Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин жана КР Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 18-февралындагы № 80/68-6 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 27-ноябры № 642/44/12
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2005-жылдын 9-сентябрындагы № 420/21/4 "Кыргыз Республикасындагы накталай эмес эсептешүүлөр жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Накталай эмес эсептешүүлөр тутумун өркүндөтүү жана накталай эмес формада ишке ашырылуучу салыктык төлөмдөрдү эсепке алуу тартибин аныктоо максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жана "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4 жана 6-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2005-жылдын 9-сентябрындагы № 420/21/4 "Кыргыз Республикасындагы накталай эмес эсептешүүлөр жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасындагы накталай эмес эсептешүүлөр жөнүндө жободо:
- 2.4.1-пункт төмөнкү мазмунда баяндалсын:
"2.4.1. Банктык төлөм карталарын пайдалануу менен накталай эмес эсептешүүлөр товарларга, иштерге, көрсөтүлгөн кызматтарга акыларды, салыктарды, жыйымдарды жана башка төлөмдөрдү бюджетке банкоматтар, электрондук терминалдар жана башка перифериялык орнотмолор аркылуу төлөөдө жүзөгө ашырылышы мүмкүн.
Мында банктык картаны (карт-чек) пайдалануу менен транзакция жүргүзүүдөгү терминал, банкомат жана башка перифериялык орнотмолор аркылуу түзүлгөн кагаз документ салыктардын, жыйымдардын жана башка төлөмдөрдүн бюджетке төлөнгөндүгүнүн далили боло алат.".
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министри |
| Ж.Сатыбалдиев |