Загрузка документа…
| 1-тиркеме | |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-февралындагы № 93 токтомуна) |
Ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан салык отчетунун формаларын бекитүү тартиби жөнүндө ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан салык отчетунун формаларын бекитүү тартиби жөнүндө жобо (мындан ары - ушул Жобо) Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин (мындан ары - Салык кодекси) 99-беренесинин ченемдерин ишке ашыруу максатында иштелип чыкты жана ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан салык отчетунун формаларын бекитүү тартибин, ошондой эле аларды толтуруу жана берүү тартибин аныктайт.
2. Салык отчету - Салык кодексинде белгиленген тартипке ылайык салык органына берилген салык төлөөчүнүн кагаз түрүндөгү жана/же электрондук түрдөгү документи, ал салык милдеттенмесинин өлчөмү жөнүндө маалыматты, ошондой эле салык милдеттенмесин эсептөө жана салыктык жеңилдиктердин натыйжалуулугун баалоо үчүн маалыматтык базаны түзүү үчүн зарыл болгон маалыматтарды камтыйт.
3. Ушул Жобого ылайык иштелип чыккан жана бекитилген салык отчетунун формалары жана аларды толтуруу жана берүү тартиби Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагындагы бардык субъекттердин колдонуусу үчүн милдеттүү болуп саналат.
4. Салык отчетунун формаларын, аларды толтуруу жана берүү тартибин бекитүү, өзгөртүү, күчүн жоготту деп таануу үчүн негиз болуп төмөнкүлөр саналат:
- Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын ченемдеринин келип чыгышы, өзгөрүүсү, колдонулушун токтотуу;
- салык отчетунун формасына, аларды толтуруу жана берүү тартибине таасирин тийгизүүчү эл аралык укуктун ченемдерин же Кыргыз Республикасынын башка тармактык мыйзамдарынын аракеттеринин келип чыгуусу, өзгөрүүсү, колдонулушун токтотуу;
- салык отчетунун формаларын, аларды толтуруу жана берүү тартибин жөнөкөйлөтүү, конкреттештирүү, автоматташтыруу, ошондой эле салыктарды жана башка милдеттүү төлөмдөрдү башкарууну жакшыртуу зарылдыгынын келип чыгуусу.
2. Салык отчетунун формаларын иштеп чыгуу тартиби
5. Салык отчетунун формалары жана аларды толтуруу жана берүү тартиби ыйгарым укуктуу салык органынын буйругу менен бекитилет.
Салык отчетунун формалары жана аларды толтуруу жана берүү тартиби ыйгарым укуктуу салык органынын буйругуна тиркеме түрүндө таризделет жана анын ажырагыс бөлүгү болуп саналат.
6. Ыйгарым укуктуу салык органынын буйруктарынын жана анын тиркемелеринин долбоорлору ыйгарым укуктуу салык органынын профилдик түзүмдүк бөлүмдөрү тарабынан иштелип чыгат.
7. Ыйгарым укуктуу салык органынын буйругунун жана анын тиркемелеринин долбоорун иштеп чыгууда, өзгөртүүлөрдү киргизүүдө, күчүн жоготту деп таанууда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 31-майындагы № 313 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мыйзам алдындагы актыларынын долбоорлорун иштеп чыгуу боюнча нускаманын эрежелери колдонулат.
8. Буйруктун жана анын тиркемелеринин долбоорунун тексти кыска болууга тийиш, документтин маңызы так баяндалып, эки жактуу чечмелөөгө мүмкүндүк берилбеши керек. Буйруктун текстинде жалпы кабыл алынган же расмий түрдө белгиленген кыскартуулар гана колдонулушу мүмкүн. Кыскартууларды пайдаланууда бир документтин чегинде бир түрдүүлүктү сактоо зарыл.
9. Буйруктун долбоорунун тексти аныктоочу жана тескөөчү бөлүктү камтууга тийиш.
Буйруктун долбоорунда төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
- буйрукту кабыл алуунун негизи;
- буйруктун мазмуну;
- анын күчүнө кирүү датасы.
10. Буйруктар мамлекеттик жана расмий тилдерде чыгарылат.
3. Салык отчетунун формаларын макулдашуу тартиби
11. Ыйгарым укуктуу салык органынын буйругунун жана анын тиркемелеринин долбоору бекитилгенге чейин милдеттүү түрдө төмөнкүлөр менен макулдашылууга тийиш:
- мамлекеттик салык, бажы саясатын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча функцияларды жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган;
- мамлекеттик финансыны башкаруу жаатында мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча функцияларды жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган;
- алардын иш чөйрөсүнө тийиштүү маселелер боюнча тиешелүү мамлекеттик органдар.
12. Буйруктун долбоору макулдашууга мамлекеттик жана расмий тилдерде жөнөтүлөт.
13. Буйруктун долбоорун кароонун жыйынтыгы боюнча макулдашуучу мамлекеттик орган ыйгарым укуктуу салык органына жооптун төмөнкү варианттарынын бирин берүүгө тийиш:
1) долбоор сын пикирлерсиз жана сунуштарсыз макулдашылды (макулдашуу барагында жетекчинин же аны алмаштыруучу адамдын визасы);
2) долбоор сын пикирлер жана/же сунуштар менен макулдашылууда. Мында макулдашуучу мамлекеттик органдын коштоочу катында (корутундусунда) долбоорго карата сын пикирлер жана/же сунуштар (сын пикирлер жана/же сунуштар менен макулдашуу барагы), ошондой эле аларды жоюу боюнча сунуштар көрсөтүлөт.
Макулдашуунун мөөнөтү буйруктун долбоору макулдашуучу органга келип түшкөн күндөн тартып 3 жумуш күндү түзөт.
14. Мамлекеттик органдардын сунуштар менен корутундулары болгон учурда ыйгарым укуктуу салык органы бул сунуштарды кабыл алуу же кабыл албоо жөнүндө чечим кабыл алат.
15. Мамлекеттик финансыны башкаруу жаатында мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча функцияларды жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана башка кызыкдар мамлекеттик органдардын сын пикирлери менен корутундулары болгон учурда, долбоор ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан жеткире иштелип чыгат жана буйруктун долбоору боюнча сын пикирлерди берген тийиштүү мамлекеттик органга кайра макулдашууга жиберилет.
Кайра макулдашуунун мөөнөтү буйруктун долбоору макулдашуучу органга келип түшкөн күндөн тартып 3 жумуш күндү түзөт.
16. Мамлекеттик салык жана бажы саясатын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча функцияларды жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сын пикирлери менен корутундусу болгон учурда, буйруктун долбоору ошол ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сын пикирлерин эске алуу менен жеткире иштелип чыгат.
17. Ыйгарым укуктуу салык органы менен ушул Жобонун 15-пунктунда көрсөтүлгөн мамлекеттик органдардын ортосунда консенсузка жетишилбеген учурда, ыйгарым укуктуу салык органы башка мамлекеттик органдар менен консенсуска жетише албаган маселелер боюнча кошумча корутунду алуу үчүн мамлекеттик салык жана бажы саясатын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча функцияларды жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кайрылууга укуктуу.
Мындай учурларда буйруктун долбоорун андан ары жылдыруу боюнча акыркы чечим мамлекеттик салык жана бажы саясатын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча функцияларды жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кошумча корутундусун эске алуу менен кабыл алынат.
4. Коомдук талкуулоо
18. Салык отчетунун формасын, аларды толтуруу жана берүү тартибин бекитүү жөнүндө ыйгарым укуктуу салык органынын буйругунун долбоору милдеттүү түрдө коомдук талкуулоодон өтүүгө тийиш.
Коомдук талкуулоону жүргүзүү үчүн буйруктун жана анын тиркемелеринин долбоору ыйгарым укуктуу салык органынын расмий сайтына жарыяланат.
Коомдук талкуулоонун мөөнөтү жети календардык күндү түзөт.
19. Буйруктун жана анын тиркемелеринин долбоорун коомдук талкуулоо үчүн жарыялоодо коомдук талкуулоону жүргүзүү үчүн жооптуу кызмат адамынын маалыматтары, байланыш маалыматтары (телефон), электрондук почтанын дареги, ошондой эле сунуштарды жана сын пикирлерди киргизүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу үчүн зарыл болгон башка маалыматтар милдеттүү түрдө көрсөтүлөт.
20. Ыйгарым укуктуу салык органы коомдук талкуулоонун жыйынтыгы боюнча келип түшкөн сунуштарды жана сын пикирлерди кабыл алуу же кабыл албоо жөнүндө чечимди кабыл алат.
Тиешелүү жактардан келип түшкөн сунуштар жана сын пикирлер кабыл алынбаган учурда ыйгарым укуктуу салык органы аларга кабыл алынган чечимди негиздөө менен маалымдайт.
5. Бекитүү жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тартиби
21. Мамлекеттик органдар менен макулдашуу жол-жобосу жүргүзүлгөндөн кийин буйруктун долбооруна ыйгарым укуктуу салык органынын жетекчиси кол коёт.
22. Ыйгарым укуктуу салык органынын буйругу жана анын тиркемелери кол коюлган күндөн тартып эки жумуш күндүн ичинде ыйгарым укуктуу салык органынын расмий сайтында жарыяланууга тийиш.
23. Салык отчетунун формаларын, аларды толтуруу жана берүү тартибин бекитүү жөнүндө ыйгарым укуктуу салык органынын буйругу, буйрукта көрсөтүлгөн күндөн тартып күчүнө кирет жана эгер буйруктун өзүндө башкача каралбаса, мөөнөтсүз колдонулат.