Загрузка документа…
|
| |
|
| 6-тиркеме (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 8-апрелиндеги № 193 токтомуна) |
Контролдук-кассалык машиналарды техникалык тейлөө борборлоруна карата ТАЛАПТАР
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-декабрындагы № 705, 2024-жылдын 25-мартындагы № 129 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Талаптар Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 128-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык иштелип чыккан жана контролдук-кассалык машиналарды (мындан ары - ККМ) сатуучу жана/же тейлөөчү субъекттердин укуктарын жана милдеттерин аныктайт.
2. Ушул Талаптарда төмөнкүдөй терминдер жана аныктамалар пайдаланылат:
1) фискалдык маалыматтардын оператору (мындан ары - ФМО) - маалыматтарды топтоонун жана корголгон түрдө ыйгарым укуктуу салык органына же Кыргыз Республикасында маркалоочу жана маркаланган товарларга байкоо жүргүзүүчү улуттук системанын операторуна (мындан ары - маркалоо оператору) гана өткөрүп берүүнүн техникалык процессин камсыз кылуучу уюм;
2) ККМди техникалык тейлөө борборлорунун реестри - ушул Талаптарга ылайык келген, ыйгарым укуктуу салык органы жана/же ФМО менен келишим түзгөн уюмдардын тизмеси;
3) ККМди техникалык тейлөө борбору (мындан ары - ТТБ) - ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан бекитилген ККМге коюлган техникалык талаптарга ылайык келген, ККМди эксплуатациялоого, техникалык тейлөөгө жана оңдоого даярдоо боюнча субъектке кызмат көрсөтүүчү уюм же жеке ишкер.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-мартындагы № 129 токтомунун редакциясына ылайык)
Ушул Талаптарда пайдаланылуучу башка терминдер жана аныктамалар Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында жана Кыргыз Республикасынын электрондук башкаруу жөнүндө мыйзамдарында аныкталган мааниде пайдаланылат.
2. ТТБ реестрин жүргүзүү тартиби
3. ТТБ төмөнкүлөр менен өз ара аракеттенет:
1) субъект менен - салык төлөөчүнүн иштөө режиминде ККМди техникалык, кепилденген жана сервистик тейлөө келишиминин негизинде;
2) ыйгарым укуктуу салык органы жана ФМО менен - өз ара аракеттенүү жөнүндө келишимдин негизинде.
3-1. Ыйгарым укуктуу салык органынын ККМди пайдаланууга даярдоо, каттоо жана тейлөө боюнча субъекттерге кызматтарды көрсөтүүчү ТТБ ыйгарым укуктуу салык органы же ал тарабынан аныкталган анын аймактык жана/же ведомстволук органдары (мындан ары - ыйгарым укуктуу салык органынын ТТБсы) болуп саналат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-декабрындагы № 705 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Ыйгарым укуктуу салык органынын ТТБсын кошпогондо, ТТБнын реестрине киргизүү үчүн арыз берүүгө ниеттенген уюм ыйгарым укуктуу салык органына өтүнмө (кагаз жүзүндө) берет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-декабрындагы № 705 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Ыйгарым укуктуу салык органы өтүнмөнүн ушул Талаптарга ылайык келишин карайт.
6. Эгерде уюм ушул Талаптарга шайкеш келсе, ыйгарым укуктуу салык органы уюм менен келишим түзөт жана аны ТТБнын реестрине киргизет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-декабрындагы № 705 токтомунун редакциясына ылайык)
7. ТТБ тарабынан милдеттенмелер аткарылбаган учурда, ыйгарым укуктуу салык органынын чечими боюнча ал ТТБнын реестринен чыгарылат. Экинчи жолу өтүнмө уюм ТТБнын реестринен чыгарылган учурдан тартып бир жылдан эрте эмес убакытта берилиши мүмкүн.
