Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 2-майы № 236
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 159 "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын Өнүктүрүү жана материалдык камсыздоо фонду жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Мамлекеттик финансыны натыйжалуу башкаруу, ошондой эле салык кызматынын органдарынын кызматкерлерине материалдык дем берүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 159 "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын Өнүктүрүү жана материалдык камсыздоо фонду жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын Өнүктүрүү жана материалдык камсыздоо фонду жөнүндө жободо:
- 2-4-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Фонд республикалык бюджеттин чыгаша бөлүгүнөн каржылоонун эсебинен Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 57-беренесинде салык кызматынын органдарынын чыгымдарын каржылоого каралган каражаттардын суммасынын отуз пайызына чейинки өлчөмдө түзүлөт.
3. Фонддун каражаттары төмөнкүлөргө пайдаланылат:
- Мамлекеттик салык кызматынын органдарын өнүктүрүүгө жана материалдык-техникалык базасын чыңдоого;
- социалдык-маданий жана спорттук иш-чараларды өткөрүүгө, салык кызматынын органдарынын кызматкерлери үчүн кесиптик көндүмдөрүн жогорулатуу боюнча иш-чараларды уюштурууга жана өткөрүүгө;
- Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы тарабынан бекитилүүчү тартипке ылайык ыйгарым укуктуу салык органынын кызматкерлерин материалдык сыйлоого жана жардам көрсөтүүгө;
- Мамлекеттик салык кызматынын мамлекеттик жарандык кызматчыларына 1,5 кызматтык маянадан ашпаган өлчөмдө ар айлык дем берүүчү төлөмдөргө, анын ичинен: 1,0 маяна өлчөмүндө туруктуу негизде, 0,5 маянага чейинки өлчөмдө - иштин натыйжасы боюнча Мамлекеттик салык кызматынын жетекчисинин чечимине ылайык төлөнөт;
- салык кызматынын органдарынын техникалык жана кенже тейлөөчү персоналына 1,0 кызматтык маянадан ашпаган өлчөмдө ар айлык дем берүүчү төлөмдөргө;
- салык органдарынын ишин жакшыртууга багытталган башка иш-чараларга.
4. Фонддун каражаттарын пайдалануунун конкреттүү багыттары жана өлчөмдөрү Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы тарабынан белгиленет.
Ушул Жободо каралган эмгек акыга төлөмдөр иш жүзүндө иштеген убактысы үчүн төлөнөт.
Коюлган тапшырмаларды жана функциялык милдеттерди аткарбагандыгы үчүн Мамлекеттик салык кызматынын мамлекеттик жарандык кызматчысы эмгек акыга дем берүүчү төлөмдөн ажыратылышы мүмкүн. Эмгек акыга дем берүүчү төлөмдөн ажыратууга жол берилүүчү учурлардын тизмеги Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы тарабынан аныкталат.".
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги "Кыргыз Республикасынын 2023-жылга жана 2024-2025-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгууда ушул токтомдон келип чыгуучу өзгөртүүлөрдү карасын.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматы өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
4. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2023-жылдын 1-апрелинен тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |