Загрузка документа…
КӨҢҮЛ БУРУҢУЗ!
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-октябрындагы № 565 токтомунун
негизинде киргизилген өзгөртүүлөр, 2023-жылдын 8-январынан тартып күчүнө кирет.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 18-марты № 110
Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары тарабынан расмий эскертүүнү жарыялоонун тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 7-февралындагы № 50, 2022-жылдын 14-октябрындагы № 565 токтомдорунун редакциясына ылайык)
«Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-беренесинин 1-бөлүгүнүн 10-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-октябрындагы № 565 токтомунун редакциясына ылайык)
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркелген Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары тарабынан расмий эскертүүнү жарыялоонун тартиби жөнүндө нускама бекитилсин.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Премьер-министр | А. Атамбаев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 18-мартындагы № 110 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары тарабынан расмий эскертүүнү жарыялоонун тартиби жөнүндө нускама
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 7-февралындагы № 50, 2022-жылдын 14-октябрындагы № 565 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. «Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-беренесинин 1-бөлүгүнүн 10-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары өздөрүнө жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн кылмыш жасоону алдын алуу максатында Кыргыз Республикасынын жарандарына, чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга (мындан ары - жарандарга) расмий эскертүү жарыялоо формасында профилактикалык таасир этүү чараларын колдонушат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-октябрындагы № 565 токтомунун редакцияларына ылайык)
2. Расмий эскертүү - кылмыш-жаза мыйзамдарынын жана укук бузуулар жөнүндө мыйзамдардын жалпы эскертүү аракетинин натыйжалуулугун жогорулатуу, ошондой эле расмий эскертүү колдонулган жарандарга карата алардын аракеттери коомдук коркунучтуу экендигине негизделген аң-сезимдүү түшүнүүнү тарбиялоо, кийин аларды жасоодон кармануу максатын көздөгөн профилактикалык таасир этүү чарасы.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 7-февралындагы № 50 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Расмий эскертүү жарандарга жасалган жана даярдалып жаткан кылмыштардын жана/же укук бузуулардын белгилери жок болгон учурда жарыяланышы мүмкүн.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 7-февралындагы № 50 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Расмий эскертүү улуттук коопсуздук кызыкчылыктарына каршы келген коомго каршы аракеттерди жарандардын жасагандыгы тууралуу күбөлөндүрүлгөн жетишерлик маалыматтар бар болгондо колдонулушу мүмкүн.
Расмий эскертүүнү жарыялоо үчүн негиз болуп кылмыш жасоого шарт түзүп берген, кылмышка даярдануу же кылмыш жасоого аракет кылуу себептери жок болгондо белгилүү бир кылмыш жасоо ниетинен (оозеки, кат жүзүндө же башкача түрдө) тышкары байкалган жарандардын ачык-айкын аракеттери жөнүндө толук жана милдеттүү түрдө алдын ала тастыкталган маалыматтар саналат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 7-февралындагы № 50 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Расмий эскертүүнү жарыялоо маселесин чечүү укугу улуттук коопсуздук органдарынын жетекчисине жана анын орун басарларына, улуттук коопсуздук органдарынын оперативдик жана аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилерине жана алардын орун басарларына тиешелүү (мындан ары - ыйгарым укуктуу кызмат адамы).
2. Расмий эскертүүнү даярдоо жана тариздөө тартиби
6. Кылмыш жасоого шарт түзүп берген аракеттер жарандар тарабынан жасалгандыгы жөнүндө маалыматтар алынганда Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган күчтөрдү жана каражаттарды колдонуу менен көрсөтүлгөн маалыматтарды текшерүүнү жүргүзүшөт.
7. Кылмыш жасоого шарт түзүп берген аракеттер жарандар тарабынан жасалгандыгы жөнүндө маалыматтар тастыкталган жана документтелген учурда, жарандарды кылмыш-жаза жоопкерчилигине же укук бузуу үчүн жоопкерчиликке тартуу үчүн негиз жок болгондо бул маалыматтарды алган же таап көрсөткөн Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары тарабынан төмөнкү эки нускада расмий эскертүү (1-тиркемеге ылайык үлгүсү боюнча) даярдалат:
- биринчи нуска - кылмыш жасоого шарт түзүп берген аракеттерди жасаган жарандарга берүү үчүн;
- экинчи нуска - Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдарынын тийиштүү ишине текшерүү материалдары менен бирге тиркөө үчүн.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 7-февралындагы № 50 токтомунун редакциясына ылайык)
8. Расмий эскертүүнүн текстинде текшерүүнүн жыйынтыгында тастыкталган жана документтелген кылмыш жасоого шарт түзүп берген жарандардын ачык-айкын аракеттери көрсөтүлүшү керек.
3. Расмий эскертүүнү жарыялоо тартиби
9. Расмий эскертүүнү колдонуу жөнүндө чечим корутунду менен таризделет. Анда жаран тарабынан жасалган, профилактикалык таасир этүүгө тийиш болгон коомго каршы аракеттердин негизи, алардын анкеталык маалыматтары жана расмий эскертүүнү колдонуунун максатка ылайыктуулугу жөнүндө жүйөлүү пикир жазылат.
