Загрузка документа…
|
| 2-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-февралындагы № 93 токтомуна) |
Салык отчетун электрондук документ түрүндө берүү тартиби жөнүндө жана салык отчетун кагаз түрүндө берүүнүн өзгөчөлүктөрү тууралуу ЖОБО
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-декабрындагы № 705 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 100-беренесине, "Электрондук колтамга жөнүндө", "Электрондук башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иштелип чыкты жана салык төлөөчүнүн салык отчетун электрондук документ түрүндө берүүсүн уюштуруунун жалпы принциптерин, кагаз түрүндөгү салык отчетун электрондук документ түрүндө берүүгө өтүү тартибин жана мөөнөттөрүн, ошондой эле салык төлөөчү тарабынан салык отчетун электрондук документ түрүндө берүү мүмкүн болбогон учурда салык отчетун кагаз түрүндө берүү тартибин жана учурларын аныктайт.
2. Ушул жобону колдонуу максатында төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр пайдаланылат:
1) маалыматтык система - маалыматтар базасында камтылган жана анын маалыматтык технологияларда жана техникалык каражаттарда иштелип чыгуусун камсыз кылган маалыматтардын жыйындысы;
2) колтамганы текшерүү ачкычынын сертификаты - күбөлөндүрүүчү борбор тарабынан берилген жана колтамганы текшерүү ачкычынын колтамганы текшерүү ачкычынын сертификатынын ээсине таандыгын ырастоочу электрондук документ же кагаз түрүндөгү документ;
3) адистештирилген оператор - адистештирилген (корголгон) байланыш каналдары боюнча салык төлөөчүлөр менен салык органдарынын ортосунда электрондук колтамганы колдонуу менен электрондук документтерди берүү боюнча кызматтарды көрсөтүүчү ишкана;
4) күбөлөндүрүүчү борбор - колтамганы текшерүү ачкычынын сертификатын жасоо жана берүү боюнча иш жүргүзгөн юридикалык жак же жеке ишкер;
5) электрондук документ - электрондук түрдө, башкача айтканда адам электрондук эсептөөчү машинаны колдонуу менен кабыл алууга жарактуу болгон түрдө берилген документтештирилген маалымат;
6) электрондук колтамга - электрондук түрдөгү башка маалыматка туташтырылган жана (же) аны менен логикалык жактан байланышкан жана анын атынан маалыматка кол коюлган адамды аныктоо үчүн пайдаланылган электрондук түрдөгү маалымат;
7) электрондук документ жүгүртүү - салык отчетун берүү боюнча регламенттелген процессти камсыздоочу, маалыматтык өз ара аракеттенүүнүн катышуучуларынын ортосунда байланыш каналдары боюнча электрондук документтерди алмашуу.
2. Салык отчетун электрондук документ түрүндө берүү тартиби
3. Салык отчетун электрондук документ түрүндө берүүдө төмөнкүлөр электрондук документ алмашуунун катышуучулары болуп эсептелет:
1) салык төлөөчү - салык отчетун жөнөтүүчү;
2) салык кызматынын органы - салык отчетун алуучу.
4. Салык отчетун электрондук документ түрүндө берүү салык төлөөчү тарабынан ыйгарым укуктуу салык органынын маалыматтык системасы же адистештирилген оператор аркылуу ишке ашырылат.
5. Ыйгарым укуктуу салык органынын маалыматтык системасы аркылуу салык отчетун электрондук документ түрүндө берүү үчүн салык төлөөчү жөнөкөй же квалификацияланган электрондук колтамга аркылуу авторизациядан өтүүгө милдеттүү.
Уюмдар жана жеке ишкерлер квалификациялуу электрондук колтамганы колдонуу менен салык отчетун ыктыярдуу тартипте электрондук документ түрүндө бере алышат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-декабрындагы № 705 токтомунун редакциясына ылайык)
6. Жеке ишкерлерди кошпогондо, жеке жактар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан салык отчетун электрондук документ түрүндө милдеттүү түрдө берүүгө өтүү мөөнөтү белгиленгенге чейин ыктыярдуу тартипте электрондук документ түрүндө салык отчетун бере алышат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-декабрындагы № 705 токтомунун редакциясына ылайык)
7. Ыйгарым укуктуу салык органынын жана салык отчетун берүү боюнча адистештирилген оператордун өз ара аракеттенүү регламентин ыйгарым укуктуу салык органы аныктайт.
8. Салык төлөөчүнүн программалык камсыздоосу аркылуу салык отчетун электрондук документ түрүндө түзүү ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан белгиленген форматка ылайык ишке ашырылат. Ыйгарым укуктуу салык органы белгиленген форматты өзүнүн расмий баракчасына жайгаштырууну камсыз кылат.
9. Маалыматтык система аркылуу электрондук документ түрүндө берилген салык отчету кагаз түрүндө берилүүгө тийиш эмес.
10. Электрондук документ түрүндө берилген салык отчету, Кыргыз Республикасынын электрондук башкаруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын талаптарына ылайык салык төлөөчүнүн же салык өкүлүнүн электрондук колтамгасы менен ырасталат.
11. Ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан ыйгарым укуктуу салык органынын маалыматтык системасы аркылуу салык отчетун электрондук документ түрүндө кабыл алуу камсыз кылынат.
12. Электрондук документ жүгүртүүнүн катышуучулары Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында белгиленген тартипте жана мөөнөттө электрондук документ түрүндөгү салык отчетунун сакталышын камсыздайт.
13. Электрондук документ түрүндө берилген, ыйгарым укуктуу салык органынын маалыматтык системасынын кагаз түрүндө басып чыгарылган салык отчету төмөнкү реквизиттерди камтыйт:
1) QR-кодун;
2) жетекчинин же бухгалтердин аты-жөнүн.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-декабрындагы № 705 токтомунун редакциясына ылайык)
14. Эгерде электрондук документ түрүндөгү салык отчету адистештирилген оператор аркылуу берилсе, бул отчеттун жөнөтүлгөн датасы жана убактысы адистештирилген оператордун маалыматтык системасында автоматтык түрдө сакталат, ал эми кабыл алуу датасы жана убактысы ыйгарым укуктуу салык органынын маалыматтык системасында сакталат.
Эгерде электрондук документ түрүндөгү салык отчету ыйгарым укуктуу салык органынын маалыматтык системасы аркылуу берилсе, жөнөтүү датасы жана убактысы, ошондой эле кабыл алуу датасы жана убактысы ыйгарым укуктуу салык органынын маалыматтык системасында сакталат.
3. Тышкы факторлордун жана ал жеткис күчтүн жагдайларынын келип чыгышынан улам салык органынын маалыматтык системасынын ишинде бузулуулар болгон учурда салык отчетун кагаз түрүндө берүүнүн өзгөчөлүктөрү
15. Төмөнкү мезгилде салык отчеттору кагаз түрүндө берилиши мүмкүн:
1) тышкы факторлор боюнча ыйгарым укуктуу салык органынын маалыматтык системасынын ишинде бузулуулар болгондо;
2) ал жеткис күчтүн жагдайлары келип чыкканда, башкача айтканда жер титирөө, сел каптоо же алдын алууга мүмкүн болбогон же алдын алууга мүмкүн, бирок болтурбоого мүмкүн болбогон башка жагдайлар сыяктуу табигый кырсыктардын натыйжасында өзгөчө жана болтурбоого мүмкүн болбогон жагдайлар пайда болгондо. Аталган жагдайлар жалпыга белгилүү фактылардын, жалпыга маалымдоо каражаттарындагы жарыялоолордун болушу жана атайын далилдөө каражаттарын талап кылбаган башка ыкмалар менен белгиленет.
16. Тышкы факторлор боюнча ыйгарым укуктуу салык органынын маалыматтык системасынын ишинде бузулуулар болгон учурда тийиштүү маалымат ыйгарым укуктуу салык органынын расмий сайтына жайгаштырылат.