Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2025-жылдын 27-ноябрындагы № 760
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 30-апрели № 239
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2017-жылдын 23-июнундагы № 407 "Транспорт
каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды
каттоо маселелери жөнүндө" токтомуна
өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Айыл чарба техникаларын, өзү жүрүүчү технологиялык машиналарды (ӨТМ) жана жабдууларды толук эсепке алууну жүзөгө ашыруу жана Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин ишин натыйжалуу уюштуруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-июнундагы № 407 "Транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды каттоо маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Катталган транспорт каражаттарынын жана айдоочулук курамынын электрондук маалыматтар базасына ыкчам кирүү укугу бар Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана кызмат адамдарынын тизмегинде:
- төмөнкүдөй мазмундагы он алтынчы абзац менен толукталсын:
"Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин кызмат адамдары.";
- эскертүү төмөнкүдөй мазмундагы 2-пункт менен толукталсын:
"2. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги катталган айыл чарба техникасынын жалпы санын билүүгө укугу бар, катталган транспорт каражаттарынын жана айдоочулук курамдын электрондук маалыматтар базасында камтылган маалыматты ачыкка чыгаргандыгы, ошондой эле мыйзамга ылайык келбеген жана так эмес маалымат бергендиги үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кылмыш-жаза жана тартиптик жоопкерчиликке тартылуучу кызмат адамдарынын тизмегин аныктайт.".
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз-Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |