Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 7-марты № 117
"Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Лейлек районунун Исфана шаарын Раззаков шаары деп кайра атоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
"Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 17 жана 27-беренелерине, "Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-статьясына ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкү тиркелгендер жактырылсын:
- "Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Лейлек районунун Исфана шаарын Раззаков шаары деп кайра атоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;
- "Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Лейлек районунун Исфана шаарын Раззаков шаары деп кайра атоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин сунушу.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы | А.У. Жапаров |
|
| Долбоор |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Лейлек районунун Исфана шаарын Раззаков шаары деп кайра атоо жөнүндө
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Лейлек районунун Исфана шаары Раззаков шаары деп кайра аталсын.
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
|
|
| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 7-мартындагы № 117 токтому менен жактырылган |
"Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Лейлек районунун Исфана шаарын Раззаков шаары деп кайра атоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин СУНУШУ
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 85-беренесине, Кыргыз Республикасынын Президентинин "Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Лейлек районунун Исфана шаарын кайра атоо жөнүндө" Жарлыгына ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан "Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Лейлек районунун Исфана шаарын Раззаков шаары деп кайра атоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору демилгеленди.
Аталган мыйзам долбоору менен Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Лейлек районунун Исфана шаарын Раззаков шаары деп кайра атоо сунушталат.
Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 23-декабрындагы № 575 "Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Лейлек районунун Исфана шаарын кайра атоо жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу максатында жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана саясий ишмери Исхак Раззакович Раззаковдун кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн калыптанышына жана өнүгүшүнө кошкон олуттуу салымы үчүн ысымын түбөлүккө калтыруу максатында жана туулган күнүнүн 110 жылдыгынын урматына иштелип чыкты.
Исхак Раззакович Раззаков 1910-жылдын 25-октябрында Лейлек районунун азыркы Кулунду айыл аймагында жайгашкан Хоросон айылында туулган. 1931-жылы Ташкент агартуу институтун аяктаган соң Раззаков окутуучу болуп иштеген, андан кийин СССРдин Госпланы институтуна окууга Москва шаарына жиберилип, аны 1936-жылы бүтүргөн.
1939-1945-жылдары Өзбек ССРинде Эл Комиссарларынын Советине караштуу Госпландын төрагасы, Эл Комиссарларынын Советинин төрагасынын орун басары, агартуу эл комиссары жана Өзбекстан КП(б) БКнын секретары болуп иштеген.
1945-жылдан 1961-жылга чейин Кыргыз Республикасынын Министрлер Советинин Төрагасы, Кыргызстан Компартиясынын БК биринчи секретары болгон. Ал республиканын партиялык уюмунун кыргыз улутундагы биринчи жетекчиси болгон. Дал ушул жылдары Исхак Раззаков согуштан кийинки Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүүгө зор салым кошкон.
1945-1950-жылдары эски объекттер гана калыбына келтирилбестен, эл чарбасынын 20 ири өнөр жай объектиси курулуп, пайдаланууга берилген. Алардын ичинде Лебединовка, Аламедин ГЭСтери, Кызыл-Кыядагы жана Сүлүктүдөгү жаңы шахталар, Канттагы түстүү металл рудниги, Кыргызавтомаш заводу, Ош электромеханикалык заводу, Фрунзедеги ремонттук-механикалык жана асфальтбетон заводу, Таластагы кыш-черепица заводу бар. 1948-жылы жалпы узундугу 172 км болгон Кант-Рыбачье темир жолунун курулушу аяктаган, ал эми 1950-жылга карата республикадагы темир жолдун жалпы узундугу 368 км түзгөн, ал бүгүнкү күндө дагы пайдаланылып жатат.
Исхак Раззаковдун мыкты башкаруусунун натыйжасында 1947-жылдын аягында республиканын экономикасы согушка чейинки өнүгүү деңгээлине жеткен.
1951-1955-жылдары бир катар ири заводдор жана фабрикалар курулуп, Лебединовка № 2, Аламедин № 2 ГЭСтеринин экинчи кезеги өнөр жайлык ток бере баштаган, стратегиялык маанилүү бийик тоолуу Фрунзе-Ош жолунун курулушу башталган. Кыргызстанда биринчи тоннелдер курулган, стратегиялык маанилүү Фрунзе - Алма-Ата - Ташкент автожолу реконструкцияланган, Орто-Токой суу сактагычынын курулмасы аяктаган, Ош, Кызыл-Кыя кыш заводдору, Күрмөнтү цемент заводу, Оштогу жана Фрунзедеги ТББ заводдору жана башкалар пайдаланууга берилген.
