Загрузка документа…
| ||
|
| 2-тиркеме (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-февралындагы № 88 токтомуна) |
Экономиканын артыкчылыктуу тармактары жана социалдык чөйрө үчүн өзгөчө инвестициялык режими бар аймактардагы инвестициялык макулдашууларда бекитилген инвестициялык долбоорлор боюнча кепилдиктерди берүүдө инвестицияларды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын финансылык милдеттенмелерди берүүсүнүн тартиби жөнүндө ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Экономиканын артыкчылыктуу тармактары жана социалдык чөйрө үчүн өзгөчө инвестициялык режими бар аймактардагы инвестициялык макулдашууларда бекитилген инвестициялык долбоорлор боюнча кепилдиктерди берүүдө инвестицияларды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын финансылык милдеттенмелерди берүүсүнүн тартиби жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине, "Кыргыз Республикасында инвестициялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана "Баткен облусунун статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык иштелип чыкты.
2. Жобо өзгөчө инвестициялык режим колдонулган аймактар үчүн инвестициялык макулдашууларда бекитилген инвестициялык долбоорлор боюнча кепилдиктин алкагында ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын атынан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу инвестицияларды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын финансылык милдеттенмелерди берүүсүнүн тартибин аныктайт.
3. Ушул Жободо колдонулуучу негизги түшүнүктөр:
1) өзгөчө инвестициялык режим - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өзгөчө режим колдонулган аймактарда жагымдуу инвестициялык режимди түзүүгө багытталган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан мамлекеттик кепилдиктерди аныктаган атайын режим;
2) мамлекеттик кепилдик - жазуу жүзүндөгү милдеттенме (инвестициялык макулдашуу), ага ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети өнүктүрүүнүн мамлекеттик программаларына (долбоорлоруна) ылайык экономиканын тармактарында жана социалдык чөйрөдө өзгөчө инвестициялык режими бар аймактарда инвестицияларды жүзөгө ашыруучу инвестордун алдында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарындагы карама-каршылыктардан келип чыккан талаш-тартыштарды кароодо мамлекеттик органдардын мыйзамсыз аракеттеринин/аракетсиздигинин натыйжасында зыян келтирилген учурда, инвестициялык келишимге киргизилген финансылык милдеттенмелердин алкагында зыяндын ордун толтурууга милдеттенет;
3) мамлекеттин финансылык милдеттенмелери - инвестициялык макулдашууга киргизилген милдеттенмелердин түрлөрү, алардын тизмеси Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан өзгөчө режими бар аймактардагы экономиканын артыкчылыктуу тармактары жана социалдык чөйрө үчүн бекитилет.
2. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан инвестициялык макулдашууларда бекитилген инвестициялык долбоорлор боюнча кепилдик менен финансылык милдеттенмелерди берүү шарттары
4. Инвестор инвестициялык макулдашууга кол коюлган күндөн тартып үч жылдын ичинде инвестициялануучу ишкананын капиталына 3 (үч) миллион АКШ долларынан кем эмес, ал эми Баткен облусу үчүн - 1 (бир) миллион АКШ долларынан кем эмес эквиваленттүү суммада инвестиция салууга тийиш.
5. Пайдалуу кендерди изилдөө, издөө, чалгындоо, иштетүү менен байланышкан ишти жүргүзгөн инвестор инвестициялык макулдашууга кол коюлган күндөн тартып беш жылдын ичинде 20 (жыйырма) миллион АКШ долларынан кем эмес, ал эми Баткен облусу үчүн 10 (он) миллион АКШ долларынан кем эмес эквиваленттүү суммада инвестиция салууга тийиш.
6. Инвестордун инвестициялануучу ишканага инвестицияларды салуу боюнча милдеттенмелерди аткарбашы инвестициялык макулдашууну бузуу үчүн негиз болуп саналат.
7. Инвестор финансы-чарбалык иши жөнүндө отчетторду жана акыркы үч жыл үчүн көз карандысыз аудитордун корутундусун берүү менен өзүнүн туруктуу финансылык абалын ырастоого тийиш.
