Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2010-жылдын 26-февралы № 113
Жарандык жоопкерчиликти милдеттүү камсыздандыруунун камсыздандыруу тарифтерин жана камсыздандыруу суммаларынын өлчөмүн (жоопкерчилик лимиттерин) бекитүү жөнүндө
(КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 30-марты № 171, 2016-жылдын 18-январы № 16, Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 8 апрелиндеги № 200 токтомдорунун редакциясына ылайык)
«Кооптуу жүктөрдү ташуучунун жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө», «Ташуучунун жүргүнчүлөрдүн алдындагы жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө», «Кооптуу өндүрүш объекттерин пайдалануучу уюмдардын жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө», «Эмгектик (кызматтык) милдеттерин аткарууда кызматкердин өмүрүнө жана ден соолугуна зыян келгендиги үчүн жумуш берүүчүнүн жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин:
- Эмгектик (кызматтык) милдеттерин аткарууда кызматкердин өмүрүнө жана ден соолугуна зыян келгендиги үчүн жумуш берүүчүнүн жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу тарифтеринин экономикалык иштин түрлөрү боюнча жиктелген, кесиптик тобокелдин классына жана персоналдын категорияларына жараша чектери;
- Кооптуу жүктөрдү ташуучунун жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруунун камсыздандыруу суммаларынын минимум өлчөмдөрү жана камсыздандыруу акысынын тарифтери;
- Кооптуу өндүрүш объекттерин пайдалануучу уюмдардын жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруунун камсыздандыруу суммасынын өлчөмү (жоопкерчилик лимиттери) жана камсыздандыруу тарифтери;
- Ташуучунун жүргүнчүлөрдүн алдындагы жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруунун камсыздандыруу акысынын тарифтери жана жоопкерчилик лимиттери.
- жарандык жоопкерчиликти милдетүү камсыздандыруу боюнча тарифтердин түзүмү.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 8-апрелиндеги № 200 токтомунун редакциясына ылайык)
2. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 8-апрелиндеги № 200 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 5-июнундагы № 354 «Жарандык жоопкерчиликти милдеттүү камсыздандыруунун камсыздандыруу тарифтеринин жана камсыздандыруу суммаларынын өлчөмүн (жоопкерчилик лимиттерин) бекитүү жөнүндө» токтому күчүн жоготту деп табылсын.
4. Бул токтом 2010-жылдын 1-июлунан тартып күчүнө кирет.
5. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун тескөө жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
Д.Үсөнов |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-февралындагы № 113 токтому менен бекитилген |
Эмгектик (кызматтык) милдеттерин аткарууда кызматкердин өмүрүнө жана ден соолугуна зыян келгендиги үчүн жумуш берүүчүнүн жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу тарифтеринин экономикалык иштин түрлөрү боюнча жиктелген, кесиптик тобокелдин классына жана персоналдын категорияларына жараша чектери
Келишим боюнча жылдык камсыздандыруу акысы ишкананын кызматкерлеринин бардык категорияларынын жылдык камсыздандыруу акыларынын суммасына барабар.
Кызматкерлердин категориялары (өндүрүштүк, администрациялык-башкаруучулук жана көмөкчү) боюнча жылдык камсыздандыруу сыйлыгы, кесиптик тобокелдин тиешелүү классы боюнча камсыздандыруу тарифинин кызматкердин тийиштүү категориясы боюнча эмгек акысынын жылдык фондусуна, жылдык эмгек акы төлөө фонддорунун тандап алынган санына жана камсыздандыруу тарифине карата түзөтүү киргизүүчү коэффициенттин көбөйтүндүсүнө барабар.
Өндүрүштүк персонал үчүн камсыздандыруу тарифтеринин кесиптик тобокелдин класстары боюнча минимум өлчөмдөрү:
Кесиптик тобокелдиктин класстары | Минимум камсыздандыруу тарифтери, % менен |
Кен казуу өнөр жайы | 0,47 |
Мейманканалар менен ресторандар | 0,12 |
Саламаттык сактоо жана социалдык кызмат көрсөтүү | 0,07 |
Иштеп чыгаруучу өнөр жай | 0,19 |
Билим берүү | 0,02 |
Кыймылсыз мүлк боюнча операциялар, ижара жана керектөөчүлөргө кызмат көрсөтүү | 0,07 |
Коммуналдык, социалдык жана жеке кызмат көрсөтүү | 0,08 |
Электр энергиясын, газды, сууну өндүрүү | 0,15 |
Балык кармоо, балык өстүрүү | 0,21 |
Айыл чарбасы, мергенчилик жана токой чарбасы | 0,21 |
Курулуш | 0,14 |
Соода, автомобилдерди, тиричилик буюмдарын жана жеке пайдалануудагы буюмдарды оңдоо | 0,11 |
Транспорт жана байланыш | 0,08 |
Финансылык иш | 0,06 |
Кесиптик тобокелдин бардык класстары үчүн
| Минимум камсыздандыруу тарифтери, % менен |
Администрациялык-башкаруучу персонал | 0,03 |
Көмөкчү персонал | 0,12 |
Камсыздандыруу тарифтери минималдуу, камсыздандыруучу уюмдар, жумуш берүүчү менен макулдашуу боюнча ишкана үчүн кыйла жогорку тарифтерди белгилей алат. Минимум камсыздандыруу тарифтери эмгек коопсуздугунун системасы жогорку деңгээлдеги ишканалар үчүн колдонулат. Атаандаштык чөйрө бар болгондуктан тарифтердин эң чоң чеги белгиленбейт.
Сыйлыкты эсептеп чыгуу үчүн база катары персоналдын ар бир категориясы боюнча жылдык эмгек акы фонду пайдаланылат.
Камсыздандыруу суммасы жумуш берүүчүнүн жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу келишими менен аныкталат жана ал персоналдын категориялары боюнча (өндүрүштүк, администрациялык-башкаруучу жана көмөкчү) бардык кызматкерлерге эмгек акы төлөөнүн жылдык фондунан кем болбоого тийиш.
Ар бир кызматкерге жоопкерчиликтин лимити белгиленет, ал бир камсыздандыруу окуясы боюнча камсыздандыруучу тарабынан төлөнчү камсыздандыруу төлөмүнүн максималдуу өлчөмү болуп эсептелет. Бул лимит ал кызматкердин жылдык эмгек акысынын өлчөмүнөн аз болбоого тийиш.
Бир кызматкерге болгон жоопкерчиликтин лимити ал кызматкердин жылдык эмгек акысынын өлчөмүнүн камсыздандыруу келишими боюнча камсыздандыруу суммасын белгилөө үчүн пайдаланылчу жылдык эмгек акы төлөө фондунун санына көбөйтүндүсү катары аныкталат.
Камсыздандыруу төлөмдөрүн төлөөнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 51-главасына ылайык камсыздандыруу келишимине жараша камсыздандыруу суммасынын жана жоопкерчилик лимиттеринин чегинде аныкталат.
