Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 14-апрели № 220
Кыргыз Республикасынын аймагында товарларды эсепке алуу жана контролдоо жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-апрелиндеги № 179, 2024-жылдын 4-июлундагы № 361 , 2024-жылдын 23-августундагы № 499, 2025-жылдын 11-январындагы N 7, 2025-жылдын 25-мартындагы № 146, 2025-жылдын 4-апрелиндеги № 179, 2025-жылдын 28-августундагы № 533, 2025-жылдын 18-декабрындагы № 811 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
2019-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагына ташылып келген товарларга байкоо жүргүзүү механизми жөнүндө макулдашууну ишке ашыруу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагында товарлардын, анын ичинде мунай продуктуларынын жана идентификациялоо каражаттары менен маркаланууга тийиш болгон товарлардын жүгүртүлүшүн контролдоону күчөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 51, 127-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат.
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазды түзүү жана колдонуу тартиби 1-тиркемеге ылайык;
- Кыргыз Республикасынын аймагында мунайды жана мунай продуктуларын эсепке алуу жана контролдоо тартиби жөнүндө жобо 2-тиркемеге ылайык;
- Мунайды жана мунай продуктуларын эсепке алуунун жана контролдоонун электрондук системасына карата техникалык талаптар 3-тиркемеге ылайык.
- Кыргыз Республикасынын аймагында товарлардын каталогун колдонуу тартиби 4-тиркемеге ылайык.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-апрелиндеги № 179 токтомунун редакциясына ылайык)
11. Мунай продуктуларына контролдук пломбаларды колдонуу тартиби ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан бекитилет.
Кыргыз Республикасынын аймагында отун маркери менен маркаланган бензинге жана дизелдик отунга контролдук пломбаларды колдонуунун акыркы мөөнөтү 2025-жылдын 31-декабры деп белгиленсин.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 4-июлундагы № 361, 2024-жылдын 23-августундагы № 499, 2025-жылдын 4-апрелиндеги № 179, 2025-жылдын 28-августундагы № 533 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
2. Субъект ушул токтомдун 1-тиркемесинде белгиленген тартипте электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазды колдонууга милдеттүү деп белгиленсин:
1) 2022-жылдын 15-майынан тартып - Кыргыз Республикасынын аймагында мунай жана мунай продукттарына (ТЭИ ТН 2710197100-2710199800 коддору менен майлоочу майларды жана башка майларды кошпогондо), идентификациялоо каражаттары менен маркаланууга тийиш болгон товарларга, ошондой эле ТЭИ ТН 2203 товардык позициясында классификациялануучу, таңгакталган жана таңгакталбаган сырага карата;
2) 2022-жылдын 1-июлунан тартып - Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагына ташылып келген товарларга байкоо жүргүзүү механизми жөнүндө макулдашууга ылайык Евразия экономикалык комиссиясы бекиткен тизмекке киргизилген товарларга карата;
3) (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-мартындагы № 146 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4) (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-мартындагы № 146 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
5) 2027-жылдын 1-январынан тартып - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык санариптик маркалоого тийиш болгон дары-дармек каражаттарына жана медициналык буюмдарга карата.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-апрелиндеги № 179, 2024-жылдын 23-августундагы № 499, 2025-жылдын 11-январындагы N 7, 2025-жылдын 25-мартындагы № 146 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
3. Субъект төмөнкүдөй деп белгиленсин:
1) товарлардын идентификациялоо коддорун (анын ичинде топтук таңгактарды идентификациялоо коддорун, транспорттук таңгактарды идентификациялоо коддорун) көрсөтпөстөн "Электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаз" модулунда документин 2026-жылдын 1-апрелине чейинки мөөнөттө түзүүгө укуктуу;
2) товарларга карата электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздын милдеттүү колдонуу мөөнөтү келгенге чейин электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаз модулунда аталган товарлардын калдыктарын алардын иш жүзүндөгү калдыктарына ылайык келтирүүнү камсыз кылууга милдеттүү.
3) мунайдын жана мунай продуктуларынын калдыктары, жөнөтүлгөн көлөмдөрү, ошондой эле отун таратуучу колонканын эсептөө механизмдеринин көрсөткүчтөрү жөнүндө маалыматтарды берүү тартиби ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан бекитилген учурдан тартып 6 айдын ичинде ыйгарым укуктуу салык органынын маалымат системасына ай сайын маалыматтарды берүүнү камсыз кылууга милдеттүү.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-мартындагы № 146, 2025-жылдын 18-декабрындагы № 811 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматы экономикалык иштин субъекттеринин арасында электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазды колдонуу боюнча системалуу негизде түшүндүрүү жана маалыматтык иштерди жүргүзсүн.
5. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 17-сентябрындагы № 482 "Кыргыз Республикасынын аймагында мунайды жана мунай заттарды эсепке алуу жана контролдоо жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 17-декабрындагы № 691 "Салык жол-жоболорун фискалдаштыруунун электрондук системасын киргизүү боюнча чаралар жөнүндө" токтомунун 6-пункту;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 30-мартындагы № 191 "Салык жол-жоболорун фискалдаштыруунун электрондук системасын киргизүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 4-пункту.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
7. Бул токтом 2022-жылдын он бешинчи майынан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |
1-тиркеме
Электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазды түзүү жана колдонуу ТАРТИБИ
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-апрелиндеги № 179, 2024-жылдын 23-августундагы N 499, 2025-жылдын 11-январындагы N 7, 2025-жылдын 25-мартындагы № 146 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Бул Тартип Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 127-беренесине, 2019-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагына ташып келинген товарларга байкоо жүргүзүү механизми жөнүндө макулдашууга ылайык иштелип чыккан жана Кыргыз Республикасынын аймагында товарларды жүгүртүү тартибин аныктайт.
2. Ушул Тартипте төмөнкүдөй түшүнүктөр жана аныктамалар колдонулат:
1) "Электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаз" модулу (мындан ары - ЭТТК модулу) - Кыргыз Республикасынын салыктык башкаруу маалыматтык системасынын модулу, ал аркылуу субъект тарабынан электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаз түзүлөт жана колдонулат;
2) товарларды эсепке алуу кампасы - электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазды колдонууга милдеттүү болгон өндүрүштүк жана соода объекттерин, кампа жайларын, курулуш объекттерин жана субъекттин башка объекттерин (мындан ары - экономикалык иштин объекттери) эсепке алуу үчүн багытталган ЭТТК модулунун бөлүгү;
3) субъектти эсепке алуу системасы - салыктык милдеттенмени аткаруу үчүн жүргүзүлүүчү, баштапкы эсепке алуу документтеринин, бухгалтердик эсептин регистрлеринин маалыматтарын, салык салынуучу объекттер жана/же салык салуу менен байланышкан объекттер жөнүндө маалыматтарды камтыган бухгалтердик жана салыктык эсепке алуу системасы;
4) электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаз (мындан ары - ЭТТК) - ыйгарым укуктуу салык органы бекиткен форма боюнча субъект тарабынан таризделүүчү жана түзүлүүчү коштомо документ.
Ушул Тартипте пайдаланылуучу терминдер жана аныктамалар ушул Тартипте аныкталган мааниде чечмеленет. Ушул Тартипте терминдердин жана аныктамалардын чечмелениши жок болгон учурда терминдер жана аныктамалар Кыргыз Республикасынын тиешелүү мыйзамдарында жана/же Евразия экономикалык бирлигинин (мындан ары - ЕАЭБ) укугу менен аныкталган мааниде чечмеленет.
3. Кыргыз Республикасынын аймагында товарларды жүгүртүү төмөнкү учурларда ЭТТКны милдеттүү түрдө колдонуу менен жүргүзүлөт:
1) Кыргыз Республикасынын аймагында товарларды сатууда;
2) Кыргыз Республикасынын аймагынан товарларды экспорттоодо;
3) калкка сатылган товарларды кайтарууну кошпогондо, сатып алуучу тарабынан товарлар кайтарылганда;
4) иштетип алма чийки затты жана аны кайра иштетүү продукттарын өткөрүп берүүдө;
5) жарандык-укуктук келишимдердин негизинде товарларды агенттин атынан сатуу үчүн принципал тарабынан агентке өткөрүп берүүдө;
6) товарларды башка субъекттерге акысыз өткөрүп берүүдө;
7) бир субъекттин чегинде же анын филиалдарынын ортосунда товарларды которуштурууда.
4. Кыргыз Республикасынын аймагында товарлар төмөнкү учурларда ЭТТКны колдонбостон жүргүзүлүшү мүмкүн:
1) калк менен эсептешүүдө;
2) (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-мартындагы № 146 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3) (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-мартындагы № 146 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4) (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-мартындагы № 146 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
5) (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-мартындагы № 146 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
6) табигый кырсыктардын, табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу үчүн зарыл болгон товарларды жеткирүүдө же импорттоодо/ташып кирүүдө;
7) (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-мартындагы № 146 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
8) (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-мартындагы № 146 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
9) мамлекеттик органдын аймактык бөлүмдөрүнүн жана/же түзүмдүк бирдиктеринин ортосунда товарларды которуштурууда;
10) товарларды гуманитардык жардам түрүндө берүүдө;
11) Кыргыз Республикасынын бажы мыйзамдарына ылайык эркин экономикалык зоналардын субъекти тарабынан эркин экономикалык зоналардын аймагынан Кыргыз Республикасынын аймагына товарларды жеткирүүдө;
12) Кыргыз Республикасынын аймагына товарларды импорттоодо/ташып кирүүдө;
13) чекене сатуу түйүндөрү аркылуу товарларды андан ары керектөө максатында контролдук-кассалык машиналарды колдонуу менен талондор, карталар, белек сертификаттары аркылуу сатууда, мындай товарларды өндүрүштө керектөөдөн же андан ары сатуудан тышкары;
14) (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-мартындагы № 146 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
15) (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-мартындагы № 146 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
16) өсүмдүк жана жаныбарлардан алынган айыл чарба продукциясын өстүрүү үчүн арналган товарларды юридикалык жакты түзбөстөн дыйкан (фермердик) чарбанын дарегине жеткирүүдө;
17) (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-мартындагы № 146 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 23-августундагы N 499, 2025-жылдын 11-январындагы N 7, 2025-жылдын 25-мартындагы № 146 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
5. ЭТТК модулунда иштөө үчүн субъект Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган тартипке ылайык товарлардын каталогун колдонууга милдеттүү.
6. ЭТТК модулу ЭТТК түзүүнү жана Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында белгиленген доонун эскирүү мөөнөтүнүн ичинде маалыматты сактоону камсыз кылат.
7. ЭТТК формасы жана аны тариздөөнүн тартиби ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан аныкталат жана ыйгарым укуктуу салык органынын расмий сайтына жайгаштырылууга тийиш.
2-глава. ЭТТК модулунда субъектти каттоо жана жокко чыгаруу тартиби
8. Субъектти ЭТТК модулунда каттоо салык төлөөчүнүн кабинети аркылуу жүргүзүлөт. Субъекттин анын кабинетине кирүү мүмкүнчүлүгүн алуу тартибин ыйгарым укуктуу салык органы аныктайт.
9. ЭТТК модулунда иштөө үчүн, анын ичинде товарларды сатып алуу/алуу үчүн төмөнкүлөрдү кошпогондо, субъект товарларды эсепке алуу кампасын түзүүгө милдеттүү:
1) ишкердик иш жүргүзбөгөн жеке жакты;
2) тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан ыйгарым укуктуу салык органына берилүүчү тизмекке ылайык чет өлкөлөрдүн дипломатиялык өкүлчүлүктөрүн жана консулдук мекемелерин;
3) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдердин негизинде ишкердик иш жүргүзгөндөрдөн тышкары, тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан ыйгарым укуктуу салык органына берилүүчү тизмекке ылайык эл аралык уюмдардын өкүлчүлүктөрүн;
4) соода жана/же өндүрүштүк иш жүргүзгөндөрдөн тышкары, билим берүү жаатында бирдиктүү мамлекеттик саясатты иштеп чыгуучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан ыйгарым укуктуу салык органына берилүүчү тизмекке ылайык мамлекеттик жалпы билим берүү жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарын.
