Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2023-жылдын 13-декабрындагы № 675
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 14-марты № 138
"Эл аралык чукул жардам жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 27-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. "Эл аралык чукул жардам жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министри аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин расмий өкүлү болуп дайындалсын.
|
Төрага |
А.У. Жапаров |
Долбоор |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
"Эл аралык чукул жардам жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Эл аралык чукул жардам жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2017-ж., № 6, 507-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-беренесинин 3-бөлүгүнүн үчүнчү абзацындагы "эл аралык гуманитардык укуктар же мамлекеттин мыйзамдары" деген сөздөр "эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптери жана ченемдери, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган эл аралык келишимдер" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
2) 2-беренесинде:
а) 1-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
б) 11-пункту жаңы редакцияда баяндалсын:
"11) ата мекендик көмөктөшүүчү субъект - коммерциялык эмес уюмдар болуп эсептелген ата мекендик өкмөттүк эмес уюмдар жана Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык түзүлгөн, ыйгарым укуктары жана иш-аракети чукул жардам көрсөтүүгө багытталган юридикалык жактар, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандары же Кыргыз Республикасынын аймагында же болбосо жабыр тарткан башка өлкөнүн аймагында чукул кырдаалга реакция жасоого катышуучу Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашаган жарандыгы жок адамдар;";
в) 12-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
г) 13-пунктундагы "укукка ээлик кылган" деген сөздөр "көмөктөшүүчү" деген сөз менен алмаштырылсын;
д) 14-пунктундагы "укукка ээлик кылган" деген сөздөр "көмөктөшүүчү" деген сөз менен алмаштырылсын;
е) 15-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"15) укуктук жеңилдиктер - ушул Мыйзамга ылайык көмөктөшүүчү субъекттерге берилүүчү укуктар;";
ж) 16-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"16) баштапкы калыбына келтирүү иштери - кыйроонун жана жогорулаган коркунучтун айрым очокторун локалдаштыруу, коммуналдык жана өндүрүштүк коммуникациялардын тармактарында жана линияларында аварияларды жана бузулууларды жоюу, калктын жашоо тиричилигин камсыз кылуу үчүн минималдуу зарыл шарттарды түзүү боюнча өзгөчө кырдаалдар зонасындагы биринчи кезектеги иштер;";
з) 22-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"22) транзиттик жеңилдиктер - ушул Мыйзамга ылайык башка өлкөдөгү чукул кырдаалга реакция жасоого катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу эл аралык чукул жардамдын транзитинде көмөктөшүүчү субъекттерге берилүүчү укуктар;";
и) 25-пунктундагы "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
3) 3-беренесинин 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Эл аралык чукул жардам көрсөтүүнүн укуктук негизин Кыргыз Республикасынын Конституциясы, Кыргыз Республикасынын кодекстери, ушул Мыйзам жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары түзөт.";
4) 4-беренесинин 3-бөлүгүндөгү "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
5) 5-беренесинде:
а) 1-бөлүгүнүн экинчи абзацындагы "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
б) 3-бөлүгүндөгү "Өкмөтүнө" деген сөз "Министрлер Кабинетине" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
6) 6-беренесинде:
а) 1-бөлүгүндөгү "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
б) 5-бөлүгүндөгү "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
7) 9-беренесинин 1-бөлүгүндөгү "Өкмөтүнө" деген сөз "Министрлер Кабинетине" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
8) 10-беренесинин 1-бөлүгүндөгү "Өкмөтүнө" деген сөз "Министрлер Кабинетине" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
9) 11-беренесинин 2-бөлүгүндөгү "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
10) 12-беренесинде:
а) берененин аталышындагы "Өкмөтүнүн" деген сөз "Министрлер Кабинетинин" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
б) 1-бөлүгүндөгү "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
в) 2-бөлүгүндөгү "Өкмөтүнүн" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
г) 4-бөлүгүндөгү "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
д) 5-бөлүгүндөгү "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
е) 5-бөлүгүнүн 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2) көмөктөшүүчү субъекттерге укуктук жана транзиттик жеңилдиктерди берүүнүн тартибин аныктайт;";
ж) 5-бөлүгүнүн 7-пункту "Кыргыз Республикасынын" деген сөздөрдөн кийин "эл аралык чукул жардам жаатындагы" деген сөздөр менен толукталсын;
11) 13-беренесинде:
а) берененин аталышындагы "(БТПЭЧЖКК)" деген сөз алып салынсын;
б) 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Келүүчү эл аралык персоналды, товарларды, жабдуу предметтерин жана жабдууларды чек ара аркылуу өткөрүү боюнча мыйзамдардын талаптарын консолидациялоо жана жөнөкөйлөштүрүү максатында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен "Бир терезе" принциби боюнча эл аралык чукул жардам көрсөтүүгө көмөктөшүү (мындан ары - БТПЭЧЖКК) топтору уюштурулат.";
в) 2-бөлүгүндөгү "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
г) 5-бөлүгүндөгү "Өкмөтүнүн" деген сөз "Министрлер Кабинетинин" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
12) 18-беренесинин 1-бөлүгү "Кыргыз Республикасынын" деген сөздөрдөн кийин "пайдаланууга жараксыз товарларда, жабдуу предметтерин, жабдууларды жана башка калдыктарды ташып чыгаруу, жок кылуу же утилдештирүү жаатындагы" деген сөздөр менен толукталсын;
13) 19-беренесинде:
а) берененин аталышындагы "укукка ээлик кылган" деген сөздөр "көмөктөшүүчү" деген сөз менен алмаштырылсын;
б) 1-бөлүгүндөгү "укукка ээлик кылган" деген сөздөр "көмөктөшүүчү" деген сөз менен алмаштырылсын;
в) 2-бөлүгүндөгү "укукка ээлик кылган" деген сөздөр "көмөктөшүүчү" деген сөз менен алмаштырылсын;
г) 2-бөлүгүнүн 1-пункту "ушул Мыйзамда жана" деген сөздөрдөн кийин "товарлардын сапатын жана адамдын ден соолугуна алардын коопсуздугун камсыздоо жаатындагы" деген сөздөр менен толукталсын;
14) 23-беренесиндеги "укукка ээлик кылган" деген сөздөр "көмөктөшүүчү" деген сөз менен алмаштырылсын;
15) 24-беренесинин 1 жана 2-бөлүктөрүндөгү "укукка ээлик кылган" деген сөздөр "көмөктөшүүчү" деген сөз менен алмаштырылсын;
16) 26-беренесиндеги "жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына" деген сөздөр алып салынсын;
17) 27-беренесиндеги "укукка ээлик кылган" деген сөздөр "көмөктөшүүчү" деген сөз менен алмаштырылсын;
18) 28-беренеси төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"28-берене. Транспорттук каражаттарды башкаруучу адамдардын кирүүсү
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети көмөктөшүүчү субъекттер же алардын атынан чыгуучулар тарабынан эксплуатациялануучу транспорттук каражаттардын айдоочулары, учкучтары жана экипаж мүчөлөрү үчүн кирүүнүн жол-жобосун жөнөкөйлөштүрүү жана тездетүү үчүн шарттарды түзөт.";
19) 29-беренесинин 3-бөлүгүндөгү "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
20) 31-беренесинин 3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Баш тартуу сотко даттанылышы мүмкүн.";
21) 32-беренесинде:
а) 1-бөлүгүнүн биринчи абзацындагы "Өкмөтүнүн" деген сөз "Министрлер Кабинетинин" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
б) 1-бөлүгүнүн экинчи абзацындагы "Өкмөтүнүн" деген сөз "Министрлер Кабинетинин" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
22) 33-беренесиндеги "укукка ээлик кылган" деген сөздөр "көмөктөшүүчү" деген сөз менен алмаштырылсын;
23) 35-беренесинде:
а) 1-бөлүгүнүн 1-пунктундагы "белгиленген талаптарга" деген сөздөр "ушул Мыйзамга жана Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, эл аралык келишимдердин талаптарына" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
б) 3-бөлүгүндөгү "Өкмөтүнө" деген сөз "Министрлер Кабинетине" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
24) төмөнкүдөй редакциядагы 35-1-берене менен толукталсын:
"35-1-берене. Ушул Мыйзамдын ченемдерин аткарбагандыгы же бузгандыгы үчүн жоопкерчилик
Эл аралык чукул жардам көрсөтүүгө катышкан мамлекеттик органдардын кызмат адамдары жана көмөктөшүүчү субъекттер ушул Мыйзамдын ченемдерин аткарбагандыгы же бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарынын ченемдерине ылайык жоопкерчилик тартат.";
25) 36-беренесинин 2-бөлүгүндөгү "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2-берене.
1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 30 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети 6 айлык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
|