Загрузка документа…
Көңүл бургула!!!
ушул токтомдун 1-пункту 2024-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 25-октябры № 575
Салык салуу чөйрөсүндөгү айрым маселелер жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 457-беренесинин 1-бөлүгүн ишке ашыруу, ишкердик субъекттер үчүн жагымдуу шарттарды түзүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Өзгөчө режимдеги соода зонасына таандык соода рыногунун аймагын жабдууга талаптар, анын ичинде тосмого талаптар тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-мартындагы № 141 "Эсеп-фактураны колдонуу жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
2-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 3-пунктча менен толукталсын:
"3) өзгөчө режимдеги соода зоналарында иш жүргүзгөн субъекттердин ортосунда товарларды сатууда эсеп-фактураны тариздөөгө талаптар коюлбайт.
Өзгөчө режимдеги соода зоналарында иш жүргүзбөгөн субъекттерге товарлар сатылган учурда эсеп-фактуралар ушул токтомдун 1-пункту менен бекитилген Эсеп-фактураны түзүүнүн жана жүгүртүүнүн тартибине ылайык таризделет.".
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 8-апрелиндеги № 193 "Контролдук-кассалык машиналарды киргизүү боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 2-пунктта:
- 2-пунктчадагы "1-мартына" деген сөздөр "1-июлуна" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 3, 4-пунктчалардагы "2023-жылдын" деген сөздөр "2024-жылдын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Өзүнүн ишинин спецификасына же жайгашкан жеринин өзгөчөлүгүнө жараша контролдук-кассалык машиналарды колдонбостон акчалай эсептешүүлөрдү жүргүзө алган субъекттердин тизмесинде:
- 2-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 26-пунктча менен толукталсын:
"26) өзгөчө режимдеги соода зонасында товарларды сатуу.";
- 3-пункттун таблицасынын 6-пунктундагы "2023-жылдын 1-апрелине чейин" деген сөздөр "2024-жылдын 1-январына чейин" деген сөздөргө алмаштырылсын.
4. Бул токтом ушул токтомдун 2024-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирүүчү 1-пунктун кошпогондо, расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2023-жылдын 31-октябрындагы № 87 (3536) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |