Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2024-жылдын 12-июнундагы № 304 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2022-жылдын 14-апрели № 215
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмеги жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттары маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Жарандарга жана юридикалык жактарга көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтардын сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу боюнча милдеттерди ишке ашыруу максатында, "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 17-декабрындагы № 64 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруусуна санариптик технологияларды киргизүүнү активдештирүү боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" Жарлыгына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 "Мамлекеттик органдар, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин (тизмегин) бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик органдар, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринде (тизмегинде):
- "Социалдык тейлөөлөр" деген 3-главасында:
4-1-пунктундагы "Миграция кызматы" деген сөздөр "ЭСКММ" деген аббревиатура менен алмаштырылсын.
5-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"
5 | Кыргыз Республикасынын чет өлкөдө каза болгон жарандарынын сөөгүн репатриациялоо боюнча чыгымдарын жабууга бир жолку төлөм | ТИМ | ТИМ | Акысыз |
";
7-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"
7 | Иштөөгө уруксат берүү | ЭСКММ | ЭСКММ | Акы төлөнөт |
";
- "Каттоо, маалымат кат, күбөлүк жана башка документтерди, ошондой эле алардын көчүрмөлөрүн жана дубликаттарын берүү тейлөөлөр" деген 4-главасында:
2-пунктундагы "Миграция кызматы" деген сөздөр "ЭСКММ" деген аббревиатура менен алмаштырылсын;
66-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"
66 | Балык чарбалык көлмөлөрдө жана алардын участокторунда, дарыяларда балык кармоого балык уулоо билеттеринин, өндүрмөлүк журналынын, көлмөнүн паспортунун, балык чарбасынын паспортунун дубликатын берүү | АЧМ | АЧМ | Акы төлөнөт |
";
90, 91-пункттары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"
90 | Милдеттүү медициналык камсыздандырууга өз алдынча мүчөлүк акы төлөөчү адамдар үчүн милдеттүү медициналык камсыздандыруу полисин тариздөө жана берүү | ММКФ | ММКФ | Акысыз |
91 | Өтүнмөлөр жана келишимдер боюнча шайкештиги милдеттүү ырасталууга тийиш, адамдардын өмүрү жана ден соолугу, жаныбарлар жана өсүмдүктөр, айлана-чөйрө үчүн коопсуз тамак-аш продукциясына, эл керектөөчү товарларга, күйүүчү-майлоочу материалдарга, машина куруучу, электр техникалык продукцияга шайкештик сертификаттарын берүү/шайкештиги жөнүндө декларацияларды каттоо | ЭКМ | ЭКМ | Акы төлөнөт |
";
- "Маалымат менен камсыздоо тейлөөлөрү" деген 6-главасында:
34, 35-пункттары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"
34 | Дарыяларда, көлмөлөрдө жана алардын участокторунда ышкыбоздук жана спорттук балык уулоону өткөрүү үчүн маалымат берүү | АЧМ | АЧМ | Акы төлөнөт |
35 | Аквакультураны (көлмө, бассейндик, садоктук, жайыттык, рекреациялык) уюштуруу жана жүргүзүү үчүн документтердин пакетин даярдоо | АЧМ | АЧМ | Акы төлөнөт |
";
- "Басма, көчүрмөлөө жана басып чыгаруу кызмат көрсөтүүлөрү" деген 7-главасынын 6-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
- "Башка кызмат көрсөтүүлөр" деген 9-главасынын 7-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"
7 | Көлмө, бассейндик, садоктук, жайыттык, рекреациялык аквакультураны уюштуруу жана жүргүзүү үчүн көлмөнүн паспортун, балык чарбасынын паспортун берүү | АЧМ | АЧМ | Акы төлөнөт |
".
