Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-июнундагы № 328 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2021-жылдын 15-ноябры № 251
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин маселелери жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-мартындагы № 151, 2022-жылдын 30-апрелиндеги № 247, 2022-жылдын 27-сентябрындагы № 523, 2023-жылдын 6-апрелиндеги № 189, 2023-жылдын 23-майындагы № 270, 2023-жылдын 24-июлундагы № 367, 2023-жылдын 28-августундагы № 439, 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675, 2024-жылдын 24-июнундагы № 326, 2024-жылдын 31-июлундагы № 440, 2024-жылдын 5-августундагы № 456 , 2024-жылдын 2-декабрындагы № 719, 2025-жылдын 25-февралындагы № 87, 2025-жылдын 27-мартындагы № 158, 2025-жылдын 17-апрелиндеги № 210
токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы № 425 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин түзүмү жана курамы жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын түзүмү жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;
2) Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин башкаруу схемасы 2-тиркемеге ылайык;
3) (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-апрелиндеги № 210 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4) (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-апрелиндеги № 210 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
5) (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 6-апрелиндеги № 189 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
6) (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-апрелиндеги № 247 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-апрелиндеги № 247 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 5-мартындагы № 79 "Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 1-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
- жогоруда аталган токтомдун 1 жана 2-тиркемелери күчүн жоготту деп таанылсын.
3. (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 4-августундагы № 108 "Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин маселелери жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
5. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги белгиленген тартипте:
- өз чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин;
- ушул токтомдон келип чыгуучу тиешелүү чараларды көрсүн.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
7. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.У.Жапаров |
|
2-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин башкаруу СХЕМАСЫ
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 27-мартындагы № 158 токтомунун редакциясына ылайык)