Загрузка документа…
| 3-тиркеме (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 8-апрелиндеги № 193 токтомуна) |
Контролдук-кассалык машиналарга карата техникалык корутунду берүү жана контролдук-кассалык машиналардын реестрин түзүү
ТАРТИБИ
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-декабрындагы № 705 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Ушул Тартип Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 128-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык иштелип чыккан жана контролдук-кассалык машиналарды (мындан ары - ККМ) контролдук-кассалык машиналардын реестрине (мындан ары - ККМ реестрине) киргизүү жана чыгаруу тартибин, ошондой эле ККМдин ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан бекитилген техникалык талаптарга шайкеш келиши/шайкеш эместиги жөнүндө техникалык корутунду (мындан ары - техникалык корутунду) берүү тартибин аныктайт.
2. Ушул Тартипте төмөнкүдөй аныктамалар пайдаланылат:
1) арыз ээси - анын кайрылуусу боюнча байланыш, маалыматташтыруу жана электрондук башкаруу жаатындагы жана электрондук кол тамганы пайдалануу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (мындан ары - ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган) тарабынан техникалык корутунду берүү жөнүндө маселе каралган жак;
2) ККМди экспертизалоо боюнча орган - ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан бекитилген ККМге карата техникалык талаптарга (мындан ары - ККМге карата техникалык талаптар) шайкеш келиши боюнча ККМдин моделдерине экспертизаны уюштуруу жана жүргүзүү функцияларын өз алдынча аткаруучу ата мекендик уюм.
Ушул аныктаманын максатында ККМди экспертизалоо боюнча орган болуп Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу тартипте аккредитациядан өткөн ата мекендик уюмдар саналат;
3) ККМ реестри - ККМге карата техникалык талаптарга шайкеш келишине белгиленген тартипте ырастоо алган ККМдин ар бир модели боюнча ыйгарым укуктуу салык органынын автоматташтырылган маалыматтык системасындагы маалыматтардын жыйындысы;
4) техникалык документтер - төмөнкүлөрдү камтыган документтердин пакети:
- ККМдин шайкештик сертификаттарын;
- ККМдин сыпаттамаларын;
- техникалык паспортту, техникалык мүнөздөмөлөрдүн сыпаттамасын, оңдоо боюнча документтерди, күбөлөндүрүү методикасын жана аппараттык ККМдин 10х15 см өлчөмүндөгү түстүү сүрөтүн;
- ККМде түзүлүүчү жана басылып чыгуучу чектер менен отчеттордун үлгүлөрүн;
5) ККМге карата эксперттик корутунду - ККМди экспертизалоо боюнча орган тарабынан берилүүчү ККМге карата техникалык талаптарга ККМдин моделинин шайкеш келиши жөнүндө корутунду, анда ККМдин төмөнкүлөр боюнча талаптарга шайкеш келиши жөнүндө маалымат милдеттүү түрдө камтылууга тийиш:
- ККМди санкцияланбаган модификациялоодон жана фискалдык маалыматтарга аларды өчүрүү же оңдоо максатында жетүүдөн коргоо боюнча;
- фискалдык маалыматтарды берүү боюнча;
- байланыш каналдарын пайдалануу боюнча;
6) эксплуатациялоо документтери - иштеп чыгуучу, системалык администратор жана пайдалануучу үчүн колдонмону камтыган, ККМди пайдалануу, анын ичинде фискалдаштыруу боюнча, эсептешүү операцияларын жүргүзүү жана фискалдык жана кассалык отчетторду алуу боюнча толук нускаманы камтыган документтердин пакети.
Ушул Тартипте пайдаланылуучу башка түшүнүктөр жана терминдер Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында аныкталган мааниде колдонулат.
3. ККМдин ар бир модели субъектке же аны андан ары субъектке сатуу үчүн башка жакка сатылганга чейин ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдан ККМге карата техникалык талаптарга шайкештик жол-жобосунан, ошондой эле ККМ реестрине киргизүү жол-жобосунан өтүүсү тийиш.
4. ККМдин моделдери ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилүүчү техникалык корутундунун негизинде ККМ реестрине киргизилет жана андан чыгарылат.
5. Ыйгарым укуктуу салык органы ККМ реестрин жүргүзөт, анда төмөнкүлөр камтылууга тийиш:
1) уюштуруу-укуктук формасын, ошондой эле алардын байланыш маалыматтарын көрсөтүү менен, ККМди иштеп чыгуучунун толук аталышы жана идентификациялык салык номери;
2) ККМдин моделинин аталышы;
3) ККМ иштелип чыккан дата;
4) ККМдин модели ККМ реестрине киргизилген дата;
5) оң техникалык корутунду берилген дата жана номери;
6) ККМге карата эксперттик корутундуну берген ККМди экспертизалоо боюнча органдын толук аталышы;
7) ККМдин моделдери колдонулушу мүмкүн болгон иштин чөйрөсү (акча алмаштыруу бюросу, нотариус, күрөөкана ж.б.), анын ичинде ККМди Интернет тармагындагы электрондук төлөм каражаттарын колдонуу менен эсептешүү жана эсептешүүлөрдү жүзөгө ашыруу үчүн автоматтык түзүлүштөрдө гана пайдалануу мүмкүнчүлүгү жөнүндө маалыматтар;
8) ыйгарым укуктуу салык органынын маалыматтык системасы менен байланыш жок мезгилде ККМдин функционалдык иштөө мүмкүнчүлүгү;
9) программалык ККМ менен иштөө мүмкүндүгүнө ээ түзүлүштөрдүн, анын ичинде чектердин принтерлеринин аталыштары, моделдери жана версиялары.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-декабрындагы № 705 токтомунун редакциясына ылайык)
6. Арыз ээлеринин кайрылууларын кароо максатында ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, ыйгарым укуктуу салык органынын жана улуттук коопсуздук жаатындагы, анын ичинде маалыматтык коопсуздукту камсыздоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын өкүлдөрүнөн турган курамда ведомстволор аралык комиссия түзүүнү демилгелейт.
7. Ведомстволор аралык комиссиянын курамы жана иштөө регламенти ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын буйругу менен бекитилет.
8. Ведомстволор аралык комиссия ККМ боюнча сунуштаган чечимдерге техникалык баа берүү үчүн мамлекеттик органдардын кызматкерлерин, көз карандысыз эксперттерди жана ККМди экспертизалоо боюнча органдын адистерин тартууга укуктуу.
9. Ыйгарым укуктуу салык органы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга себептерин жана жүйөлөрүн көрсөтүү менен ККМ реестрине киргизилген ККМдин моделдеринин ККМге карата техникалык талаптарга шайкеш келишин кайра кароо жол-жобосун жүргүзүү жөнүндө кайрылууга укуктуу.
10. ККМдин моделдеринин ККМге карата техникалык талаптарга шайкештик жол-жоболорунан өтүү үчүн арыз ээлери байланыш тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кайрылууга тийиш жана эркин формадагы арыз менен бирге төмөнкүлөрдү бериши керек:
1) ККМди иштеп чыгуучу же анын расмий өкүлү менен түзүлгөн ККМди жеткирүү, техникалык жана кепилдик жактан колдоо жөнүндө келишимдин көчүрмөсүн, анда моделдери жана кепилдиктеги жана кепилдиктен кийинки оңдоо шарттары айтылат. Эгерде арыз ээси ККМди иштеп чыгуучу болсо, интеллектуалдык менчикти коргоо жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иштеп чыгуучунун ККМге автордук укугун ырастаган документтер берилет;
2) ККМдин моделинин бир нускасын;
3) кагаз жүзүндөгү жана электрондук түрдөгү техникалык документтерди;
4) кагаз жүзүндөгү жана электрондук түрдөгү эксплуатациялоо документтерин;
5) ККМге карата эксперттик корутундуну. Эксперттик корутунду ушул Тартипте каралган учурларда арыз ээси тарабынан берилет;
6) программалык ККМ менен иштөө мүмкүндүгүнө ээ түзүлүштөрдүн, анын ичинде чектердин принтерлердин аталыштары, моделдери жана версиялары.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-декабрындагы № 705 токтомунун редакциясына ылайык)
11. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган арыз ээсинен документтердин толук пакетин жана ККМдин моделинин бир нускасын алгандан кийин арыз келип түшкөн күндөн тартып 5 (беш) жумуш күндүн ичинде анын маалыматтарынын толуктугун карап чыгат жана документтердин толук пакети берилген учурда көрсөтүлгөн документтерди жана ККМдин моделин кароо үчүн ведомстволор аралык комиссиянын чогулушун демилгелейт.
12. Ведомстволор аралык комиссия 5 (беш) жумуш күндүн ичинде ККМдин моделинин ККМге карата техникалык талаптарга шайкеш келишин карап чыгуу жол-жобосун жүргүзөт жана анын жыйынтыгы боюнча ККМдин моделинин ККМге карата техникалык талаптарга шайкештиги/шайкеш эместиги жөнүндө чечим чыгарат.
ККМдин моделин ККМга карата техникалык талаптарга шайкеш келтирүү үчүн кошумча иштеп чыгуу зарыл болгон учурда арыз ээсине кошумча иштеп чыгуу үчүн бир жумалык мөөнөт берилет, анын жыйынтыгы боюнча арыз ээси ыйгарым укуктуу органга кайра карап чыгуу үчүн билдирүү жөнөтөт.
13. Арыз ээси ККМге карата эксперттик корутундуну берген учурда, ведомстволор аралык комиссия ККМге карата техникалык талаптарга шайкештигин карап чыгат, төмөнкү функцияларды кошпогондо:
1) ККМди санкцияланбаган модификациялоодон жана фискалдык маалыматтарга аларды өчүрүү же оңдоо максатында жетүүдөн коргоо;
2) фискалдык маалыматтарды берүү;
3) байланыш каналдарын колдонуу.
14. Арыз ээсинин ККМге эксперттик корутундусу болбогон учурда, ведомстволор аралык комиссия ККМге карата техникалык талаптарга ККМдин толугу менен шайкеш келишин кароого тийиш. Кароонун жүрүшүндө ведомстволор аралык комиссия ККМ боюнча сунушталган чечимдерди техникалык баалоо үчүн программалык продукттар жаатындагы көз карандысыз эксперттерди тартууга укуктуу.
15. Ведомстволор аралык комиссия тарабынан ККМдин моделинин ККМге карата техникалык талаптарга шайкештиги же шайкеш эместиги жөнүндө чечим чыгарылган учурда, ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган 3 (үч) жумуш күндүн ичинде арыз ээсине тийиштүү техникалык корутундуну берет.
16. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган:
1) ККМдин моделинин ККМге карата техникалык талаптарга шайкеш келиши жөнүндө техникалык корутундуну берүүнүн жыйынтыгы боюнча аны ыйгарым укуктуу салык органына жиберет;
2) берилген техникалык корутундулардын реестрин ведомствонун расмий сайтында жарыялайт.
17. Ыйгарым укуктуу салык органы ККМдин моделинин техникалык талаптарга шайкештиги жөнүндө техникалык корутундуну алган күндөн тартып 3 (үч) жумуш күндүн ичинде ККМдин көрсөтүлгөн моделин ККМ реестрине киргизет, ал ведомствонун расмий сайтында жарыяланат.
18. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилген ККМдин моделинин техникалык талаптарга шайкеш эместиги тууралуу техникалык корутундунун негизинде ыйгарым укуктуу салык органы ККМдин моделдерин ККМ реестринен чыгарат.
19. ККМдин моделинин нускаларынан ал ККМ реестрине киргизилгенден кийин ККМге карата техникалык талаптарга шайкеш эместиги, анын ичинен ККМдеги фискалдык маалыматтарды жана башка маалыматтарды санкциялабай өзгөртүү жана ККМдин программалык камсыздоосун санкциялабай модификациялоо аныкталган учурда, ККМдин бул модели техникалык корутундунун негизинде ККМ реестринен чыгарылууга тийиш. ККМдин моделинин ККМге карата техникалык талаптарга шайкеш эместиги ырасталган учурда, ыйгарым укуктуу салык органынын автоматташкан маалыматтык системасында катталган жана субъекттер тарабынан колдонулган ККМдин ошол моделинин нускалары субъекттерге 10 (он) жумуш күн мурун алдын ала кабарлоо менен ыйгарым укуктуу салык органынын каттоосунан алып салынууга жана техникалык корутундуну алган күндөн тартып ККМ реестринен чыгарылууга тийиш.
20. ККМге карата техникалык талаптар өзгөртүлгөн учурда, мурда ККМ реестрине киргизилген жана жаңы кабыл алынган ККМге карата техникалык талаптарга шайкеш келбеген ККМ моделдеринин нускалары, эгерде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан башка мөөнөт белгиленбесе, ККМге карата жаңы кабыл алынган техникалык талаптар күчүнө кирген күндөн тартып 90 (токсон) календардык күндүн ичинде субъекттер тарабынан колдонула берилет жана ККМ реестринен чыгарылууга тийиш эмес.
21. ККМге карата жаңы кабыл алынган техникалык талаптарга шайкеш келбеген, ыйгарым укуктуу салык органынын автоматташкан маалыматтык системасында катталган жана субъекттер тарабынан колдонулган ККМдин моделдеринин нускалары 90 (токсон) календардык күн же Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген башка мөөнөт аяктаганда ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан техникалык тейлөө борборлорун жана субъекттерди 10 (он) жумуш күн мурун алдын ала кабарлоо менен 30 (отуз) календардык күндүн ичинде каттоодон алып салынууга жана ККМ реестринен чыгарылууга тийиш.
22. ККМге карата техникалык талаптарга өзгөртүүлөр ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан жылына бир жолудан көп эмес жүргүзүлөт, алар карама-каршылыктарды, коллизияларды жана кемтиктерди жоюу же соода операцияларында же жумуштарды аткарууда жана кызматтарды көрсөтүүдө жүзөгө ашырылуучу калк менен эсептешүүдө укуктук мамилелерди жөнгө салуу үчүн зарыл болгон талаптар жок болгон учурларды кошпогондо, кийинки календардык жылдын биринчи январынан тартып күчүнө кирет.