Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2024-жылдын 12-июнундагы № 304 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 8-апрели № 194
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмеси жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттары маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Жарандарга жана юридикалык жактарга көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтардын сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу боюнча милдеттерди ишке ашыруу максатында, "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 17-декабрындагы № 64 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруусуна санариптик технологияларды киргизүүнү активдештирүү боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" Жарлыгына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 "Мамлекеттик органдар, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин (тизмегин) бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик органдар, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринде (тизмегинде);
- 1-главасынын "Бул тейлөөлөрдү көрсөтүүчү мамлекеттик органдар жана уюмдар" графасында:
66-пунктундагы "ЭМ" деген аббревиатура "ЭКМ" деген аббревиатура менен алмаштырылсын;
110-111-пункттары "БИМ" деген аббревиатурадан кийин ", ЭСКММ" деген аббревиатура менен толукталсын;
- 3-главасынын 2-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
- 4-главасында:
45-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"
45 | Интеллектуалдык менчиктин объекттерин бажы реестрине киргизүү | ФМ | ФМ | Акы төлөнөт |
";
46, 47, 48, 49, 50 жана 91-пункттарындагы "ЭМ" деген аббревиатура "ЭКМ" деген аббревиатура менен алмаштырылсын;
- 5-главасынын 7, 43, 44, 45-пункттарында:
"ЭМ" деген аббревиатура "ЭКМ" деген аббревиатура менен алмаштырылсын;
- 6-главасынын 11-пунктунда:
"ЭМ" деген аббревиатура "ЭКМ" деген аббревиатура менен алмаштырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 "Мамлекеттик органдар, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын бекитүү жөнүндө" токтомуна тиркемеге ылайык өзгөртүүлөр киргизилсин.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Эркин Тоо" газетасынын 2022-жылдын 22-апрелинде № 37-38 (3372-3373) саны менен жарыяланды
Кыргыз-Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |
| Тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 "Мамлекеттик органдар, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын бекитүү жөнүндө" токтомуна ӨЗГӨРТҮҮЛӨР
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 токтому менен бекитилген Мамлекеттик органдар, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарында:
- "Коопсуздукту камсыздоо жана сактоо жаатындагы" VIII бөлүмүндө:
- 4-главасы (Интеллектуалдык менчиктин корголуучу объекттерин реестрге киргизүү) төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"
7. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту | ||
1 | Кызмат көрсөтүүнүн аталышы | Интеллектуалдык менчиктин объекттерин бажы реестрине киргизүү -Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестри (тизмеги), 4-глава, 45-пункт |
2 | Кызмат көрсөткөн мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы | Кыргыз Республикасында бажы ишин жетектеген аткаруу бийлигинин ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы (мындан ары - бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган) |
3 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөр | Юридикалык жана жеке жактар - тышкы экономикалык иштин катышуучулары |
4 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негиздери | "Бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 27-ноябрындагы № 694 токтому менен бекитилген Интеллектуалдык менчиктин объектилери бар товарларга карата бажы контролдугунун тартиби тууралуу жобо |
5 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн акыркы жыйынтыгы | Интеллектуалдык менчиктин объекттерин бажы реестрине киргизүү |
6 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарттары | Бардык кайрылуучуларга бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын имаратына кирүүгө ким экендигин күбөлөндүрүүчү документтери боюнча уруксат берилет. Кызмат көрсөтүү төмөнкүдөй шарттарда жүзөгө ашырылат: - белгиленген санитардык ченемдерге жооп берген жайларда; - бардык жарандардын имаратка жана санитардык-гигиеналык жайларга (дааратканаларга, жуунуучу бөлмөлөргө) тоскоолдуксуз кирүү мүмкүнчүлүгү камсыздалган, анын ичинде көрүү жана угуу боюнча ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар жана таяныч-кыймылдоо аппаратынын бузулушу боюнча ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар (мындан ары - ДМЧА) үчүн (имараттар, жайлар) пандустар, кармоочтор менен жабдылган; - жандуу кезек күтүү принциби боюнча. Имараттын ичинде күтүү үчүн орундар, дааратканалар (региондордо борбордук суу түтүгүнө жана канализацияга кошулуу мүмкүнчүлүгү жок болгон учурда - сырттагы даараткана) жылытуу, суу түтүгү, телефон болушу керек. Жарандардын жеңилдик берилген категориялары (Улуу Ата мекендик согуштун катышуучулары жана майыптары, ооруктун эмгекчилери жана аларга теңдештирилген адамдар, ДМЧА, кош бойлуу аялдар) кезексиз тейленет, эгерде алар бөлмөгө көтөрүлүп чыга алышпаса, кызматкер өзү ылдый түшүп, арызын алат. Келүүчүлөргө ыңгайлуу болушу үчүн кызмат көрсөтүү жеринде кызмат көрсөтүүнү алууга зарыл болгон документтердин тизмеги жана арыздардын үлгүлөрү жайгаштырылат |
7 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алууга документтерди кабыл алуу үчүн чектелген убакыт - 30 мүнөткө чейин. Арыздарды кабыл алуу жана кароо мөөнөтү - бир ай. Бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган арыз ээсине суроо-талап жөнөткөн учурда, көрсөтүлгөн бир айлык мөөнөт жооп алынганга чейин токтотулуп турат. Мында арызды кароонун жалпы мөөнөтү үч айдан ашпоого тийиш |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучуларга маалымат берүү | ||
8 | Керектөөчүгө көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат (керектүү маалыматтардын тизмеги) жана аларды стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымат берүү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты төмөнкүлөрдөн алууга болот: - Бишкек шаары, Байтик Баатыр көчөсү, 4а дареги боюнча жайгашкан бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын коомдук кабылдамасынан; - бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын www.customs.kg сайтынан; - www.portal.tunduk.kg Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталынын расмий сайты аркылуу; - бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жеке кайрылууда; - бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын маалымат такталарынан, брошюраларынан, буклеттеринен. Бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда жарандарды кабыл алуу алар кайрылган күнү жүргүзүлөт. Маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет |
9 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуу ыкмалары | Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалымат төмөнкүлөр аркылуу жайылтылат: - ММК (газета, радио, телекөрсөтүү); - бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайты - www.customs.kg; - www.portal.tunduk.kg Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталынын расмий сайты аркылуу; - маалымат такталарынан, брошюралардан, буклеттерден; - бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын коомдук кабылдамасынан. Даректер, телефон номерлери жана иштөө режими мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты менен бирге бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын такталарына, сайтына жайгаштырылат |
Тейлөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү | ||
10 | Келүүчүлөр менен пикир алмашуу | Бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызмат көрсөтүүгө тартылган кызматкерлеринин кабинеттеринин эшиктерине маалымат табличкалары илинет |
Калк менен иштеген бардык кызматкерлердин аты-жөнү жана кызмат орду көрсөтүлгөн жеке табличкалары (бейдждери) болушу керек. Келүүчүлөр менен пикир алмашууда кызматкерлер этиканын төмөнкү негизги принциптерин сактайт: сылык, ак ниет, сыпайы, сабырдуу, принциптүү болуу, маселенин маңызын терең түшүнүүгө аракеттенүү, маектешкен адамды уга билүү жана анын позициясын түшүнүү, ошондой эле кабыл алынган чечимди аргументтөө. Бардык кызматкерлер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга жол бербеген, жарандарга карата этикалык ченемдердин сакталышын, көз карандысыздыкты жана объективдүүлүктү камсыз кылуучу, кызыкчылыктардын кагылышуусун болтурбоочу кызматтык нускамаларды (функциялык милдеттерди) жана кесиптик-этикалык ченемдерди сактоосу керек. Медициналык жана социалдык көрсөткүчтөр боюнча өзгөчө муктаждыктарга ээ адамдар (ДМЧА, пенсионерлер, Улуу Ата Мекендик согуштун жана эмгектин ардагерлери, кош бойлуу аялдар) менен баарлашуу жана кызмат көрсөтүү аларга түшүнүктүү жана жеткиликтүү формада жүргүзүлөт | ||
11 | Купуялуулукту камсыздоо ыкмалары | Арыз ээси жана ага көрсөтүлгөн кызмат жөнүндө маалымат "Бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 146-беренесине ылайык берилет |
12 | Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдүн иш-аракеттеринин тизмеси | Бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга интеллектуалдык менчиктин бир объектисине карата арыз берилет. Арызда төмөнкүдөй маалыматтар камтылууга тийиш: 1) укук ээси жөнүндө, эгерде арыз анын өкүлү тарабынан берилсе өкүлү жөнүндө; 2) интеллектуалдык менчиктин объектиси жөнүндө; 3) Кыргыз Республикасынын бажы органдары тарабынан интеллектуалдык менчиктин объектисине укуктарды коргоо мөөнөтү жөнүндө, бирок 2 жылдан ашык эмес; 4) товарлар жөнүндө, аларды бажы чек арасы аркылуу өткөрүү же бажы контролунун астында турган товарлар менен башка иш-аракеттер укук ээсинин пикири боюнча анын укуктарынын бузулушуна алып келет; 5) тышкы экономикалык иштин товардын номенклатурасына ылайык тышкы экономикалык иштин номенклатурасынын биринчи төрт белгисинин деңгээлинен кем эмес товарлардын коду жөнүндө |
Арызга интеллектуалдык менчиктин объекттерин укуктун бар экендигин жана таандыгын ырастаган документтер (күбөлүк, лицензиялык келишим же Кыргыз Республикасынын интеллектуалдык менчик жөнүндө мыйзамдарына ылайык башка документтер), зарыл болсо - анын кызыкчылыгын коргогон жакка укук ээси тарабынан берилген ишеним кат тиркелет. Арыз ээси арызга товарлардын үлгүлөрүн жана (же) аны пикири боюнча интеллектуалдык менчиктин объекттерине укук ээсинин укуктарын бузуу фактысын ырастаган башка маалыматтарды тиркей алат. Арызга укук ээсинин товарларды чыгарууну токтотууга байланыштуу декларантка, товарлардын ээсине, алуучуга же башка адамдарга келтирилиши мүмкүн болгон мүлктүк зыяндын ордун толтуруу жөнүндө милдеттенмеси (жазуу жүзүндө) тиркелет. (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 27-ноябрындагы № 694 токтому менен бекитилген Интеллектуалдык менчиктин объектилери бар товарларга карата бажы контролдугунун тартиби тууралуу жобонун тиркемеси). Арызга интеллектуалдык менчиктин объектисин бажы реестрине киргизүү үчүн акы төлөнгөнү жөнүндө квитанция тиркелет | ||
13 | Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы | Мамлекеттик кызмат акы төлөнүүчү негизде көрсөтүлөт. Кызмат көрсөтүүнүн наркы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 27-ноябрындагы № 694 токтому менен бекитилген Интеллектуалдык менчиктин объектилери бар товарларга карата бажы контролдугунун тартиби тууралуу жобонун 9-пункту менен белгиленген. Баалардын прейскуранты бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын маалымат такталарына жана www.customs.kg расмий сайтына жайгаштырылган |
14 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөнкү критерийлер менен аныкталат: - кызмат көрсөтүүнүн стандартында билдирилген кызмат көрсөтүүнүн шарттарына жана мөөнөттөрүнө ылайык аныктыгы жана өз убагында болушу; - жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этностук таандыктыгы, диний ишеними, саясий жана башка ынанымдары, билими, теги, мүлктүк же башка абалы боюнча басмырлоого жол бербөө; - жеткиликтүүлүк, кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн жарандардан стандартта көрсөтүлгөн документтерди гана талап кылуу; - кызмат көрсөтүүнүн шарттарынын ушул стандартта белгиленген талаптарга дал келүүсү: имаратка кирүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу, коммуналдык-тиричиликтик шарттарынын болушу, жарандарды кабыл алуунун ыңгайлуу графиги, маалыматтык колдоонун болушу жана жеткиликтүүлүгү (басма жана электрондук форматта); - мамлекеттик кызмат көрсөтүү учурунда кызматкерлердин сыпайылыгы жана сылыктыгы, мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн жүрүшүндө консультация берүү; - акыркы жыйынтыктын (көрсөтүлгөн кызматтын) арыз ээсинин күтүүлөрүнө дал келүүсү; - жарандардын даттануулар жана сунуштары китебинин жеткиликтүү жерде болуусу |
15 | Кызматты электрондук форматта көрсөтүү | Кызмат көрсөтүүнү алууга суроо-талапты (арызды) кабыл алуу бөлүгүндө кызмат Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 7-октябрындагы № 525 токтому менен бекитилген Электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталын пайдалануу эрежелерине ылайык portal.tunduk.kg Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу электрондук форматта көрсөтүлөт. Эскертүү: кызмат көрсөтүүнү алууга электрондук өтүнмөнү жөнөтүү үчүн арыз ээси portal.tunduk.kg порталында каттоодон өтүшү керек. Онлайн интерактивдүүлүгүнүн баскычы - 3 (веб-баракчада өнүнмөнү электрондук формада толтуруу жана кагаз жүзүндө басып чыгарбастан мамлекеттик органдын кароосуна кабыл алуу функциясы бар) |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу жана даттануу тартиби | ||
16 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу | Бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган төмөнкү учурларда мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартат: - 12-пунктта көрсөтүлгөн документтер берилбесе; - кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн кайрылган адамда аны алууга укугу же башка адамдын атынан аракеттенүүгө ыйгарым укугу жок болсо; - арыз ээси анык эмес маалыматты берген учурда |
17 | Даттануу тартиби | Кызмат талаптагыдай көрсөтүлбөгөн учурда арыз ээси бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчилигине оозеки же жазуу жүзүндө даттануу менен кайрылууга укуктуу. Жазуу жүзүндөгү даттануу эркин түрдө берилет жана кызмат көрсөтүүнү керектөөчүнүн аты-жөнүн, жашаган дарегин, телефон номерин, ошондой эле дооматтын маңызын, кызмат көрсөтүүнү керектөөчүнүн колун жана датаны камтышы керек. Ыйгарым укуктуу кызматкер даттанууну 1 жумуш күндүн ичинде каттайт жана жетекчиликтин кароосуна жиберет. Даттанууларды жана дооматтарды кароо белгиленген тартипте бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчилиги тарабынан каралат. Жазуу жүзүндөгү кайрылууну кароо жана арыз ээсине жоопту жөнөтүү мөөнөтү ал келип түшкөн күндөн тартып 14 жумуш күндөн ашпашы керек. Даттануу боюнча кабыл алынган чечимге канааттанбаган учурда арыз ээси бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечимине сот тартибинде даттанууга укуктуу |
18 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандартын кайра кароонун мезгилдүүлүгү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты 3 жылда бир жолудан кем эмес мезгилдүүлүк менен туруктуу негизде каралып турууга тийиш |
";
- төмөнкүдөй мазмундагы 14-глава менен толукталсын:
"
14. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту | |||
1 | Кызмат көрсөтүүнүн аталышы | Товарларды жана транспорт каражаттарын бажылык коштоо - Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестри (тизмеги), 8-глава, 6-пункт | |
2 | Кызмат көрсөткөн мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы | Кыргыз Республикасында бажы ишин түздөн-түз жетектеген жана куралдуу укук коргоо органынын статусуна ээ болгон аткаруу бийлигинин ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы (мындан ары - бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган) | |
3 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөр | Юридикалык жана жеке жактар - тышкы экономикалык иштин катышуучулары | |
4 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негиздери | 1) "Бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (42, 139-беренелер); 2) Евразия экономикалык бирлигинин Бажы кодекси; 3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 13-февралындагы № 79 "Бажы иши чөйрөсүндөгү айрым маселелер жөнүндө" токтому (№ 4 тиркеме) | |
