Загрузка документа…
| ||
|
| 4-тиркеме (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 8-апрелиндеги № 193 токтомуна) |
Контролдук-кассалык машиналарды пайдалануунун ТИПТҮҮ ЭРЕЖЕЛЕРИ
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-декабрындагы № 705 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Типтүү эрежелер Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 128-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык иштелип чыккан жана соода операцияларында акчалай эсептешүүлөрдү жүргүзүүдө же жумуштарды аткарууда жана кызматтарды көрсөтүүдө контролдук-кассалык машиналарды пайдалануунун негизги эрежелерин аныктайт.
2. Кыргыз Республикасынын аймагында накталай/электрондук акчалар, банктык төлөм карталары жана башка төлөм инструменттери аркылуу соода операцияларында же жумуштарды аткарууда жана кызматтарды көрсөтүүдө жүзөгө ашырылуучу калк менен акчалай эсептешүүлөр контролдук-кассалык машиналарды (мындан ары - ККМ) милдеттүү түрдө колдонуу жана контролдук-кассалык чекти кагаз жүзүндө жана/же автоматтык окууга жарактуу электрондук түрдө берүү/жөнөтүү менен жүргүзүлөт.
3. Субъекттерге ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан бекитилген ККМге карата техникалык талаптарга шайкеш келүү жол-жобосунан өткөн, байланыш, маалыматташтыруу жана электрондук башкаруу жаатындагы жана электрондук кол тамганы пайдалануу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдан техникалык корутунду алган жана контролдук-кассалык машиналардын реестрине киргизилген ККМдин моделдерин гана пайдаланууга уруксат берилет.
4. Эсептешүү үчүн автоматтык түзүлүштөрдө же Интернет тармагында электрондук төлөм каражаттарын пайдалануу менен эсептешүүлөрдү жүргүзүүдө колдонулуучу ККМди пайдалануу эрежелери ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан бекитилет.
5. Ушул Типтүү эрежелердин сакталышын контролдоо салык кызматынын органдары тарабынан жүзөгө ашырылат.
6. Ушул Типтүү эрежелерде төмөнкүдөй түшүнүктөр жана терминдер колдонулат:
1) кассир-операционист - милдетине ККМди колдонуу аркылуу сатып алуучулар (кардарлар) менен эсептешүү операцияларын жүргүзүү кирген субъекттин жооптуу адамы;
2) кассалык орун - сатып алуучулар (кардарлар) менен соода операцияларында, кызматтарды көрсөтүүдө же жумуштарды аткарууда бир же бир нече кассир-операционисттердин иштөөсү үчүн арналган соода залынын аянтынын бөлүгү;
3) кассалык ящик - бир нөөмөт ичинде накталай акча каражаттарын салуу жана сактоо үчүн арналган кассалык орундун атайын бөлүгү;
4) соода залы - соода операцияларында, кызматтарды көрсөтүүдө же жумуштарды аткарууда сатып алуучуларды (кардарларды) тейлөө үчүн арналган жайдын атайын жабдылган негизги бөлүгү.
Ушул Типтүү эрежелерде колдонулуучу башка түшүнүктөр жана терминдер Кыргыз Республикасынын салык жана банк мыйзамдарында жана Кыргыз Республикасынын соода ишин жөнгө салуу жана керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарында аныкталган мааниде пайдаланылат.
2. Кассир-операционисттин ишин уюштуруу
7. Соода объектинин кызматкерлеринин ишин уюштуруу жана керектөөчүлөрдү (кардарларды) тейлөө Кыргыз Республикасынын соода ишин жөнгө салуу жана керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген соода жүргүзүү, кызматтарды көрсөтүү жана жумуштарды аткаруу эрежелерине ылайык жүзөгө ашырылууга тийиш.
8. Сатып алуучулар (кардарлар) менен эсептешүү операцияларын жүргүзүү үчүн субъекттер кассалык орун жана сатууга сунушталган товарлардын ассортиментин, көрсөтүлүүчү кызматтардын же аткарылуучу иштердин тизмегин жайгаштырууга орун камдалууга тийиш болгон соода залына сатып алуучулардын (кардарлардын) эркин кирүүсүн камсыз кылууга милдеттүү.
9. Кассалык орун ККМ, накталай эмес формада эсептешүүдө колдонулуучу аппараттык перифериялык түзүлүштөр (POS-терминалдар) жана кассалык ящик менен жабдылууга тийиш.
10. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аларга карата Кыргыз Республикасынын аймагында идентификациялоо каражаттары менен милдеттүү түрдө маркалоо жана/же товарлардын, жумуштардын жана кызматтардын чегинде маалымат берүү жөнүндө чечим кабыл алынган товарлар сатылган, кызматтар көрсөтүлгөн жана жумуштар аткарылган учурда, кассалык орун товарлардын жана/же идентификациялоо каражаттарынын коддорун окуунун атайын жабдуулары жана товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү эсепке алуунун программалык камсыздоосу менен жабдылууга тийиш.
11. Кассалык орунда, анын ичинде кассалык ящикте субъекттердин, кассир-операционисттердин жана соода объектинин башка кызматкерлеринин жеке накталай акча каражаттарын жана мурдагы кассалык нөөмөттөрдөгү накталай акча каражаттарын сактоого тыюу салынат.
12. Мурдагы кассалык нөөмөттөгү акча каражаттары жумуш нөөмөтүнүн аягында же кийинки нөөмөт башталганга чейин инкассацияланууга жана кассалык орундан тышкары, бул максат үчүн арналган башка жерлерде сакталууга тийиш.
3. Контролдук-кассалык машиналарды ишке даярдоо
13. ККМде иштөөгө ККМди техникалык минимум көлөмүндө пайдалануу боюнча эрежелерди өздөштүргөн жана ушул Типтүү эрежелерди окуп, билген адамдарга жол берилет. Иштөөгө уруксат берилген адамдар менен материалдык жоопкерчилик жөнүндө келишим түзүлөт.
14. Субъекттер соода объектисинде ишин баштоодон мурун төмөнкүлөрдү аткарууга тийиш:
1) кассир-операционистти сатып алуучулар (кардарлар) менен эсептешүү үчүн зарыл болгон сандагы майдалоо купюрасы, ошондой эле тиешелүү өлчөмдөгү чек ленталары жана ККМдин колдонулуучу тиби үчүн каралган башка чыгымдалуучу материалдар менен камсыз кылууга;
2) иш башталганга чейин ККМге берилген накталай акча каражаттарын киргизүү жөнүндө кассир-операционистке көрсөтмө берүүгө;
3) ККМдин оң экендигине жана жумуш ордунун ишти баштоого даяр экендигине ынангандан кийин ишти баштоо жөнүндө кассир-операционистке көрсөтмө берүүгө.
15. ККМде ишти баштоонун алдында кассир-операционист төмөнкүлөрдү аткарууга тийиш:
1) сатып алуучулар (кардарлар) менен эсептешүүлөрдү жүргүзүүдө колдонулуучу ККМдин жана башка жабдуулардын ишке жарактуулугун текшерүүнү жана кассалык чектерди басып чыгаруучу түзүлүштө чек лентасынын болушун текшерүүнү;
2) нөөмөттүн ачылышы жөнүндө отчетту түзүүнү жана сатып алуучулар (кардарлар) менен эсептешүүдө алмаштыруу үчүн алынган суммага акча каражаттарын ККМге салуу операциясын жүргүзүүнү.
16. Эгерде ККМ жумушчу режимге которулбаса, кассир-операционист себебин аныктап, аны чечүүгө тийиш. Эгерде бузулууну оңдоо боюнча бардык аракеттер ККМди жумуш абалына которбосо, ошондой эле ыйгарым укуктуу салык органынын маалыматтык системасы менен байланыш жок экендиги айкындалган учурда, кассир-операционист бул жөнүндө ККМди техникалык тейлөө борборуна (мындан ары - ТТБ) билдирүүгө тийиш.
4. Нөөмөт ичинде кассир-операционисттин иши
17. Кассир-операционист нөөмөт ичинде төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) ККМдин ошол моделин пайдалануу боюнча колдонмого ылайык суммаларды киргизүү операцияларын жүргүзүүгө;
2) сатылуучу товардын баасына же көрсөтүлүүчү кызматтардын же аткарылуучу жумуштардын прейскурантына (менюсуна) ылайык бир сатып алуучу (кардар) үчүн ККМдин индикаторунун көрсөтмөсү боюнча же эсептөөчү түзүлүштөрдүн жардамы менен сатып алынган товарлардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн же жумуштардын жалпы суммасын аныктоого жана аны сатып алуучуга (кардарга) айтууга;
3) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аларга карата товарлардын, жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн чегинде милдеттүү түрдө маалымат берүү жөнүндө чечим кабыл алынган товарлар сатылган учурда, товардын кодун окуучу атайын жабдуу аркылуу товардын кодун окууну камсыз кылууга жана товар жөнүндө (аталышы, коду, саны, 1 (бир) бирдик үчүн баасы) маалыматы бар контролдук-кассалык чекти берүүгө;
4) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аларга карата Кыргыз Республикасынын аймагында идентификациялоо каражаттары менен милдеттүү түрдө маркалоо жөнүндө чечим кабыл алынган товарлар сатылган учурда, товарлардын коддорун окуучу атайын жабдуу аркылуу маркалоонун кодун окууну камсыз кылууга жана товарды маркалоо белгиси бар контролдук-кассалык чекти берүүгө;
5) сатып алуучулар (кардарлар) менен эсептешүүлөрдү жүргүзүүдө:
- сатып алынган товардын, кызмат көрсөтүүнүн же жумуштун жалпы суммасын так атоого;
- сатып алуучудан (кардардан) төлөө ыкмасы (накталай же накталай эмес) жөнүндө суроого;
- кагаз жүзүндөгү контролдук-кассалык чекти берүү мүмкүн болбогон учурда, бул тууралуу эсептешүү жүргүзүлгөнгө чейин сатып алуучуга (кардарга) билдирүүгө жана электрондук чекти жөнөтүү үчүн абоненттик номерин же электрондук почтасынын дарегин суроого же контролдук-кассалык чектин QR-кодун сканерлөө жана тийиштүү мобилдик тиркеме аркылуу электрондук чекти алуу үчүн көрсөтүүгө;
- сатып алуучу (кардар) товарлар, кызмат көрсөтүүлөр же жумуштар үчүн акыны төлөм инструменттери аркылуу накталай эмес формада төлөгөн учурда, эсептешүүнү Кыргыз Республикасынын төлөм системасы боюнча мыйзамдарына ылайык жүргүзүүгө;
- сатып алуучу (кардар) накталай формада төлөгөн учурда, андан товарлар, кызмат көрсөтүүлөр же жумуштар үчүн акча алууга;
- алынган акчанын суммасын сатып алуучунун (кардардын) көзүнчө өзүнчө коюуга жана бул суммага ККМден контролдук-кассалык чекти басып чыгарууга;
- кайтарылып берилүүчү сумманы атоого жана аны сатып алуучуга (кардарга) контролдук-кассалык чек менен бирге берүүгө милдеттүү.
18. Сатып алуучу (кардар) абоненттик номерди же электрондук почта дарегин эсептөө учуруна чейин берген учурда, кассир-операционист контролдук-кассалык чекти сатып алуучуга (кардарга) электрондук формада берилген абоненттик номерге же электрондук почта дарегине жөнөтүүгө тийиш.
19. Сатып алуучулар (кардарлар) менен эсептешүүлөрдү жүргүзүүдө:
1) контролдук-кассалык чекти шилтеме (QR-код, интернет сайт, мобилдик тиркеме жана башка ыкмалар аркылуу чекти алуу үчүн атайын код) гана көрсөтүлгөн кыскартылган маалымат менен кагаз жүзүндө берүүгө жол берилет, ал аркылуу сатып алуучу (кардар) чектин толук электрондук вариантын ала алат. Мында контролдук-кассалык чекте субъекттин жана ККМдин реквизиттери, чектин номери, катталган датасы жана убактысы жана чектин жыйынтык суммасы милдеттүү түрдө көрсөтүлүүгө тийиш.
2) кагаз жүзүндөгү контролдук-кассалык чекти берүүнүн ордуна тиешелүү мобилдик тиркеме аркылуу электрондук чекти сканерлөө жана алуу үчүн контролдук-кассалык чектин QR-кодун берүүгө жол берилет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-декабрындагы № 705 токтомунун редакциясына ылайык)
20. Сатып алуучу (кардар) реквизиттери бар электрондук формадагы контролдук-кассалык чекти ыйгарым укуктуу салык органынын маалыматтык сервисин же электрондук түзүлүштөр (планшет, уюлдук телефон) үчүн башка программалык камсыздоону пайдалануу менен ыйгарым укуктуу салык органынын мындай маалыматтык сервисине сатып алуучунун (кардардын) кирүүсүн камсыз кылган QR-кодду окуу аркылуу өз алдынча ала алат.
21. Товарлар, кызмат көрсөтүүлөр же жумуштар боюнча акча каражаттары ошол ККМден мурда берилген контролдук-кассалык чек болгон учурда гана кайтарылып берилет. Кайтарып берүү операциясы кайтарып берүү таризделген фискалдык документтин жана чектин негизинин фискалдык модулунун номерлерин көрсөтүү менен жүргүзүлөт жана учурдагы жана мурдагы нөөмөттөрдүн нөөмөттүк жыйынтыгын азайтпайт (өзгөртпөйт).
