Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-ноябрындагы № 732 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2022-жылдын 31-январы № 44

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 15-февралындагы № 91 "Саламаттык сактоо жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу боюнча байкоочу кеңеш жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин түзүмү өзгөртүлүп түзүлгөндүгүнө байланыштуу, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 15-февралындагы № 91 "Саламаттык сактоо жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу боюнча байкоочу кеңеш жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) жогоруда аталган токтом менен түзүлгөн Саламаттык сактоо жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу боюнча байкоочу кеңештин курамы ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;

2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Саламаттык сактоо жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу боюнча байкоочу кеңеш жөнүндө жободо:

- 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"1. Саламаттык сактоо жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу боюнча байкоочу кеңеш (мындан ары - Кеңеш) Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги (мындан ары - Министрлик) тарабынан саламаттык сактоо жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын натыйжалуу ишке ашыруу максатында саламаттык сактоо жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык түзүлдү.";

- 3-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"3. Кеңеш түздөн-түз Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине баш иет.";

- 5-пунктунун үчүнчү абзацындагы "Саламаттык сактоо министрлиги менен ММК Фондунун Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо, базалык мамлекеттик жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу, жарандардын саламаттыгын сактоо секторун өнүктүрүү жаатында ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырууга багытталган биргелешкен" деген сөздөр "Саламаттык сактоо секторун, базалык мамлекеттик жана милдеттүү медициналык камсыздандырууну өнүктүрүү, Кыргыз Республикасынын жарандарынын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырууга багытталган иш-чараларды" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 6-пунктунда:

үчүнчү абзацындагы "Өкмөтүнүн" деген сөз "Министрлер Кабинетинин" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

төртүнчү абзацындагы "министрлиги менен ММК Фондунун" деген сөздөр "министрлигинин" деген сөз менен алмаштырылсын;

- 8-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"8. Кеңештин жеке курамы Министрликтин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен бекитилет.";

- 14-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"14. Кеңештин төрагасы болуп Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын социалдык блокту тейлеген орун басары эсептелет.";

- 28-пунктундагы "ММК Фонду" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 29-пунктундагы "Өкмөтүнүн" деген сөз "Министрлер Кабинетинин" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Төрага

А.У. Жапаров

 

 

 

 

Тиркеме

 

 

 

"Тиркеме

Саламаттык сактоо жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу боюнча байкоочу кеңештин курамы

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын социалдык блокту тейлеген орун басары, Байкоочу кеңештин төрагасы;

Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри, Байкоочу кеңештин төрагасынын орун басары;

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун төрагасы, Байкоочу кеңештин төрагасынын орун басары.

Байкоочу кеңештин мүчөлөрү:

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча);

Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин экспертизалоо бөлүмүнүн эксперти, Байкоочу кеңештин катчысы;

Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;

Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары;

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасы;

"Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо кызматкерлеринин профсоюзу" профсоюздар бирикмесинин төрагасы (макулдашуу боюнча);

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Коомдук кеңешинин төрагасы (макулдашуу боюнча);

"Кыргыз Республикасынын Иш берүүчүлөр улуттук конфедерациясы" юридикалык жактардын бирикмесинин катчылыгынын жетекчиси (макулдашуу боюнча);

"Кыргызстандын Үй-бүлөлүк дарыгерлер топторунун жана үй-бүлөлүк медайымдардын ассоциациясы" юридикалык жактардын бирикмесинин жетекчиси (макулдашуу боюнча);

"Кыргыз Республикасынын Ооруканалар ассоциациясы" юридикалык жактардын бирикмесинин аткаруучу директору (макулдашуу боюнча).".