Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2010-жылдын 2-февралы № 54
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу "Тышкы соода чөйрөсүндөгү "Бирдиктүү терезе" борбору" мамлекеттик ишканасынын байкоочу кеңеши жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 30-октябрындагы № 756, 2013-жылдын 25-мартындагы № 149, 2014-жылдын 3-февралындагы № 67, 2008-жылдын 18-июлундагы № 433,Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 7-февралындагы № 59, 2022-жылдын 27-сентябрындагы № 528 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 23-октябрындагы № 464 "Тышкы соода чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты өнүктүрүү жана экспорттук-импорттук жол-жоболорду өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгына ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 27-августундагы № 539 "Тышкы соода чөйрөсүндөгү "Бир терезе борбору" мамлекеттик ишканасын түзүү жөнүндө" токтомун ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу "Тышкы соода чөйрөсүндөгү "Бирдиктүү терезе" борбору" мамлекеттик ишканасынын байкоочу кеңеши түзүлсүн.
2. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу "Тышкы соода чөйрөсүндөгү "Бирдиктүү терезе" борбору" мамлекеттик ишканасынын байкоочу кеңешинин курамы;
- Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу "Тышкы соода чөйрөсүндөгү "Бирдиктүү терезе" борбору" мамлекеттик ишканасынын байкоочу кеңешинин жобосу.
Премьер-министр | Д.Үсөнов |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 2-февралындагы № 54 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу “Тышкы соода чөйрөсүндөгү “Бирдиктүү терезе” борбору” мамлекеттик ишканасынын байкоочу кеңешинин КУРАМЫ
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 7-февралындагы № 59, 2022-жылдын 27-сентябрындагы № 528 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары, Байкоочу кеңештин төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы, Байкоочу кеңештин төрагасынын орун басары.
Байкоочу кеңештин мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын айыл чарба министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Кыргыз аккредитациялоо борборунун директору;
Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын президенти (макулдашуу боюнча);
"Сатуучулардын (өндүрүүчүлөрдүн жана дистрибьюторлордун) ассоциациясы" ЮЖБнын президенти (макулдашуу боюнча);
Шайкештикти баалоо жана контролдоо боюнча органдардын ассоциациясынын президенти (макулдашуу боюнча);
Кыргызстандын жүк ташуучулар ассоциациясынын төрагасы (макулдашуу боюнча).