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-декабрындагы № 705 токтомунун редакциясына ылайык)
22. Сатып алуучунун (кардардын) жазуу жүзүндөгү арызы боюнча кассир-операционист ККМдин функционалдык мүмкүнчүлүгүнө жараша төмөнкүдөй кайтарып берүү операциясын жүргүзөт:
1) толук кайтарып берүү гана функциясы болгон учурда - кайтарып берүү чеги кайтаруу таризделүүчү контролдук-кассалык чектин бардык реквизиттерин көрсөтүү менен таризделет жана нөөмөттүн аягында субъектке же субъекттин жооптуу кызмат адамына сатып алуучунун (кардардын) жазуу жүзүндөгү арызы жана контролдук-кассалык чек менен кошо берилет. Сатып алуучу (кардар) товарлардын, жумуштардын же кызмат көрсөтүүлөрдүн жарымын кайтарып берген учурда, кайтарып берүү чеги бардык контролдук-кассалык чекке таризделет жана калган товарларга, жумуштарга же кызмат көрсөтүүлөргө жаңы контролдук-кассалык чек чыгарылат жана сатып алуучуга (кардарга) тапшырылат;
2) жарым-жартылай кайтарып берүү функциясы болгон учурда - кайтарып берүү чеги кайтарылуучу товарлар, жумуштар же кызмат көрсөтүүлөр боюнча гана реквизиттерди көрсөтүү менен таризделет жана нөөмөттүн аягында субъектке же субъекттин жооптуу кызмат адамына сатып алуучунун (кардардын) жазуу жүзүндөгү арызы менен берилет. Мында кайтарып берүү таризделген контролдук-кассалык чек товарлардын, жумуштардын же кызмат көрсөтүүлөрдүн жарымын кайтарып берүү жөнүндө кассир-операционисттин белгиси менен сатып алуучуга (кардарга) кайтарылат.
23. Туура эмес контролдук-кассалык чек чыгарылган учурда, жарабай калган чекке кайтарып берүү чеги таризделет, ал нөөмөттүн аягында субъектке же субъекттин жооптуу кызмат адамына туура эмес чыгарылган чек жана субъекттин атына түшүнүк кат менен кошо берилет.
24. Кайтарып берүү операциясын жүргүзүү үчүн кассалык ящикте накталай акча каражаты жетишсиз болгон учурда, кассир-операционист субъекттен же субъекттин жооптуу кызмат адамынан кайтарып берүү операциясын жүргүзүү үчүн зарыл болгон өлчөмдөгү накталай акча каражатын алууга жана ККМге акча салуу операциясын жүргүзүү жолу менен ККМге аталган сумманы киргизүүгө тийиш.
25. Туура эмес контролдук-кассалык чек чыгарылган, бузулган чекке нөөмөт аяктаганга чейин кайтаруу чеги таризделбеген жана ККМдеги нөөмөттү жабуу операциясы жүргүзүлгөн учурда, кайтарылуучу чекти кийинки кассалык нөөмөттө ушул суммада ККМге акча салуу операциясын жүргүзүү жолу менен тариздөөгө жол берилет, мында нөөмөттүн аягында субъектке же субъекттин жооптуу кызмат адамына туура эмес чыгарылган чек менен субъекттин атына жазылган түшүнүк каты берилет. Мында субъект же субъекттин жооптуу кызмат адамы бул учур тууралуу бардык кассалык чектердин (туура эмес чек, кайтаруу чеги жана киргизүү чеги) көчүрмөлөрүн берүү менен ККМдин катталган жери боюнча салык органына жазуу жүзүндө маалымдоого милдеттүү.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-декабрындагы № 705 токтомунун редакциясына ылайык)
26. Сатуучунун, заказдарды кабыл алуучунун жумуш ордунда ККМ орнотулган учурда, аларга кассир-операционисттин милдеттери жүктөлөт.
27. Нөөмөт ичинде ККМ бузулуп калган, анын ичинде ыйгарым укуктуу салык органынын маалыматтык системасы менен байланыш жок экендиги айкындалган учурда, кассир-операционист себебин аныктоого жана бул тууралуу ТТБга билдирүүгө тийиш.
28. Кассир-операционист сатып алуучулар (кардарлар) менен эсептешүүлөрдү жүргүзүүдө квитанциялардын бланктарын колдонууга жана квитанциялардын бланктарын эсепке алуу китепчесине тиешелүү жазууларды киргизүүгө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында каралган учурларда жана мөөнөттөрдө мындай эсептешүүлөр боюнча контролдук-кассалык чектерди чыгарууну камсыз кылууга милдеттүү.
5. Кассир-операционисттин ишинин аякташы
29. Кассалык нөөмөт аяктаганда кассир-операционист:
1) сатып алуучулар (кардарлар) менен эсептешүүдө майдалоо үчүн иш башталаардын алдында алган толук суммага ККМге акча төлөө операциясын жүргүзүүгө;
2) ККМде нөөмөттү жабуу операциясын жүргүзүүгө жана түшкөн акчаны жана башка төлөм документтерин даярдоого;
3) кассалык отчетту түзүүгө жана субъектке же субъекттин жооптуу кызмат адамына кириш ордери боюнча кассалык отчет менен бирге түшкөн акчаны берүүгө тийиш.