Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 18-февралы № 88
Экономиканын артыкчылыктуу тармактары жана социалдык чөйрө үчүн өзгөчө инвестициялык режими бар аймактардагы инвестицияларды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын финансылык милдеттенмелеринин тизмесин жана Экономиканын артыкчылыктуу тармактары жана социалдык чөйрө үчүн өзгөчө инвестициялык режими бар аймактардагы инвестициялык макулдашууларда бекитилген инвестициялык долбоорлор боюнча кепилдиктерди берүүдө инвестицияларды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын финансылык милдеттенмелерди берүүсүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 63-беренесине, "Кыргыз Республикасында инвестициялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-1-статьясына жана "Баткен облусунун статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, ошондой эле "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин:
- Экономиканын артыкчылыктуу тармактары жана социалдык чөйрө үчүн өзгөчө инвестициялык режими бар аймактардагы инвестицияларды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын финансылык милдеттенмелеринин тизмеси 1-тиркемеге ылайык;
- Экономиканын артыкчылыктуу тармактары жана социалдык чөйрө үчүн өзгөчө инвестициялык режими бар аймактардагы инвестициялык макулдашууларда бекитилген инвестициялык долбоорлор боюнча кепилдиктерди берүүдө инвестицияларды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын финансылык милдеттенмелерди берүүсүнүн тартиби жөнүндө жобо 2-тиркемеге ылайык.
2. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |
|
1-тиркеме |
Экономиканын артыкчылыктуу тармактары жана социалдык чөйрө үчүн өзгөчө инвестициялык режими бар аймактардагы инвестицияларды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын финансылык милдеттенмелеринин ТИЗМЕСИ
1. Мыйзамдардагы карама-каршылыктардан улам келип чыккан талаш-тартыштарды кароодо мамлекеттик органдардын мыйзамсыз аракеттеринин/аракетсиздигинин натыйжасында зыян келтирилген учурда инвестициялык долбоорлор боюнча инвестициялык макулдашууларда бекитилген кепилдиктердин алкагында мамлекеттин милдеттенмелери.
2. Инвесторлор үчүн бирдей атаандаштык мүмкүнчүлүктөрүн камсыз кылуу үчүн мамлекет тарабынан басмырлоонун кандай гана болбосун түрүнөн коргоо кепилдиги.
3. Чет элдик инвесторлорго да, ата мекендик инвесторлорго да бирдей мамилелер.
4. Пайданы жана кирешенин башка түрлөрүн тоскоолдуксуз которуу.
5. Мыйзамда каралган учурларды кошпогондо, инвестицияларды экспроприациялоодон коргоо кепилдиги.
6. Интеллектуалдык менчикке жана мүлккө карата инвесторлордун укуктарын коргоо кепилдиги.