Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-ноябрындагы № 620 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 8-апрели № 190
Улуттук коопсуздукту камсыз кылуу максатында жүктөрдү жана жүргүнчүлөрдү ташууну жүзөгө ашыруучу тепловоздор үчүн дизелдик отунду мамлекеттик сатып алууларды жүзөгө ашыруу тартибин бекитүү жөнүндө
Мамлекеттик жана коргонуу муктаждыктарын, улуттук коопсуздукту, темир жол транспортунун туруктуу жана коопсуз иштешин камсыз кылуу максатында, "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-беренесинин 4-бөлүгүнүн 15-пунктуна жана "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Улуттук коопсуздукту камсыз кылуу максатында жүктөрдү жана жүргүнчүлөрдү ташууну жүзөгө ашыруучу тепловоздор үчүн дизелдик отунду мамлекеттик сатып алууларды жүзөгө ашыруу тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз-Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |
| Тиркеме |
Улуттук коопсуздукту камсыз кылуу максатында жүктөрдү жана жүргүнчүлөрдү ташуучу тепловоздор үчүн дизелдик отунду мамлекеттик сатып алууларды жүзөгө ашыруу ТАРТИБИ
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Тартип "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын (мындан ары - Мыйзам) 21-беренесинин 4-бөлүгүнүн 15-пунктуна ылайык улуттук коопсуздукту камсыз кылуу максатында жүктөрдү жана жүргүнчүлөрдү ташуучу тепловоздор үчүн дизелдик отунду мамлекеттик сатып алууларды жүзөгө ашырууну жөнгө салат.
2. Ушул Тартипке ылайык жүзөгө ашырылуучу мамлекеттик сатып алуулар финансылык каражаттарды сарамжалдуу пайдалануу жана Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугун камсыз кылуу үчүн стратегиялык мааниге ээ болгон жүктөрдү жана жүргүнчүлөрдү ташуу процессин үзгүлтүксүз жүзөгө ашыруу максатында жүргүзүлөт.
2. Мамлекеттик сатып алууларды жүзөгө ашыруу, уюштуруу жана өткөрүү ыкмалары
3. Мамлекеттик сатып алуулар Мыйзамдын ченемдерине, мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларга жана ушул Тартипке ылайык жүзөгө ашырылат.
4. Мамлекеттик сатып алуулар төмөнкү ыкмалардын бири менен жүзөгө ашырылат:
1) Мыйзамдын 21-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык мамлекеттик сатып алуулардын веб-порталында кулактандырууну жайгаштырбастан;
2) Мыйзамдын 21-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык электрондук каталог аркылуу.
5. Сатып алуучу уюм ушул Тартипке ылайык мамлекеттик сатып алууларды жүзөгө ашыруунун ыкмасын өз алдынча аныктайт.
6. Тепловоздор үчүн дизелдик отунду мамлекеттик сатып алууларды уюштуруу жана өткөрүү төмөнкү ырааттуу иш-чараларды аткарууну караштырат:
- сатып алууларды пландоо;
- тепловоздор үчүн сатып алынуучу дизелдик отундун техникалык спецификациясын иштеп чыгуу;
- рынокко мониторинг жүргүзүү (изилдөө);
- жеткирүүчүлөрдөн алынган коммерциялык сунуштардын негизинде бааларга мониторинг жүргүзүү;
- келишим түзүү.
3. Сатып алууларды пландоо
7. Сатып алуучу уюм Мыйзамдын жана ушул Тартиптин талаптарына ылайык мамлекеттик сатып алуулардын жылдык планын иштеп чыгат жана бекитет.
8. Мамлекеттик сатып алуулардын жылдык планы төмөнкү маалыматтарды камтууга тийиш:
- сатып алуу предметинин аталышы, анын ичинде мамлекеттик сатып алууларды жүзөгө ашырууга бөлүнгөн суммалар жана тепловоздор үчүн дизелдик отундун көлөмү;
- эсептин номери жана чыгымдардын беренеси.
9. Сатып алуучу уюм мамлекеттик сатып алуулардын жылдык планына өзгөртүүлөрдү жана/же толуктоолорду киргизүүгө укуктуу.
4. Сатып алынуучу дизелдик отундун техникалык спецификациясын иштеп чыгуу
10. Сатып алуучу уюм тепловоздор үчүн сатып алынуучу дизелдик отундун рыногун жана бааларын пландоо жана мониторинг жүргүзүү максатында темир жол аркылуу ташуу процессин камсыз кылуу үчүн зарыл болгон техникалык спецификацияны иштеп чыгат.
11. Тепловоздор үчүн сатып алынуучу дизелдик отундун техникалык спецификациясы пландалып жаткан сатып алууларга карата талаптарды чагылдырууга тийиш.
5. Рынокко жана бааларга мониторинг жүргүзүү
12. Тепловоздор үчүн сатып алынуучу дизелдик отундун пландалган суммасын аныктоо жана потенциалдуу жеткирүүчүнү тандоо үчүн сатып алуучу уюм рынокко жана бааларга мониторинг жүргүзөт.
13. Бааларга мониторинг жеткирүүчүлөрдөн коммерциялык сунушка суроо-талап кылуу аркылуу жүргүзүлөт.
14. Коммерциялык сунушка жазуу жүзүндө суроо-талап кылуу аркылуу бааларга мониторинг жүргүзүүдө сатып алуучу уюмдун суроо-талабында тепловоздор үчүн дизелдик отундун аталышы, квалификациялык талаптары, техникалык спецификациясы, жеткирүү мөөнөтү жана ыкмасы, дизелдик отундун ГОСТко ылайык келишине лабораториялык талдоо камтылууга тийиш.
15. Электрондук каталог аркылуу бааларга мониторинг Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-майындагы № 243 токтому менен бекитилген Мамлекеттик сатып алуулар веб-порталынын электрондук каталогу аркылуу товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү мамлекеттик сатып алуунун тартиби жөнүндө жобого ылайык жүргүзүлөт.
6. Келишим түзүү
16. Сунушу сатып алуучу уюмдун бардык талаптарына жооп берген потенциалдуу жеткирүүчү менен Мыйзамда белгиленген тартипте келишим түзүлөт.
17. Сатып алуучу уюм потенциалдуу жеткирүүчүдөн келишимдин аткарылышын Мыйзамдын 52-беренесинде көрсөтүлгөн өлчөмдө жана формада кепилдик камсыздоону талап кыла алат.
18. Мыйзамдын 52-беренесинде көрсөтүлгөн учурларда келишимдин аткарылышын кепилдик камсыздоо кайтарылып берилет же кармалат.
19. Келишим жазуу жүзүндө түзүлөт жана ага тараптар кол койгон күндөн тартып күчүнө кирет.
20. Сатып алуучу уюм эки жумуш күндүн ичинде Мыйзамдын 21-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык түзүлгөн келишим жөнүндө маалыматты мамлекеттик сатып алуулардын веб-порталына жайгаштырат.