Загрузка документа…
| КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 15-ноябрындагы N 605 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 17-майындагы № 254 токтомуна) |
Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин экономикасынын туруктуулугун жогорулатууга багытталган чараларды ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын аймагына ташылып келген товарларды башкаруу жөнүндө жобо
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин 2022-жылдын 17-мартындагы № 37 чечими (мындан ары - Кеңештин Чечими) менен бекитилген Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин экономикасынын туруктуулугун жогорулатууга багытталган чараларды ишке ашыруу максатында Евразия экономикалык бирлигинин аймагына ташылып келген товарлардын тизмегинде көрсөтүлгөн Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин экономикасынын туруктуулугун жогорулатууга багытталган чараларды ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын аймагына ташылып келген товарларды башкарууга байланышкан маселелерди жөнгө салат.
2-глава. Тарифтик жеңилдиктер колдонулган товарлардын айрым түрлөрүн ташып келүүнүн шарттары
2. Кеңештин Чечиминин № 2 тиркемесине ылайык тизмекке киргизилген, Кыргыз Республикасынын аймагына ташылып келүүчү азык-түлүк продукциясын өндүрүү жана сатуу үчүн колдонулуучу товарларды ташып келүүдө арыз ээси тарабынан бажы органына айыл чарба саясаты чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган берген ташылып келген товарлардын максаттуу багытын жана мындай товарлардын номенклатурасы, саны, наркы, ошондой эле ташып келүүнү жүзөгө ашырган уюмдар жөнүндө маалыматтарды камтыган ырастоону берүү талап кылынат.
3. Кеңештин Чечиминин № 3 тиркемесине ылайык тизмекке киргизилген, Кыргыз Республикасынын аймагына ташылып келүүчү фармацевтикалык продукцияларды өндүрүү үчүн колдонулуучу товарларды ташып келүүдө арыз ээси тарабынан өнөр жай саясаты чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган берген ташылып келген товарлардын максаттуу багытын жана мындай товарлардын номенклатурасы, саны, наркы, ошондой эле ташып келүүнү ишке ашырган уюмдар жөнүндө маалыматтарды камтыган ырастоону бажы органына берүү талап кылынат.
4. Кеңештин Чечиминин № 4 тиркемесине ылайык тизмекке киргизилген, Кыргыз Республикасынын аймагына ташылып келүүчү электрондук продукцияларды өндүрүү үчүн колдонулуучу товарларды ташып келүүдө арыз ээси тарабынан өнөр жай саясаты чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган берген ташылып келген товарлардын максаттуу багытын жана мындай товарлардын номенклатурасы, саны, наркы, ошондой эле ташып келүүнү ишке ашырган уюмдар жөнүндө маалыматтарды камтыган ырастоону бажы органына берүү талап кылынат.
5. Кеңештин Чечиминин № 5 тиркемесине ылайык тизмекке киргизилген, Кыргыз Республикасынын аймагына ташылып келүүчү санариптик технологияларды өнүктүрүү максатында колдонулуучу товарларды ташып келүүдө арыз ээси тарабынан маалыматтык технологиялар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган берген ташылып келген товарлардын максаттуу багытын жана мындай товарлардын номенклатурасы, саны, наркы, ошондой эле ташып келүүнү ишке ашырган уюмдар жөнүндө маалыматтарды камтыган ырастоону бажы органына берүү талап кылынат.
6. Кеңештин Чечиминин № 6 тиркемесине ылайык тизмекке киргизилген, Кыргыз Республикасынын аймагына ташылып келүүчү жеңил өнөр жай продукцияларын өндүрүү үчүн колдонулуучу товарларды ташып келүүдө арыз ээси тарабынан өнөр жай саясаты чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган берген ташылып келген товарлардын максаттуу багытын жана мындай товарлардын номенклатурасы, саны, наркы, ошондой эле ташып келүүнү ишке ашырган уюмдар жөнүндө маалыматтарды камтыган ырастоону бажы органына берүү талап кылынат.
7. Кеңештин Чечиминин № 7 тиркемесине ылайык тизмекке киргизилген, Кыргыз Республикасынын аймагына ташылып келүүчү металлургия продукцияларын өндүрүү үчүн колдонулуучу товарларды ташып келүүдө арыз ээси тарабынан өнөр жай саясаты чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган берген ташылып келген товарлардын максаттуу багытын жана мындай товарлардын номенклатурасы, саны, наркы, ошондой эле ташып келүүнү ишке ашырган уюмдар жөнүндө маалыматтарды камтыган ырастоону бажы органына берүү талап кылынат.
