Загрузка документа…
|
| 3-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-мартындагы № 150 токтомуна) |
Товарлар сапатын же башка керектөө касиеттерин жоготконуна байланыштуу рыноктук бааны аныктоо ТАРТИБИ
1. Ушул Тартип товардык-материалдык запастарды сатуу учурунда товарлар сапатын же башка керектөө касиеттерин жоготуудан келип чыккан арзандатууну эске алуу менен салык салуу максатында рыноктук бааны түзүү тартибин аныктайт.
Эскертүү: Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин (мындан ары - Салык кодекси) 175-беренесине ылайык салыктык эсепке алуу ушул Кодекске ылайык салык төлөөчүнүн салык саясатында чагылдыруучу салык милдеттенмелерин эсептөө үчүн маалыматтарды жалпылоо системасын билдирет. Мында Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 176-беренесине ылайык салык төлөөчү салык максаттары үчүн кирешелерди жана чыгашаларды эсепке алуу методу же кассалык метод менен аныктайт.
2. Финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандартынын "Запастар" 2-бөлүгүнө ылайык сатуунун мүмкүн болгон таза наркына чейин жарым-жартылай эсептен чыгаруунун чоңдугу жана запастардын бардык жоготуулары бухгалтердик эсепте эсептен чыгаруу же жоготуулардын келип чыгуу мезгилиндеги чыгым катары таанылууга тийиш.
3. Запастарды өздүк наркынан төмөн, сатуунун мүмкүн болгон баасына чейин эсептен чыгаруу запастар бузулган же моралдык жактан эскирген учурда жүргүзүлөт, мында алардын сатылуучу баасы төмөндөйт. Эгерде запастардын наркынын орду толбой турган кырдаал келип чыкса, мындай запастар сатуунун таза наркына чейин кайра бааланышы мүмкүн. Сатуунун таза наркын аныктоонун төмөнкү чеги стандартта белгиленген эмес, ал нөлгө барабар болушу мүмкүн.
4. Товардын бузулгандыгын тастыктоо, анын керектөө касиеттеринин төмөндөшүнө же өз багыты боюнча пайдалануу мүмкүн эместигине байланыштуу аны сатуунун мүмкүн болгон наркына чейин кайра баалоо үчүн ишкердик субъекттер Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын көз карандысыз эксперттик түзүмүнө кайрылышы керек. Жүргүзүлгөн көз карандысыз экспертизанын жыйынтыктары боюнча түзүлгөн документ Кыргыз Республикасынын салык кызматына берилет.
5. Товарлардын (жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн) сапатынын жана коопсуздугунун көз карандысыз экспертизасын Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын эксперттик түзүмдөрү, белгиленген тартипте аккредиттелген сертификаттоо боюнча органдар, керектөөчүлөрдүн коомдук бирикмелери (алардын ассоциациялары, бирликтери) ишке ашырышы ыктымал, мында зарылдыгына жараша тиешелүү орган тарабынан сыноо лабораторияларында техникалык компетенттүүлүккө жана көз карандысыздыкка сыноолор жүргүзүлүшү мүмкүн.
6. Товарлар бузулган жана кайра иштетүүгө жараксыз деп таанылган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 9-июлундагы № 407 токтому менен бекитилген Сатууга жараксыз деп таанылган продукцияны (товарларды) жок кылуу (кайра иштетүү) тартиби жөнүндө жобого ылайык товар иш жүзүндө жок кылынат.
7. Эгерде өндүрүштүк максаттарга арналып сатып алынган материалдык ресурстар форс-мажордук жагымсыз шарттардын (өрт, суу ташкыны ж.б.) натыйжасында бузулгандыгына байланыштуу эсептен чыгарылса, анда Жарандык коргонуу, өрт, радиациялык коопсуздук, суу объектилериндеги адамдардын коопсуздугу жана гидрометеорология жаатында бирдиктүү мамлекеттик саясатты жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан күбөлөндүрүлгөн мындай фактыны ырастаган тиешелүү документтер болсо, мындай материалдык ресурстарды жоготуу ишкананын чыгымдары болуп саналат.
Эскертүү: "Дары каражаттарын жүгүртүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында Дары каражаттарынын сапатын, натыйжалуулугун жана коопсуздугун контролдоонун жана көзөмөлдөөнүн мамлекеттик системасы аныкталган. Сатууга жана колдонууга жараксыз дары каражаттарын жүгүртүү эрежелерине ылайык, сапатсыз, жасалмаланган, жарактуулук мөөнөтү бүткөн жана жараксыз болуп калган дары каражаттары аларды берүүчүгө милдеттүү түрдө кайтарылууга же жок кылынууга тийиш. Колдонууга жараксыз дары-дармек каражаттарын жок кылуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 6-апрелиндеги № 137 токтому менен бекитилген "Медициналык колдонуу үчүн дары каражаттарынын коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламентине ылайык жүргүзүлөт.
8. Кыргыз Республикасынын чарбалык субъекттеринин кампаларындагы товардык запастарды кыскартуу боюнча иштерди активдештирүү, алардын финансылык абалын жакшыртуу, жүгүртүлүшүн тездетүү жана жүгүртүү каражаттары менен толуктоо максатында менчигинин түрүнө карабастан чарбалык субъекттерге көпкө туруп калган продукциянын жана товарлардын калдыктарын өздүк наркынан төмөн баада сатууга уруксат берилет.