Камсыздандыруу келишимин эмгек акы төлөөнүн жылдык фондунан жогорку камсыздандыруу суммасы менен түзгөндө камсыздандыруу тарифине карата төмөнкүдөй түзөтүү коэффициенттери колдонулат:
Камсыздандыруу келишими боюнча камсыздандыруу суммасын белгилөө үчүн колдонулчу эмгек акы төлөө фонддорунун саны | Камсыздандыруу тарифине карата түзөтүү коэффициенти |
1 | 1,00 |
2 | 1,84 |
3 | 2,63 |
4 | 3,39 |
5 | 4,13 |
6 | 4,85 |
7 | 5,55 |
8 | 6,25 |
9 | 6,93 |
10 | 7,60 |
11 | 8,27 |
12 | 8,93 |
13 | 9,58 |
14 | 10,23 |
15 | 10,87 |
16 | 11,50 |
17 | 12,13 |
18 | 12,76 |
19 | 13,38 |
20 | 14,00 |
Он эки айдан аз мөөнөткө камсыздандыруу келишимин түзгөн учурда төмөнкүдөй камсыздандыруу сыйлыктарынын өлчөмдөрү коюлат:
№ | Камсыздандыруу мөөнөтү | Камсыздандыруу сыйлыгынын өлчөмү (жылдык камсыздандыруу сыйлыгына карата процент менен) |
1 | 1 айга чейинкини кошо алганда | 20 |
2 | 1ден 2 айга чейин кошо алганда | 30 |
3 | 2ден 3 айга чейин кошо алганда | 40 |
4 | 3төн 4 айга чейин кошо алганда | 50 |
5 | 4төн 5 айга чейин кошо алганда | 60 |
6 | 5тен 6 айга чейин кошо алганда | 70 |
7 | 6дан 7 айга чейин кошо алганда | 75 |
8 | 7ден 8 айга чейин кошо алганда | 80 |
9 | 8ден 9 айга чейин кошо алганда | 85 |
10 | 9дан 10 айга чейин кошо алганда | 90 |
11 | 10дон 11 айга чейин кошо алганда | 95 |
12 | 11 айдан жогору | 100 |
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-февралындагы № 113 токтому менен бекитилген |
Кооптуу жүктөрдү ташуучунун жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруунун камсыздандыруу суммаларынын минималдуу өлчөмдөрү жана камсыздандыруу акысынын ТАРИФТЕРИ
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 8-апрелиндеги № 200 токтомунун редакциясына ылайык)
Жүк ташуучу транспорт каражатынын бир бирдиги үчүн жылдык камсыздандыруу акысы камсыздандыруу суммасынын минималдуу өлчөмүнө базалык камсыздандыруу тарифинин көбөйтүндүсүнө барабар.
Ар бир жүк ташуучу транспорт каражатына камсыздандыруу келишими өзүнчө түзүлөт.
Бардык категориялардагы транспорт каражаттары үчүн камсыздандыруунун базалык тарифи 0,2 пайызга барабар.
Камсыздандыруу келишими боюнча камсыздандыруу суммасы кооптуу жүктүн классына жана жүк ташуучу транспорт каражатынын жүк көтөрүмдүүлүгүнө көз каранды жана төмөнкү таблицага ылайык белгиленген минималдуу камсыздандыруу суммасынан аз болушу мүмкүн эмес:
№ | Тобокелдик классы | Камсыздандыруу суммасынын минималдуу өлчөмү, сом менен | ||||||
Жүк ташуучу транспорт каражаты | ||||||||
5 тоннага чейин | 7,5 тоннага чейин | 10 тоннага чейин | 12,5 тоннага чейин | 15 тоннага чейин | 20 тоннага чейин | 20 тоннадан жогору | ||
1 | 1-класс - жарылгыч заттар | 1500000 | 2750000 | 4000000 | 5250000 | 6500000 | 8500000 | 10000000 |
2 | 2-класс - кысылган, суюлтулган жана басым менен эритилген газдар | 500000 | 875000 | 1625000 | 1625000 | 2000000 | 2500000 | 3000000 |
3 | 3-класс - тез күйүүчү суюктуктар | 500000 | 875000 | 1250000 | 1625000 | 2000000 | 2500000 | 3000000 |
4 | 4-класс - тез күйүүчү заттар жана материалдар | 1500000 | 2750000 | 4000000 | 5250000 | 6500000 | 8500000 | 10000000 |
5 | 5-класс - кычкылдануучу заттар жана органикалык перекись | 1500000 | 2500000 | 3500000 | 4500000 | 5500000 | 6500000 | 8000000 |
6 | 6-класс - уулуу (ууландыруучу) заттар | 1500000 | 2750000 | 4000000 | 5250000 | 6500000 | 8500000 | 10000000 |
7 | 7-класс - радиоактивдүү жана инфекциялык заттар | 2000000 | 3500000 | 5000000 | 6500000 | 8000000 | 10000000 | 12000000 |
8 | 8-класс - жегич жана коррозиялык заттар | 1500000 | 2500000 | 3500000 | 4500000 | 5500000 | 6500000 | 8000000 |
9 | 9-класс - башка кооптуу заттар | 1500000 | 2500000 | 3500000 | 4500000 | 5500000 | 6500000 | 8000000 |
Үчүнчү жактын өмүрүнө жана ден соолугуна зыян келтирүү тобокелдиги боюнча жоопкерчилик лимити бир адамга 300000 (үч жүз миң) сомду түзөт.
Темир жол транспорту үчүн
Темир жол транспорту менен кооптуу жүктөрдү ташуучунун жарандык жоопкерчилигин камсыздандырууда темир жол транспорту болуп эксплуатацияда турган жүк ташууларды ишке ашырган локомотив (магистралдык тепловоз) саналат.
Тобокелдиктин бардык класстары үчүн камсыздандыруу суммасынын бирдиктүү минималдуу өлчөмү 6000000 (алты миллион) сом өлчөмүндө белгиленет.
Кооптуу жүктөрдү ташуучунун жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу боюнча кыска мөөнөттүү таблица
Он эки айдан аз мөөнөткө камсыздандыруу келишимин түзүүдө камсыздандыруу акысынын төмөнкүдөй өлчөмдөрү белгиленет:
№ | Камсыздандыруу мөөнөтү | Камсыздандыруу акысынын өлчөмү (жылдык камсыздандыруу акысынан пайыз менен) |
1 | Толук 15 күн | 10 |
2 | Толук 1 ай | 20 |
3 | Толук 2 ай | 30 |
4 | Толук 3 ай | 40 |
5 | Толук 4 ай | 50 |
6 | Толук 5 ай | 60 |
7 | Толук 6 ай | 70 |
8 | Толук 7 ай | 75 |
9 | Толук 8 ай | 80 |
10 | Толук 9 ай | 85 |
11 | Толук 10 ай | 90 |
12 | Толук 11 ай | 95 |
13 | Толук 12 ай | 100 |
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-февралындагы № 113 токтому менен бекитилген |
Кооптуу өндүрүш объекттерин пайдалануучу уюмдардын жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруунун камсыздандыруу суммасынын өлчөмү (жоопкерчилик лимиттери) жана камсыздандыруу ТАРИФТЕРИ
Кооптуу өндүрүштүк бир объект үчүн жылдык камсыздандыруу акысы базалык камсыздандыруу тарифинин объекттин аймактык жайгашуусуна жараша коэффициентке жана кооптуу өндүрүштүк бир объект боюнча жоопкерчилик лимитине көбөйтүндүсүнө барабар.
Базалык камсыздандыруу тарифи 0,144 процентке барабар.
Кооптуу өндүрүш объектиси калктуу конуштарга, мамлекет тарабынан корголуучу жаратылыш зоналарына, дарыяларга, көлдөргө, айыл чарба жерлерине жакын жайгашкан учурда базалык тарифке карата 1,5 жогорулатуучу коэффициент колдонулат, буга туруктуу орнотулган жана көчмө жүк көтөрүүчү механизмдер, эскалаторлор, аркан жолдор, фуникулерлор пайдаланылган объекттер кирбейт.
Камсыздандыруу келишими ар бир кооптуу өндүрүш объектиси боюнча өзүнчө түзүлөт.