Корутунду ушул Нускаманын 5-пунктунда көрсөтүлгөн ыйгарымдуу укуктуу кызмат адамдары тарабынан бекитилет.
10. Ыйгарым укуктуу кызмат адамы көрсөтүлгөн материалдарды текшерип чыккандан кийин, анын натыйжасында маалыматтар тастыкталса, он күндүн ичинде жарандарга расмий эскертүү жарыялоо жөнүндө чечим кабыл алат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 7-февралындагы № 50 токтомунун редакциясына ылайык)
11. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 7-февралындагы № 50 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
12. Расмий эскертүү жарыялана турган жарандарды улуттук коопсуздук органдарына чакыруу кагазы (2-тиркемеге ылайык үлгүсү боюнча) менен жүргүзүлөт. Чакыруу кагазында ким, каяка жана кимге чакырылып жаткандыгы, келүү күнү жана сааты көрсөтүлөт. Чакыруу кагазы тапшырылган убакытты көрсөтүү менен тилкат аркылуу берилет. Зарыл учурларда жарандар телеграф, телетайп боюнча тапшырылгандыгы жөнүндө кабарлоо менен заказ кылынган кат аркылуу, ошондой эле кабарлоонун же чакыруунун жазылышын камсыз кылган башка байланыш каражаттарга колдонуу менен кабарланышы же чакырылышы мүмкүн.
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө кызмат өтөгөн жарандарга расмий эскертүү берүү эреже катары командачылык аркылуу жүргүзүлөт.
Зарыл болгондо расмий эскертүү жашаган, иштеген ж.б. жери боюнча жарыяланышы мүмкүн.
13. Расмий эскертүү жарыяланган жарандарга, алардын жүрүм-туруму Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугунун кызыкчылыктарына каршы келгендигин, эгерде алар тийиштүү жыйынтык чыгарбаса кылмыш жасоого алып келиши мумкүн экендигин түшүндүрүү зарыл. Ал кылмыш жасаган учурда эскерттүү жарыялоо жөнүндө материалдар кылмыш-жаза ишине тиркеле тургандыгы да ага түшүндүрүлүшү керек.
14. Расмий эскертүү Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органынын кызматкерлери тарабынан жаранга тапшыруу датасы көрсөтүлгөн экинчи нускада жеке колун койдуруу аркылуу тапшырылат.
Эгерде расмий эскертүү жарыяланган адам жазуу жүзүндө түшүнүк кат берүүгө каалоосун билдирсе, анда ал материалдарга тиркелет.
Жарандарга расмий эскертүү алгандан кийин он күндүн ичинде жогору турган улуттук коопсуздук органдарына, прокуратурага же сотко расмий эскертүүгө даттануу укугу түшүндүрүлөт.
Жарандарга расмий эскертүүнү жеке тапшырууда ыйгарым укуктуу кызмат адамы чакырган мамлекеттик органдардын, уюмдардын же коомчулуктун өкүлдөрү катыша алышат.
Зарыл учурда ыйгарым укуктуу адам ошондой эле расмий эскертүүнү тапшыруу жөнүндө же аны жеке тапшыруу жөнүндө кабарлоо менен заказ кат аркылуу почта боюнча жиберүү жөнүндө чечим кабыл алат. Расмий эскертүүнү жиберүү жөнүндө чечим, аны жарандын реалдуу алуу мүмкүнчүлүгүн эске алуу менен кабыл алынат.
15. Жарандарга расмий эскертүү жарыялангандан кийин ыйгарым укуктуу жетекчи бул жөнүндө тиешелүү прокурорго (3-тиркеме ылайык үлгүсү боюнча) кабарлайт Кабарлоодо эскертүү качан жана кимге (аты-жөнү, кайда жана кайсы жерде төрөлгөндүгү, кайсы жерде жашагандыгы, паспортунун маалыматтары ж.б.) жарыялангандыгы жана жасалган аракеттердин негизи көрсөтүлүшү керек.
16. Расмий эскертүү жарыялаган Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органынын кызматкери жүргүзүлгөн иш-чара жөнүндө билдирме жазат. Билдирмеде профилактика жасалып жаткан адам аны кандай кабыл алгандыгы көрсөтүлөт жана андан кийин ага жүргүзүлгөн байкоо тууралуу пикир жазылат.
17. Эгерде жаран тарабынан кылмыш жасоого шарт түзүп берген аракеттердин жасалышы жөнүндө кайталанган же жаңы маалыматтар кошумча алынса, жарандарга расмий эскертүү жарыялоо жөнүндө чечим кайрадан кабыл алынышы мүмкүн. Мындай учурда чечим ушул Нускамада белгиленген тартипте кабыл алынат.
4. Расмий эскертүүнү жарыялоо жөнүндө материалдарды эсепке алуу жана сактоо тартиби
18. Расмий эскертүүнү, расмий эскертүүнү жарыялоо үчүн негиз болгон материалдарды расмий эскертүү жарыяланган жарандардын түшүнүк каттарын, ошондой эле жүргүзүлгөн профилактикалык таасир этүү жөнүндө билдирмелерин эсепке алуу Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдарынын жетекчиси тарабынан белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
19. Расмий эскертүү, аны жарыялоо үчүн негиз болгон материалдар, жүргүзүлгөн профилактикалык таасир этүү жөнүндө кызматкердин билдирмеси, ошондой эле расмий эскертүү жарыяланган жарандардын түшүнүк каттары, алардын туруктуу жашаган жери боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдарынын архивдик бөлүмдөрүндө сакталат.
Улуттук коопсуздук органынын бланкында таризделет | Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары тарабынан расмий эскертүү жарыялоонун тартаби жөнүндө нускамага 1-тиркеме |
РАСМИЙ ЭСКЕРТҮҮ
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 7-февралындагы № 50, 2022-жылдын 14-октябрындагы № 565 токтомдорунун редакциясына ылайык)
___________________________________________________________________________
(улуттук коопсуздук органынын аталышы)
___________________________________________________________________________
(жеке жактын аты-жөнү, туулган датасы жана жашаган жери,
___________________________________________________________________________
адам тарабынан жасалган (жасалуучу) жана/же даярдалып жаткан
___________________________________________________________________________
конкреттүү иш-аракеттерди кыскача баяндоо)
____________________________________________________________________ жөнүндө
маалыматтар бар.
Көрсөтүлгөн иш-аракеттер Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин
___________-беренесинде каралган кылмышты жана/же Кыргыз Республикасынын
Укук бузуулар жөнүндө кодексинин _________-беренесинде каралган укук бузууну жасоо
үчүн шарт түзөт.
Баяндалгандын негизинде "Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндө"
Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-беренесинин 1-бөлүгүнүн 10-пунктуна ылайык кылмышты
жана/же укук бузууну жасоонун алдын алуу максатында
___________________________________________________________________________
(жеке жактын аты-жөнү, туулган жылы, Кыргыз Республикасынын жаранынын
___________________________________________________________________________
паспортунун сериясы жана номери, инсандыкты күбөлөндүрүүчү башка документтер)
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин _______-беренесинде каралган
кылмышты жана/же Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин
__________-беренесинде каралган укук бузууну жасоо үчүн шарт түзүүчү иш-аракеттерге
жол берилбестиги жөнүндө расмий эскертүү жарыяланды.
Мөөрдүн орду
___________________ | ______________ | _____________________________________ |
(кызмат орду) | (колу) | (инициалдар, фамилиясы) |
20____-ж. "____" ___________ № ______________
Мага эскертүү жарыяланды, анын маңызы жана даттануу укугу түшүндүрүлдү.
___________________________________________________________________________
(расмий эскертүү жарыяланган адамдын колу, инициалдар, фамилиясы)
20____-ж. "____" ___________
Улуттук коопсуздук органынын бланкында таризделет | Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары тарабынан расмий эскертүү жарыялоонун тартаби жөнүндө нускамага 2-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети чакыруу кагазы
______________________________________________________________________________________________________________жашаган
_______________________________________________________________________________________________________________жараны,
Сизге 20___-ж. «__» __________ саат «_____» төмөнкү дарекке:
_________________________________________________________________________________________________________________келүү
сунушталат.
__________________________________________________________________________________________кызмат.тел.: __________________
Өзүңуз менен кошо паспорт же башка инсандыкты күбөлөндүрүүчү документ болсун.
20___ -ж. «___» ____________ _____________________
Тил кат
20___-ж. «___» __________саат «____» келүү жөнүндө чакыруу барагы.
Алдым__________________ _________________________________________
(аты-жөнү, колу)
20___ -ж. «__» _____________
Улуттук коопсуздук органынын бланкына таризделет | Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары тарабынан расмий эскертүү жарыялоонун тартиби жөнүндө нускамага 3-тиркеме |
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 7-февралындагы № 50, 2022-жылдын 14-октябрындагы № 565 токтомдорунун редакциясына ылайык)
Улуттук коопсуздук органынын
бланкында таризделет
|
| _______________________________ прокурору _________________________________________ _________________________________________ _________________________________________ |
"Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндө"
Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-беренесине ылайык Сизге төмөнкүлөрдү кабарлайбыз:
_____________________________________________________________________________
(аты-жөнү, туулган датасы жана жашаган жери)
_____________________________________________________________________________
тарабынан ___________________________________________________________________
(адам тарабынан жасалган жана /же жасоого даярдалып
_____________________________________________________________________________
жаткан конкреттүү иш-аракеттерди кыскача баяндоо)
_____________________________________________________________________________
_____________________________________________________________________________
_____________________________________________________________________________
_____________________________________________________________________________
_____________________________________________________________________________
жасалгандыгына байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин
_________-беренесинде каралган кылмышты жана/же Кыргыз Республикасынын
Укук бузуулар жөнүндө кодексинин __________-беренесинде каралган укук бузууну жасоого
шарт түзүүчү иш-аракеттерге жол берилбестиги жөнүндө расмий эскертүү жарыяланды.
____________________________________________________________________________
(кызмат орду) (колу) (инициалдар, фамилиясы)
20____-ж. "____" ___________ № ______________.".