Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 8-апрели № 200
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-февралындагы № 113 "Жарандык жоопкерчиликти милдеттүү камсыздандыруунун камсыздандыруу тарифтерин жана камсыздандыруу суммаларынын өлчөмүн (жоопкерчилик лимиттерин) бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Ташуучулардын жүргүнчүлөрдүн алдындагы жана кооптуу жүктөрдү ташуучулардын жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу тарифтерин оптималдаштыруу максатында, "Ташуучунун жүргүнчүлөрдүн алдындагы жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15-беренесине, "Кооптуу жүктөрдү ташуучунун жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 14-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-февралындагы № 113 "Жарандык жоопкерчиликти милдеттүү камсыздандыруунун камсыздандыруу тарифтерин жана камсыздандыруу суммаларынын өлчөмүн (жоопкерчилик лимиттерин) бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-пункту төмөнкүдөй мазмундагы алтынчы абзац менен толукталсын:
"- жарандык жоопкерчиликти милдеттүү камсыздандыруу боюнча тарифтердин түзүмү.";
2) 2-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
3) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кооптуу жүктөрдү ташуучунун жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруунун камсыздандыруу суммаларынын минималдуу өлчөмдөрү жана камсыздандыруу акысынын тарифтери ушул токтомдун 1-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;
4) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Ташуучунун жүргүнчүлөрдүн алдындагы жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруунун камсыздандыруу акысынын тарифтери жана жоопкерчилик лимиттери ушул токтомдун 2-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;
5) ушул токтомдун 3-тиркемесине ылайык редакциядагы тиркеме менен толукталсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |
|
|
|
|
| 1-тиркеме |
|
|
|
|
| "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-февралындагы № 113 токтому менен бекитилген |
Кооптуу жүктөрдү ташуучунун жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруунун камсыздандыруу суммаларынын минималдуу өлчөмдөрү жана камсыздандыруу акысынын ТАРИФТЕРИ
Жүк ташуучу транспорт каражатынын бир бирдиги үчүн жылдык камсыздандыруу акысы камсыздандыруу суммасынын минималдуу өлчөмүнө базалык камсыздандыруу тарифинин көбөйтүндүсүнө барабар.
Ар бир жүк ташуучу транспорт каражатына камсыздандыруу келишими өзүнчө түзүлөт.
Бардык категориялардагы транспорт каражаттары үчүн камсыздандыруунун базалык тарифи 0,2 пайызга барабар.
Камсыздандыруу келишими боюнча камсыздандыруу суммасы кооптуу жүктүн классына жана жүк ташуучу транспорт каражатынын жүк көтөрүмдүүлүгүнө көз каранды жана төмөнкү таблицага ылайык белгиленген минималдуу камсыздандыруу суммасынан аз болушу мүмкүн эмес:
№ | Тобокелдик классы | Камсыздандыруу суммасынын минималдуу өлчөмү, сом менен | ||||||
Жүк ташуучу транспорт каражаты | ||||||||
5 тоннага чейин | 7,5 тоннага чейин | 10 тоннага чейин | 12,5 тоннага чейин | 15 тоннага чейин | 20 тоннага чейин | 20 тоннадан жогору | ||
1 | 1-класс - жарылгыч заттар | 1500000 | 2750000 | 4000000 | 5250000 | 6500000 | 8500000 | 10000000 |
2 | 2-класс - кысылган, суюлтулган жана басым менен эритилген газдар | 500000 | 875000 | 1625000 | 1625000 | 2000000 | 2500000 | 3000000 |
3 | 3-класс - тез күйүүчү суюктуктар | 500000 | 875000 | 1250000 | 1625000 | 2000000 | 2500000 | 3000000 |
4 | 4-класс - тез күйүүчү заттар жана материалдар | 1500000 | 2750000 | 4000000 | 5250000 | 6500000 | 8500000 | 10000000 |
5 | 5-класс - кычкылдануучу заттар жана органикалык перекись | 1500000 | 2500000 | 3500000 | 4500000 | 5500000 | 6500000 | 8000000 |
6 | 6-класс - уулуу (ууландыруучу) заттар | 1500000 | 2750000 | 4000000 | 5250000 | 6500000 | 8500000 | 10000000 |
7 | 7-класс - радиоактивдүү жана инфекциялык заттар | 2000000 | 3500000 | 5000000 | 6500000 | 8000000 | 10000000 | 12000000 |
8 | 8-класс - жегич жана коррозиялык заттар | 1500000 | 2500000 | 3500000 | 4500000 | 5500000 | 6500000 | 8000000 |
9 | 9-класс - башка кооптуу заттар | 1500000 | 2500000 | 3500000 | 4500000 | 5500000 | 6500000 | 8000000 |
Үчүнчү жактын өмүрүнө жана ден соолугуна зыян келтирүү тобокелдиги боюнча жоопкерчилик лимити бир адамга 300000 (үч жүз миң) сомду түзөт.
Темир жол транспорту үчүн
Темир жол транспорту менен кооптуу жүктөрдү ташуучунун жарандык жоопкерчилигин камсыздандырууда темир жол транспорту болуп эксплуатацияда турган жүк ташууларды ишке ашырган локомотив (магистралдык тепловоз) саналат.
Тобокелдиктин бардык класстары үчүн камсыздандыруу суммасынын бирдиктүү минималдуу өлчөмү 6000000 (алты миллион) сом өлчөмүндө белгиленет.
Кооптуу жүктөрдү ташуучунун жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу боюнча кыска мөөнөттүү таблица
Он эки айдан аз мөөнөткө камсыздандыруу келишимин түзүүдө камсыздандыруу акысынын төмөнкүдөй өлчөмдөрү белгиленет:
№ | Камсыздандыруу мөөнөтү | Камсыздандыруу акысынын өлчөмү (жылдык камсыздандыруу акысынан пайыз менен) |
1 | Толук 15 күн | 10 |
2 | Толук 1 ай | 20 |
3 | Толук 2 ай | 30 |
4 | Толук 3 ай | 40 |
5 | Толук 4 ай | 50 |
6 | Толук 5 ай | 60 |
7 | Толук 6 ай | 70 |
8 | Толук 7 ай | 75 |
9 | Толук 8 ай | 80 |
10 | Толук 9 ай | 85 |
11 | Толук 10 ай | 90 |
12 | Толук 11 ай | 95 |
13 | Толук 12 ай | 100 |
|
| 2-тиркеме |
|
|
|
|
| "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-февралындагы № 113 токтому менен бекитилген |
Ташуучунун жүргүнчүлөрдүн алдындагы жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруунун камсыздандыруу акысынын тарифтери жана жоопкерчилик ЛИМИТТЕРИ
1. Автомобиль транспорту үчүн
Жылдык камсыздандыруу акысы базалык тарифтин транспорт каражатынын тибине жараша коэффициентке, ташуунун тибине жараша коэффициентке, транспорт каражатындагы орундардын санына жана бир жүргүнчү үчүн жоопкерчиликтин лимитине көбөйтүндүсүнө барабар.
Базалык камсыздандыруу тарифи 0,045 пайызга барабар.Begin_nocompare
Транспорт каражатынын тиби боюнча | Коэффициенттер |
Жеңил автомобилдер, автобустар, чакан автобустар | 1,2 |
Троллейбустар | 0,5 |
Ташуунун тиби боюнча | Коэффициенттер |
Шаар ичиндеги | 0,8 |
Шаар аралык жана эл аралык | 1,2 |
Жүргүнчүлөрдүн өмүрүнө жана ден соолугуна зыян келтирүү тобокелдиги боюнча жоопкерчиликтин лимити бир жүргүнчү үчүн 300000 сомго барабар.
Жүргүнчүнүн мүлкүнө зыян келтирүү тобокелдиги боюнча жоопкерчиликтин лимити 10000 сомго барабар.
Келишим боюнча жоопкерчиликтин жалпы лимити бир жүргүнчүгө жоопкерчилик лимитинин (310000 сом) автомобилдик транспорт каражатындагы жүргүнчүлүк орундардын санынын көбөйтүндүсүнө барабар.
2. Авиациялык транспорт үчүн
Бир рейстин камсыздандыруу акысы базалык камсыздандыруу тарифинин аба транспорт каражатындагы жүргүнчүлүк креслолордун иш жүзүндөгү толушуна жана бир жүргүнчү үчүн жоопкерчиликтин лимитинин көбөйтүндүсүнө барабар.
Базалык камсыздандыруу тарифи 0,007 пайызга барабар. Камсыздандыруу келишими ар бир рейсти чагылдыруу менен ар бир жылга ташуучу менен түзүлөт.
Жүргүнчүлөрдүн өмүрүнө жана ден соолугуна зыян келтирүү тобокелдиги боюнча жоопкерчиликтин лимити бир жүргүнчү үчүн 300000 сомго барабар.
Бир жүргүнчүнүн мүлкүнө зыян келтирүү тобокелдиги боюнча жоопкерчиликтин лимити 10000 сомду түзөт.
Милдеттүү камсыздандыруу келишими боюнча жоопкерчиликтин жалпы лимити бир жүргүнчүгө жоопкерчиликтин лимитинин (310000 сом) аба транспорт каражатындагы жүргүнчүлүк орундардын санына көбөйтүндүсүнө барабар.
3. Темир жол транспорту үчүн
Республиканын ичинде жүргүнчүлөрдү ташуунун жылдык камсыздандыруу акысы базалык тарифтин республика ичиндеги каттамдарга жүргүнчүлөр поездине билеттерди сатуудан ташуучу алган жылдык кирешенин көбөйтүндүсүнө барабар.
Базалык камсыздандыруу тарифи 0,2 пайызга барабар.
Камсыздандыруу келишими жыл ичинде иш жүзүндө ташылган жүргүнчүлөргө түзүлөт.
Жүргүнчүлөрдүн өмүрүнө жана ден соолугуна зыян келтирүү тобокелдиги боюнча жоопкерчиликтин лимити бир жүргүнчү үчүн 300000 сомду түзөт.
Бир жүргүнчүнүн мүлкүнө зыян келтирүү тобокелдиги боюнча жоопкерчиликтин лимити 10000 сомду түзөт.
Бир жүргүнчүгө жоопкерчиликтин жалпы лимити 310000 сомду түзөт.
4. Суу транспорту үчүн
Камсыздандыруу акысы билеттин наркынын 1 пайызынын камсыздандыруу жылынын ичинде иш жүзүндө ташылган жүргүнчүлөрдүн санына болгон көбөйтүндүсүнө барабар.
Камсыздандыруу келишими иш жүзүндө ташылган ар бир жүргүнчүгө бир жылдык мөөнөткө түзүлөт.
Жүргүнчүлөрдүн өмүрүнө жана ден соолугуна зыян келтирүү тобокелдиги боюнча жоопкерчиликтин лимити бир жүргүнчү үчүн 300000 сомду түзөт,
Бир жүргүнчүнүн мүлкүнө зыян келтирүү тобокелдиги боюнча лимит 10000 сомго барабар.
Жоопкерчиликтин жалпы лимити бир жүргүнчүгө 310000 сомду түзөт.
Ташуучунун жүргүнчүлөрдүн алдындагы жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу боюнча кыска мөөнөттүү таблица
Он эки айдан аз мөөнөткө камсыздандыруу келишимин түзүүдө камсыздандыруу акысынын төмөнкүдөй өлчөмдөрү белгиленет:
№ | Камсыздандыруунун мөөнөтү | Камсыздандыруу акысынын өлчөмү (жылдык камсыздандыруу акысынан пайыз менен) |
1 | Толук 15 күн | 10 |
2 | Толук 1 ай | 20 |
3 | Толук 2 ай | 30 |
4 | Толук 3 ай | 40 |
5 | Толук 4 ай | 50 |
6 | Толук 5 ай | 60 |
7 | Толук 6 ай | 70 |
8 | Толук 7 ай | 75 |
9 | Толук 8 ай | 80 |
10 | Толук 9 ай | 85 |
11 | Толук 10 ай | 90 |
12 | Толук 11 ай | 95 |
13 | Толук 12 ай | 100 |
".
|
| 3-тиркеме |
|
|
|
|
| "Тиркеме |
Жарандык жоопкерчиликти милдеттүү камсыздандыруу боюнча тарифтердин ТҮЗҮМҮ
№ | Камсыздандыруу тарифинин бөлүгү | % |
1 | Камсыздандыруу акысынын брутто-ставкасы | 100 |
2 | Нетто-ставка (милдеттүү камсыздандыруу келишимдери боюнча учурдагы камсыздандыруу төлөмдөрүн камсыз кылуу үчүн арналган брутто-ставканын бөлүгү) | 70 |
3 | Милдеттүү камсыздандырууну жүзөгө ашырууга чыгымдар | 25 |
4 | Камсыздандыруу окуяларынын келип чыгышын болтурбоо боюнча алдын алуучу чаралар резервине чегерүүлөр | 5 |