Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИ

ТОКТОМ

2022-жылдын 18-марта № 141

Эсеп-фактураны колдонуу жөнүндө

(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 6-апрелиндеги № 194, 2023-жылдын 25-октябрындагы № 575,  2024-жылдын 25-мартындагы № 129 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

 

Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 178-беренесин ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Эсеп-фактураны түзүүнүн жана жүгүртүүнүн тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Төмөнкүлөр белгиленсин:

1) салык төлөөчү:

- бул токтомдун 1-пункту менен бекитилген Тартипке ылайык электрондук эсеп-фактуралардын маалыматтык системасынын катышуучусу катары катталат;

- ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан бекитилген форма жана тартип боюнча эсеп-фактураларды тариздейт;

2) электрондук эсеп-фактуралардын маалыматтык системасынын катышуучулары катары катталууга жана эсеп-фактураларды тариздетүүгө карата талаптар төмөнкүлөргө жайылтылбайт:

- бирдиктүү салыктын негизинде салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасы боюнча нөлдүк ставканы колдонгон, ККМди колдонуу менен ишкердик жүргүзгөн, катары менен келген акыркы 12 айдын ичинде түшкөн акчасынын көлөмү 15000000 сомдон ашпаган салык төлөөчүлөргө;

- патенттин негизинде салык төлөгөн жана жеке ишкер болуп саналбаган жеке жактарга жеке жана/же үй-бүлөлүк керектөө үчүн товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү саткан салык төлөөчүлөргө;

- жеке айыл чарба продукцияларын саткан айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө.

3) өзгөчө режимдеги соода зоналарында иш жүргүзгөн субъекттердин ортосунда товарларды сатууда эсеп-фактураны тариздөөгө талаптар коюлбайт.

Өзгөчө режимдеги соода зоналарында иш жүргүзбөгөн субъекттерге товарлар сатылган учурда эсеп-фактуралар ушул токтомдун 1-пункту менен бекитилген Эсеп-фактураны түзүүнүн жана жүгүртүүнүн тартибине ылайык таризделет.

(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 6-апрелиндеги № 194, 2023-жылдын 25-октябрындагы № 575, 2024-жылдын 25-мартындагы № 129 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматы бул токтомдун 2-пунктунун 2-пунктчасында көрсөтүлгөн салык төлөөчүлөрдүн арасында эсеп-фактураларды колдонуу маселелери боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзсүн.

4. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 19-июнундагы № 343 "Эсеп-фактураны электрондук документ түрүндө колдонуу жөнүндө" токтому;

2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 4-октябрындагы № 197 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн эсеп-фактураны электрондук документ түрүндө колдонуу маселелери боюнча айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

6. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2022-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

 

 

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы

 

 

А.У. Жапаров