Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 26-апрели № 231
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жана күчүн жоготту деп таануу жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-июлундагы № 366 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин ведомстволук бөлүмдөрүнүн ишин оптималдаштыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 6-ноябрындагы № 242 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин түзүмү жана курамы бекитилгендигине байланыштуу уюштуруу чаралары жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 4-пунктунун 57-59-пунктчалары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"57) Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигине караштуу Геология жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик агенттигинин алдындагы "Кыргызгеология" мамлекеттик ишканасы аны тиешелүү штаты, финансылык жана материалдык-техникалык каражаттары менен Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин карамагына өткөрүп берүү менен "Кыргызгеология" мамлекеттик ишканасы болуп;
58) Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигине караштуу Геология жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик агенттигинин алдындагы "Борбордук лаборатория" мамлекеттик ишканасы аны тиешелүү штаты, финансылык жана материалдык-техникалык каражаттары менен Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин карамагына өткөрүп берүү менен "Борбордук лаборатория" мамлекеттик ишканасы болуп;
59) Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигине караштуу Геология жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик агенттигинин алдындагы Тармактар аралык окуу борбору аны тиешелүү штаты, финансылык жана материалдык-техникалык каражаттары менен Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин карамагына өткөрүп берүү менен Тармактар аралык окуу борбору болуп;".
2. (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-июлундагы № 366 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-июлундагы № 366 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 338 "Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин ведомстволук бөлүмдөрүнүн маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-пунктунда:
- 2-пунктчасы күчүн жоготту деп таанылсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 8 жана 9-пунктчалар менен толукталсын:
"8) Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу "Кыргызгеология" мамлекеттик ишканасынын уставы 8-тиркемеге ылайык;
9) Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу "Борбордук лаборатория" мамлекеттик ишканасынын уставы 9-тиркемеге ылайык.";
2) (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-июлундагы № 366 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы жөнүндө жободо:
- 17-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"17. Министрлик Кызматтын түзүмүн жана штаттык ырааттамасын Кызматтын эмгек акы төлөө фондунун белгиленген ченемдеринин жана кызматкерлеринин штаттык санынын чегинде бекитет.";
- 18-пунктунун бешинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
4) аталган токтомдун 2-тиркемеси күчүн жоготту деп таанылсын;
5) ушул токтомдун 2 жана 3-тиркемелерине ылайык редакциядагы 8 жана 9-тиркемелер менен толукталсын.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-июлундагы № 366 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 15-декабрындагы № 608 "Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин алдындагы мамлекеттик ишканалардын маселелери жөнүндө" токтомунун 1-пунктунун 1-пунктчасы;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 5-мартындагы № 80 "Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин маселелери жөнүндө" токтому;
3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 23-апрелиндеги № 170 "Геология жана жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү айрым мамлекеттик ишканаларды кайра уюштуруу жөнүндө" токтому.
5. Бул токтомду ишке ашыруу Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин бекитилген штаттык санынын жана республикалык бюджетте тиешелүү жылга жана кийинки жылдарга каралган каражаттарынын чегинде жүзөгө ашырылат деп белгиленсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
7. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети жумуш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз-Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |