Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-ноябрндагы № 600 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 17-марты № 140
Кыргыз Республикасынан айыл чарба товарларынын айрым түрлөрүн ташып чыгууга (экспорттоого) убактылуу тыюу салууну киргизүү жөнүндө
(В редакции постановления Кабинета Министров КР от 31 мая 2022 года № 294)
Өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана азык-түлүк товарларына рыноктук бааларды турукташтыруу максатында, 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин 29 жана 47-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөрдү Кыргыз Республикасынан ташып чыгууга (экспорттоого) (реэкспортту, транзитти, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан көрсөтүлүүчү гуманитардык жардамды кошпогондо) алты айлык мөөнөткө убактылуу тыюу салуу белгиленсин:
- 1-тиркемеге ылайык айыл чарба товарларынын айрым түрлөрүн Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынан тышкары;
- 2-тиркемеге ылайык айыл чарба товарларынын айрым түрлөрүн Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары.
2. Убактылуу тыюу салуу ушул токтом күчүнө кирген датадан тартып жети күн өткөндөн кийин киргизилери белгиленсин.
3. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги:
- ушул токтом күчүнө кирген датадан тартып үч календардык күндөн кечиктирбестен Евразия экономикалык комиссиясына ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн убактылуу тыюу салууну киргизүү жөнүндө белгиленген тартипте кабарласын;
- ушул токтом күчүнө кирген датадан тартып үч күндөн кечиктирбестен Дүйнөлүк соода уюмунун Коргоо чаралары боюнча комитетине ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн убактылуу тыюу салууну киргизүү жөнүндө белгиленген тартипте кабарласын.
4. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги ушул токтом күчүнө кирген датадан тартып үч күндөн кечиктирбестен Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Аткаруу комитетине ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн убактылуу тыюу салууну киргизүү жөнүндө белгиленген тартипте кабарласын.
5. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн айыл чарба товарларынын айрым түрлөрүн мыйзамсыз ташып чыгууга (экспорттоого) бөгөт коюуга багытталган зарыл чараларды көрсүн.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
7. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
|
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Милдеттеринр аткаруучу |
А. К, Аалиев |
1-тиркеме |
Кыргыз Республикасынан Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынан тышкары ташып чыгууга (экспорттоого) убактылуу тыюу салуу белгиленген айыл чарба товарларынын айрым түрлөрүнүн ТИЗМЕГИ
(В редакции постановления Кабинета Министров КР от 31 мая 2022 года № 294)
№ | Наименование товара | Код ТН ВЭД ЕАЭС | ||
1 | Пшеница и меслин | 1001 | ||
2 | Мука пшеничная | 1101 00 | ||
3 | Масло растительное | 1512, за исключением 1512 11 990 1 (сафлоровое масло) | ||
4 | Семена подсолнечника | 1206 00 990 0 | ||
5 | (Утратил силу в соответствии с постановлением Кабинета Министров КР от 31 мая 2022 года № 294) | |||
6 | Яйца оплодотворенные для инкубации | 0407 11 000 0, | ||
Яйца кур домашних | 0407 21 000 0 | |||
|
| 2-тиркеме | ||
Кыргыз Республикасынан Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары ташып чыгууга (экспорттоого) убактылуу тыюу салуу белгиленген айыл чарба товарларынын айрым түрлөрүнүн ТИЗМЕГИ
(В редакции постановления Кабинета Министров КР от 31 мая 2022 года № 294)
№ | Наименование товара | Код ТН ВЭД ЕАЭС |
1 | Мясо крупного рогатого скота, свежее или охлажденное | 0201 |
2 | Мясо крупного рогатого скота, замороженное | 0202 |
3 | Корма (сено, солома, комбикорм, отруби и зерновые корма) | 1214 90 900 0, 2302 |
4 | Ячмень | 1003 |
5 | Овес | 1004 |
6 | Сахар-песок | 170199100 |
7 | Сахар-сырец тростниковый | 170113, 170114 |