3. ТТБга карата талаптар
8. ТТБда төмөнкүлөр болууга тийиш:
1) ККМди иштеп чыгуучу же анын расмий өкүлү менен алардын моделдерин жана аталыштарын, санын жана жеткирүү мөөнөтүн көрсөтүү менен ККМди жеткирүү, техникалык жана кепилденген колдоо келишими. Эгерде ТТБ ККМди иштеп чыгуучу болуп эсептелсе, анда интеллектуалдык менчикти коргоо жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын аймагында ККМ өндүргөн иштеп чыгуучунун ККМге автордук укугун ырастоочу документтери болушу керек;
2) ТТБ тарабынан бекитилген чекене баалардын жана тейлөө үчүн тарифтердин өлчөмүн көрсөтүү менен ККМдин тейленүүчү моделдеринин тизмеси;
3) ККМди иштеп чыгуучу же анын расмий өкүлү тарабынан берилген, ККМди орнотуу, эксплуатациялоо жана оңдоо боюнча кесиптик көндүмдөрүн ырастаган, колдонуудагы сертификаттары бар кызматкерлер;
4) Бишкек жана Ош шаарларында, Кыргыз Республикасынын райондорунда жана райондук маанидеги шаарларында ушул ТТБ тейлеген, субъекттер тарабынан ККМдин моделдери катталган жана колдонулган филиалдарынын жана өкүлчүлүктөрүнүн болуусу;
5) күнү-түнү техникалык колдоо көрсөтүү жана ККМди сервистик тейлөө үчүн материалдык-техникалык базасы;
6) электрондук дареги ТТБга таандык домендик аталышты камтыган жана ТТБнын жана анын филиалдарынын жана өкүлдөрүнүн аталышы, алардын жайгашкан жери, электрондук почтасынын дареги жана күнү-түнү режиминде жеткиликтүү болгон байланыш телефонунун номери жөнүндө так маалыматтар, ошондой эле ТТБ тейлеген ККМ моделдери жөнүндө маалыматтар жана аларды пайдалануу боюнча окутуучу материалдар, анын ичинде окутуучу видео материалдар жайгаштырылган Интернет тармагынын сайты.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-декабрындагы № 705 токтомунун редакциясына ылайык)
9. ТТБ төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) Кыргыз Республикасынын аймагында пайдаланууга уруксат берилген контролдук-кассалык машиналардын реестрине (мындан ары - ККМ реестри) киргизилген ККМдин үлгүлөрүн гана сатууну, техникалык, кепилденген жана сервистик тейлөөнү жүзөгө ашырууга;
2) ыйгарым укуктуу салык органы менен өз ара аракеттенүү жөнүндө макулдашуу түзүү жана ыйгарым укуктуу салык органынын автоматташтырылган маалымат системасы (мындан ары - АМС) менен ККМдин интеграциясын камсыз кылууга;
3) салык төлөөчүнүн иш режиминде техникалык бузулуулар пайда болгон учурда сервистик кызматтарды көрсөтүү үчүн керектүү сандагы кызматкерлердин болушу;
4) реалдуу убакыт режиминде фискалдык маалыматтарды берүү боюнча ККМдин ишине күнү-түнү мониторинг жүргүзүү жана мындай берүүнүн жоктугу аныкталган учурда ККМдин бузулган жерин 72 (жетимиш эки) сааттын ичинде оңдоого;
5) субъекттер жана салык кызматынын органдары кайрылган учурда бузулган ККМди 72 (жетимиш эки) сааттан ашпаган мөөнөттө оңдоого;
6) бузулган ККМди оңдоо боюнча субъекттердин кайрылууларын эсепке алуу журналын жүргүзүү, анда кайрылуунун келип түшкөн күнүн жана убактысын көрсөтүү менен оозеки жана жазуу жүзүндөгү/электрондук кайрылуулар жазылат;
7) белгиленген мөөнөт ичинде бузулган аппараттык ККМди оңдоо мүмкүн болбогон учурда, АМСте каттоого жана оңдоо мезгилине бузулган ККМдин ордуна окшош техникалык мүнөздөмөлөрү менен башка бирдей, оң абалдагы аппараттык ККМди субъектке акысыз берүүгө. Программалык ККМ кызматтарын көрсөтүүчү ТТБлар резервдик байланыш каналдарына жана электрдик кубаттандыруу булактарына ээ болууга милдеттүү, ошондой эле программалык ККМдин үзгүлтүксүз иштөөсүн камсыз кылууга милдеттүү;
8) өз милдеттенмелерин аткаруу мүмкүн болбогон учурда, өз милдеттенмелерин аткаруу мүмкүн болбогон учурга чейин 90 (токсон) календардык күн мурда субъекттерге, ыйгарым укуктуу салык органына жазуу жүзүндө билдирүүгө;
9) Кыргыз Республикасынын Салык кодексине жана "Жеке маалыматтар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык субъекттерден алынган маалыматтарды жана башка маалыматтарды коргоону камсыз кылууга;
10) ККМге, анын ичинде фискалдык маалыматтарга санкцияланбаган кирүүдөн коопсуздукту камсыз кылууга;
11) субъекттерге АМСте катталган жана субъекттер тарабынан колдонулуучу, тейленип жаткан ККМдерди ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан бекитилген ККМге карата техникалык талаптар өзгөргөн учурда толуктап иштеп чыгууну камсыз кылууга;
12) субъекттерди ККМди пайдалануу боюнча акысыз негизде окутууну туруктуу негизде камсыз кылууга;
13) ККМди техникалык, гарантиялык жана сервистик тейлөөгө субъекттер менен келишимдердин эсебин жүргүзүүгө, аталган келишим бузулган күндөн тартып бир жумуш күндүн ичинде ыйгарым укуктуу салык органына аны бузуу жөнүндө кабарлоого;
14) субъекттерге программалык ККМ менен иштөө мүмкүндүгүнө ээ түзүлүштөрдү, анын ичинде чектердин принтерлерин тандоодо жана сатып алууда көмөк көрсөтүүгө.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-декабрындагы № 705 токтомунун редакциясына ылайык)
10. ТТБ төмөнкү учурларда Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза, жарандык мыйзамдарына же Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат:
1) ККМдеги фискалдык маалыматтарды жана башка маалыматтарды санкцияланбаган өзгөртүүсү үчүн, ошондой эле ККМдин программалык камсыздоосун ККМдин реестрине киргизгенден кийин санкцияланбаган өзгөртүүсү үчүн;
2) ушул Талаптардын 9-пунктунда көрсөтүлгөн милдеттенмелерди жана ыйгарым укуктуу салык органы жана/же ФМО менен өз ара аракеттенүү жөнүндө келишимди аткарбагандыгы үчүн;
3) мамлекетке же субъектке зыян келтирген аракети/аракетсиздиги үчүн.
11. ТТБнын жоопкерчилиги АМС тарабынан берилген отчеттордун, салык органдарынын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен ТТБнын ишин контролдоого ыйгарым укук берилген башка мамлекеттик органдардын контролдоо иш-чараларынын жыйынтыгы боюнча аныкталат.
12. ТТБ төмөнкүлөргө укуктуу:
1) ыйгарым укуктуу салык органынын жана ФМОнун кызмат адамынан макулдашуунун талаптагыдай аткарылышын талап кылууга;
2) ыйгарым укуктуу салык органынын жана ФМОнун кызмат адамдарынан өз ара аракеттенүү процессинде жеткиликтүү болгон салыктык, коммерциялык жана башка сырларды сактоосун талап кылууга;
3) салык кызматынын органынын, ФМОнун жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында ТТБнын жана субъекттердин ишин контролдоого ыйгарым укук берилген башка мамлекеттик органдардын кызмат адамынын чечимине, аракетине же аракетсиздигине даттанууга;
4) ККМди каттоо, кайра каттоо, эсептен чыгаруу жана ишине мониторинг жүргүзүү үчүн смарт-картада фискалдык модулду же булуттук фискалдык модулга тиешелүү кирүү мүмкүндүгүн алууга;
5) ыйгарым укуктуу салык органы менен өз ара аракеттенүү жөнүндө макулдашуу түзүлгөндөн кийин өз кызматкерлерин АМС менен иштөө боюнча тиешелүү окутууга;
6) субъект тарабынан келишимде көрсөтүлгөн шарттар аткарылбаган учурда ККМди тейлөө келишимин бузууга.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-декабрындагы № 705 токтомунун редакциясына ылайык)