5) өздүк өндүрүштөгү өсүмдүк жана жаныбарлардан алынган айыл чарба продукциясын кайра иштетүү продуктуларынан тышкары, юридикалык жакты түзбөстөн жана мындай продукцияны сатуу менен алектенген дыйкан (фермердик) чарбасын.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 11-январындагы N 7 токтомунун редакциясына ылайык)
10. Ушул Тартиптин 11-пунктунда көрсөтүлгөн учурларды кошпогондо, ЭТТК модулунда товарларды эсепке алуу кампасы экономикалык иштин объектинин иш жүзүндө жайгашкан дарегин көрсөтүү менен түзүлөт.
11. ЭТТК модулунда төмөнкүлөргө юридикалык дарегин гана көрсөтүү менен товарларды эсепке алуу кампасын түзүүгө жол берилет:
1) аткаруу, контролдоо функцияларын, анын ичинде мамлекеттик материалдык резерв системасын башкарууну жүзөгө ашырууга ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга;
2) улуттук коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга, аткаруу бийлигинин коргоо маселелерин тескеген мамлекеттик органдарына, ички иштер органдарына алардын ведомстволук жана түзүмдүк бөлүмдөрүнүн, анын ичинде аскердик бөлүктөрүнүн жана мекемелеринин даректерин көрсөтпөстөн.
12. Экономикалык иш объекти жабылган учурда, субъект ЭТТК модулундагы товарларды эсепке алуу кампасын жоюуга милдеттүү. Товарларды эсепке алуу кампасында товарлардын калдыгы жок болгон шартта ЭТТК модулунда товарларды эсепке алуу кампасы жоюлууга тийиш.
13. Салык органы төмөнкү учурларда субъекттин ЭТТК модулундагы ишин убактылуу токтотуп туруу боюнча чараларды көрүүгө укуктуу:
1) ушул Тартиптин талаптарын бузганда;
2) товарларды эсепке алуу кампасын түзүүдө ЭТТК модулунда көрсөтүлгөн иш жүзүндөгү дарек боюнча субъекттин жана/же экономикалык иш объекти жок болгондо;
3) товарлар ЭТТК модулундагы товарларды эсепке алуу кампасында болуп, бирок алардын иш жүзүндөгү калдыктары жок болгондо;
4) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган тартипте электрондук документтер түрүндөгү эсеп-фактуралардын маалыматтык системасында электрондук документ жүгүртүүнүн катышуучусу катары эсептик жазуунун колдонулушу токтотулуп турганда.
14. Ушул Тартиптин 13-пунктунда көрсөтүлгөн учурлар оңдолгон жана/же ырасталбаган учурда, салык органы ЭТТК модулунда субъекттин ишин кайра калыбына келтирет.
ЭТТК модулунда субъекттин ишин убактылуу токтото туруу жана кайра улантуу тартибин ыйгарым укуктуу салык органы аныктайт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-мартындагы № 146 токтомунун редакциясына ылайык)
15. ЭТТК модулунда субъекттин каттоосун жокко чыгаруу субъекттин иши токтотулган жана/же субъекттин иши токтотулганга чейин салыктык каттоосу жокко чыгарылган жана/же товарларды эсепке алуу кампасында товарлардын калдыгы жок болгон шартта салыктык каттоону жокко чыгаруу жол-жобосу башталган учурда жүзөгө ашырылат.
3-глава. ЭТТКны түзүү жана колдонуу
16. Субъект тарабынан ЭТТКны түзүү жана колдонуу үчүн товарлар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган тартипте товарлардын каталогуна киргизилиши керек.
17. ЭТТКны тариздөө/алуу төмөнкүлөр аркылуу ишке ашырылат:
1) ЭТТК модулу;
2) ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан аныкталган тартипте ЭТТК модулу менен интеграцияланган субъекттин эсепке алуу системасы.
18. ЭТТКны түзүү датасы болуп ЭТТК жиберилгендигин ырастаган дата эсептелет.
Эгерде модулда генерацияланган ЭТТК номери жана QR-код камтылса, ЭТТК түзүлдү деп эсептелет.
ЭТТКнын оригиналы, башкача айтканда түп нускасы болуп ЭТТК модулунда түзүлгөн электрондук документ эсептелет.
19. ЭТТК модулунда субъект тарабынан төмөнкүдөй операциялар жүргүзүлөт:
1) кириштөө;
2) сатуу;
3) экспорттоо;
4) которуштуруу;
5) кайтаруу;
6) эсептен чыгаруу.
20. Идентификациялоо каражаттары менен милдеттүү түрдө маркаланууга тийиш болгон товарлар менен операциялар аткарылган учурда документ товарлардын идентификациялоо коддорун (анын ичинде топтук таңгактарды идентификациялоо коддорун, транспорттук таңгактарды идентификациялоо коддорун) көрсөтүү менен милдеттүү тартипте түзүлөт.
21. Субъект товарларды ЭТТК модулундагы товарларды эсепке алуу кампасына төмөнкү учурларда кириштөөгө милдеттүү:
1) эгерде алар андан ары сатуу үчүн багытталбаса, мамлекеттик органдар жана анын түзүмдүк бөлүмдөрү тарабынан товарларды импорттоону кошпогондо, товарларды импорттоодо;
2) өндүрүштө (даярдоодо);
3) ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан аныкталган тартипте салык контролун жүргүзүүнүн жүрүшүндө эсепке алынбаган товарлар табылганда;
4) контролдук-кассалык чектин негизинде андан ары сатуу же кайра иштетүү үчүн калктан алардын жеке товарларын кабыл алууда (сатып алууда);
5) (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-мартындагы № 146 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
6) ушул Тартиптин 3-пунктунда көрсөтүлгөн операцияларды жүргүзүүдө товарларга менчик укугу өткөн учурларды кошпогондо, күбөлөндүрүүчү документтер болгондо товарларга менчик укугу өткөн башка учурларда.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-мартындагы № 146 токтомунун редакциясына ылайык)
22. Товарларды ЭТТК модулундагы товарларды эсепке алуу кампасына кириштөө ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан белгиленген тартипте жана мөөнөттө жүзөгө ашырылат.
23. Товарларды сатууда ЭТТК субъект тарабынан экономикалык иш объектинен ЭТТК модулунда катталган субъектке товар жөнөтүлгөнгө (өткөрүп бергенге) чейин түзүлөт.
Товарлар ушул Тартиптин 9-пунктунун 2, 3 жана 4-пунктчаларында көрсөтүлгөн субъекттерге сатылган учурда, ЭТТК модулунда көрсөтүлгөн тизмекке ылайык субъекттердин дарегине ЭТТК таризделет, ЭТТК түзүлгөндөн кийин документке автоматтык түрдө "Кабыл алынды" статусу ыйгарылат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-мартындагы № 146 токтомунун редакциясына ылайык)
24. Товарларды экспорттоодо ЭТТК Дүйнө өлкөлөрүнүн мамлекеттер аралык классификаторуна ылайык өлкөнүн аталышын жана кодун көрсөтүү менен экономикалык иш обьектинен товар жөнөтүлгөнгө (өткөрүп бергенге) чейин түзүлөт, ЭТТК түзүлгөндөн кийин документке автоматтык түрдө "Кабыл алынды" статусу ыйгарылат.
Эгерде экспортко ЭТТК таризделгенден кийин субъект ЭТТКда көрсөтүлгөн маалыматтар өзгөртүүнү талап кылаарын аныктаса, субъект андан ары жаңы ЭТТКны тариздөө менен ыйгарым укуктуу салык органы аныктаган тартипте жана мөөнөттө таризделген документти кайра кайтарып алууга укуктуу.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-мартындагы № 146 токтомунун редакциясына ылайык)
25. Кыргыз Республикасынын аймагында товарларды бул товарларга менчик укугунун өтүшүн карабаган бир субъекттин чегинде мындай товарларды бир сактоочу жайдан экинчисине ички которуштурууда, анын ичинен филиалдардын ортосунда которуштурууда субъект ЭТТК модулунда жөнөтүлгөн жеринин жана дайындалган пунктунун даректерин көрсөтүү менен ЭТТК түзөт.
26. Мурда сатып алынган товарларды кайтарууда ушул Тартиптин 24-пунктуна ылайык түзүлүүчү экспорттоодо товарларды кайтаруу учурларын кошпогондо, ЭТТК сатып алуучу тарабынан ЭТТК модулунда жеткирүүчү тарапка кайра жөнөтүлгөнгө (өткөрүп бергенге) чейин таризделет.
27. ЭТТК модулундагы товарларды эсептен чыгаруу төмөнкү учурларда жүзөгө ашырылат:
1) калкка товарларды жеткирүү;
2) сатып алынган товарларды пайдалануу, анын ичинде өндүрүштө (даярдоодо);
3) товарларды жоготуу жана бузуу;
4) товарлардын табигый азаюусу жана технологиялык жоголуусу;
5) салыктык контролдун жүрүшүндө товарлар ЭТТК модулундагы товарларды эсепке алуу кампасында болуп, бирок алардын иш жүзүндөгү калдыктары жок экендигин аныктоо;
6) товарларды гуманитардык жардам түрүндө өткөрүп берүү;
7) ушул Тартиптин 4-пунктунун 6, 11, 13, 16-пунктчаларында көрсөтүлгөн товарларды жеткирүү;
8) ушул Тартиптин 3-пунктунда көрсөтүлгөн жагдайларды кошпогондо, күбөлөндүрүүчү документтер болгон башка учурлар.
Товарларды эсептен чыгаруу ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан белгиленген тартипте жана мөөнөттө жүзөгө ашырылат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 23-августундагы N 499, 2025-жылдын 11-январындагы N 7, 2025-жылдын 25-мартындагы № 146 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
28. ЭТТКны алууда сатып алуучу/алуучу:
1) ЭТТК кабыл алынгандыгын ырастайт;
2) төмөнкүлөргө байланыштуу ЭТТКны алуудан баш тартат:
а) туура эмес маалыматтар менен же өзгөртүүлөрдү киргизүүнү талап кылган ЭТТКны алгандыгына. Мында жеткирүүчү/жөнөтүүчү четке кагылган ЭТТКнын маалыматтарын көрсөтүү менен жаңы ЭТТК жазып берүүгө милдеттүү;
б) жеткирүүнү жокко чыгарууга жана товарларды алуудан баш тартууга. Эгерде жөнөтүлгөн товарлар экономикалык иш объектине кайтарылбаса, жеткирүүчү/жөнөтүүчү четке кагылган ЭТТКнын маалыматтарын көрсөтүү менен жаңы ЭТТК жазып берүүгө милдеттүү.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-мартындагы № 146 токтомунун редакциясына ылайык)
29. ЭТТКны кабыл алуудан баш тартканда, бул ЭТТК четке кагылды деп эсептелет.
Эгерде сатып алуучу/алуучу 10 календардык күндүн ичинде ЭТТКны ырастабаса же четке какпаса, бул ЭТТК ырасталды деп эсептелет.
30. Эгерде жеткирүүчү/жөнөтүүчү ЭТТК жөнөтүлгөн учурдан тартып 10 календардык күн өткөнгө чейин кабыл алынбаган ЭТТКны чакыртып алса, бул ЭТТК чакыртып алынган болуп эсептелет.
ЭТТКны чакыртып алууда жеткирүүчү/жөнөтүүчү чакыртып алуунун төмөнкү себептерин көрсөтөт:
1) түзүлгөн ЭТТКдагы туура эмес маалыматтар же өзгөртүүлөрдү киргизүүнү талап кылган маалыматтар. Мында жеткирүүчү/жөнөтүүчү чакыртып алынган ЭТТКнын маалыматтарын көрсөтүү менен жаңы ЭТТКны жазып берүүгө милдеттүү;
2) жеткирүүнү жокко чыгаруу жана алуучунун товарларды алуудан баш тартуусу. Эгерде жөнөтүлгөн товарлар экономикалык иш объектине кайтарылбаса, жеткирүүчү/жөнөтүүчү чакыртып алынган ЭТТКнын маалыматтарын көрсөтүү менен жаңы ЭТТКны жазып берүүгө милдеттүү.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-мартындагы № 146 токтомунун редакциясына ылайык)
31. Сатып алуучу/алуучу тарабынан ырасталгандан кийин ЭТТКны чакыртып алуу мүмкүн эмес.
32. Ал жеткис күчтүн жагдайлары келип чыккан учурда ЭТТКны тариздөөнүн, колдонуунун жана түзүүнүн тартиби ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан аныкталат.