Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 20-майы № 258
2022-2026-жылдарга Кыргыз Республикасынын темир жол транспортун өнүктүрүүнүн негизги багыттарын бекитүү тууралуу
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 19-июнундагы № 353 токтомунун редакциясына ылайык)
Темир жол транспортунда жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташуу деңгээлин жогорулатууну жана сапатын жакшыртууну камсыз кылган темир жол транспортун жана инфратүзүмүн келечекте өнүктүрүү жана өркүндөтүү үчүн шарттарды түзүү, транзиттик потенциалды өнүктүрүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын темир жол комплексинин инвестициялык жагымдуулугун арттыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин:
- 2022-2026-жылдарга Кыргыз Республикасынын темир жол транспортун өнүктүрүүнүн негизги багыттары (мындан ары - Негизги багыттар);
- Негизги багыттарды жүзөгө ашыруу боюнча иш-чаралар планы (мындан ары - Иш-чаралар планы).
2. Министрликтер, мамлекеттик комитет жана администрациялык ведомстволор Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине ушул токтомдун 1-пункту менен бекитилген Негизги багыттарды ишке ашырууда көмөк көрсөтүшсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги жыл сайын отчеттук мезгилден кийинки жылдын 25-февралынан кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына Иш-чаралар планын аткаруунун жүрүшү жөнүндө отчет берип турсун.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2022-жылдын 27-майындагы № 47 (3382) жарыяланды
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы | А.У. Жапаров |
|
| Тиркеме |
2022-2026-жылдар мезгилине Кыргыз Республикасынын темир жол транспортун өнүктүрүүнүн негизги багыттарын жүзөгө ашыруу боюнча иш-чаралар планы
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 19-июнундагы № 353 токтомунун редакциясына ылайык)
№ | Милдеттер | Чаралар/Иш-аракеттер | Ишке ашыруу мөөнөтү | Күтүлүүчү натыйжалар (продукт) | Каржылоо булагы | Жооптуу аткаруучулар | Индикаторлор |
|
I. Кыргыз Республикасынын транзиттик потенциалын ишке ашыруу. Темир жол магистралдарын куруу |
| |||||||
1 | Балыкчы - Кочкор - Кара-Кече темир жолун куруу долбоору | ТЭН иштеп чыгуу | 2022-жылдын марты | Иштелип чыккан ТЭН жана курулуш долбоорун макулдашуу. Кыргыз Республикасынын түндүгүн жана түштүгүн бириктирген темир жол байланышынын биринчи этабын ишке ашыруу | "КТЖ" УК" МИ өздүк каражаттары, зайымдык каражаттар жана инвестициялар | ТКМ, "КТЖ" УК" МИ | Темир жол курулушунун башталышы |
|
Курулушту баштоо | 2022-жылдын марты | 3,1 млн. сом (Балыкчы - Кочкор участогу) |
| |||||
Инвесторлорду издөө | Туруктуу негизде | 9472 млн сом (Балыкчы-Кочкор участогу) |
| |||||
2 | Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан темир жолун куруу долбоору | Сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү | Туруктуу негизде | Өлкөнүн транспорттук обочолонгон көйгөйүн чечүүнүн алкагында темир жолдун жаңы линиясынын долбоорунун бардык техникалык маселелерин макулдашуу жана курулушун баштоо | Зайымдык каражаттар жана инвестициялар | ТКМ, ТИМ, "КТЖ" УК" МИ | Өкмөттөр аралык макулдашууга кол коюу |
|
Өкмөттөр аралык макулдашууга кол коюу | 2023-жылдын декабры |
| ||||||
ТЭН иштеп чыгуу | 2023-жылдын сентябры | 169,2 млн. сомдон баштап |
| |||||
Курулушту баштоо | 2024-жыл | 279,2 баштап 465,3 млрд. сомго чейин |
| |||||
3 | (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 19-июнундагы № 353 токтомуна ылайык күчүн жоготту) |
|
| |||||
II. Жол чарба инфратүзүмүн модернизациялоо жана жаңылоо |
| |||||||
4 | Рельс астындагы катмарын темир-бетондон салуу менен жолду жана жол чарбасын модернизациялоо | Жыл сайын орточо 25 км жолду оңдоо, жолдордун техникалык абалын жакшыртуу | Жыл сайын | "КТЖ" УК" МИ 125 км аралыктагы жолдордун техникалык абалын жакшыртуу. Оңдоонун аралык мөөнөтүн көбөйтүү. Поезддердин участкалык ылдамдыгын жогорулатуу | "КТЖ" УК" МИ өздүк каражаттары Болжолдуу чыгымдар 2385,5 млн. сом | "КТЖ" УК" МИ | Жаңы темир-бетон шпалдарын төшөө аркылуу кеминде125 км жолду жаңы ыкмаларды колдонуу менен модернизациялоо |
|
5 | Быстровка - Рыбачье участогунда урандыларга каршы курулманы узартып куруу маселесин иштеп чыгуу | ТЭН иштеп чыгуу | 2023-жылдын декабры | Боом капчыгайындагы урандыларга каршы курулманы узартып куруу. Too тектеринин урашын алдын алуу үчүн Быстровка - Рыбачье участогунда жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатуу | Зайымдык каражаттар жана инвестициялар 462,4 млн. сом | "КТЖ" УК" МИ | Боом капчыгайында урандыларга каршы курулманы узартып куруу (150 м) |
|
Долбоордук-сметалык документтерди иштеп чыгуу, экспертизалоо жана макулдашуу | 2024-жылдын декабры |
| ||||||
Жер жумуштарын жүргүзүү, тоо тектерин иштеп чыгуу | 2025-жылдын 4-кварталы |
| ||||||
Монтаждоо жана курулуш иштерин жүргүзүү | 2025-жылдын 4-кварталы |
| ||||||
III. Кыймылдуу курамды, сүйрөтүүчү кыймылдуу курамдын оңдоо базасын, жүк жана жүргүнчүлөрдү ташуучу вагондорду модернизациялоо жана толуктоо |
| |||||||
6 | Маневрдук тепловозду сатып алуу | Инвесторлорду тартуу үчүн инвестициялык долбоорду иштеп чыгуу | 2024-жылдын 4-кварталы | Сүйрөтүүчү кыймылдуу курамдын паркын жаңылоо жана темир жол транспортунун туруктуу жана коопсуз иштешин камсыздоо | Өздүк жана зайымдык каражаттар
Сатып алуунун алдын ала суммасы 1212,1 млн. сом | "КТЖ" УК" МИ | Тепловоздорду сатып алуу |
|
Маневрдук тепловоздорду сатып алуу | 2025-жылдын декабры |
| ||||||
7 | Жүк ташуучу вагондорду сатып алуу | Инвесторлорду тартуу үчүн инвестициялык долбоорду иштеп чыгуу | 2024-жылдын 4-кварталы | Жүк ташуучу кыймылдуу курамдын паркын жаңылоо жана темир жол транспортунун туруктуу жана коопсуз иштешин камсыздоо | Зайымдык каражаттар Сатып алуунун алдын ала суммасы 684,0 млн. сом | "КТЖ" УК" МИ, ЭКМ караштуу ММБФ | Жүк ташуучу вагондорду сатып алуу |
|
Жүк ташуучу вагондорду сатып алуу | 2025-жылдын декабры |
| ||||||
8 | (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 19-июнундагы № 353 токтомуна ылайык күчүн жоготту) |
| ||||||
9 | Локомотивдерди, жүк жана жүргүнчүлөрдү ташуучу вагондорду оңдоону камтыган кыймылдуу курамды модернизациялоо | Кыймылдуу курамдын паркын пландуу оңдоо | Жыл сайын | Эксплуатациялык ресурсун узартуу жана техникалык-экономикалык мүнөздөмөлөрүн жакшыртуу менен паркты модернизациялоо аркылуу кыймылдуу курамдын техникалык абалын жакшыртуу | "КТЖ" УК" МИ өздүк каражаттары | "КТЖ" УК" МИ | Вагондорду, анын ичинде жүк ташуучу, жүргүнчүлөрдү ташуучу вагондорду жана локомотивдерди оңдоо |
|
IV. Маалыматташтыруу, электр менен жабдуу жана байланыш системасын өнүктүрүү |
| |||||||
10 | Түрксиб станциясынан Рыбачье станциясына чейин "КТЖ" УК" МИнин оперативдик-технологиялык байланышын модернизациялоо (була-оптикалык байланышты өткөрүү) | Түрксиб станциясынан Рыбачье станциясына чейин "КТЖ" УК" МИнин оперативдик-технологиялык байланышын модернизациялоо долбоорун даярдоо маселесин иштеп чыгуу | 2022-жылдын декабры | Түрксиб станциясынан Рыбачье станциясына чейин "КТЖ" УК" МИнин оперативдик-технологиялык байланышын модернизациялоо долбоору иштелип чыкты | "КТЖ" УК" МИ өздүк каражаттары жана зайымдык каражаттар 60,2 млн. сом | ТКМ, "КТЖ" УК" МИ | Түрксиб станциясынан Рыбачье станциясына чейин оперативдик-технологиялык байланыш модернизацияланды жана санарип форматына өткөрүлдү |
|
11 | Аламүдүн - Рыбачье участогунда "КТЖ" УК" МИ байланышынын сапатын жакшыртуу | Аламүдүн - Рыбачье участогунда аба байланыш линиясын кабелдик байланыш линиясына этабы менен өткөрүү | Туруктуу негизде | Аламүдүн - Рыбачье участогунда аба байланыш линиясын кабелдик байланыш линиясына этабы менен өткөрүү боюнча алдын ала иштер жүргүзүлдү | "КТЖ" УК" МИ өздүк каражаттары жана зайымдык каражаттар 375,5 млн. сом | ТКМ, "КТЖ" УК" МИ | Аламүдүн - Рыбачье участогунда Кыргыз темир жолунун станцияларынын ортосундагы байланыштын сапаты жакшыртылды |
|
12 | Кыргыз темир жолунун станцияларын энергияны үнөмдөөчү жарыктандыруу системасына этабы менен өткөрүү | Станцияларды жарыктандырууну модернизациялоо, эски лампаларды жаңы светодиоддорго алмаштыруу. Электр энергиясын үнөмдөө максатында прожекторлорду этабы менен алмаштыруу пландапттырылууда, анын ичинде Беловодский станциясы - 3639 айры жол жана кайтарылуучу өтмөктөр | 2022-жылдын декабры | Электр энергиясын керектөөнү үнөмдөө, электр жабдууларынын кызмат мөөнөтүн көбөйтүү, тез өзүн-өзү актоо жана жарыктандыруу аянтын жакшыртуу | "КТЖ" УК" МИ өздүк каражаттары
7,7 млн. сом | "КТЖ" УК" МИ | Кыргыз темир жолунун станцияларынын жарыктандыруу системасы модернизацияланды |
|
Бишкек-1 станциясы | 2022-жылдын декабры |
| ||||||
Кант станциясы Рыбачье станциясы | 2023-жылдын декабры |
| ||||||
13 | Аламүдүн, Кант, Токмок, Рыбачье станциялары боюнча электрдик борборлоштуруунун курулушун эске алуу менен Бишкек-2 - Рыбачье участогун автобөгөттөөнүн диспетчердик борборлоштуруу түзүлүштөрү менен жабдуу | Бишкек-2 - Рыбачье участогунда автобөгөттөөнүн диспетчердик борборлоштурууну курууга ТЭН техникалык документтерди даярдоо маселесин иштеп чыгуу | Жыл сайын | Борбордук бөгөттөө системаларынын түзүлүштөрүнүн ишенимдүү иштешин арттыруу. Өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу | "КТЖ" УК" МИ өздүк каражаттары жана зайымдык каражаттары
Болжолдуу наркы 1099,8 млн. сом | "КТЖ" УК" МИ | Автобөгөттөө системасын киргизүү менен Бишкек-2 - Рыбачье участогунда борбордук бөгөттөө системаларынын түзүлүштөрүн модернизациялоо |
|
V. Транспорттук коопсуздукту, темир жолдо транспорттук процесстердин коопсуздугун камсыз кылууну уюштуруу жана контролдоо жол-жоболорун жөнгө салуучу ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү |
| |||||||
14 | Аккредитациялоо боюнча улуттук органда бузбоочу контролдоо лабораториясын (БКЛ) кайра аккредитациялоо | Лабораторияны, документтерди даярдоо | 2022-ж. июлу | Вагондордун деталдарынын диагностикасы | "КТЖ" УК" МИ өздүк каражаттары | "КТЖ" УК" МИ | Компетенттүүлүгүн ырастоо. Аккредитациялоо боюнча улуттук органда аккредитация аттестатын алуу |
|
15 | Сыноо лабораториясын аккредитациялоо боюнча улуттук органда кайра аккредитациялоо | Лабораторияларды, документтерди даярдоо | 2023-ж. декабры | Шагылды сыноодогу контролдоо | "КТЖ" УК" МИ өздүк каражаттары | "КТЖ" УК" МИ | Компетенттүүлүгүн ырастоо. Аккредитациялоо боюнча улуттук органда аккредитация аттестатын алуу |
|
16 | Ченөө каражаттарын текшерүүчү лабораторияны аккредитациялоо боюнча улуттук органда кайра аккредитациялоо | Лабораторияларды, документтерди даярдоо | 2022-ж. декабры | Ченөө каражаттарынын оң иштешин контролдоо жана камсыз кылуу | "КТЖ" УК" МИ өздүк каражаттары | "КТЖ" УК" МИ | Компетенттүүлүгүн ырастоо. Аккредитациялоо боюнча улуттук органда аккредитация аттестатын алуу |
|
17 | Темир жол транспортунда техникалык жөнгө салуу системасын өнүктүрүүгө багытталган иштерди ишке ашыруу | Документтерди иштеп чыгууга катышуу | Жыл сайын | Кыргыз темир жолунун иштешинин коопсуздук деңгээлин жогорулатуу | "КТЖ" УК" МИ өздүк каражаттары | "КТЖ" УК" МИ | ЕАЭБ ТРге өзгөртүүлөрдүн долбоорлорун (мамлекеттер аралык стандарттардын жана шайкештикти баалоо боюнча документтердин долбоорлорун) иштеп чыгуу боюнча Эксперттик топтордун ишине катышуу |
|
VI. "КТЖ" УК" МИ финансылык абалын чыңдоо |
| |||||||
18 | "КТЖ" УК" МИ киреше бөлүгүн көбөйтүүгө багытталган чараларды иштеп чыгуу жана көрүү | Темир жол жүк ташууларында чарбакер субъекттерди камсыздоо | Дайыма | "КТЖ" УК" МИ киреше бөлүгүн көбөйтүү максатында жүктөрдү ташууну көбөйтүү, "КТЖ" УК" МИ финансылык абалын чыңдоо | "КТЖ" УК" МИ өздүк каражаттары | ТКМ "КТЖ" УК" МИ | 2026-жылга карата жүк жүгүртүүнү 1050,6 млн. тн км чейин көбөйтүү, 2026-жылга чейин жүргүнчүлөрдүн жүгүртүлүшүн 22,0 млн. пас. км деңгээлинде кармоо |
|
19 | Дебитордук карызды азайтуу | Доо арыздын эскирүү мөөнөтүнө контролдоо системасын орнотуу. "КТЖ" УК" МИ түзүмдүк бөлүмдөрү түзүлгөн дебитордук карыздар жөнүндө юридикалык бөлүмдү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аларды өндүрүү боюнча чараларды көрүү үчүн өз убагында жана милдеттүү түрдө маалымдоону камсыз кылуусу | Дайыма | Акча каражаттарынын реалдуу агымын көбөйтүү максатында дебитордук карызды азайтуу жана натыйжада "КТЖ" УК" МИ финансылык абалын чыңдоо | "КТЖ" УК" МИ өздүк каражаттары | "КТЖ" УК" МИ | Дебитордук карызды азайтуу |
|
20 | КМШга катышкан мамлекеттердин темир жол администрацияларына болгон кредитордук карызды азайтуу | 2011-жылдын 22-апрелиндеги № 302 ("Российские железные дороги" ачык акционердик коому) Карызды жабуунун тартиби жөнүндө макулдашуунун аткарылышын контролдоо | 2022-ж. октябры | "КТЖ" УК" МИге тышкы инвесторлордун жана кредиторлордун кызыгуусун жогорулатуу. "КТЖ" УК" МИ финансылык абалын чыңдоо | "КТЖ" УК" МИ өздүк каражаттары | "КТЖ" УК" МИ | График боюнча карызды жабуу: - "Российские железные дороги" ачык акционердик коомуна 2022-жылдын сентябрына чейин 50,0 миң швейцариялык франктан |
|
21 | Коронавирустук инфекциянын жайылышын алдын алуу, "Кыргыз темир жолу" УК" МИ кызматкерлеринин ден соолугун сактоону камсыздоо | "Кыргыз темир жолу" УК" МИнин коронавирустук инфекциянын жайылышын алдын алуу боюнча. бекитилген иш-чараларын аткаруу | Дайыма | Темир жолдун үзгүлтүксүз жана дайыма иштешинин көрсөткүчү катары ооруга чалдыгуу тобокелдигин төмөндөтүү | "КТЖ" УК" МИ өздүк каражаттары | "КТЖ" УК" МИ | Ооруга чалдыгуу тобокелдигин төмөндөтүү |
|
VII. Темир жол транспортунун кадрдык жана илимий потенциалын жогорулатуу |
| |||||||
22 | Темир жол тармагы үчүн адистерди даярдоону ишке ашыруучу Кыргыз Республикасынын жана чет мамлекеттердин жогорку кесиптик билим берүү уюмдары менен иш берүүчүлөрдүн кызматташуусун түзүү | Кыргыз Республикасынын жана чет мамлекеттердин ЖОЖдору менен темир жол тармагы үчүн кадрларды даярдоо боюнча кызматташуу жөнүндө сүйлөшүүлөрдү өткөрүү, макулдашууларга кол коюу | 2022-ж. сентябры | Кадрдык потенциалды күчөтүү. "КТЖ" УК" МИ өндүрүмдүүлүгүн жана анын натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн темир жол транспортуна байланыштуу профилдик кадрларды даярдоо | "КТЖ" УК" МИ өздүк каражаттары | "КТЖ" УК" МИ | Квалификациялуу адистерди даярдоо жана аларды андан ары ишке орноштуруу |
|
23 | Кыргыз темир жолунун адистерин окутуу жана квалификациясын жогорулатуу | Лекциялык курстар, семинарлар, тренингдер, иш ордунда окутуу | Туруктуу негизде | "КТЖ" УК" МИ адистерин окутуунун жана квалификацияcын жогорулатуунун натыйжасы төмөнкүлөр: - эмгек өндүрүмдүүлүгүн үн жогорулашы; - продукциянын же кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатынын жогорулашы; - кадрлардын алмашуусунун азайышы; - кардарлардын даттанууларынын кыскарышы; - натыйжалуу команданын түзүлүшү | "КТЖ" УК" МИ өздүк каражаттары | "КТЖ" УК" МИ | Окутулган адистердин саны |
|
24 | Бардык деңгээлдеги темир жол транспортун камсыз кылуу үчүн кеңири, ошондой эле бир багыттагы жумушчу жана инженердик адистиктердеги кадрларды максаттуу даярдоо | Иш берүүчү менен студенттин ортосунда максаттуу даярдоонун шарттары жөнүндө келишимдерди түзүү | Туруктуу негизде | Адистердин квалификациялык деңгээлин жогорулатуу | "КТЖ" УК" МИ өздүк каражаттары | ТКМ, "КТЖ" УК" МИ, БИМ | Окутулган адистердин саны |
|
VIII. Темир жолдун ишинин натыйжалуулугун жана сапатын жогорулатуу үчүн маалыматтык технологияларды киргизүү |
| |||||||
25 | Эл аралык жана ички республикалык жүк ташуу каттамында жүктөрдү ташууну уюштурууда жана тариздөөдө кагазсыз технологияларды киргизүү. Электрондук транспорттук коштомо кагазды пайдалануу менен башка темир жол администрациялары менен өз ара аракеттенүү | Таанылган электрондук кол тамганы (ЭК) пайдалануу менен эл аралык жүк ташууларды жүзөгө ашырууда Кыргыз темир жолунда электрондук юридикалык маанилүү документ жүгүртүүнү (электрондук темир жол коштомо кагазы СМГС) иштеп чыгуу, өнүктүрүү, ишке киргизүү Шериктештикке мүчө мамлекеттердин темир жол транспорту боюнча кеңешинин кабыл алынган чечимдеринин, темир жол администрацияларынын ортосундагы эки тараптуу макулдашуулардын негизинде болгон интеграциялык бирикмелердин (ТЖКУ, ЕАЭБ) алкагында ишке ашырылат | 2023-жылдын декабры | Эл аралык жүк ташуу каттамында темир жол станцияларынын ишинин жүктөрдү жөнөтүүнү электрондук темир жол коштомо кагазы түрүндө тариздөө технологиясына өтүшү менен бажы контролу жол-жобосунан өтүү убактысынын кыскарышынын эсебинен курамдардын мамлекеттик чек ара аркылуу өтүү убактысы олуттуу кыскарат | "КТЖ" УК" МИ өздүк каражаттары | ТКМ, "КТЖ" УК" МИ | Мамлекеттер аралык кошулган пункттарда контролдук жол-жоболорду жүргүзүүнүн оперативдүүлүгү |
|
26 | kjd.kg сайты аркылуу алыска жүрүүчү поезддерге жол жүрүү документтерин сатуунун маалыматтык системасын өндүрүштүк ишке киргизүү | Интернет аркылуу жол жүрүү документтерин сатуу системасынын элементтерин иштеп чыгуучулар арасында конкурс өткөрүү. Системанын элементтери: - WEB-система (сайт); - шлюз (Экспресс-3 менен өз ара аракеттенүү); - төлөм шлюзу (сайттын банк менен өз ара аракеттенүүсү); - Криптокоргоо (шифрлөө) | 2024-жылдын декабры | Кагаз жүзүңдөгү аналогдорунан баш тартуу, накталай эмес төлөм формасы жана дүйнөнүн каалаган жеринен жол жүрүү документин тариздөө аркылуу жүргүнчүлөрдү тейлөөнү санариптештирүү жана сапатын жогорулатуу | "КТЖ" УК" МИ өздүк каражаттары | ТКМ, "КТЖ" УК" МИ | Кардардын жол жүрүү документтерин онлайн режимде сатып алуусу |
|
27 | Заманбап маалыматтык технологияларды жана программалык-техникалык комплекстерди пайдалануу менен жүк ташууларды башкаруунун жаңы автоматташтырылган системасына өтүү | Кыргыз темир жолунда жүк ташууларды башкаруунун автоматташтырылган системасын сатып алуу жана ишке киргизүү үчүн иштеп чыгуучулар (программалык камсыздоонун укук ээлери) менен тендер өткөрүү | 2025-жылдын декабры | Автоматташтырылган системага өтүүнүн натыйжасы: 1) кошумча программалык модулдарды кошуу жана жаңы алгоритмдерди системага киргизүү мүмкүнчүлүгүн ишке ашыруу үчүн ачык программалык архитектура; 2) бүтүндөй жол боюнча жана анын айрым участокторунда ташуу процессин башкаруунун мобилдүүлүгү; 3) маалыматтар базасын башкаруунун объекттик-реляциялык системаларына курулган маалыматтык системалар менен интеграциялоо | "КТЖ" УК" МИ өздүк каражаттары | ТКМ, "КТЖ" УК" МИ | Жүктөрдү ташууну маалыматтык коштоону камсыздоо, транспорттук процесстин технологиялык жол-жоболорун жана операцияларын аткаруу, транспорт колдонуучуларын маалыматтык-маалымдоо жагынан тейлөө, поезддердин, вагондордун жана контейнерлердин моделдерин эсепке алууну, отчеттуулугун жана архивин уюштуруу. Башка темир жолдордун автоматташтырылган системалары жана Темир жол администрацияларынын маалыматтык-эсептөө борбору (Москва) менен маалымат алмашуу |
|
28 | ТОБАС-2 ташуу процесстерин башкаруунун автоматташтырылган системасын жайылтуу үчүн программалык-техникалык комплексти модернизациялоо (IBM компаниясынын ПТКга) | - жабдууларды жана колдонмо программалык камсыздоону өндүрүүчүлөр жана алардын укук ээлери менен тендер өткөрүү; - жабдууларды сатып алуу; - программалык камсыздоону сатып алуу; - программалык-техникалык комплекстер менен иштеген бөлүмдүн кызматкерлерин окутуу; - эксплуатациялоого киргизүү | 2023-жылдын декабры | 1) ташуу процессин башкаруу милдеттеринин комплексинин ийкемдүүлүгүн жана башкарылышын жогорулатуу; 2) ташуу процессин башкаруунун автоматташтырылган системасынын башка автоматташтырылган башкаруу системалары менен өз ара аракеттенүүсү | "КТЖ" УК" МИ өздүк каражаттары 94,0 млн. сом | "КТЖ" УК" МИ | Ташуу процессин башкаруунун автоматташтырылган системасынын программалык-техникалык комплексинин ишинин жогорку ишенимдүүлүгүн жана өндүрүмдүүлүгүн камсыз кылуу |
|
IX. Инвестициялык долбоорлор жана эл аралык кызматташтык |
| |||||||
29 | 2022-2026-жылдар мезгилине Кыргыз Республикасынын темир жол транспортун өнүктүрүүнүн негизги багыттарында каралган инвестициялык долбоорлорду жана эл аралык кызматташтыкты кеңейтүүгө багытталган чараларды ишке ашырууга мониторинг жүргүзүү | 2022-2026-жылдар мезгилине Кыргыз Республикасынын темир жол транспортун өнүктүрүүнүн негизги багыттарынын алкагында инвестициялык долбоорлорду жана эл аралык кызматташтыкты кеңейтүү боюнча көрүлгөн чараларды ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө маалымдоо | Жыл сайын | Темир жол тармагын өнүктүрүү боюнча коюлган милдеттерди аткаруу | "КТЖ" УК" МИ өздүк каражаттары | ТКМ, "КТЖ" УК" МИ | Ишке ашкан долбоорлор боюнча маалымат |
|
Алдын ала Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2022-жылдын 14-февралына карата курсу боюнча.
Кыскартуулардын тизмеси:
ТКМ | - | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги |
ТИМ | - | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги |
ЭКМ | - | Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги |
ФМ | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги |
ММБФ | - | Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд |
БИМ | - | Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги |
"КТЖ" УК" МИ | - | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу "Кыргыз темир жолу" Улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасы |