Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 25-марты № 167
"2021-жылдын 16-ноябрында Москва шаарында кол коюлган, ташып кирүүгө бажы алымдарынын (эквиваленттүү болгон башка алымдардын, салыктардын жана жыйымдардын) суммаларын чегерүү жана бөлүштүрүү, аларды Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин бюджеттеринин кирешелерине чегерүү тартибин сактоо маселелери боюнча биргелешкен контролдук иш-чараларды өткөрүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80, 85-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17, 27-беренелерине жана "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Тиркелгендер жактырылсын:
- "2021-жылдын 16-ноябрында Москва шаарында кол коюлган, ташып кирүүгө бажы алымдарынын (эквиваленттүү болгон башка алымдардын, салыктардын жана жыйымдардын) суммаларын чегерүү жана бөлүштүрүү, аларды Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин бюджеттеринин кирешелерине чегерүү тартибин сактоо маселелери боюнча биргелешкен контролдук иш-чараларды өткөрүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;
- 2021-жылдын 16-ноябрында Москва шаарында кол коюлган, ташып кирүүгө бажы алымдарынын (эквиваленттүү болгон башка алымдардын, салыктардын жана жыйымдардын) суммаларын чегерүү жана бөлүштүрүү, аларды Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин бюджеттеринин кирешелерине чегерүү тартибин сактоо маселелери боюнча биргелешкен контролдук иш-чараларды өткөрүү жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин корутундусу.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жогоруда аталган Макулдашууну ишке ашыруу үчүн жооптуу орган болуп аныкталсын.
4. Кыргыз Республикасынын финансы министри аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |
| Долбоор |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2021-жылдын 16-ноябрында Москва шаарында кол коюлган, ташып кирүүгө бажы алымдарынын (эквиваленттүү болгон башка алымдардын, салыктардын жана жыйымдардын) суммаларын чегерүү жана бөлүштүрүү, аларды Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин бюджеттеринин кирешелерине чегерүү тартибин сактоо маселелери боюнча биргелешкен контролдук иш-чараларды өткөрүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу
1-берене.
2021-жылдын 16-ноябрында Москва шаарында кол коюлган, ташып кирүүгө бажы алымдарынын (эквиваленттүү болгон башка алымдардын, салыктардын жана жыйымдардын) суммаларын чегерүү жана бөлүштүрүү, аларды Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин бюджеттеринин кирешелерине чегерүү тартибин сактоо маселелери боюнча биргелешкен контролдук иш-чараларды өткөрүү жөнүндө макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Евразия экономикалык комиссиясына жогоруда аталган Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө белгиленген тартипте кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
|
|
| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 167 токтому менен жактырылган |
2021-жылдын 16-ноябрында Москва шаарында кол коюлган, ташып кирүүгө бажы алымдарынын (эквиваленттүү болгон башка алымдардын, салыктардын жана жыйымдардын) суммаларын чегерүү жана бөлүштүрүү, аларды Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин бюджеттеринин кирешелерине чегерүү тартибин сактоо маселелери боюнча биргелешкен контролдук иш-чараларды өткөрүү жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин КОРУТУНДУСУ
2021-жылдын 16-ноябрында Москва шаарында кол коюлган, ташып кирүүгө бажы алымдарынын (эквиваленттүү болгон башка алымдардын, салыктардын жана жыйымдардын) суммаларын чегерүү жана бөлүштүрүү, аларды Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин бюджеттеринин кирешелерине чегерүү тартибин сактоо маселелери боюнча биргелешкен контролдук иш-чараларды өткөрүү жөнүндө макулдашуу (мындан ары - Макулдашуу) жалпысынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерине ылайык келет жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерге каршы келбейт.
"Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Макулдашуунун долбоору ага кол коюлганга чейин кызыкдар болгон мамлекеттик органдар менен макулдашылган.
2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге ылайык Евразия экономикалык бирлигине (мындан ары - ЕАЭБ) мүчө мамлекеттердин бажы аймагында ташып кирүүгө бажы алымдарынын бирдиктүү ставкалары колдонулат. ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин бажы органдары тарабынан өндүрүлгөн ташып кирүүгө бажы алымдарынын суммалары ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин бюджеттеринин ортосунда бөлүштүрүү нормативине ылайык бөлүштүрүлүүгө тийиш.
2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин № 5 тиркемеси болуп саналган Ташып кирүүгө бажы алымдарынын (эквиваленттүү болгон башка алымдардын, салыктардын жана жыйымдардын) суммаларын чегерүү жана бөлүштүрүү, аларды мүчө мамлекеттердин бюджеттеринин кирешесине которуу тартиби жөнүндө протоколдун 53-пункту менен мүчө мамлекеттердин жогорку мамлекеттик финансылык контролдоо органдары биргелешкен контролдоо иш-чараларынын алкагында жыл сайын мүчө мамлекеттердин ыйгарым укуктуу органдары тарабынан бул Протоколдун жоболорунун сакталышын текшере тургандыгы белгиленген.
Макулдашуу ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин ыйгарым укуктуу органдары тарабынан ташып кирүүгө бажы алымдарынын (эквиваленттүү болгон башка алымдардын, салыктардын жана жыйымдардын) суммаларын чегерүү жана бөлүштүрүү, аларды ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин бюджеттеринин кирешесине которуу тартибин сактоо маселелери боюнча биргелешкен контролдоо иш-чараларын жогорку мамлекеттик финансылык контролдоо органдары тарабынан уюштуруу жана өткөрүү тартибин белгилейт.
Макулдашуу кол коюлганга чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин профилдик комитеттери: 2019-жылдын 22-майында Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети; 2019-жылдын 20-мартында Бюджет жана финансы боюнча комитети менен белгиленген тартипте макулдашуу жол-жобосунан өткөн жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 22-ноябрындагы № 436-б буйругу менен жактырылган.
Макулдашууну ратификациялоо ташып кирүүгө бажы алымдарынын суммаларын чегерүүнүн жана ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин бюджеттеринин ортосунда бөлүштүрүүнүн тууралыгы маселеси боюнча жыл сайын аудит жүргүзүүдө Кыргыз Республикасынын катышуусун камсыз кылууга мүмкүндүк берет.
Макулдашууну ратификациялоо терс финансылык-экономикалык жана башка кесепеттерге алып келбейт.