайын Кыргыз Республикасынын келерки жылга бюджети кабыл алынганга чейин отчеттук мезгил үчүн Фонддун каражаттарынын чыгымдалышы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине отчетун жана бюджеттик мыйзамдарга ылайык келерки жылга бюджеттик каражаттарды багыттоо объекттерин көрсөтүү менен зарыл болгон бөлүнүүчү каражаттардын эсебин берет.
37. Транспорт жана коммуникациялар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими боюнча Фонддун каражаттары маалымкат-кабарламалардын (смета) негизинде багытталат:
1) жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунун жол иштерин жүргүзүү үчүн жол чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга;
2) жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун сактоо боюнча функцияларды жүзөгө ашыруу үчүн транспорттук контроль чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 6-апрелиндеги № 195 токтомунун редакциясына ылайык)
38. Долбоорду каржылоо Фонддун директорунун атынан Фонд менен транспорт жана коммуникациялар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын ведомстволук бөлүмдөрүнүн жетекчисинин атынан долбоорду аткаруучунун (заказчынын) ортосунда кол коюлган келишимдердин негизинде жүзөгө ашырылат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 6-апрелиндеги № 195 токтомунун редакциясына ылайык)
39. Фонд аткаруучулардын (заказчынын) өтүнмөлөрүнүн негизинде түзүлгөн келишимдер боюнча долбоорду (иштерди) каржылоону жүзөгө ашырат. Долбоордун аткаруучуларына (заказчыларына) долбоордун аткаруучусу, жол иштерин аткаруу боюнча подрядчылар менен андан аркы өз ара эсептешүүлөрдү жүзөгө ашыруусу үчүн акы төлөнгөндүгү жөнүндө билдирүү (авизо) жөнөтүлөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 6-апрелиндеги № 195 токтомунун редакциясына ылайык)
40. Фонддун каражаттарын пайдалануу жөнүндө отчет бюджетти аткаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга отчеттук кварталдан кийинки айдын 15ине чейин ар кварталдык негизде берилет.
41. Фонддун акча каражаттарынын кыймылы жөнүндө эсепке алуу жана отчеттуулук Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2018-жылдын 25-декабрындагы № 137 буйругу менен бекитилген Мамлекеттик башкаруу секторунда бухгалтердик эсеп жана финансылык отчеттуулук жөнүндө жобого ылайык жүргүзүлөт.
42. Долбоорлор боюнча төлөөлөр үчүн мониторинг жүргүзүү жана контролдоо Фонд тарабынан жүзөгө ашырылат. Фонд сметанын аткарылышы жөнүндө отчетту транспорт жана коммуникациялар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга берет.
Сметанын аткарылышы жөнүндө отчет транспорт жана коммуникациялар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ведомстволук бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин атынан долбоорлордун заказчылары берген отчеттордон Фонд тарабынан түзүлөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 6-апрелиндеги № 195 токтомунун редакциясына ылайык)
43. Фонддун катчылыгы жыл сайын расмий басылмаларга Фонддун каражаттарынын пайдаланылышы жөнүндө маалыматты жарыялайт, ошондой эле бул маалыматты транспорт жана коммуникациялар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий веб-сайтына жайгаштырат.
44. Ар бир жылдын башында Фонддун катчылыгы тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан берилүүчү контролдук көрсөткүчтөрдүн негизинде Фонддун кеңешинин кароосуна акча каражаттарынын Фондго түшүүсүнүн болжолун даярдайт жана сунуштайт.
45. Фонддун ишине аудит бюджеттик мыйзамдарга ылайык жүзөгө ашырылат.
46. Фонддун каражаттарынын максаттуу багыты боюнча талаптагыдай пайдаланылышы үчүн жоопкерчилик транспорт жана коммуникациялар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жүктөлөт.
461. Фонд отчеттуулук системасы аркылуу бюджеттик каражаттарды пайдалануунун натыйжалуулугун баалоо үчүн квартал сайын бюджеттик каражаттарды максаттуу пайдалануунун аудитин жүзөгө ашырат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 6-апрелиндеги № 195 токтомунун редакциясына ылайык)
6. Фондду кайра уюштуруу жана жоюу
47. Фондду жоюу жана кайра уюштуруу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
48. Фонд жоюлгандан кийин калган мүлк Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык пайдаланылат.
49. Фонддун иши токтотулган учурда документтер "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат жана пайдаланылат.