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 "Мамлекеттик органдар, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын бекитүү жөнүндө" токтомуна тиркемеге ылайык өзгөртүү киргизилсин.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Жапаров |
|
| Тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 "Мамлекеттик органдар, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын бекитүү жөнүндө" токтомуна киргизилүүчү ӨЗГӨРТҮҮЛӨР
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 токтому менен бекитилген Мамлекеттик органдар, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарында:
- "Изилдөө, талдоо, баалоо жана экспертиза тармагында" IV бөлүмүнүн 10-главасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"
10. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту | ||
1 | Кызмат көрсөтүүнүн аталышы | Өтүнмөлөр жана келишимдер боюнча шайкештиги милдеттүү ырасталууга тийиш, адамдардын өмүрү жана ден соолугу, жаныбарлар жана өсүмдүктөр, айлана-чөйрө үчүн коопсуз тамак-аш продукциясына, эл керектөөчү товарларга күйүүчү-майлоочу материалдарга, машина куруучу, электр техникалык продукцияга шайкештик сертификаттарын берүү/шайкештиги жөнүндө декларацияларды каттоо - Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү, реестри (тизмеги), 4-глава, 91-пункт |
2 | Кызматтарды көрсөткөн мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы | Техникалык жөнгө салуу жана метрология жаатында мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча функцияларды ишке ашырган аткаруу бийлигинин ыйгарым укуктуу органы (мындан ары -техникалык жөнгө салуу жана метрология жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган). Стандартташтыруу жана метрология боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмдөрү (мындан ары - стандартташтыруу жана метрология боюнча улуттук орган). |
3 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучулар | Жеке жана юридикалык жактар |
4 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негиздери | "Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (25, 27-беренелер); Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 30-декабрындагы № 639 "Продукциянын шайкештигин милдеттүү түрдө тастыктоо жөнүндө" токтому; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 11-январындагы № 8 "Шайкештиги милдеттүү түрдө тастыкталууга тийиш болгон продукцияларды Кыргыз Республикасынын аймагына жүгүртүү үчүн алып келүүнүн тартиби жана Кыргыз Республикасынын чегинен сырткары алынган продукциянын шайкештигин милдеттүү түрдө тастыктоонун натыйжаларын таануу жөнүндө" токтому; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 28-январындагы № 20 "Шайкештик жөнүндө декларацияны кабыл алуу формасында продукциянын шайкештигин милдеттүү түрдө тастыктоо жөнүндө" токтому; Кыргыз Республикасынын жана ЕАЭБдин техникалык регламенттери |
5 | Көрсөтүлгөн мамлекеттик кызматтын акыркы жыйынтыгы | Шайкештик сертификаттарын жана шайкештик жөнүндө декларацияларды берүү |
6 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарттары | Мамлекеттик кызматты көрсөтүүдө күтүүнүн төмөнкүдөй шарттары каралган: - белгиленген санитардык ченемдерге жооп берген жайларда; - имаратка жана санитардык-гигиеналык жайларга (дааратканаларга жуунуучу бөлмөлөргө) бардык өтүнмө ээлеринин тоскоолдуксуз кириши камсыздалган; - стандартташтыруу жана метрология боюнча улуттук органда күтүү жайлары, жылытуу, суу түтүгү, телефон, интернет бар; - жандуу кезек күтүү принциби боюнча; - ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн (мындан ары - ДМЧА) пандустар жана кармоочтор менен жабдылган; - жарандардын жеңилдик берилген категориялары (Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары жана майыптары, ооруктун эмгекчилери, ДМЧА, кош бойлуу аялдар ж.б.) кезексиз тейленет же эгерде алар жайга көтөрүлүп чыга алышпаса, стандартташтыруу жана метрология боюнча улуттук органдын кызматкери арыздарды же жолдомолорду кабыл алуу үчүн аларга өздөрү түшүп келет. Келүүчүлөргө ыңгайлуу болушу үчүн стандартташтыруу жана метрология боюнча улуттук органда сертификатты/декларацияны алуу үчүн зарыл болгон өтүнмөлөрдүн үлгүлөрүнүн тизмеги болушу керек |
7 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү | Шайкештик сертификаттарын берүүдө/шайкештик жөнүндө декларацияларды каттоодо: кызмат көрсөтүүнүн жалпы мөөнөтү 3төн 7 күнгө чейин; кезек күтүүдө: - 12-п. ылайык өтүнмөлөрдү жана коштоочу документтерди кабыл алуу - 30 мүнөткө чейин, электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы (www.portal.tunduk.kg) аркылуу автоматтык түрдө; - берилген өтүнмө боюнча кабарлоону тариздөө - 30 мүнөткө чейин; таңгактын бүтүндүгү, маркалоо реквизиттеринин болушу, продукциянын билдирилген санга шайкештиги бөлүгүндө сертификатталуучу продукцияны карап чыгуу жана тандоо - 2 саатка чейин; өндүрүштүн абалын талдоо (эгерде сертификаттоо схемасында каралса), карап чыгуу актын же өндүрүштүн абалынын актын тариздөө - 6 саатка чейин; сыноо лабораториясында продукцияга сыноо жүргүзүү (эгерде сертификаттоо схемасында каралса), сыноо протоколун тариздөө - 1ден 5 күнгө чейин; сыноо протоколун талдоо, сертификатты, декларацияны тариздөө же эгерде продукция коопсуздук боюнча талаптарга шайкеш келбесе сертификаттоодон, декларацияны каттоодон баш тартуу, маалыматтар базасына (реестрге) киргизүү - 2 саатка чейин; шайкештик сертификаттарын берүү, шайкештик жөнүндө декларацияларды каттоо - 30 мүнөткө чейинтаңгактын бүтүндүгү, маркалоо реквизиттеринин болушу, продукциянын билдирилген санга шайкештиги бөлүгүндө сертификатталуучу продукцияны карап чыгуу жана тандоо - 2 саатка чейин; өндүрүштүн абалын талдоо (эгерде сертификаттоо схемасында каралса), карап чыгуу актын же өндүрүштүн абалынын актын тариздөө - 6 саатка чейин; сыноо лабораториясында продукцияга сыноо жүргүзүү (эгерде сертификаттоо схемасында каралса), сыноо протоколун тариздөө - 1ден 5 күнгө чейин; сыноо протоколун талдоо, сертификатты, декларацияны тариздөө же эгерде продукция коопсуздук боюнча талаптарга шайкеш келбесе сертификаттоодон, декларацияны каттоодон баш тартуу, маалыматтар базасына (реестрге) киргизүү - 2 саатка чейин; шайкештик сертификаттарын берүү, шайкештик жөнүндө декларацияларды каттоо - 30 мүнөткө чейин |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучуларга маалымат берүү | ||
8 | Керектөөчүгө көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат (керектүү маалыматтардын тизмеси) жана стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымат берүү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты төмөнкүлөрдөн алууга болот: - стандартташтыруу жана метрология боюнча улуттук органдан; дареги: 720040, Бишкек ш., Панфилов көч., 197, байланыш тел.: 62-37-90, факс 66-13-67; иштөө убактысы: дүйшөмбү - жума 9-00дон 18-00го чейин, түшкү тыныгуу 12-30дан 13-30гачейин; - стандартташтыруу жана метрология боюнча улуттук органдын сайтынан (www.nism.gov.kg); - электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталынан (www.portal.tunduk.kg); - 1-кабаттагы маалыматтык тактадан; - жазуу жүзүндөгү кайрылуу боюнча (жазуу жүзүндөгү суроо-талапка жооп); - оозеки (телефон аркылуу, жеке байланышууда); - электрондук почта аркылуу; - факсимилдик маалымдоо аркылуу (м: акы төлөөгө эсеп-фактуранын заказын жөнөтүү); - стандартташтыруу жана метрология боюнча улуттук органдын коомдук кабылдамасынан. Маалыматтар мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет |
9 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуу ыкмалары (бардык мүмкүн болгон ыкмаларды мүнөздөө же санап кетүү) | Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалымат төмөнкүлөр аркылуу жайылтылышы мүмкүн: - стандартташтыруу жана метрология боюнча улуттук органдын сайтында; - электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталында (www.portal.tunduk.kg); - телефон аркылуу оозеки баарлашууда жана жеке байланышууда; - стандартташтыруу жана метрология боюнча улуттук органдын коомдук кабылдамасында; - электрондук почта аркылуу; - ар кандай газеталар, радио, ТК аркылуу; - маалымат такталарында, брошюраларда, буклеттерде. Аймактык бөлүмдөрдүн даректери, телефон номерлери жана тизмеси стандартташтыруу жана метрология боюнча улуттук органдын маалымат такталарында жана расмий сайтында (www.nism.gov.kg) болот |
Тейлөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү | ||
10 | Келүүчүлөр менен пикир алмашуу | Стандартташтыруу жана метрология боюнча улуттук органдын имаратына кире бериште аталышы менен табличка илинип турат. Кабинеттин эшигине илинип турган табличкада кабинеттин аталышы көрсөтүлөт. Стандартташтыруу жана метрология боюнча улуттук органдын калк менен иштеген бардык кызматкерлеринин аты-жөнү, кызмат орду көрсөтүлгөн жеке табличкалары (бейджи) болушу керек. Бардык кызматкерлер колдонуудагы мыйзамдарды бузууга жол бербеген, жарандарга карата этикалык ченемдердин сакталышын, көз карандысыздыкты жана объективдүүлүктү камсыз кылуучу, кызыкчылыктардын кагылышуусун болтурбоочу кызматтык нускамаларды (функциялык милдеттерди) жана кесиптик-этикалык ченемдерди сактоосу керек. Медициналык жана социалдык көрсөткүчтөр боюнча өзгөчө муктаж адамдар (таяныч-кыймыл аппараты бузулган ДМЧА, улгайган жарандар) үчүн баарлашуу жана кызмат көрсөтүү аларга түшүнүктүү жана жеткиликтүү формада ишке ашырылат (баарлашуу үчүн кызматкерлер 1-кабатка түшүшөт) |
11 | Купуялуулукту камсыздоо ыкмалары | Кызмат көрсөтүүнү алуучу жана ага көрсөтүлгөн кызмат жөнүндө маалымат Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык берилиши мүмкүн |
12 | Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдүн иш-аракеттеринин тизмеси | Керектүү документтер: - белгиленген үлгүдөгү өтүнмө; - ташылып келүүчү продукция үчүн - эсеп-фактура же инвойс (анын ичинде мунай продуктылары үчүн: партиянын заводдук номерин жана жүктөп жөнөтүлгөн партиянын өлчөмүн көрсөтүү менен товардык-транспорттук коштомо кагаз; өндүрүүчү өлкөнүн коопсуздук көрсөткүчтөрү боюнча сертификаттоо жөнүндө ырастаманы көрсөтүү менен сапатынын паспорту); - продукцияны өндүрүшкө жеткирүүдө жүргүзүлгөн сыноолор жөнүндө протоколдор же документтер же болбосо аккредиттелген ата мекендик же чет өлкөлүк сыноо лабораториялары тарабынан аткарылган, продукциянын коопсуздук талаптарына шайкештигин ырастаган сыноолор жөнүндө документтер (эгерде өтүнмө ээси сертификациялык сыноолордун кыскартылган программасы боюнча сертификаттоого талапкер болсо); - жеткирүүгө контракт (эгерде өтүнмө ээси узак мөөнөттүү контракт боюнча импорттук продукцияны сертификаттоого талапкер болсо); - даярдоочунун техникалык документтери (конструктордук. технологиялык, эксплуатациялык - өндүрүштүн абалын талдоо менен схемалар үчүн). Стандартташтыруу жана метрология боюнча улуттук орган кызмат көрсөтүү максатында "Түндүк" ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасы аркылуу башка мамлекеттик органдардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан өтүнмө ээси жөнүндө маалымат алууга укуктуу |
13 | Акы төлөөчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы | Шайкештик сертификатынын/шайкештик жөнүндө декларациянын наркы монополияга каршы мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча техникалык жөнгө салуу жана метрология боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчилиги тарабынан бекитилген "Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология боюнча борбордун аймактык органдары тарабынан аткарылуучу жумуштарга жана кызмат көрсөтүүлөргө тарифтердин бааларынын прейскурантына" ылайык белгиленет. Шайкештик сертификатын берүү боюнча кызмат көрсөтүүнүн наркы жөнүндө маалымат менен стандартташтыруу жана метрология боюнча улуттук органдын маалымат такталарынан жана расмий сайтынан таанышууга болот. Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталынан (www.portal.tunduk.kg |
