Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 4-марты № 115
Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы Аламүдүн районунун Маевка айыл аймагында жайгашкан жерлерди "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер" категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 12-августундагы № 451 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Аламүдүн районунун Маевка айыл аймагында индустриялык-логистикалык борборду куруу максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 20-статьясына, "Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине жана "Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн 2020-жылдын 2-июнундагы № ЭА-05-448 корутундусун жана Аламүдүн районунун мамлекеттик администрациясынын 2020-жылдын 19-майындагы № 183-б буйругун көңүлгө алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Аламүдүн районунун Маевка айыл аймагындагы № 684 контурда жайгашкан Назарбекова Умсун Умаровнанын жана Маркабаев Алтынбек Эрмековичтин жеке менчигиндеги 19,66 га сугат айдоо жери индустриялык-логистикалык борбордун өнөр жай объектисин жайгаштыруу үчүн "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер" категориясына которулсун (трансформациялансын).
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 12-августундагы № 451 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Аламүдүн районунун мамлекеттик администрациясы төмөнкүлөрдү камсыз кылсын:
- жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү;
- ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жерди максаттуу багыты боюнча пайдаланууну;
- ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жердин шаар куруу документтерин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иштеп чыгууну жана бекитүүнү;
- айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларын жана алынбай калган пайданын ордун толтуруу наркынын суммасын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык төлөөнү;
- ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер максаттуу багыты боюнча пайдаланылбаган учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык алып коюуну.
3. Бул токтомду ишке ашыруу жана ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жердин максаттуу пайдаланылышын контролдоо үчүн жоопкерчилик Кыргыз Республикасынын айыл чарба министрине жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз-Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |