Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 23-майындагы № 365 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 6-апрели № 195
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жол тармагындагы айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын жол тармагындагы мыйзамдарын системалаштыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-февралындагы № 68 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жол чарба департаменти жөнүндө жободо:
- 6-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
- 14-пункттун он бешинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- жалпы колдонуудагы автомобиль жолдорун жана жол курулмаларын оңдоону жүргүзүү жана күтүү планын даярдоону жана иштеп чыгууну жана белгиленген тартипте Министрликке бекитүү үчүн берүүнү;";
- 24-пункттун сегизинчи, тогузунчу абзацтары күчүн жоготту деп таанылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 346 "Жол тармагынын системасын кайра өзгөртүп түзүү боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жол фонду жөнүндө жободо:
- 3-пункттагы "ушул Жобого" деген сөздөр "Жол фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, ушул Жобого" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 9-пункттагы "натыйжалуу пайдаланууну" деген сөздөр "топтоону жана натыйжалуу пайдаланууну" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 11-пункттун 11-пунктчасындагы ", кызматкерлерге эмгек акы төлөөнүн өлчөмүн" деген сөздөр алып салынсын;
- 12-пункттун 1-пунктчасы "катчылыктан" деген сөздөн кийин "жана транспорт жана коммуникациялар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын тийиштүү түзүмдөрүнөн" деген сөздөр менен толукталсын;
- 18-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"18. Фонддун кеңешинин жыйналышы зарылдыкка жараша өткөрүлөт. Фонддун кеңешинин жыйналышы кезектеги жана кезексиз болушу мүмкүн.";
- 23-пункттагы "10 календардык" деген сөздөр "3 календардык" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 26-1, 26-2-пункттар менен толукталсын:
"26-1. Фонддо директордун орун басарынын кызмат орду каралган. Директордун орун басары Фонддун директорунун сунушу боюнча транспорт жана коммуникациялар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын жетекчиси тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат, директорго түздөн-түз баш иет, Фонддун ишин бөлүштүрүлгөн милдеттерине ылайык уюштурат.
26-2. Фонддун директору жок учурда анын ыйгарым укуктарын Фонддун директорунун орун басары аткарат.";
- 27-пункттун 8-пунктчасындагы "жана кызматкерлеринин эмгек акысынын өлчөмүн" деген сөздөр алып салынсын;
- 28-пунктта:
3-пунктча "бюджеттик" деген сөздөн кийин "администрациялануучу, депозиттик" деген сөздөр менен толукталсын;
төмөнкүдөй мазмундагы 11, 12-пунктчалар менен толукталсын:
"11) ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгат жана транспорт жана коммуникациялар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга киргизет;
12) Фонддун киреше жана чыгаша каражаттарын бөлүштүрүү долбоорун иштеп чыгат жана Фонддун кеңешине бекитүү үчүн киргизет.";
- 29-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 5-пунктча менен толукталсын:
"5) Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынан, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынан, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине караштуу "Унаа" мамлекеттик мекемесинен төлөмдөр боюнча эсептөө жана түшүүлөр тууралуу маалыматты суроого.";
- 3-глава төмөнкүдөй мазмундагы 29-1, 29-2-пункттар менен толукталсын:
"29-1. Фонддун киреше же чыгаша бөлүгү көбөйгөн же болбосо азайган учурда Фонддун каражаттарын бөлүштүрүү Фонддун катчылыгынын кийин аткаруусу үчүн Фонддун кеңеши тарабынан бекитилүүгө тийиш.
29-2. Фонддун катчылыгы ушул Жобого ылайык Фонддун кеңеши менен өз арааракеттенүүнү жүзөгө ашырат.";
- 31-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"31. Фонддун каражаттарын түзүү булактары "Жол фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган каражаттардын эсебинен түзүлөт.";
- 33-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"33. Фонддун каражаттары "Жол фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык пайдаланылат.";
- төмөнкүдөй мазмундагы 35-1, 35-2-пункттар менен толукталсын:
"35-1. Фонд кирешелердин түшүүсүнүн жалпы көлөмү жөнүндө маалыматты алат, анын ичинде атайын иштелип чыккан автоматташтырылган маалыматтык система аркылуу мониторинг жана талдоо жүргүзөт.
35-2. Фонд кирешелер боюнча түшүүлөрдүн көлөмү жөнүндө алынган маалыматтардын негизинде кийинки айдын 5ине чейин бюджетти аткаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга чыгашалардын сметасын өзгөртүүгө жана Фондду каржылоону ачууга өтүнмөнү белгиленген тартипте жөнөтөт.";
- 37-пункттун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"37. Транспорт жана коммуникациялар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими боюнча Фонддун каражаттары маалымкат-кабарламалардын (смета) негизинде багытталат:";
- 38, 39-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"38. Долбоорду каржылоо Фонддун директорунун атынан Фонд менен транспорт жана коммуникациялар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын ведомстволук бөлүмдөрүнүн жетекчисинин атынан долбоорду аткаруучунун (заказчынын) ортосунда кол коюлган келишимдердин негизинде жүзөгө ашырылат.
39. Фонд аткаруучулардын (заказчынын) өтүнмөлөрүнүн негизинде түзүлгөн келишимдер боюнча долбоорду (иштерди) каржылоону жүзөгө ашырат. Долбоордун аткаруучуларына (заказчыларына) долбоордун аткаруучусу, жол иштерин аткаруу боюнча подрядчылар менен андан аркы өз ара эсептешүүлөрдү жүзөгө ашыруусу үчүн акы төлөнгөндүгү жөнүндө билдирүү (авизо) жөнөтүлөт.";
- 42-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"42. Долбоорлор боюнча төлөөлөр үчүн мониторинг жүргүзүү жана контролдоо Фонд тарабынан жүзөгө ашырылат. Фонд сметанын аткарылышы жөнүндө отчетту транспорт жана коммуникациялар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга берет.
Сметанын аткарылышы жөнүндө отчет транспорт жана коммуникациялар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ведомстволук бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин атынан долбоорлордун заказчылары берген отчеттордон Фонд тарабынан түзүлөт.";
- 5-глава төмөнкүдөй мазмундагы 46-1-пункт менен толукталсын:
"46-1. Фонд отчеттуулук системасы аркылуу бюджеттик каражаттарды пайдалануунун натыйжалуулугун баалоо үчүн квартал сайын бюджеттик каражаттарды максаттуу пайдалануунун аудитин жүзөгө ашырат.".
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Жапаров |