Загрузка документа…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 20-майындагы № 258 токтомуна) |
2022-2026-жылдарга Кыргыз Республикасынын темир жол транспортун өнүктүрүүнүн негизги багыттары
Киришүү
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы № 435 "2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасы жөнүндө" Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 31-октябрындагы № 221 "2018-2040-жылдары Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясы жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын ички темир жол тармагын куруу жана Кыргыз Республикасынын темир жол транспортун өнүктүрүү боюнча стратегиялык долбоорлордун ишке ашырылышы каралган 2022-2026-жылдарга Кыргыз Республикасынын темир жол транспортун өнүктүрүүнүн негизги багыттары иштелип чыккан.
2022-2026-жылдарга Кыргыз Республикасынын темир жол транспортун өнүктүрүүнүн негизги багыттары (мындан ары - Негизги багыттар) 2026-жылга чейинки мезгилде Кыргыз Республикасынын темир жол транспортун өнүктүрүүнүн негизги багыттарын, максаттарын жана милдеттерин аныктайт. Негизги багыттарда объективдүү өбөлгөлөр каралат жана орто мөөнөттүү мезгилге Кыргызстандын темир жол тармагын өнүктүрүү стратегиясынын негизги жоболору түзүлөт.
Негизги багыттарды бекитүүнүн актуалдуулугу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 30-сентябрындагы № 558 токтому менен аныкталган 2014-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын темир жол транспортун өнүктүрүүнүн негизги багыттарынын максаттарын жана милдеттерин түзөтүү, Кыргыз Республикасынын Евразия экономикалык бирлигине кирүүсүнө байланыштуу милдеттенмелерди аткаруу зарылдыгы жана 2016-жылы "Темир жол транспорту жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жаңы редакциясынын кабыл алынышы, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 25-декабрындагы № 352 "2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасын ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин иш-чаралар планын бекитүү жөнүндө" токтомунун кабыл алынышы менен шартталган.
Негизги багыттарда Кыргыз Республикасындагы темир жол транспортунун натыйжалуулугун кыйла арттырууга жөндөм түзгөн 2014-2020-жылдар мезгилине Кыргыз Республикасынын темир жол транспортун өнүктүрүүдө каралган чечимдерди андан ары илгерилетүүгө басым жасалган.
Ошондой эле Негизги багыттарда Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлиги бекиткен Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигине караштуу "Кыргыз темир жолу" Улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасын (мындан ары - "Кыргыз темир жолу" УК" МИ) 2020-жылга жана орто мөөнөттүү мезгилге стратегиялык өнүктүрүү планынын максаттары жана милдеттери эске алынган.
Темир жол транспортун өнүктүрүүнүн концептуалдык багыттары:
1. Кыргыз Республикасынын экспорттук жана транзиттик потенциалын жогорулатуу жана эл аралык транспорттук системаларга интеграциялоо.
2. Темир жол транспортунун негизги фонддорун реконструкциялоо жана жаңылоо, темир жолдордун негизги участокторун электрификациялоо.
3. Темир жолдо поезддердин кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу системасын чыңдоо.
4. Темир жол транспортунун кызмат көрсөтүүлөрүнүн сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу.
5. Кыргыз Республикасынын темир жол транспортунун кадрдык потенциалын жогорулатуу.
6. Кыргыз Республикасынын темир жол транспортунун фонддорун жаңылоо жана модернизациялоо долбоорлорун ишке ашыруу максатында мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү кеңейтүү.
Ошентип Негизги багыттар келечектүү экономикалык милдеттерди чечүүгө жана социалдык маанилүү натыйжаларга жетишүүгө негиз болот.
Темир жол транспортунун динамикалуу өнүгүшү экономиканын чектеш тармактарын, анын ичинде сооданы өнүктүрүүдө, табигый жана курулуш материалдарын, айыл чарба продукцияларын иштеп чыгууда жана ташууда оң таасирин тийгизет.
I. Учурдагы кырдаалга жалпы баа берүү
Кыргыз Республикасынын темир жол транспортунун натыйжалуу иштеши Кыргызстандын улуттук экономикасын туруктуу өнүктүрүү үчүн шарттарды камсыз кылуунун маанилүү факторлорунун бири болуп саналат.
Глобалдык чакырыктар, коронавирустук пандемия мезгилинде транспорт секторундагы практика көрсөткөндөй чек араларды жабуунун, автомобиль жана аба каттамдарын токтотуунун натыйжасында Кыргыз Республикасынын темир жол транспорту өлкөнүн экономикасын камсыздоодо жалгыз транспорт катары иштеп турду.
Темир жолдун жеткирүү жана өткөрүү жөндөмдүүлүгүнүн сапатынан, анын инфратүзүмүнүн жана кыймылдуу курамынын абалынан ишкананын ишинин натыйжалуулугу гана эмес, мамлекеттин экономикасын жана калкын транспорттук камсыздоо сапаты да көз каранды.
Кыргыз Республикасынын темир жол транспорту Евразия темир жол транспорт коридорлорунун, ошондой эле Европа, Азия жана Жакынкы Чыгыш өлкөлөрү менен байланышкан эл аралык темир жол транспорт коридорлорунун катышуучусу болуп саналат.
Узундугу 424,6 км болгон Кыргыз темир жолу географиялык жактан бөлүнгөн эки участоктон турат. Түндүк участок 323,4 км Балыкчы - Түрксиб (Казакстан), түштүк участок - 101,2 км, Кыргызстандан коңшу мамлекеттердин - Казахстан менен Өзбекстандын темир жол тармагына чыгууну камсыз кылат.
Жүк ташуулар
Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын темир жол транспорту менен эл аралык, ошондой эле ички республикалык каттамдарда жүк ташууну жүзөгө ашырат.
Акыркы 5 жылдагы темир жол тармагынын иштешине жүргүзүлгөн талдоо темир жолдо жүктөрдү ташууну өнүктүрүүнүн төмөнкүдөй динамикасын көрсөтөт.
Жүк ташуу көлөмүнүн өзгөрүү динамикасы
Көрсөткүчтөр | 2017-ж. | 2018-ж. | 2019-ж. | 2020-ж. | 2021-ж. |
Жүк жүгүртүү (млн. тонна-километр) | 935,0 | 949,3 | 870,4 | 937,5 | 1003,1 |
Ташылган жүк (миң тонна) | 7157,0 | 7526,3 | 7023,1 | 7306,5 | 7660,5 |
Жүктөө (миң тонна) | 1935,7 | 2258,0 | 2242,5 | 2014,5 | 2112,0 |
Түшүрүү (миң тонна) | 6373,0 | 6422,0 | 5920,8 | 6330,4 | 6627,9 |
Алсак, 2021-жылдын жыйынтыгы боюнча 2020-жылдын тийиштүү мезгилине карата Кыргыз темир жолу аркылуу жүк ташуулардын өсүшү 104,8%ды, жүк жүгүртүү - 107,0%ды түздү. Жүктөрдү жүктөөнүн өсүшү 2020-жылдын тийиштүү мезгилине карата 104,8%ды түзгөндүгүн белгилөө зарыл. Жүктөрдү жүктөө көлөмүнүн өсүшү мунай продуктуларын - 325,7%, металл сыныктарын - 225,9%, курулуш жүктөрүн - 301,7% экспорттоонун эсебинен камсыз кылынды.
Жүктөрдүн келүүсү 2020-жылдагы көрсөткүчтөргө карата 104,7% деңгээлинде түзүлгөн, ал 2021-жылы көмүрдү - 27,5%га, өнөр жай минералдык сырьесун - 31,0%га, кантты - 64,7%га, курулуш жүктөрүн - 13,9%га, дан, ун, акшакты - 17,5%га, тамак-аш азыктарын - 10,6%га импорттун өсүшүнүн эсебинен камсыз кылынды.
Кыргыз темир жолу аркылуу жүк ташууларды уюштуруу "Темир жол транспорту жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, Эл аралык жүк ташуу жөнүндө макулдашуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги бекиткен жоболор жана нускамалар менен жөнгө салынат.
Жүргүнчүлөрдү ташуу
Жүк ташуудан тышкары, Кыргыз Республикасынын темир жол транспорту жүргүнчүлөрдү темир жол транспорту менен ташып, жүргүнчүлөрдү өз убагында ташууну, вокзалдарда жана поезддерде жүргүнчүлөрдү коопсуз жана сапаттуу тейлөөнү камсыздап, аларга керектүү ыңгайлуулуктарды түзүп келет.
Кыргыз темир жолу жүргүнчүлөрдү эл аралык, ошондой эле ички республикалык каттамдарда ташыйт.
Эл аралык каттамдарда республиканын калкына ташуулардын сапатын жана деңгээлин жогорулатуу үчүн шарттарды түзүү максатында төмөнкү маршруттар жүрөт:
- Бишкек - Москва - жумасына 2 жолу;
- Бишкек - Казань - жумасына 1 жолу (2017-жылдын 12-декабрынан баштап);
- Биппсек - Новосибирск - 8 күндө 1 жолу;
- Ташкент - Рыбачье - жумасына 1 жолу жайкы мезгилде (өзбек курамы).
Ички республикалык жүргүнчүлөр каттамында төмөнкү маршруттар жүрөт:
- Бишкек - Токмок - күн сайын;
- Бишкек - Мерке - күн сайын;
- Бишкек - Кара-Балта - күнүнө 2 жолу;
- Бишкек - Рыбачье - жайкы мезгилде (июнь-июль - дем алыш күндөрү, август - күн сайын).
2021-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргыз темир жолу тарабынан 255,2 миң жүргүнчү же 2020-жылдын тийиштүү мезгилине карата 352,7% ташылган. 2020-жылдын март айында Казакстан Республикасы менен Кыргыз Республикасында өзгөчө кырдаал жарыяланганына байланыштуу Кыргыз темир жолу эл аралык каттамдарда жүргүнчүлөрдү ташууну убактылуу токтоткон.
Жүргүнчүлөрдү ташуу 2020-жылдын отчеттук мезгилине карата 21,0 млн. жүргүнчү-километрди же 308,8%ды түздү.
Жүргүнчүлөрдү ташуудагы өзгөрүү динамикасы
| 2017-ж. | 2018-ж. | 2019-ж. | 2020-ж. | 2021-ж. |
Жүргүнчүлөрдү ташуу, млн. жүргүнчү-километр | 43,4 | 35,0 | 37,1 | 6,8 | 21,0 |
Ташылган жүргүнчүлөр, адам | 313879 | 326088 | 360523 | 72361 | 255200 |
анын ичинде: | |||||
эл аралык каттамда | 27970 | 33146 | 27634 | 2194 | - |
ички республикалык каттамда | 285909 | 292942 | 332889 | 70167 | 255200 |
Кыргыз темир жолу тарабынан жүргүнчүлөрдү ташууну уюштуруу "Темир жол транспорту жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин 2016-жылдын 30-декабрындагы № 428 буйругу менен бекитилген Кыргыз Республикасынын темир жол транспортунда жүргүнчүлөрдү, багажды, жүк багажды ташуунун жана почталык жөнөтүүлөрдүн эрежелери, Эл аралык жүргүнчүлөр каттамы жөнүндө макулдашуу, КМШ жана Балтика өлкөлөрүнүн Темир жол транспорту боюнча кеңешинин башка ченемдик документтери менен жөнгө салынган.
Темир жол инфратүзүмүнүн абалы
Дүйнөлүк экономикалык форумдун Глобалдык атаандаштыкка жөндөмдүүлүк жөнүндө баяндамасында Глобалдык атаандаштыкка жөндөмдүүлүк индексинин негизинде өлкөлөрдүн атаандаштыкка жөндөмдүүлүгү бааланган. Компоненттеринин бири инфратүзүм болуп саналат.
Кыргызстан жогоруда аталган баалоого ылайык 77 индекси менен темир жол инфратүзүмүнүн сапаты төмөн өлкөлөрдүн катарына кирет, ал эми жагымдуу рейтинг 30дан ашпайт. Кытайдын индекси - 16, Казакстан Республикасы - 27, Тажикстан - 46, Пакистан - 60, Монголия - 73.
Жолдор: рельстер жана шпалдар
Темир жол транспортун өнүктүрүүгө каржылоонун жетишсиздиги Кыргыз темир жолунун жол инфратүзүмүнүн кыйла эскирип, начарлашына жана темир жол инфратүзүмүн модернизациялоо жана оңдоо боюнча аткарылбаган иштердин көлөмүнүн топтолушуна алып келди.
Кыргыз темир жолунун жол инфратүзүмүнүн сапатынын начарлашы Кыргыз темир жолунун участкалык ылдамдыгынын төмөндүгүнүн негизги фактору болуп саналат, бул ишкананын ишин терс көрсөткүчтөргө алып келет.
Бүгүнкү күндө Кыргыз темир жолунун негизги жолдорунун узундугу 424,6 км, башкача айтканда 849,2 км рельс түзөт.
Мында эксплуатациядагы рельстердин 17%ы же 146,4 км аралыгы ченемден ашыкча тоннажды өткөрүү менен алмаштырууну талап кылууда.
Жүк ташуучу, жүргүнчүлөрдү ташуучу вагондор
Жүк ташуучу вагон паркынын 60%ы жараксыз абалда. Ишканада Бишкек шаарынын ТЭБи үчүн Рыбачье станциясынан көмүрдү социалдык маанилүү ташууну, ошондой эле "Кайыңды-Кант" ААК үчүн жана Кыргыз Республикасынын башка чарбалык субъекттери үчүн кант кызылчасын ташууну камсыз кылуу үчүн жарым вагондорду алуу маселеси курч турууда.
Кыймылдуу курамды жаңылоо боюнча мурда аткарылган иштердин алкагында 2017-жылдын жыйынтыгы боюнча Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун каражаттарынын эсебинен 150 даана жүк ташуучу универсалдуу жарым вагондор алынган.
Бул вагондор 2018-жылдын январь айынан апрель айына чейин Кыргыз темир жолунун түштүк станцияларында иштөө үчүн "Кыргыз темир жолу" УК" МИ түштүк бөлүмүнө этабы менен жеткирилген.
Мындан тышкары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 8-октябрындагы № 229-т тескемесин ишке ашырууга ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын чарба жүргүзүүчү субъекттеринин жүк ташуучу темир жол транспорттук керектөөлөрүн камсыз кылуу максатында, "Кыргыз темир жолу" УК" МИ өзүнүн каражаттарынын эсебинен "Алтайвагон" акционердик коомунан - темир жол жүк ташуучу кыймылдуу курамды чыгаруучу заводдон 100 жарым вагон сатып алган.
Ошондой эле инвентардык жүргүнчү вагондордун жалпы паркынан 63%ы иштен чыккан вагондордун паркы болуп саналат.
Локомотивдер
Кыргыз темир жолунда поезддердин кыймылы алты жаңы тепловоздон тышкары 40 жыл мурда курулган локомотивдер менен ишке ашырылат.
Кыргыз темир жолунун негизги кыймылдаткыч күчү болгон көпчүлүк магистралдык тепловоздордун ченемдик иштөө мөөнөтү 1993-2001-жылдары аяктаган, бирок магистралдык тепловоздор дагы эле иштетилип жатат. Маневрдук тепловоздор боюнча да абал ушундай.