Ал иштеген 1945-1960-жылдардагы кыска мезгилде Кыргыз ССРинде 59 завод, фабрика, 46 цех жана өндүрүш участоктору курулуп, реконструкцияланган жана пайдаланууга берилген, көптөгөн маданият жана билим берүү объекттери ачылган.
Исхак Раззаковдун демилгеси менен 1954-жылы республикада биринчи инженердик жогорку окуу жайы - Фрунзе политехникалык институту түзүлгөн.
Ысык-Көлдө биринчи суу транспорту ачылган, ошондой эле Фрунзеде Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу троллейбус кыймылы ишке кирген.
1961-1967-жылдары Исхак Раззаков СССРдин Мамлекеттик Экономикалык Советинин мүчөсү болгон, СССР Министрлер Советине караштуу Мамлекеттик илимий-экономикалык советтин бөлүмүнүн начальниги кызмат ордун ээлеген, СССР Министрлер Советанин Мамлекеттик пландоо комитетинде эмгектенген.
Исхак Раззаков 1940-жылдан баштап ВКП (б)нын мүчөсү, 1952-1961-жылдары КПСС БК мүчөсү, II жана IV чакырылыштагы СССР Жогорку Советинин депутаты болгон.
Төмөнкүдөй мамлекеттик сыйлыктар менен сыйланган: үч Ленин opдени, Эмгек Кызыл Туу ордени, Кызыл Жылдыз ордени, I даражадагы Ата Мекендик согуш ордени.
1967-жылы пенсияга чыгып, 1979-жылдын 19-мартында Москва шаарында дүйнөдөн кайткан.
Республиканы согуштан кийин калыбына келтирүүгө жана андан ары өнүктүрүүгө кошкон баа жеткис салымы үчүн Исхак Раззаковго 2010-жылы каза болгондон кийин эң жогорку даражадагы "Кыргыз Республикасынын Баатыры" деген ардактуу наам ыйгарылган.
Исфана шаарын Раззаков шаары деп кайра атоо жөнүндө чечимдер шаардын тургундарынын жыйындарында кабыл алынган, алар Исфана шаардык кеңешинин 2021-жылдын 29-декабрындагы № 1 чечими менен жактырылган. Ошондой эле Лейлек районунун мамлекеттик администрациясы тарабынан 2021-жылдын 30-декабрындагы № 2/304 жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү тарабынан 2022-жылдын 13-январындагы № 1-б кайра атоо жөнүндө чечимдер кабыл алынган.
Исфана райондук маанидеги шаар, 2001-жылы "Кыргыз Республикасынын Баткен областынын Лейлек районунда Исфана шаарын түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен түзүлгөн, Баткен облусунун Лейлек районунун батыш бөлүгүндө, облустук борбордон 130 км аралыкта жайгашкан, 227 га аянтты ээлейт.
Шаардын курамына 6 айыл кирет, 7387 кожолукта 32330 адам жашайт. Шаарда 15 мектеп, 12 мектепке чейинки мекеме, 1 оорукана, 2 аптека, 4 медициналык мекеме, 1 маданият үйү, музей, 4 китепкана, 40тан ашык ишкана бар. Шаардын мэриясы жана курамы 31 депутаттан турган шаардык кеңеш иштейт.
Мэриянын алдында Муниципалдык менчик департаменти, "Исфана таза суу" жана "Лейлек тазалык" муниципалдык ишканалары иштейт. Инфана шаары өзүн-өзү камсыздайт, шаардык бюджети 2022-жылдын 1-январына карата 74 млн. 776 сомду түзөт.
Жогоруда баяндалгандын негизинде, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 23-декабрындагы № 575 "Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Лейлек районунун Исфана шаарын кайра атоо жөнүндө" Жарлыгын аткаруу максатында, ошондой эле Исфана шаарынын тургундарынын, Исфана шаардык кеңешинин, Лейлек районунун мамлекеттик администрациясынын, Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн чечимдерин көңүлгө алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Лейлек районунун Исфана шаарын Раззаков шаары деп кайра атоону сунуштайт.