Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 15-ноябры № 605
Кыргыз Республикасынын аймагына ташылып келүүчү товарлардын максаттуу багытын ырастоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
Евразия экономикалык бирлигинин органдарынын актылары менен товардын максаттуу багытын ырастоо жөнүндө талаптар белгиленген товарларды Кыргыз Республикасына ташып келүү тартибин регламенттөө максатында, "Тышкы соода ишин мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесинин 1-пунктуна, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын аймагына ташылып келүүчү товарлардын максаттуу багытын ырастоо тартиби жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Товарлардын максаттуу багытын ырастоону жүзөгө ашыруучу министрликтер жана ведомстволор ушул токтомду ишке ашыруу боюнча зарыл болгон чараларды көрсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 17-майындагы № 254 "Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин экономикасынын туруктуулугун жогорулатууга багытталган чараларды ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын аймагына ташылып келген товарларды башкаруу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Жапаров |