8. Инвестордун юридикалык жак катары катталган жери жана инвестициялык долбоорду ишке ашыруучу жери боюнча салыктарды, жыйымдарды жана кайсыл деңгээлдеги болбосун бюджеттерге башка төлөмдөрдү төлөө боюнча мөөнөтү өтүп кеткен карыздары болбоого тийиш.
9. Инвестордун юридикалык жак катары катталган жери жана инвестициялык долбоорду ишке ашыруучу жери боюнча мамлекеттик кепилдиктер боюнча мурда алынган, төлөмдөрдүн мөөнөттөрү келип жеткен мамлекеттик эмес зайымдарды төлөө жана тейлөө боюнча мөөнөтү өтүп кеткен карыздары, ошондой эле кредиторлордун алдында мөөнөтү өтүп кеткен башка карыздары болбоого тийиш.
3. Инвестициялык макулдашууларда бекитилген инвестициялык долбоорлор боюнча кепилдик менен ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын финансылык милдеттенмелерин берүү тартиби
10. Инвестициялык долбоорлор боюнча кепилдиктер үчүн мамлекеттин финансылык милдеттенмелерин алууга талапкер болгон инвестор инвестициялык саясат жана аны ишке ашыруу үчүн жооптуу ыйгарым укуктуу органга (мындан ары - ыйгарым укуктуу орган) төмөнкүлөрдү берет:
1) мамлекеттин тиешелүү финансылык милдеттенмелери менен инвестициялык макулдашуунун тарабы болуу ниети жөнүндө арызды;
2) юридикалык жакты мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктүн жана уюштуруу документтеринин нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрүн;
3) долбоордун техникалык-экономикалык негиздемесин;
4) юридикалык жактын катталган жери боюнча салык органдарынан салыктарды, жыйымдарды жана кайсыл деңгээлдеги болбосун бюджеттерге башка төлөмдөрдү төлөө боюнча карыздарынын жоктугу жөнүндө маалымкатты;
5) юридикалык жактын эсептерин тейлеген коммерциялык банктардан акыркы алты ай үчүн алыш-бериш эсеби боюнча жүгүртүүлөр жөнүндө маалымкатты;
6) акыркы үч жыл үчүн финансылык отчетторду жана акыркы үч жыл үчүн көз карандысыз аудитордун корутундусун;
7) бардык болгон карыздары жөнүндө маалыматты (макулдашуулардын, келишимдердин жана бардык коштоочу документтердин көчүрмөлөрүн);
8) көз карандысыз аудитордун корутундусун жана финансы-чарбалык иши жөнүндө отчетторду.
11. Ушул Жобонун 10-пунктуна ылайык бардык документтерди алгандан кийин ыйгарым укуктуу орган инвестициялык макулдашуунун долбоорун даярдайт жана аны тиешелүү мамлекеттик органдар жана инвестор менен макулдашат.
12. Ыйгарым укуктуу орган инвестициялык макулдашуунун долбоорун тийиштүү мамлекеттик органдар менен макулдашуудан кийин инвестициялык макулдашуунун долбоорун Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Фискалдык жана инвестициялык саясат боюнча кеңешинин (мындан ары - Кеңеш) Катчылыгына өткөрүп берет, ал өз кезегинде бул маселени Кеңештин кароосуна киргизет.
13. Кеңеш белгиленген тартипте инвестициялык макулдашуунун долбоорун жактыруу жөнүндө чечим кабыл алат же четке кагат.
14. Кеңеш оң чечим кабыл алган учурда ыйгарым укуктуу орган белгиленген тартипте инвестициялык макулдашуунун долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин экономика, бюджет, финансы жана эл аралык иштер боюнча ыйгарым укуктуу комитеттерине жактыруу же четке кагуу боюнча тийиштүү чечим кабыл алуу үчүн макулдашууга киргизет.
15. Ыйгарым укуктуу орган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин он чечимин алгандан кийин инвестициялык макулдашуунун долбоорун жактыруу жана ага кол коюуга конкреттүү кызмат адамына ыйгарым укук берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тескемесинин долбоорун Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кароосуна белгиленген тартипте киргизет.
16. Ушул Жобонун 15-пунктунда аталган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тескемесинин долбоору күчүнө киргенден кийин ыйгарым укуктуу кызмат адамы инвестор менен инвестициялык макулдашууга кол коёт.
4. Инвестициялык макулдашууну каттоо жана анын аткарылышына мониторинг жүргүзүү
17. Инвестициялык макулдашуу милдеттүү тартипте ыйгарым укуктуу органда катталууга тийиш.
18. Инвестициялык макулдашуунун аткарылышына мониторинг жүргүзүү ыйгарым укуктуу орган тарабынан ишке ашырылат.
19. Инвестор инвестициялык макулдашуунун шарттарына ылайык үзгүлтүксүз негизде чарбалык ишинин жыйынтыктары жөнүндө ыйгарым укуктуу органга отчёт берет, ошондой эле мониторинг жүргүзүү үчүн өзүнүн өндүрүштүк иш жүргүзгөн аймагына ыйгарым укуктуу органга уруксат берүүгө милдеттүү болот.
20. Ыйгарым укуктуу орган өзүнүн расмий веб-сайтына инвестициялык макулдашуунун текстин, ошондой эле инвестордун чарбалык ишинин натыйжалары жөнүндө ага берилген маалыматты үзгүлтүксүз негизде жарыялоого милдеттүү.
5. Инвестициялык талаштарды чечүү
21. Инвестициялык талаш инвестор менен Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын ортосундагы алдын ала макулдашылган бардык колдонулуучу жол-жобого ылайык чечилет, бул Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык инвестор тарабынан укуктук коргонуунун башка каражаттарынын колдонулушун жокко чыгарбайт.
22. Мындай макулдашуу болбогон учурда Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары менен инвестордун ортосундагы инвестициялык талаш мүмкүндүккө жараша тараптардын консультациялары аркылуу чечилет. Эгерде тараптар мындай консультация алуу жөнүндө биринчи жазуу жүзүндөгү өтүнүч берилген күндөн тартып үч айдын ичинде талашты тынчтык жолу менен жөнгө салууга барбаса, инвестор менен Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын ортосундагы бардык инвестициялык талаштар Кыргыз Республикасынын сот органдары тарабынан чечилет, эгерде чет өлкөлүк инвестор менен мамлекеттик органдын ортосундагы талаш келип чыккан учурда тараптардын бири талашты төмөндөгү жол-жоболордун бирине ылайык кароону талап кылбаса:
а) мамлекеттердин жана башка мамлекеттердин жарандарынын ортосундагы инвестициялык талашты жөнгө салуу боюнча конвенциянын же Борбордун катчылыгы тарабынан угууларды өткөрүү үчүн кошумча каражаттарды пайдаланууну жөнгө салуучу эрежелердин негизинде Инвестициялык талаштарды жөнгө салуу боюнча эл аралык борборго (ИТЖЭБ); же
б) арбитражга же Эл аралык соода укугу боюнча Бириккен Улуттар Уюмунун комиссиясынын арбитраждык эрежелерине ылайык түзүлгөн эл аралык убактылуу арбитраждык трибуналга (коммерциялык сотко).
23. Эгер инвестициялык талаш ушул Жобонун 22-пунктунун "а" жана "б" пунктчаларында белгиленген арбитражга берилсе, Кыргыз Республикасы талашты эл аралык арбитражга бергенге чейин бардык ички административдик же соттук жол-жоболорду алдын ала колдонууну талап кылуу укугунан баш тартат.
24. Эгерде тараптар талашты жөнгө салуу үчүн башка каалагандай жол-жобо жөнүндө макулдашууга келбесе, чет өлкөлүк жана ата мекендик инвесторлордун ортосундагы кандай гана болбосун инвестициялык талаш Кыргыз Республикасынын сот органдарында, анын ичинде ички жана эл аралык арбитражда каралат.