Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 7-февралы № 50
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 18-мартындагы № 110 "Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары тарабынан расмий эскертүүнү жарыялоонун тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Ченемдик укуктук актылардагы карама-каршылыктарды четтетүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 18-мартындагы № 110 "Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары тарабынан расмий эскертүүнү жарыялоонун тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары тарабынан расмий эскертүүнү жарыялоонун тартиби жөнүндө нускамада:
- 2-пунктундагы "жана администрациялык мыйзамдардын" деген сөздөр "мыйзамдарынын жана укук бузуулар жөнүндө мыйзамдардын" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 3-пунктундагы "кылмыш-жаза же администрациялык жоопкерчиликке тартуу үчүн негиз" деген сөздөр "жасалган жана даярдалып жаткан кылмыштардын жана/же укук бузуулардын белгилери" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 4-пунктундагы "же улуттук коопсуздук кызыкчылыктарына каршы укукка жат жосундар анык даярдалып жаткандыгы тууралуу жетишерлик маалыматтар болгондо" деген сөздөр алып салынсын;
- 7-пунктундагы "же администрациялык жоопкерчиликке" деген сөздөр "жоопкерчилигине же укук бузуу үчүн жоопкерчиликке" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 10-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"10. Ыйгарым укуктуу кызмат адамы көрсөтүлгөн материалдарды текшерип чыккандан кийин, анын натыйжасында маалыматтар тастыкталса, он күндүн ичинде жарандарга расмий эскертүү жарыялоо жөнүндө чечим кабыл алат.";
- 11-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
- аталган Нускамага 1-тиркеме ушул токтомдун 1-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;
- аталган Нускаманын 2-тиркемесинде:
- "МАМЛЕКЕТТИК УЛУТТУК КООПСУЗДУК КЫЗМАТЫ" деген сөздөр "УЛУТТУК КООПСУЗДУК МАМЛЕКЕТТИК КОМИТЕТИ" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- расмий тилдеги текстиндеги "201____" деген цифралар "20____" деген цифралар менен алмаштырылсын;
- аталган Нускамага 3-тиркеме ушул токтомдун 2-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2022-жылдын 15-февралындагы № 18 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |
|
| 1-тиркеме |
|
| "Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары тарабынан расмий эскертүү жарыялоонун тартиби жөнүндө нускамага 1-тиркеме |
Улуттук коопсуздук органынын
бланкында таризделет
РАСМИЙ ЭСКЕРТҮҮ
___________________________________________________________________________
(улуттук коопсуздук органынын аталышы)
___________________________________________________________________________
(жеке жактын аты-жөнү, туулган датасы жана жашаган жери,
___________________________________________________________________________
адам тарабынан жасалган (жасалуучу) жана/же даярдалып жаткан
___________________________________________________________________________
конкреттүү иш-аракеттерди кыскача баяндоо)
____________________________________________________________________ жөнүндө
маалыматтар бар.
Көрсөтүлгөн иш-аракеттер Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин
___________-беренесинде каралган кылмышты жана/же Кыргыз Республикасынын
Укук бузуулар жөнүндө кодексинин _________-беренесинде каралган укук бузууну жасоо
үчүн шарт түзөт.
Баяндалгандын негизинде "Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндө"
Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 16-беренесинин 7-бөлүгүнө ылайык кылмышты
жана/же укук бузууну жасоонун алдын алуу максатында
___________________________________________________________________________
(жеке жактын аты-жөнү, туулган жылы, Кыргыз Республикасынын жаранынын
___________________________________________________________________________
паспортунун сериясы жана номери, инсандыкты күбөлөндүрүүчү башка документтер)
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин _______-беренесинде каралган
кылмышты жана/же Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин
__________-беренесинде каралган укук бузууну жасоо үчүн шарт түзүүчү иш-аракеттерге
жол берилбестиги жөнүндө расмий эскертүү жарыяланды.
Мөөрдүн орду
___________________ | ______________ | _____________________________________ |
(кызмат орду) | (колу) | (инициалдар, фамилиясы) |
20____-ж. "____" ___________ № ______________
Мага эскертүү жарыяланды, анын маңызы жана даттануу укугу түшүндүрүлдү.
___________________________________________________________________________
(расмий эскертүү жарыяланган адамдын колу, инициалдар, фамилиясы)
20____-ж. "____" ___________.".
|
| 2-тиркеме |
|
| "Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары тарабынан расмий эскертүү жарыялоонун тартиби жөнүндө нускамага 3-тиркеме |
Улуттук коопсуздук органынын
бланкында таризделет
|
| _______________________________ прокурору _________________________________________ _________________________________________ _________________________________________ |
"Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндө"
Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 16-беренесине ылайык Сизге төмөнкүлөрдү кабарлайбыз:
_____________________________________________________________________________
(аты-жөнү, туулган датасы жана жашаган жери)
_____________________________________________________________________________
тарабынан ___________________________________________________________________
(адам тарабынан жасалган жана /же жасоого даярдалып
_____________________________________________________________________________
жаткан конкреттүү иш-аракеттерди кыскача баяндоо)
_____________________________________________________________________________
_____________________________________________________________________________
_____________________________________________________________________________
_____________________________________________________________________________
_____________________________________________________________________________
жасалгандыгына байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин
_________-беренесинде каралган кылмышты жана/же Кыргыз Республикасынын
Укук бузуулар жөнүндө кодексинин __________-беренесинде каралган укук бузууну жасоого
шарт түзүүчү иш-аракеттерге жол берилбестиги жөнүндө расмий эскертүү жарыяланды.
____________________________________________________________________________
(кызмат орду) (колу) (инициалдар, фамилиясы)
20____-ж. "____" ___________ № ______________.".