Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 18-февралы № 86
Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун
калкына мамлекеттик жана муниципалдык
кызматтарды көрсөтүү жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 21-ноябрындагы № 650, 2024-жылдын 12-июнундагы № 304, 2024-жылдын 19-декабрындагы № 772, 2025-жылдын 24-декабрындагы № 826 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
"Баткен облусунун статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесине жана "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине, ошондой эле "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун калкына мамлекеттик органдар тарабынан акысыз же жеңилдетилген негизде көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтардын тизмеси тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Бул токтомдун тиркемесинде көрсөтүлгөн Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары:
- бул токтомдун 1-пунктунда бекитилген мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмесин 2022-жылдын 15-мартынан тартып жетекчиликке алсын;
- 2022-жылдын 15-мартына чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы монополияга каршы мамлекеттик органдын аймактык бөлүмдөрү менен макулдашылган мамлекеттик кызматтарды акысыз же жеңилдетип көрсөтүүнү эске алуу менен түзүмдүк бөлүмдөр жана ведомстволук мекемелер тарабынан Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун калкына көрсөтүлгөн акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрдүн (жумуштардын) бекитилген тарифтерине (бааларына) тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизсин;
- 2022-жылдын 5-мартына чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрү тарабынан мамлекеттик кызматтарды жеңилдетилген негизде көрсөтүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Баткен облусунда мамлекеттик кызматты керектөөчүнүн жашаган жери боюнча каттоодо тургандыгын күбөлөндүрүүчү зарыл документтердин тизмеси, акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн наркын түзүү (өзгөртүү) тартиби жана кызмат көрсөтүүлөрдүн наркын бекиткен орган жөнүндө маалыматтар тууралуу тиешелүү өзгөртүүлөрдү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандартына белгиленген тартипте киргизсин;
- Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун калкына акысыз же жеңилдетилген негизде көрсөтүлгөн мамлекеттик кызматтардын көлөмү жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине квартал сайын, отчёттук мезгилден кийинки айдын 10унан кечиктирбестен берип турсун.
3. Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн кошумча тизмесин бекитүү аркылуу Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун калкына акы төлөнүүчү муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү жеңилдетилген негизде берүү мүмкүнчүлүгүн белгиленген тартипте карап чыгуу жана Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун муниципалдык мекемелери тарабынан көрсөтүлүүчү акы төлөнүүчү муниципалдык кызматтардын тарифтерине (бааларына) тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы монополияга каршы мамлекеттик органдын аймактык бөлүмдөрү менен макулдашуу сунушталсын.
4. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-июнундагы № 304 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
5. (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 19-декабрындагы № 772 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
7. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |
| Тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун калкына мамлекеттик органдар тарабынан
акысыз же жеңилдетилген негизде көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтардын
тизмеси
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 21-ноябрындагы № 650, 2025-жылдын 24-декабрындагы № 826 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
№ | Мамлекеттик органдын аталышы | Өзгөчө жеңилдик режими каралган аймакта акысыз же жеңилдетилген шарттарда көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтардын тизмесине киргизүү үчүн сунушталган, акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрине ылайык мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн аталышы | Көрсөтүү шарттары (наркы) | |
Кыргыз Республикасынын аймагында учурдагы наркы | Баткен облусунун калкына акысыз/жеңилдетилген негизде | |||
1. | Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги | Эмгек рыногунда талап кылынган кесиптерге ишкананын жана жеке каражатынын эсебинен жарандарды окутуу (контракттык окутуу) | Окутуунун орточо наркы 8000 сом | Акысыз |
2. | Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги | Аккредиттелген лабораториялардын ишин инспекциялык контролдоону эске алуу менен эл аралык стандарттардын талаптарына ылайык лабораториялардын компетенттүүлүгүн ырастоо | 27230 сом | Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Кыргыз аккредитациялоо борбору аткарган акы төлөнүүчү жумуштарга жана кызмат көрсөтүүлөргө баалардын прейскурантында белгиленген нарктан 10% жеңилдик менен шайкештикти баалоо боюнча органдарды аккредитациялоого табыштамалар бөлүгүндө - 24507 сом |
Контролдоонун аккредиттелген органынын ишин инспекциялык контролдоону эске алуу менен эл аралык стандарттардын талаптарына ылайык контролдоо органынын компетенттүүлүгүн ырастоо | 11170 сом | Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Кыргыз аккредитациялоо борбору аткарган акы төлөнүүчү жумуштарга жана кызмат көрсөтүүлөргө баалардын прейскурантында белгиленген нарктан 10% жеңилдик менен - 10053 сом | ||
Табыштамалар жана келишимдер боюнча тийиштүү түрдөгү документ берүү менен ченөө каражаттарын текшерүү жана калибрлөө | Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин ведомстволук мекемелери аткарган жумуштарга жана кызмат көрсөтүүлөргө тарифтердин прейскурантына ылайык | Баткен облусунун калкына Баткен сыноо, сертификаттоо жана метрология борбору аткарган жумуштарга жана кызмат көрсөтүүлөргө тарифтердин прейскурантында белгиленген нарктан акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрдүн наркын 10%га төмөндөтүү | ||
3. | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги | Кыргыз Республикасынын жарандарын медициналык-санитардык жардам менен камсыз кылуу боюнча Мамлекеттик кепилдиктер программасында каралган көлөмдөн жогору амбулаториялык деңгээлде консультациялык-диагностикалык жардам көрсөтүү медициналык кароо жана дарылоо иш-чараларын жүргүзүү |
| (Баткен облусунун саламаттык сактоо уюмдарынын баштапкы деңгээлинде) |
1. Көкүрөк клетка органдарынын флюорографиясы - 50 сом. | 1. Көкүрөк клетка органдарынын флюорографиясы - акысыз. | |||
2. Рентгенографиялык изилдөөлөр - 118 сом. | 2. Рентгенографиялык изилдөөлөр - акысыз. | |||
3. Ички органдарды ультра добуш менен изилдөө - 177 сом | 3. Ички органдарды ультра добуш менен изилдөө - акысыз | |||
Өмүрүнө коркунуч келтирген абалдан чыгаргандан кийин кечиктирилгис көрсөткүчтөр жана пландуу көрсөткүчтөр боюнча стационарларда мамлекеттик кепилдиктер программасында каралган көлөмдөн сырткары дарылоо | Стационардык жардам (ооруканага жаткырууда) | (Баткен облусунун саламаттык сактоо уюмдарынын стационардык деңгээлинде) 50% жеңилдик менен стационардык жардам (ооруканага жаткырууда) | ||
Терапиялык профилдеги тең төлөө: | Терапиялык профилдеги тең төлөө: | |||
минималдуу деңгээл - 330 сом; | минималдуу деңгээл - 165 сом; | |||
орточо деңгээл - 840 сом; | орточо деңгээл - 420 сом; | |||
максималдуу деңгээл - 2650 сом. | максималдуу деңгээл - 1325 сом. | |||
Хирургиялык профилдеги тең төлөө: | Хирургиялык профилдеги тең төлөө: | |||
минималдуу деңгээл - 430 сом; | минималдуу деңгээл - 215 сом; | |||
орточо деңгээл - 1090 сом; | орточо деңгээл - 545 сом; | |||
максималдуу деңгээл - 3440 сом | максималдуу деңгээл - 1720 сом | |||
Табыштамалар жана келишимдер боюнча паразитологиялык изилдөөлөр: - биоматериалды; - тамак-аш продуктуларын; - айлана-чөйрөнүн объектилерин ж.б. | 5 жаштан 16 жашка чейинки балдарды гельминттердин жумурткаларына изилдөө - 128 сом | (Баткен облусунун аймагында) 5 жаштан 16 жашка чейинки балдарды 50% жеңилдик менен гельминттердин жумурткаларына изилдөө - 64 сом | ||
4. | Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги | Жеке жана юридикалык жактардын суроо-талаптар боюнча социалдык-укуктук жана тематикалык мүнөздөгү маалыматтарды берүү | Төлөм өлчөмү - 150 сом | Мамлекеттик архивдик мекемелер аткарган акы төлөнүүчү жумуштарга жана кызмат көрсөтүүлөргө баалардын прейскурантында белгиленген нарктан 50% жеңилдик менен социалдык-укуктук мүнөздөгү суроо-талаптарды берүү - 75 сом |
5 | Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги | Ден соолугу начар балдарды белгиленген окуу милдетинен тышкары башталгыч, негизги жана жалпы орто билим берүүнүн негизги жалпы билим берүү программалары боюнча үйдөн окутууну уюштуруу | Бакалавр квалификациясын ыйгаруу менен педагогикалык жогорку билимдүү мугалимдин бир сааттык эмгек акысынын өлчөмү – 87,80 сом | Акысыз |
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 24-декабрындагы № 826 токтомунун редакциясына ылайк) | ||||
51 | Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги | Жалпы орто билим берүүнүн базасында белгиленген квотадан (мамлекеттик заказдан) тышкары (окутуунун күндүзгү формасында) кесиптик орто билим берүү | Кызыл-Кыя медициналык колледжи: контракт – 27 000 сом; Т. Кулатов атындагы Кызыл-Кыя кен техникалык инновация жана экономика колледжи: контракт – 16 800 сом; Сүлүктү педагогикалык колледжи: контракт – 16 000 сом | Окуп жаткандардын 10 %ы үчүн 50 % арзандатуу жана жетим балдардын жана ата-энесинин камкордугусуз калган балдардын, социалдык-аялуу үй-бүлөлөрдөгү балдардын жана эң жакшы бааларга окуган студенттердин арасынан окуп жаткандардын 15 %ы үчүн 25 % арзандатуу: Кызыл-Кыя медициналык колледжи: 50 % – 13 500 сом; 25 % – 20 250 сом; Т. Кулатов атындагы Кызыл- Кыя кен техникалык инновация жана экономика колледжи: 50 % – 8 400 сом; 25 % – 12 600 сом; Сүлүктү педагогикалык колледжи: 50 % – 8 000 сом; 25 % – 12 000 сом |
|
| Бакалавр даярдоо программалары боюнча белгиленген квотадан (мамлекеттик заказдан) тышкары окутуунун күндүзгү формасында кесиптик жогорку билим берүү | Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети (Баткен облусунда жайгашкан түзүмдүк бөлүмдөр): контракт – 26 400 сом | Окуп жаткандардын 10 %ы үчүн 50 % арзандатуу жана жетим балдардын жана ата-энесинин камкордугусуз калган балдардын, социалдык-аялуу үй-бүлөлөрдөгү балдардын жана эң жакшы бааларга окуган студенттердин арасынан окуп жаткандардын 15 %ы үчүн 25 % арзандатуу: Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети (Баткен облусунда жайгашкан түзүмдүк бөлүмдөр) 50 % – 13 200 сом; 25 % – 19 800 сом |
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 24-декабрындагы № 826 токтомунун редакциясына ылайк) | ||||
6. | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги | Аскердик-дарыгерлер комиссиясы тарабынан жарандарды медициналык күбөлөндүрүү | Ички иштер органдарына жана окууга жаңы кабыл алынгандар үчүн медициналык күбөлөндүрүүдө медициналык кароодон өтүү - 154,94 сом; | Ички иштер органдарына жана окууга жаңы кабыл алынгандар үчүн медициналык күбөлөндүрүүдө медициналык кароодон өтүү - акысыз; |
ЭКГ - 155 сом; | ЭКГ - акысыз; | |||
бөйрөк, табарсык жана бездерге УДИ - 132 сом; | бөйрөк, табарсык жана бездерге УДИ - акысыз; | |||
боор, өт, көк боор, уйку безге УДИ - 204 сом | боор, өт, көк боор, уйку безге УДИ - акысыз | |||
Кыргыз Республикасынын аймагында адамдын кылмыш жоопкерчилигине тартылгандыгы, соттуулугунун бар же жоктугу тууралуу шашылыш тартипте акы төлөө негизинде маалымдама берүү | 1 иш күндө - 191 сом; 3 иш күндө - 86 сом | Акысыз | ||
7. | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги | Жеке жана юридикалык жактардын өтүнмөсү боюнча долбоордук жана сметалык документтерге экспертиза жүргүзүү жана макулдашуу |
| 50% жеңилдик каралат |