КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 18-марта № 141
Эсеп-фактураны колдонуу жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 6-апрелиндеги № 194, 2023-жылдын 25-октябрындагы № 575 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 178-беренесин ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Эсеп-фактураны түзүүнүн жана жүгүртүүнүн тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Төмөнкүлөр белгиленсин:
1) салык төлөөчү:
- бул токтомдун 1-пункту менен бекитилген Тартипке ылайык электрондук эсеп-фактуралардын маалыматтык системасынын катышуучусу катары катталат;
- ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан бекитилген форма жана тартип боюнча эсеп-фактураларды тариздейт;
2) электрондук эсеп-фактуралардын маалыматтык системасынын катышуучусу катары катталууга жана эсеп-фактураларды тариздөөгө талаптар ККМди колдонуу менен ишкердик ишти жүргүзгөн жана төмөнкүдөй салык төлөөчүлөргө карата жайылтылбайт:
- патенттин негизинде салык төлөгөн;
- катары менен келген акыркы 12 айдагы түшкөн акчанын көлөмүнүн суммасы 8000000 сомдон ашпаган, бирдиктүү салыктын негизинде салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасы боюнча нөлдүк ставканы колдонгон.
3) өзгөчө режимдеги соода зоналарында иш жүргүзгөн субъекттердин ортосунда товарларды сатууда эсеп-фактураны тариздөөгө талаптар коюлбайт.
Өзгөчө режимдеги соода зоналарында иш жүргүзбөгөн субъекттерге товарлар сатылган учурда эсеп-фактуралар ушул токтомдун 1-пункту менен бекитилген Эсеп-фактураны түзүүнүн жана жүгүртүүнүн тартибине ылайык таризделет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 6-апрелиндеги № 194, 2023-жылдын 25-октябрындагы № 575 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматы бул токтомдун 2-пунктунун 2-пунктчасында көрсөтүлгөн салык төлөөчүлөрдүн арасында эсеп-фактураларды колдонуу маселелери боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзсүн.
4. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 19-июнундагы № 343 "Эсеп-фактураны электрондук документ түрүндө колдонуу жөнүндө" токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 4-октябрындагы № 197 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн эсеп-фактураны электрондук документ түрүндө колдонуу маселелери боюнча айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
6. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2022-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |