Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 12-декабрындагы № 661 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 7-февралы № 59
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 2-февралындагы № 54 “Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине караштуу Тышкы соода чөйрөсүндөгү “Бирдиктүү терезе” борбору” мамлекеттик ишканасынын байкоочу кеңеши жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин түзүмү өзгөргөндүгүнө байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы № 425 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин түзүмү жана курамы жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын түзүмү жөнүндө” Жарлыгына ылайык, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 2-февралындагы № 54 “Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине караштуу Тышкы соода чөйрөсүндөгү “Бирдиктүү терезе” борбору” мамлекеттик ишканасынын байкоочу кеңеши жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) аталышы жана 1, 2-пункттары “Экономика” деген сөздөн кийин “жана коммерция” деген сөздөр менен толукталсын;
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине караштуу “Тышкы соода чөйрөсүндөгү “Бирдиктүү терезе” борбору” мамлекеттик ишканасынын байкоочу кеңешинин курамы ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;
3) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине караштуу “Тышкы соода чөйрөсүндөгү “Бирдиктүү терезе” борбору” мамлекеттик ишканасынын байкоочу кеңешинин жобосунда:
– аталышы жана 1-пункту “Экономика” деген сөздөн кийин “жана коммерция” деген сөздөр менен толукталсын;
– 2, 8-пункттарындагы түрдүү жөндөмөлөрдөгү “Өкмөтү” деген сөз тиешелүү жөндөмөдөгү “Министрлер Кабинети” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
– 3-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“3. Байкоочу кеңештин төрагасы (мындан ары – төрага) Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары, төраганын орун басары Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы болуп саналат.”;
– 2-главасында:
алтынчы абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“– кийинки отчёттук мезгилге иш планды бекитүү жана өткөн мезгил үчүн отчётту жактыруу;”;
сегизинчи абзацындагы “Өкмөтүнө” деген сөз “Министрлер Кабинетине” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
он экинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
– 5-пунктунун экинчи абзацындагы “Өкмөтүнө” деген сөз “Президентинин Администрациясына” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
– 10-пунктундагы “9” деген цифра “7” деген цифра менен алмаштырылсын;
– 15-пунктундагы “Өкмөттүн” деген сөз “Президенттин Администрациясынын” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
– 17-пункту “Экономика” деген сөздөн кийин “жана коммерция” деген сөздөр менен толукталсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер КабинетининТөрагасы |
А.У. Жапаров |
Тиркеме
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын
2-февралындагы № 54 токтому менен бекитилген
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу “Тышкы соода чөйрөсүндөгү “Бирдиктүү терезе” борбору” мамлекеттик ишканасынын байкоочу кеңешинин КУРАМЫ
Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары, Байкоочу кеңештин төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы, Байкоочу кеңештин төрагасынын орун басары.
Байкоочу кеңештин мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын айыл чарба министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Кыргыз аккредитациялоо борборунун директору;
Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын президенти (макулдашуу боюнча);
“Сатуучулардын (өндүрүүчүлөрдүн жана дистрибьюторлордун) ассоциациясы” ЮЖБнын президенти (макулдашуу боюнча);
Кыргызстандын жүк ташуучулар ассоциациясынын төрагасы (макулдашуу боюнча).”.