Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 26-февралы № 96
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүмдөрүнүн жана мыйзамда аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарынын катарынан мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызматтын белгиленген мөөнөтүн өтөп бүткөн аскер кызматчыларын жана альтернативдик кызматтын кызматчыларын запаска бошотуу, ошондой эле 2022-жылдын март-майында жарандарды мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызмат өтөөгө кезектеги чакыруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 17-февралындагы № 44 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүмдөрүнүн жана мыйзамда аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарынын катарынан мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызматтардын белгиленген мөөнөтүн өтөп бүткөн аскер кызматчыларын жана альтернативдик кызматтын кызматчыларын запаска бошотуу, ошондой эле 2022-жылдын март-майында жарандарды мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызмат өтөөгө кезектеги чакыруу жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15, 17, 21 жана 31-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүмдөрүнүн жана мыйзамда аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарынын катарынан мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызматтын белгиленген мөөнөтүн өтөп бүткөн аскер кызматчылары жана альтернативдик кызматтын кызматчылары запаска бошотулсун.
2. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары менен биргеликте (макулдашуу боюнча):
1) чакыруудан кийинкиге калтырылууга укуктары жок, чакыруу күнүнө карата 18 жашка толгон, ошондой эле чакыруудан кийинкиге калтыруу укугунан ажыраган эркек жарандарды 2022-жылдын март-майында Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнө, башка аскердик түзүмдөрүнө жана мыйзамда аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарына мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызматка чакыруу боюнча иш-чараларды уюштурсун;
2) райондук (шаардык) чакыруу комиссияларын түзсүн, аларды медициналык күбөлөндүрүү үчүн зарыл болгон медициналык мүлк жана шаймандар менен жабдылган чакыруу (жыйноо) пункттары менен камсыз кылсын;
3) жарандарды кабарлоо жана алардын аскер комиссариаттарына уюшкандыкта келишин камсыздоо боюнча чараларды көрсүн жана зарылчылыкка жараша аларды автотранспорт менен жеткирүүнү уюштурсун.
3. Республикалык чакыруу комиссиясынын курамы тиркемеге ылайык бекитилсин жана ага райондук (шаардык) чакыруу комиссияларын жетектөө, райондук (шаардык) чакыруу комиссияларынын чечимдерине жарандардын даттанууларын жана кайрылууларын кароо, райондук (шаардык) чакыруу комиссияларынын чечимин тандап текшерүү жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка ыйгарым укуктар жүктөлсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги:
1) аскер комиссариаттарынын суроо-талаптары боюнча райондук (шаардык) чакыруу комиссияларында чакырылуучуларды медициналык күбөлөндүрүүдөн өткөрүү үчүн квалификациялуу врач-адистерди жана орто медициналык персоналды бөлүп берсин;
2) мөөнөттүү аскердик кызматка чакырылган жарандарды кызмат өтөө жерине жиберүүнүн алдында контролдук медициналык кароодон өткөрүү үчүн Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Балыкчы, Талас жана Кадамжай шаарларындагы жыйноо пункттарын врач-адистер (терапевт, хирург, невропатолог, дерматолог, окулист, отоларинголог, стоматолог, психиатр, рентгенолог-фтизиатр) жана орто медициналык персонал менен камсыз кылсын;
3) ден соолугунун абалы кошумча изилдөөлөрдү талап кылган чакырылуучуларды дарылоо-профилактикалык мекемелерде кезексиз стационардык (амбулаториялык) медициналык текшерүүнү камсыз кылсын.
5. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги:
1) аскердик милдетти аткаруудан качкан адамдарды издөө, кармоо жана райондук (шаардык) аскер комиссариаттарына алып келүү иштерин жүргүзсүн;
2) райондук (шаардык) аскер комиссариаттарына жарандардын соттолгондугу, ошондой эле алардын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылгандыгы жөнүндө маалыматтарды берсин;
3) аскер комиссариаттарында, жыйноо пункттарында жана чакырылуучуларды салтанаттуу узатуу жерлеринде коомдук тартипти сактоону камсыз кылсын.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
7. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |
Тиркеме
Республикалык чакыруу комиссиясынын КУРАМЫ
Шамыров Канатбек Казыбакович | - | Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын башкы уюштуруу-мобилизациялоо башкармалыгынын чакыруу башкармалыгынын начальниги, комиссиянын төрагасы. |
Комиссиянын мүчөлөрү: | ||
Джантаев Азисбек Темирбекович | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын уюштуруу иштери жана аймактар менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысынын орун басары; |
Ибраева Нургуль Сапаркуловна | - | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин медициналык жардамды уюштуруу жана дары-дармек саясаты башкармалыгынын башкы адиси; |
Джабаров Нематжан Ганиевич | - | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин криминалдык милиция кызматынын 2-башкармалыгынын издөө бөлүмүнүн оперкызматкери; |
Абдумомунов Азамат Абдыкалилович | - | Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын башкы уюштуруу-мобилизациялоо башкармалыгынын офицери; |
Назаралиев Азамат Автандилович | - | Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын башкы уюштуруу-мобилизациялоо башкармалыгынын офицери; |
Нуров Бекжан Нурович | - | Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын башкы уюштуруу-мобилизациялоо башкармалыгынын офицери; |
Урманбетов Уланбек Асанович | - | Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын башкы уюштуруу-мобилизациялоо башкармалыгынын офицери; |
Алымбаев Мырзабек Муканбетжанович | - | Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын башкы уюштуруу-мобилизациялоо башкармалыгынын офицери; |
Жандармов Руслан Анатольевич | - | Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын башкы уюштуруу-мобилизациялоо башкармалыгынын офицери; |
Таранчиев Кеңешбек Жээнбекович | - | Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын башкы уюштуруу-мобилизациялоо башкармалыгынын Бишкек шаарынын Республикалык жыйноо пунктунун начальниги; |
Жээнбеков Накен Жээнбекович | - | Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын башкы уюштуруу-мобилизациялоо башкармалыгынын Балыкчы шаарынын жыйноо пунктунун начальниги; |
Мамадиев Тургунбай Абсаттарович | - | Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын башкы уюштуруу-мобилизациялоо башкармалыгынын Ош шаарынын жыйноо пунктунун начальниги; |
Сапаралиев Исирапбил Туратбекович | - | Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын башкы уюштуруу-мобилизациялоо башкармалыгынын Жалал-Абад шаарынын жыйноо пунктунун начальниги; |
Мамбеталиев Султанбек Акматсадыкович | - | Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын башкы уюштуруу-мобилизациялоо башкармалыгынын чакыруу бөлүмүнүн башкы адиси, улук врачы (Республикалык жыйноо пункту); |
Матазов Бакыт Абдылдаевич | - | Ош облустар аралык бириктирилген клиникалык ооруканасынын уролог-врачы (Ош жыйноо пункту); |
Алымбаев Арстан Чырмашевич | - | Жалал-Абад облусунун бириктирилген клиникалык ооруканасынын директорунун орун басары (Жалал-Абад жыйноо пункту); |
Бакиров Махмуд Абдраимович | - | Кадамжай районунун Жалпы дарыгерлер практикалык борборунун хирург-врачы (Кадамжай жыйноо пункту); |
Ташмамбетова Гульмира Болотбековна | - | Балыкчы Үй бүлөлүк медицина борборунун терапевт-врачы (Балыкчы жыйноо пункту); |
Жумабекова Индира Масалбековна | - | Талас облустук Үй бүлөлүк медицина борборунун терапевт-врачы (Талас облустук жыйноо пункту). |
Резерв: | ||
Дуйшекеев Женишбек Жумашович | - | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин коомдук коопсуздук кызматынын улук инспектору; |
Абдылдаева Гулайым Мырзаевна | - | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук фтизиатрия борборунун амбулатордук диагностикалык бөлүмүнүн башчысы (Республикалык жыйноо пункту); |
Койтукуров Илинбек Төлөнович | - | Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын башкы уюштуруу-мобилизациялоо башкармалыгынын Бишкек шаарынын Республикалык жыйноо пунктунун начальнигинин орун басары; |
Максутов Айбек Сагынбекович | - | Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын башкы уюштуруу-мобилизациялоо башкармалыгынын Балыкчы шаарынын жыйноо пунктунун начальнигинин орун басары; |
Сатимбай уулу Айбек | - | Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын башкы уюштуруу-мобилизациялоо башкармалыгынын Ош шаарынын жыйноо пунктунун начальнигинин орун басары; |
Баатыр уулу Алманбет | - | Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын башкы уюштуруу-мобилизациялоо башкармалыгынын Жалал-Абад шаарынын жыйноо пунктунун начальнигинин орун басары; |
Ормонов Мыйзам Уруксатбекович | - | Ош облустар аралык бириктирилген клиникалык ооруканасынын уролог-врачы (Ош жыйноо пункту); |
Кочкоров Максат | - | Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасынын хирург-врачы (Жалал-Абад жыйноо пункту); |
Саламов Сабыр Саламович | - | Кадамжай шаарынын Жалпы дарыгерлер практикалык борборунун клиникалык диагностикалык бөлүмүнүн башчысы (Кадамжай жыйноо пункту); |
Самакова Назира Жумабековна | - | Балыкчы Үй бүлөлүк медицина борборунун терапевт-врачы (Балыкчы жыйноо пункту); |
Умаралиев Марат Бочонович | - | Талас районунун Үй бүлөлүк медицина борборунун хирург-врачы (Талас облустук жыйноо пункту). |