Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-февралындагы № 93 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2020-жылдын 25-декабры № 625
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 61-главасын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-мартындагы № 106 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 61-главасын ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 85 жана 86-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Майнингге салык боюнча отчетту толтуруу жана берүү тартиби FORM STI-163, 1-тиркемеге ылайык;
- Майнингге салык боюнча отчеттун формасы FORM STI-163, 2-тиркемеге ылайык.
2. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-мартындагы № 106 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ)
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министрдин милдетин аткарууяу, Биринчи вице-премьер-министр |
| А.Э. Новиков |
3-тиркеме |
|
| "Кыргыз Республикасында салык төлөөчүлөрдү салыктык каттоо тартиби жөнүндө жобонун 3-тиркемеси |
Салык төлөөчүнүн каттоого/кайра каттоого АРЫЗЫ
1-тиркеме |
| |
|
| (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 25-декабрындагы № 625 токтомуна) |
Майнингге салык боюнча отчетту толтуруу жана берүү ТАРТИБИ FORM STI-163
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Тартип Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 61-главасына ылайык эсептелүүчү жана төлөнүүчү майнингге салык боюнча отчетту толтуруу жана берүү тартибин (мындан ары - отчет) аныктайт.
2. Отчет кагаз жүзүндөгү документ түрүндө баруу тартибинде берилиши, тапшыргандыгы жөнүндө кабарлоо менен заказдык кат аркылуу почта боюнча жиберилиши, ошондой эле электрондук документ түрүндө берилиши мүмкүн.
3. Отчет баруу тартибинде берилген учурда эки нускада толтурулат, биринчи нускасы салык органында калат, экинчи нускасы салык органынын белгиси менен салык төлөөчүгө кайтарылат.
4. Отчет почта аркылуу жиберилген учурда, отчет бир нускада толтурулат жана салык органына кайра кабарлоо менен заказдык кат аркылуу жиберилет. Мында салык төлөөчү отчеттун берилгендигин ырастоочу заказдык каттын жеткирилгендиги жөнүндө почта байланышынын кабарлоосун алат.
5. Электрондук документ түрүндөгү отчет Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тартипте берилет.
6. 001-уячада:
- эгерде отчет отчеттук мезгил үчүн биринчи жолу берилсе - "X" түрүндөгү белги "баштапкы" уячасында көрсөтүлөт;
- эгерде мурда ушул эле отчеттук мезгил үчүн отчет берилип, бирок кийин кандайдыр бир так эместиктер же каталар табылып, алар берилүүчү отчетто оңдолсо, "X" түрүндөгү белги "такталган" уячасында көрсөтүлөт;
- эгерде отчет салык төлөөчүнүн жоюлгандыгына байланыштуу берилсе, "X" түрүндөгү белги "жоюлуучу" уячасына коюлат.
7. 102-уячада салык төлөөчүнүн ИСНи көрсөтүлөт.
8. 103-уячада салык төлөөчүнүн аталышы көрсөтүлөт.
9. 104-уячада салык төлөөчүнүн салыктык катталган жери боюнча салык органынын коду жана аталышы көрсөтүлөт.
10. 107-уячада салык төлөөчүнү каттоодо статистика органы тарабынан ыйгарылган ОКПО коду көрсөтүлөт.
11. 112-уячада салык төлөөчүнүн иш жүзүндө жайгашкан жери боюнча почта бөлүмүнүн индекси көрсөтүлөт.
12. 113-уячада салык төлөөчү иш жүзүндө турган калктуу конуштун аталышы (облус, шаар, район, айыл) көрсөтүлөт.
13. 114-уячада салык төлөөчүнүн иш жүзүндө жайгашкан жеринин дареги (көчөнүн аталышы, үйдүн, кеңсенин, батирдин номери) көрсөтүлөт.
14. 115-уячада салык төлөөчүнүн телефонунун номери көрсөтүлөт.
15. 116-уячада салык төлөөчүнүн электрондук почтасынын дареги көрсөтүлөт.
16. 201-уячада отчет берилүүчү салык мезгили башталган дата (күнү, айы жана жылы) көрсөтүлөт.
17. 202-уячада отчет берилүүчү салык мезгилинин акыркы күнүнүн датасы (күнү, айы жана жылы) көрсөтүлөт.
19. Отчеттун төмөнкү бөлүгүндө отчетко кол койгон адамдын толук аты-жөнү көрсөтүлөт.
20. 901-уячада салык органы отчетту кабыл алган дата көрсөтүлөт.
21. 902-уячада отчетту кабыл алган салык органынын кызматкеринин ИСНи көрсөтүлөт.
2. Майнингге салык боюнча отчетту толтуруу
22. 050-уячада салык мезгилинде майнинг учурунда керектелген электр энергиясынын көлөмү кв/саат менен көрсөтүлөт.
23. 051-уячада КНСти жана сатуудан алынуучу салыкты эске алуу менен 1 кв/саат үчүн электр энергиясынын тарифи сом менен көрсөтүлөт.
24. 052-уячада салыктык мезгилде электр энергиясы үчүн эсептелген сумма көрсөтүлөт (050-гр. х 051-гр.).
25. 053-уячада Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 400-беренесине ылайык салыктын ставкасы көрсөтүлөт.
26. 054-уячада майнингге салыктын суммасы көрсөтүлөт (052-гр. х 053-гр.).