8. Кеңештин Чечиминин № 8 тиркемесине ылайык тизмекке киргизилген, Кыргыз Республикасынын аймагына ташылып келүүчү курулуш тармагында колдонулуучу товарларды ташып келүүдө арыз ээси тарабынан өнөр жай саясаты чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган берген ташылып келген товарлардын максаттуу багытын жана мындай товарлардын номенклатурасы, саны, наркы, ошондой эле ташып келүүнү ишке ашырган уюмдар жөнүндө маалыматтарды камтыган ырастоону бажы органына берүү талап кылынат.
9. Кеңештин Чечиминин № 9 тиркемесине ылайык тизмекке киргизилген, Кыргыз Республикасынын аймагына ташылып келүүчү транспорт тармагында колдонулуучу товарларды ташып келүүдө арыз ээси тарабынан транспорт чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган берген ташылып келген товарлардын максаттуу багытын жана мындай товарлардын номенклатурасы, саны, наркы, ошондой эле ташып келүүнү ишке ашырган уюмдар жөнүндө маалыматтарды камтыган ырастоону бажы органына берүү талап кылынат.
3-глава. Ташылып келген товарлардын максаттуу багытын ырастоону алуунун тартиби
10. Ташылып келген товарлардын максаттуу багытын ырастоону алуу үчүн тышкы экономикалык иштин катышуучусу (мындан ары - ТЭИК) тиешелүү ыйгарым укуктуу органга ушул Жобонун 1-тиркемесине ылайык форма боюнча арыз берет:
Арызга төмөнкүдөй документтер тиркелет:
- товарды жеткирүүгө контракттын көчүрмөсү;
- продукциялардын Евразия экономикалык бирлигинин техникалык регламентинин талаптарына шайкештиги жөнүндө декларациянын көчүрмөсү;
- ушул Жобонун 2-тиркемесине ылайык форма боюнча ташылып келген товарларды максаттуу пайдалануу жөнүндө милдеттенме;
- ташылып келген товарлардын максаттуу багытын ырастаган документтер;
- документтерди өкүл тарабынан берген учурда - ишеним кат, өкүлдүн паспортунун көчүрмөсү.
11. Арыз тиешелүү ыйгарым укуктуу орган тарабынан 2 (эки) жумуш күндүн ичинде каралат. Арызды карап чыгуунун жыйынтыгы боюнча ушул Жобонун 3-тиркемесине ылайык форма боюнча товарлардын номенклатурасы, саны, наркы, ошондой эле ташып келүүнү ишке ашырган уюмдар жөнүндө маалыматтар камтылган, ташылып келген товардын максаттуу багыты жөнүндө ырастоо - кат берилет.
12. Ырастоо берүүдөн баш тартуу ушул Жобонун 10-пунктуна ылайык документтер жок болгон учурда берилет.
13. Ыйгарым укуктуу органдардын расмий электрондук дареги аркылуу электрондук почта боюнча сканерленген арызды тиркелген документтери менен кабыл алууга жол берилет. Мындай учурда арыз ээсинин жана бажы органынын электрондук дарегине сканерленген документтер жөнөтүлөт.
14. Ыйгарым укуктуу органдар тарифтик жеңилдиктер колдонулган мезгилде товарлардын айрым түрлөрүн ташып келүүнүн көлөмү боюнча эсеп жүргүзөт.
15. ТЭИК ташылып келген товардын максаттуу багыты жөнүндө ырастоону алган күндөн тартып 5 (беш) айдан кийин, тиешелүү ыйгарым укуктуу органга ташылып келген товарларды максаттуу колдонуу жөнүндө жазуу жүзүндө отчeт жөнөтөт.
16. Тиешелүү ыйгарым укуктуу орган ташылып келген товарларды максаттуу колдонуу жөнүндө ТЭИКтин отчeтунун негизинде ташылып келген товардын максаттуу багыты жөнүндө ырастоо берилген күндөн тартып 6 (алты) айдан кийин бажы органына ташылып келген товарды максаттуу колдонуу жөнүндө маалыматтар камтылган кат жөнөтөт.
17. Ташылып келген товарлардын максаттуу багыты жана колдонулушу боюнча берилген маалыматтардын жана отчeттордун аныктыгына ТЭИК жоопкерчилик тартат.
4-глава. Корутунду жоболор
18. Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин 2022-жылдын 17-мартындагы № 37 чечиминде каралган ташып келүү бажы алымын төлөөдөн бошотуу түрүндөгү тарифтик жеңилдик ички керектөө үчүн чыгаруу бажылык жол-жобосуна жайгаштырылуучу (жайгаштырылган) товарларга карата берилет, аларга карата товарлардын декларациялары, ал эми товарлардын декларациялары берилгенге чейин товарлар чыгарылган учурда - товарларга декларациялар берилгенге чейин товарларды чыгаруу жөнүндө арыз мүчө мамлекеттердин бажы органы тарабынан Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин 2022-жылдын 17-мартындагы № 37 чечими күчүнө кирген күндөн тартып 2022-жылдын 30-сентябрын кошуп катталат.
|
| Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин экономикасынын туруктуулугун жогорулатууга багытталган чараларды ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын аймагына ташылып келген товарларды башкаруу жөнүндө жобого 1-тиркеме |
|
| _________________________ _________________________ |
|
| (Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аталышы) |
АРЫЗ
_________________________________________________________________
(Юридикалык жактын толук аталышы же жеке адамдын ФАА, дареги, байланыш маалыматтары, СИН)
төмөндө көрсөтүлгөн ташылып келген товарлардын максаттуу багыты жөнүндө ырастоону берүүнү суранат
Товардын атылышы | ЕАЭБ ТЭИ ТН товардын коду | Саны жана өлчөө бирдиги | Наркы жана валюта | Максаттуу багыты |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Арызга төмөнкү документтер тиркелет:
- товарды жеткирүүгө контракттын көчүрмөсү;
- Евразия экономикалык бирлигинин техникалык регламентинин талаптарына продукциянын шайкештиги жөнүндө декларациянын көчүрмөсү;
- ташылып келген товарды максаттуу пайдалануу жөнүндө милдеттенме;
- ташылып келген товарлардын максаттуу багытын ырастаган документтер;
- документтерди өкүл аркылуу берген учурда - ишеним кат, өкүлдүн паспортунун көчүрмөсү.
___________________________________________ |
| _____________________ |
Жетекчи (ФАА) |
| (колу) |
|
|
|
|
| Юридикалык жактар үчүн мөөрдүн орду (датасы) |
Жеке жактар үчүн паспорттук маалыматтар:
___________________________________________________________________
|
| Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин экономикасынын туруктуулугун жогорулатууга багытталган чараларды ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын аймагына ташылып келген товарларды башкаруу жөнүндө жобого 2-тиркеме |
Товарларды максаттуу пайдалануу жөнүндө МИЛДЕТТЕНМЕ
1. Жалпы маалымат
Алуучу/импорттоочу
____________________________________________________________________
(юридикалык жактын/жеке адамдын толук аталышы)
СИН ________________________________________________________________
2. Товар жөнүндө маалымат
____________________________________________________________________
(товардын аталышы, ЕАЭБ ТЭИ ТН коду)
____________________________________________________________________
(товардын идентификациялык/сериялык номери)
3. Товарды максаттуу пайдалануу:
Көрсөтүлгөн товарларды так максаттуу багытына ылайык аларды пайдалануу жөнүндө милдеттенме алабыз.
Көрсөтүлгөн товарларды максаты боюнча эмес пайдаланган учурда Кыргыз Республикасынын бажы жана салык мыйзамдарына ылайык бажы алымдарын, салыктарды жана туумдардын суммасын төлөөгө милдеттенебиз.
Ташылып келген товарларды максаттуу пайдалануу жөнүндө отчетту берүүгө милдеттенем.
___________________________________________ |
| _____________________ |
Жетекчи (ФАА) |
| (колу) |
|
|
|
|
| Юридикалык жактар үчүн мөөрдүн орду (датасы) |
____________________________________________________________________
(инсандыгынын күбөлүгүнүн номери, берген орган, берилген күнү жана жарактуу мөөнөтү)
|
| Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин экономикасынын туруктуулугун жогорулатууга багытталган чараларды ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын аймагына ташылып келген товарларды башкаруу жөнүндө жобого 3-тиркеме |
Ташылып келген товарлардын максаттуу багыты жөнүндө ЫРАСТАМА
____________________________________________________________
(ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аталышы )
Берилди
____________________________________________________________
(юридикалык жактын толук аталышы же жеке жактын ФАА)
Бул кат менен төмөндө көрсөтүлгөн ташылып келген товарлардын максаттуу багыты ырасталат:
Товардын атылышы | ЕАЭБ ТЭИ ТН товардын коду | Саны жана өлчөө бирдиги | Наркы жана валюта | Максаттуу багыты |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Импорттоочунун арызынын жана милдеттенмесинин негизинде бажы иштери чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган үчүн берилет.
___________________________________________ |
| _____________________ |
Жетекчи (ФАА) |
| (колу) |
|
|
|
|
| Юридикалык жактар үчүн мөөрдүн орду (датасы) |