Жаңы алты тепловоздон тышкары, Кыргыз темир жолунун тепловоздорунун бүткүл паркы эсептен чыгарылууга тийиш.
Кыргыз темир жолунун өндүрүштүк базасы татаал техникалык деңгээлдеги тепловоздорду капиталдык оңдоодон өткөрүүгө мүмкүндүк бербей турганын белгилөө зарыл (бир магистралдык тепловозду капиталдык оңдоого 65 млн. сомго жакын каражат керектелет).
Бирок жаңы муундагы локомотивдерди алуу сүйрөтүүчү кыймылдуу курамды оңдоо жана тейлөө үчүн өзүнүн өндүрүштүк-техникалык базасын өнүктүрүү зарылчылыгы менен шартталган.
Электр менен жабдуу, сигнализация жана байланыш
Кыргыз темир жолундагы байланыш менен камсыз кылуу системасынын негизги көйгөйү болгон моралдык жактан эскирген аналогдук системасы бүгүнкү күндө сапаттуу байланышты камсыздай албайт.
Бардык каналдар, тракттар жана жабдуулар аба жана кабелдик байланыш линияларын колдонуу менен курулган жана тез эскирүүгө жана бузулууга дуушар болот.
Механикалык (кол менен) борбордук блокировкалоо системасын колдонуу Кыргыз темир жол станциялык чарбасынын өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жана ишинин натыйжалуулугун кыйла чектейт.
Кыргыз Республикасынын темир жол кыймылынын географиясы жана ташуу ишинин болжолдорун баалоо
Республиканын түндүгү менен түштүгүнүн ортосунда мамлекеттер аралык темир жол каттамына интеграцияланган темир жол байланыш системасынын жоктугу транспорт инфратүзүмүнүн, транзиттик потенциалдын өнүгүшүнө, ошондой эле Түштүк-Чыгыш, Батыш Азия жана Жакынкы Чыгыш рынокторуна пайдалуу кендерди жана жүктөрдү экспорттоого тоскоолдук жараткан фактор катары чыгууда.
Республиканын түндүгү менен түштүгүн темир жол аркылуу келечекте байланыштыруу бирдиктүү ички темир жол тармагын түзүүгө гана эмес, республиканын түндүгү аркылуу транзиттин экспорттук жана импорттук бөлүктөрүн Казакстан жана Россия багытында жөнөтүүгө мүмкүндүк берет. Бул долбоордун кошумча артыкчылыгы катары долбоорлонуп жаткан Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан темир жолу менен байланышы саналат, бул өз кезегинде Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы туризмди жана социалдык-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө түрткү берет.
Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан темир жолун куруу долбоору Кыргызстандагы темир жол курулушунун негизги долбоорлорунун бири болуп саналат жана 2018-2040-жылдарга Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясында камтылган. Бул долбоор Кытайдан Орто Азия, Жакынкы Чыгыш жана Европа өлкөлөрүнө жүктөрдүн кыйла арзан жана тез өтүшүн камсыз кылуу менен чектелбестен, региондогу буга чейин иштеп жаткан темир жол коридорлору менен да атаандаша алат.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси А.У.Жапаровдо болгон кеңешменин 2022-жылдын 20-январындагы № 18-39 протоколун аткаруу, ошондой эле темир жол ташуу географиясын кеңейтүү максатында пилоттук поездди ишке киргизүү жана Бендер - Аббас (Иран) - Ош, Бендер - Аббас (Иран) - Бишкек багыттары боюнча ташууларды уюштуруу маселеси иштелип чыгууда.
Бул контейнердик темир жол ташууларынын көлөмүн келечекте өнүктүрүүгө жана жүктөрдүн кошумча көлөмүн тартууга мүмкүндүк берет.
II. Жетишкендиктер жана көйгөйлөр
Кыргыз Республикасынын темир жол транспортун өнүктүрүүнүн негизги багыттарын ишке ашырууну эске алуу менен 2022-2026-жылдарга жүк ташуу жылына орточо 1%га көбөйтүү менен болжолдонууда. Жүк ташуулардын өсүү динамикасы төмөнкү чараларды ишке ашыруунун эсебинен камсыз кылынат:
- ЕАЭБ, ШКУ жана башка региондук жана эл аралык интеграциялык бирикмелердин алкагында Кыргыз Республикасынын өнөктөш өлкөлөрү менен экономикасынын бардык чөйрөлөрүндө интеграциялык процесстерди түзүү;
- жаңы магистралдарды куруунун жана киргизүүнүн эсебинен Кыргыз темир жолуна кошумча жүктөрдү тартуу маселесин карап чыгуу;
- эл аралык каттамдарда мультимодалдык ташууну уюштуруу боюнча демилгелерди ишке ашыруунун артыкчылыктарын кеңейтүү.
Кыргыз темир жолунун ишинин маанилүү багыттарынын бири болуп калктын жүргүнчүлөрдү ташуудагы керектөөсүн канааттандыруу саналат. 2022-2026-жылдарга жүргүнчүлөрдү ташуунун өсүү темпи жыл сайын орточо 1,2% деңгээлинде болжолдонууда.
Кыргыз темир жолунун 2021-жылга ташуу ишинин болжолу
Көрсөткүчтөр | Ченем бирдиги | 2021-жылдагы отчет | 2022-жылга болжол | Өсүү темпи,% |
Жүк ташуу | млн. тонна-километр | 1003,1 | 1008,1 | 0,5 |
Жүргүнчү жүгүртүү | млн. жүргүнчү-километр | 21,0 | 21,02 | 0,1 |
2022-2026-жылдарга ташуу ишинин болжолу
Көрсөткүчтөр | Ченем бирдиги | Болжол | ||||
2022-ж. | 2023-ж. | 2024-ж. | 2025-ж. | 2026-ж. | ||
Жүк ташуу | млн. тонна-километр | 1008,1 | 1010,0 | 1021,5 | 1035,7 | 1050,6 |
Жүргүнчү жүгүртүү | млн. жүргүнчү-километр | 21,02 | 21,2 | 21,5 | 21,7 | 22,0 |
Көйгөйлүү факторлор:
Кыймылдуу курамдын эскириши (тепловоздор - 88%, жүк ташуучу вагондор - 60%, жүргүнчү вагондор - 63%, жол инфратүзүмү - 35%;
Инфратүзүмдү, кыймылдуу курамды тейлөө менен байланышкан ташуу көлөмүнө көз каранды болбогон олуттуу чыгымдар жана жүк ташуулардын жана кирешелердин деңгээлинин төмөндөшүнө байланыштуу тармактын экономикалык алсыздыгы;
Транзиттик каттамдын жоктугуна жана темир жолдордун бирдиктүү эместигине байланыштуу жүк ташуу түзүмүнүн чектелиши;
Темир жолду өнүктүрүү долбоорлорунун (модернизациялоо, курулуш) ишке ашыруусу көп капиталды талап кылуусу жана финансылык каражаттарынын жетишсиздиги;
Кыргыз темир жолунда транспорт процесстерин санариптештирүүнүн жана автоматташтыруунун жетишсиз даражасы.
Ушуга байланыштуу Негизги багыттарды ишке ашыруу Кыргыз темир жолунун иш көрсөткүчтөрүнүн сапаттуу өсүшүнө тоскоол болгон айтылган көйгөйлөрдү четтетүүгө, анын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга жана экономиканын жана республиканын калкынын темир жол ташууларына өсүп келе жаткан керектөөлөрүн канааттандыруу боюнча коюлган милдеттерди аткарууга багытталган.