Камсыздандыруу келишими боюнча камсыздандыруу суммасынын өлчөмү (жоопкерчилик лимити) кооптуу өндүрүш объектисинин тибине жараша болот жана төмөнкү таблицага ылайык белгиленген минимум камсыздандыруу суммасынан аз болбоого тийиш:
Кооптуу өндүрүш объекттеринин түрү, аларда төмөнкүлөр ишке ашырылат: | Жоопкерчиликтин минимум жалпы лимити, сом менен |
1) кен иштери, пайдалуу кендерди байытуу боюнча жумуштар, ошондой эле жер алдындагы шарттарда жумуштар жүргүзүлөт | 10000000 |
2) кара, түстүү металлдардын, кен тектеринин эритиндилери жана бул эритиндилердин негизинде уютмалар алынат | 10000000 |
3) 0,07 МПа ашуун басымда же суу Цельсий боюнча 115 градус жана андан ашуун температурада ысышы менен иштеген жабдуулар пайдаланылат | 7000000 |
4) туруктуу орнотулган жана көчмө жүк көтөрүүчү механизмдер, эскалаторлор, аркан жолдор, фуникулерлер пайдаланылат | 1000000 |
5) от алуучу, күйүүчү, кычкылдануучу, жарылгыч, уулуу жана радиоактивдүү заттар алынат, түзүлөт, кайра иштетилет, пайдаланылат, сакталат, ташылат, жок кылынат, сатылат (ушул аталган зыяндуу жана опурталдуу заттарды опурталдуу өндүрүштүк объекттерге киргизүүнүн тартибин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилейт) | 15000000 |
6) адамдын өмүрүнө жана курчап турган чөйрөгө коркунуч келтирген заттары бар кен-металлургиялык өндүрүштүн калдыктарын көмүү жүргүзүлөт | 10000000 |
Үчүнчү жактын өмүрүнө жана ден соолугуна зыян келтирүү тобокели боюнча жоопкерчиликтин чеги бир кишиге 300000 сомду түзөт.
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-февралындагы № 113 токтому менен бекитилген |
Ташуучунун жүргүнчүлөрдүн алдындагы жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруунун камсыздандыруу акысынын тарифтери жана жоопкерчилик ЛИМИТТЕРИ
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 8-апрелиндеги № 200 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Автомобиль транспорту үчүн
Жылдык камсыздандыруу акысы базалык тарифтин транспорт каражатынын тибине жараша коэффициентке, ташуунун тибине жараша коэффициентке, транспорт каражатындагы орундардын санына жана бир жүргүнчү үчүн жоопкерчиликтин лимитине көбөйтүндүсүнө барабар.
Базалык камсыздандыруу тарифи 0,045 пайызга барабар.
Транспорт каражатынын тиби боюнча | Коэффициенттер |
Жеңил автомобилдер, автобустар, чакан автобустар | 1,2 |
Троллейбустар | 0,5 |
Ташуунун тиби боюнча | Коэффициенттер |
Шаар ичиндеги | 0,8 |
Шаар аралык жана эл аралык | 1,2 |
Жүргүнчүлөрдүн өмүрүнө жана ден соолугуна зыян келтирүү тобокелдиги боюнча жоопкерчиликтин лимити бир жүргүнчү үчүн 300000 сомго барабар.
Жүргүнчүнүн мүлкүнө зыян келтирүү тобокелдиги боюнча жоопкерчиликтин лимити 10000 сомго барабар.
Келишим боюнча жоопкерчиликтин жалпы лимити бир жүргүнчүгө жоопкерчилик лимитинин (310000 сом) автомобилдик транспорт каражатындагы жүргүнчүлүк орундардын санынын көбөйтүндүсүнө барабар.
2. Авиациялык транспорт үчүн
Бир рейстин камсыздандыруу акысы базалык камсыздандыруу тарифинин аба транспорт каражатындагы жүргүнчүлүк креслолордун иш жүзүндөгү толушуна жана бир жүргүнчү үчүн жоопкерчиликтин лимитинин көбөйтүндүсүнө барабар.
Базалык камсыздандыруу тарифи 0,007 пайызга барабар. Камсыздандыруу келишими ар бир рейсти чагылдыруу менен ар бир жылга ташуучу менен түзүлөт.
Жүргүнчүлөрдүн өмүрүнө жана ден соолугуна зыян келтирүү тобокелдиги боюнча жоопкерчиликтин лимити бир жүргүнчү үчүн 300000 сомго барабар.
Бир жүргүнчүнүн мүлкүнө зыян келтирүү тобокелдиги боюнча жоопкерчиликтин лимити 10000 сомду түзөт.
Милдеттүү камсыздандыруу келишими боюнча жоопкерчиликтин жалпы лимити бир жүргүнчүгө жоопкерчиликтин лимитинин (310000 сом) аба транспорт каражатындагы жүргүнчүлүк орундардын санына көбөйтүндүсүнө барабар.
3. Темир жол транспорту үчүн
Республиканын ичинде жүргүнчүлөрдү ташуунун жылдык камсыздандыруу акысы базалык тарифтин республика ичиндеги каттамдарга жүргүнчүлөр поездине билеттерди сатуудан ташуучу алган жылдык кирешенин көбөйтүндүсүнө барабар.
Базалык камсыздандыруу тарифи 0,2 пайызга барабар.
Камсыздандыруу келишими жыл ичинде иш жүзүндө ташылган жүргүнчүлөргө түзүлөт.
Жүргүнчүлөрдүн өмүрүнө жана ден соолугуна зыян келтирүү тобокелдиги боюнча жоопкерчиликтин лимити бир жүргүнчү үчүн 300000 сомду түзөт.
Бир жүргүнчүнүн мүлкүнө зыян келтирүү тобокелдиги боюнча жоопкерчиликтин лимити 10000 сомду түзөт.
Бир жүргүнчүгө жоопкерчиликтин жалпы лимити 310000 сомду түзөт.
4. Суу транспорту үчүн
Камсыздандыруу акысы билеттин наркынын 1 пайызынын камсыздандыруу жылынын ичинде иш жүзүндө ташылган жүргүнчүлөрдүн санына болгон көбөйтүндүсүнө барабар.
Камсыздандыруу келишими иш жүзүндө ташылган ар бир жүргүнчүгө бир жылдык мөөнөткө түзүлөт.
Жүргүнчүлөрдүн өмүрүнө жана ден соолугуна зыян келтирүү тобокелдиги боюнча жоопкерчиликтин лимити бир жүргүнчү үчүн 300000 сомду түзөт,
Бир жүргүнчүнүн мүлкүнө зыян келтирүү тобокелдиги боюнча лимит 10000 сомго барабар.
Жоопкерчиликтин жалпы лимити бир жүргүнчүгө 310000 сомду түзөт.
Ташуучунун жүргүнчүлөрдүн алдындагы жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу боюнча кыска мөөнөттүү таблица
Он эки айдан аз мөөнөткө камсыздандыруу келишимин түзүүдө камсыздандыруу акысынын төмөнкүдөй өлчөмдөрү белгиленет:
№ | Камсыздандыруунун мөөнөтү | Камсыздандыруу акысынын өлчөмү (жылдык камсыздандыруу акысынан пайыз менен) |
1 | Толук 15 күн | 10 |
2 | Толук 1 ай | 20 |
3 | Толук 2 ай | 30 |
4 | Толук 3 ай | 40 |
5 | Толук 4 ай | 50 |
6 | Толук 5 ай | 60 |
7 | Толук 6 ай | 70 |
8 | Толук 7 ай | 75 |
9 | Толук 8 ай | 80 |
10 | Толук 9 ай | 85 |
11 | Толук 10 ай | 90 |
12 | Толук 11 ай | 95 |
13 | Толук 12 ай | 100 |
|
| Тиркеме |
Жарандык жоопкерчиликти милдеттүү камсыздандыруу боюнча тарифтердин ТҮЗҮМҮ
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 8-апрелиндеги № 200 токтомунун редакциясына ылайык)
№ | Камсыздандыруу тарифинин бөлүгү | % |
1 | Камсыздандыруу акысынын брутто-ставкасы | 100 |
2 | Нетто-ставка (милдеттүү камсыздандыруу келишимдери боюнча учурдагы камсыздандыруу төлөмдөрүн камсыз кылуу үчүн арналган брутто-ставканын бөлүгү) | 70 |
3 | Милдеттүү камсыздандырууну жүзөгө ашырууга чыгымдар | 25 |
4 | Камсыздандыруу окуяларынын келип чыгышын болтурбоо боюнча алдын алуучу чаралар резервине чегерүүлөр | 5 |