5 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн акыркы жыйынтыгы | Бажы органынын бажылык коштоону уюштуруу жөнүндө буйругу. Товар ташыган транспорт каражаттарын коштоонун кабыл алуу-өткөрүп берүү актысына зарыл белгилерди коюу. Товарларды белгиленген жерге жеткирүү | |
6 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарттары | Бардык кайрылуучуларга бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын имаратына кирүүгө ким экендигин күбөлөндүрүүчү документтери боюнча уруксат берилет. Кызмат көрсөтүү төмөнкүдөй шарттарда жүзөгө ашырылат: - белгиленген санитардык ченемдерге жооп берген жайларда; - бардык жарандардын имаратка жана санитардык-гигиеналык жайларга (дааратканаларга, жуунуучу бөлмөлөргө) тоскоолдуксуз кирүү мүмкүнчүлүгү камсыздалган, анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар (мындан ары - ДМЧА) үчүн (имараттар, жайлар) пандустар, кармоочтор менен жабдылган; - жандуу кезек күтүү принциби боюнча. Имараттын ичинде күтүү үчүн орундар, дааратканалар (региондордо борбордук суу түтүгүнө жана канализацияга кошулуу мүмкүнчүлүгү жок болгон учурда -сырттагы даараткана) жылытуу, суу түтүгү, телефон болушу керек, Жарандардын жеңилдик берилген категориялары (Улуу Ата мекендик согуштун катышуучулары жана майыптары, ооруктун эмгекчилери жана аларга теңдештирилген адамдар, ДМЧА, кош бойлуу аялдар) кезексиз тейленет, эгерде алар бөлмөгө көтөрүлүп чыга алышпаса, кызматкер өзү ылдый түшүп, арызын алат. Келүүчүлөргө ыңгайлуу болушу үчүн кызмат көрсөтүү жеринде кызмат көрсөтүүнү алууга зарыл болгон документтердин тизмеги жана арыздардын үлгүлөрү жайгаштырылат. Товар ташыган транспорт каражаттарын бажылык коштоо бажы органдарынын бөлүнүштөрүнүн кызмат адамдары тарабынан ишке ашырылат. Бажылык коштоону бир бажылык наряд ишке ашырат (товар ташыган транспорт каражаттарын коштогон бир же бир нече кызмат адамдары) | |
7 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү | 1) Арыз берүү үчүн кезек күтүү - 30 мүнөттөн ашык эмес; 2) арызды кабыл алуу жана кароо мөөнөтү бир саатка чейин; 3) бажы органы бажылык коштоону мындай чечим кабыл алынган учурдан тартып 24 сааттан кечиктирбестен уюштурат; 4) мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн жалпы мөөнөтү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 10-августундагы № 564 токтому менен бекитилген Товарларды бажы транзитинин бажы жол-жобосуна койгон учурда бажы операцияларын жүргүзүүнүн өзгөчөлүктөрү жөнүндө нускамага ылайык жүргүзүлгөн бажы транзити мөөнөтүнө жараша белгиленет; 5) бажы транзитинин чектик мөөнөтү Евразия экономикалык бирлигинин Бажы кодексинин 144-беренеси менен аныкталган | |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучуларга маалымат берүү | |||
8 | Керектөөчүгө көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат (керектүү маалыматтардын тизмеги) жана аларды стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымат берүү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты төмөнкүлөрдөн алууга болот; - 720020, Бишкек шаары, Байтик Баатыр көчөсү, 4а дареги боюнча жайгашкан бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын коомдук кабылдамасынан; - бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтынан - www.customs.kg; - Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталынан - portal.tunduk.kg; - бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жана бажы органдарына жеке кайрылууда; - бажы органдарындагы жана бажы органдарынын бөлүмдөрү жайгашкан жерлердеги маалымат такталарынан. Бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда жана бажы органдарында жарандарды кабыл алуу алар кайрылган күнү жүргүзүлөт. Маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет | |
9 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуу ыкмалары | Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалымат төмөнкүлөр аркылуу жайылтылат: - ММК (газета, радио, телекөрсөтүү); - бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайты - www.customs.kg; - Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы - portal.tunduk.kg; - маалымат такталарынан, брошюралардан, буклеттерден; - бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын коомдук кабылдамасынан. Даректер, телефон номерлери жана иштөө режими мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты менен бирге бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын такталарына, сайтына жайгаштырылат | |
Тейлөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү | |||
10 | Келүүчүлөр менен пикир алышуу | Бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда жана бажы органдарында кызмат көрсөтүүгө тартылган кызматкерлердин кабинеттеринин эшиктерине маалымат табличкалары илинет. Тышкы экономикалык иштин катышуучулары менен иштеген бардык кызматкерлердин өздүк номерлүү белгилери болот. Келүүчүлөр менен пикир алмашууда кызматкерлер этиканын төмөнкү негизги принциптерин сактайт: сылык, ак ниет, сыпайы, сабырдуу, принциптүү болуу, маселенин маңызын терең түшүнүүгө аракеттенүү, маектешкен адамды уга билүү жана анын позициясын түшүнүү, ошондой эле кабыл алынган чечимди аргументтөө. Бардык кызматкерлер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга жол бербеген, жарандарга карата этикалык ченемдердин сакталышын, көз карандысыздыкты жана объективдүүлүктү камсыз кылуучу, кызыкчылыктардын кагылышуусун болтурбоочу кызматтык нускамаларды (функциялык милдеттерди) жана кесиптик-этикалык ченемдерди сактоосу керек. Медициналык жана социалдык көрсөткүчтөр боюнча өзгөчө муктаждыктарга ээ адамдар (ДМЧА, пенсионерлер, согуштун жана эмгектин ардагерлери, кош бойлуу аялдар) менен баарлашуу жана кызмат көрсөтүү аларга түшүнүктүү жана жеткиликтүү формада жүргүзүлөт | |
11 | Купуялуулукту камсыздоо ыкмалары | Арыз ээси жана ага көрсөтүлгөн кызмат жөнүндө маалымат "Бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 146-беренесине ылайык берилет | |
12 | Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдүн иш аракеттеринин тизмеси | 1) Товарларды жана транспорт каражаттарын бажылык коштоо жөнүндө арыз; 2) транзиттик декларация; 3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 10-августундагы № 564 "Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 95, 101, 102, 105, 128, 135, 153, 157, 158, 163, 176, 180, 213, 229, 232-беренелеринин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтому менен бекитилген Товарларды бажы транзитинин бажы жол-жобосуна койгон учурда бажы операцияларын жүргүзүүнүн өзгөчөлүктөрү жөнүндө нускаманын 4-пунктунда көрсөтүлгөн транспорттук (ташуу), коммерциялык жана башка документтер; 4) жыйымдарды төлөөнү ырастаган документ | |
13 | Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы | Мамлекеттик кызмат акы төлөнүүчү негизде көрсөтүлөт. Бажылык коштоого "Бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 42-беренеси менен белгиленген өлчөмдө бажы жыйымдары алынат. Товар ташыган ар бир транспорт каражатын, ошондой эле товар болуп эсептелген транспорт каражатын бажылык коштоо үчүн аралыктын ар бир километрине эсептик көрсөткүчтүн 1/10 (ондон бир) өлчөмүндө бажылык коштоо жыйымы алынат. Баалардын прейскуранты бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын маалымат такталарына жана расмий сайтына - www.customs.kg жайгаштырылган | |
14 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөнкү критерийлер менен аныкталат: - кызмат көрсөтүүнүн стандартында билдирилген кызмат көрсөтүүнүн шарттарына жана мөөнөттөрүнө ылайык аныктыгы жана өз убагында болушу; - жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этностук таандыктыгы, диний ишеними, саясий жана башка ынанымдары, билими, теги, мүлктүк же башка абалы боюнча басмырлоого жол бербөө; - жеткиликтүүлүк, кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн жарандардан стандартта көрсөтүлгөн документтерди гана талап кылуу; - кызмат көрсөтүүнүн шарттарынын ушул стандартта белгиленген талаптарга дал келүүсү: имаратка кирүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу, коммуналдык-тиричиликтик шарттарынын болушу, жарандарды кабыл алуунун ыңгайлуу графиги, маалыматтык колдоонун болушу жана жеткиликтүүлүгү (басма жана электрондук форматта); - мамлекеттик кызмат көрсөтүү учурунда кызматкерлердин сыпайылыгы жана сылыктыгы, мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн жүрүшүндө консультация берүү; - акыркы жыйынтыктын (көрсөтүлгөн кызматтын) арыз ээсинин күтүүлөрүнө дал келүүсү; - товарларды жана транспорт каражаттарын дайындалган жерине бажы төлөмдөрүн төлөөнү камсыз кылуучу кошумча ыкмаларды колдонбостон жеткирүү | |
15 | Кызматты электрондук форматта көрсөтүү | Кызмат көрсөтүүнү алууга суроо-талапты (арызды) кабыл алуу бөлүгүндө кызмат Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 7-октябрындагы № 525 токтому менен бекитилген Электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталын пайдалануу эрежелерине ылайык portal.tunduk.kg Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу электрондук форматта көрсөтүлөт. Эскертүү: кызмат көрсөтүүнү алууга электрондук өтүнмөнү жөнөтүү үчүн арыз ээси portal.tunduk.kg порталында каттоодон өтүшү керек. Онлайн интерактивдүүлүгүнүн баскычы - 3 (веб-баракчада өтүнмөнү электрондук формада толтуруу жана кагаз жүзүндө басып чыгарбастан мамлекеттик органдын кароосуна кабыл алуу функциясы бар) | |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу жана даттануу тартиби | |||
16 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу | Бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган төмөнкү учурларда мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартууга укуктуу: - ушул Стандарттын 12-пунктунда көрсөтүлгөн документтерди керектөөчү тарабынан толук берилбегенде; - кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн кайрылган адамда аны алууга укугу же башка адамдын атынан аракеттенүүгө ыйгарым укугу жок болгон; - документтер белгиленген талаптарга шайкеш келбеген (зарыл документтердин тизмеси толук берилбеген жана/же туура эмес толтурулган); - берилген документтерде чындыкка дал келбеген маалыматтар болгон | |
17 | Даттануу тартиби | Кызмат талаптагыдай көрсөтүлбөгөн учурда арыз ээси бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчилигине оозеки же жазуу жүзүндө даттануу менен кайрылууга укуктуу. Жазуу жүзүндөгү даттануу үч айдын ичинде берилет: 1) арыз ээсинин укуктарынын жана эркиндиктеринин бузулгандыгы, аларды жүзөгө ашырууга тоскоолдуктар жаратылгандыгы же кандайдыр бир милдеттенме мыйзамсыз жүктөлүп жаткандыгы жөнүндө билинген же билиниши керек болгон күндөн тартып; 2) Кыргыз Республикасынын бажы органы же анын кызмат адамы тарабынан мыйзамдарда каралган чечимди кабыл алуу же мыйзамдарда каралган аракеттерди жасоо үчүн белгиленген мөөнөт аяктаган күндөн тартып. Даттануу жазуу жүзүндө төмөнкүлөрдү көрсөтүү менен берилет: 1) чечими, аракети (аракетсиздиги) даттанылган Кыргыз Республикасынын бажы органынын аталышы же Кыргыз Республикасынын бажы органынын кызмат адамынын аты-жөнү, кызмат орду (эгерде белгилүү болсо); 2) даттанууну берген адамдын аты-жөнү (юридикалык жактын аталышы), анын жашаган же жайгашкан жери; 3) даттанылуучу чечимдин, аракеттин (аракетсиздиктин) маңызы; 4) Кыргыз Республикасынын бажы органынын же анын кызмат адамынын даттанылган чечими, аракети (аракетсиздиги) менен анын укуктары жана эркиндиктери бузулган, аларды жүзөгө ашырууга тоскоолдуктар түзүлгөн же кандайдыр бир милдеттенме мыйзамсыз жүктөлгөн деп арыз ээси эсептеген жагдайлар. Даттанууларды жана дооматтарды кароо белгиленген тартипте бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчилиги тарабынан каралат. Жазуу жүзүндөгү кайрылууну кароо жана арыз ээсине жоопту жөнөтүү мөөнөтү ал келип түшкөн күндөн тартып 14 жумуш күндөн ашпашы керек. Даттануу боюнча кабыл алынган чечимге канааттанбаган учурда арыз ээси бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечимине сот органдарына даттанууга укуктуу | |
18 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандартын кайра кароонун мезгилдүүлүгү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты 3 жылда бир жолудан кем эмес мезгилдүүлүк менен туруктуу негизде каралып турууга тийиш | |
|
|
|
|