14 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөнкү критерийлер менен аныкталат: - продукциянын өндүрүүчүлөрү жана керектөөчүлөрү үчүн актуалдуулугу; - көрсөтүлгөн кызматтын стандартта билдирилген кызмат көрсөтүүнүн шарттарына жана мөөнөттөрүнө ылайык аныктыгы жана өз убагында болушу; - шайкештик сертификатын алууга талапкер адамдарга карата жынысы, улуту жана диний ишеними боюнча басмырлоого жол бербөө; - мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөттөрүнө ылайык өз убагында болушу (өтүнмөнүн көлөмүнө жана сыноолорду жүргүзүү мөөнөтүнө жараша); - жеткиликтүүлүк, кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн жарандардан стандартта көрсөтүлгөн документтерди гана талап кылуу; - кызмат көрсөтүүнүн шарттарынын дал келүүсү: имаратка, жайга кирүү мүмкүнчүлүгү, коммуналдык-тиричиликтик шарттарынын болушу, жарандарды кабыл алуунун ыңгайлуу графиги, маалыматтык колдоонун (басма жана электрондук форматта), бекер бланктардын болушу жана жеткиликтүүлүгү; - мамлекеттик кызмат көрсөтүү учурунда кызматкерлердин сыпайылыгы жана сылыктыгы, зарыл болгон документтерди толтурууда кызматкерлердин жардам көрсөтүүсү жана кызмат көрсөтүүнүн бардык жол-жоболорунун жүрүшүндө консультация берүү; - жарандардын даттануулары жана сунуштары китебинин жеткиликтүү жерде болушу |
15 | Электрондук форматта кызмат көрсөтүү | Кызмат көрсөтүүнү алууга суроо-талапты (өтүнмөнү) кабыл алуу бөлүгүндө кызмат Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 7-октябрындагы № 525 токтому менен бекитилген Электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталын пайдалануу эрежелерине ылайык Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы - www.portal.tunduk.kg аркылуу электрондук форматта көрсөтүлөт. Эскертүү: кызмат көрсөтүүнү алууга электрондук өтүнмөнү жөнөтүү үчүн өтүнмө ээси www.portal.tunduk.kg порталында катталууга тийиш. Онлайн интерактивдүүлүк стадиясы - 3 (колдонуудагы веб-баракча өтүнмөнү электрондук түрдө толтуруу жана аны мамлекеттик органдын кароосуна кагаз жүзүндө басып чыгарбастан кабыл алуу функциялык мүмкүнчүлүгүнө ээ) |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу жана даттануу тартиби | ||
16 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу үчүн негиздер | Кызмат көрсөтүүдөн төмөнкү негиздер боюнча баш тартылышы мүмкүн: - ушул стандарттын 4, 14-пункттарында көрсөтүлгөн талаптарга шайкеш келбеген учурда; - сертификациялык сыноолордун жыйынтыктары терс болгондо; - өндүрүштүн абалын изилдөөнүн жыйынтыктары терс болгондо; - стандартташтыруу жана метрология боюнча улуттук орган билдирилген продукцияны сертификаттоо боюнча иштерди жүргүзүү укугуна аккредиттелген эмес |
17 | Даттануу тартиби | Жазуу жүзүндөгү даттануу эркин формада берилет жана кызмат көрсөтүүнү алуучунун аты-жөнүн, жашаган дарегин, телефон номерин, ошондой эле дооматтын маңызын, кызмат көрсөтүүнү алуучунун колун жана датаны камтышы керек. Даттануу 1 жумуш күндүн ичинде журналда катталат. Стандартташтыруу жана метрология жаатында иштерди жүргүзүү боюнча улуттук органдын жетекчиси даттанууну карайт жана 5тен кем эмес адамдан турган комиссияны дайындайт. Комиссия даттанууну жана ага байланышкан документтерди кароону жана талдоону камсыз кылат жана чечим чыгарат. Даттанууну кароо жана өтүнмө ээсине жоопту жөнөтүү мөөнөтү катталган күндөн тартып 14 күндөн ашпашы керек. Даттанууну кароонун жыйынтыгы боюнча талаш маселелер келип чыккан учурда, өтүнмө ээси стандартташтыруу жана метрология боюнча улуттук органдын чечимине сот тартибинде даттанууга укуктуу |
18 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандартын кайра кароонун мезгилдүүлүгү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты үч жылда бир жолудан кем эмес мезгилдүүлүк менен же зарылдыгына жараша каралып турушу керек |