III. Негизги багыттардын максаты жана артыкчылыктары
Негизги багыттардын максаты Кыргыз Республикасынын экономикасынын, чарба жүргүзүүчү субъекттеринин жана калкынын коопсуз темир жол ташууларына болгон керектөөлөрүн натыйжалуу жана толук камсыздоо аркылуу Кыргыз Республикасында экономикалык өсүштү жана социалдык бакубаттуулукту камсыз кылуу үчүн шарттарды түзүү болуп саналат.
Кыргыз Республикасынын темир жол транспортун өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттары болуп төмөнкүлөр саналат:
- Кыргызстандын калкынын жашоо сапатын жана экономикасынын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу;
- темир жол транспортунун ички тармагын түзүү жана республиканын транзиттик потенциалын өнүктүрүү;
- темир жол инфратүзүмүн жаңыртуу жана модернизациялоо;
- Кыргыз темир жолунун кадрдык жана илимий потенциалын чыңдоо.
IV. Негизги багыттардын милдеттери
1. Ички темир жол тармагын түзүү жана Кыргыз Республикасынын транзиттик потенциалын бекемдөө.
2. Жол чарбасынын инфратүзүмүн модернизациялоо, кыймылдуу курамдын паркын толуктоо, темир жол транспортун электр менен камсыздоонун, сигнализациянын жана байланыштын натыйжалуу системасын түзүү.
3. Кыргыз Республикасынын темир жол транспортунда транспорттук коопсуздукту уюштуруунун жана контролдоонун процесстерин жакшыртуу.
4. Темир жолдун ишинин натыйжалуулугун жана сапатын жогорулатуу үчүн маалыматтык технологияларды ишке киргизүү.
5. Темир жол транспортунун кызматкерлеринин кадрдык жана илимий потенциалын жогорулатуу.
6. Кыргыз Республикасынын темир жол транспортун өнүктүрүүгө багытталган мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында темир жол секторунун инвестициялык долбоорлорун ишке ашыруу.
V. Негизги багыттардын милдеттерин ишке ашыруу боюнча чаралар
Кыргыз Республикасынын темир жол транспортун өнүктүрүүнүн негизги багыттарында каралган милдеттерди аткаруу төмөнкүдөй чараларды ишке ашырууну камтыйт:
1. Кыргыз Республикасынын транзиттик потенциалын күчөтүү милдетин чечүү максатында Негизги багыттарды ишке ашыруунун алкагында Кыргыз Республикасынын ички темир жолдор тармагын түзүүгө багытталган чараларды ишке ашыруу каралууда:
- Балыкчы - Кочкор - Кара-Кече (186 км) темир жолун куруу долбоорунун алкагында Балыкчы - Кочкор - Кара-Кече (63 км) темир жолунун курулушун баштоо;
- Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан темир жолун куруу долбоорун ишке ашырууга кызыкдар тараптарды тартуу;
- Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан темир жолун куруу долбоорунун техникалык-экономикалык негиздемесин (мындан ары - ТЭН) жана жаңыланган долбоордук-сметалык документтерин иштеп чыгуу;
- Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан темир жолун куруу жөнүндө көп тараптуу өкмөттөр аралык макулдашууну даярдоо жана ага жол коюу.
"Кыргыз темир жолу" УК" МИге магистралдык темир жолдорду долбоорлоо жана куруу боюнча функциялар жүктөлгөн. Темир жол тармагын өнүктүрүү боюнча милдеттер Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы № 435 Жарлыгы менен бекитилген 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасын ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин иш-чаралар планына киргизилген.
Негизги багыттарды ишке ашыруунун алкагында "Кыргыз темир жолу" УК" МИ каражаттарынын эсебинен Балыкчы - Кочкор темир жолунун биринчи этабын курууга багытталган чаралар ишке ашырылат.
Балыкчы - Кочкор темир жолунун биринчи участогун куруу баарынан мурда Кара-Кече кенинен көмүрдү ташууга багытталат жана Кара-Кече күрөң көмүр кенин иштетүүдө калкты жана Бишкек шаарынын ЖЭБин күз-кыш мезгилинде көмүр менен камсыз кылуу үчүн көмүрдү ташуунун эң аз чыгымдуу жолун түзгөндүгүнүн эсебинен чоң социалдык-экономикалык мааниге ээ.
Алдын ала эсептөөлөр боюнча бул кендин запасы 1,5 млрд. тоннага жакын болот.
Бүгүнкү күндө Кара-Кече кенинен көмүр автотранспорт менен Балыкчы станциясына ташылып келет, андан ары темир жол аркылуу Бишкекке жана республиканын түндүгүндөгү башка калктуу пункттарга ташылат. Жыл сайын Кара-Кече кенинен Балыкчы станциясына, андан ары темир жол транспорту менен Бишкек шаарынын ЖЭБи жана борбор калаанын калкы үчүн 700 миң тоннага жакын көмүр ташылат.
Көмүрдү автомобиль транспорту менен ташуу көмүрдүн баасынын кыйла кымбатташына жана жол катмарынын эрте бузулушуна алып келет, узак мөөнөттүү келечекте темир жол аркылуу ташууга караганда кымбатка туруп калат.
Мындан тышкары, көмүр кенинен ташып келинген көмүрдү жүктөп жатканда Балыкчы шаарынын аймагындагы тынымсыз шамал менен жайылган көмүр чаңдары көлдүн экосистемасына жана көл жээгиндеги аймакка зыян келтирүүдө.
Ушуга байланыштуу темир жолдун курулушу Кыргызстанга экономикалык жактан да пайда, экологиялык жактан да артыкчылыктарды алып келет.
"Кыргыз темир жолу" УК" МИ өз күчү менен Балыкчы - Кочкор темир жолун куруунун наркы алдын ала эсептөөлөр боюнча 9472 млн. сомду түзөт.
Балыкчы - Кочкор темир жол участогунун ТЭН иштеп чыгуу, долбоорлоо жана куруу үчүн Кыргыз Республикасындагы долбоорлоо-изилдөө институттары жана профилдик адистер тартылат.
Ошондой эле улуттук темир жол тармагын өнүктүрүүгө багытталган чараларды ишке ашыруу Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан темир жол магистралын куруу долбоорун ишке ашырууну караштырат, бул Евразия трансконтиненталдык темир жол магистралынын түштүк коридорун түзүүгө мүмкүндүк берет, ал Кыргызстандын аймагы аркылуу өтүп, Тынч океандагы портторду Перс булуңу, Жер Ортолук деңизи жана Европа менен байланыштырат.
Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан темир жол магистралын куруу долбоору "2018-2040-жылдарга Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясынын" программасына киргизилген.
Сүрөт. Темир жол транспортунун тармагын өнүктүрүү
Учурда долбоорго катышкан өлкөлөр менен өз ара пайдалуу жана компромисстик чечимди иштеп чыгуу, ошондой эле бардык маселелер жана техникалык аспекттер боюнча (маршрут, колеянын кеңдиги, жүк өткөрүү станциясынын жайгашкан жери) макулдашуу иштери жүргүзүлүүдө.
Каржылоо моделин, менчигинин формасын, каржылоо түзүмүн, темир жолду тейлөө жана эксплуатациялоону изилдөө үчүн Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан темир жолун куруу долбоорун финансылык- экономикалык талдоо боюнча үч тараптуу жумушчу топту түзүү жөнүндө чечим кабыл алынды.
Долбоорду ишке ашырууну тездетүү максатында маршруттун комбинацияланган вариантын талаадан изилдөө боюнча иштер, темир жолду изилдөө жана трассалоо боюнча иштер жүргүзүлдү, маршрут боюнча топографиялык, геологиялык жана гидрографиялык шарттарды дыкат изилдөө үчүн жерине баруу, вертолет менен учуп кароо аткарылды.
Жакын арада Кытай Эл Республикасынын Биринчи долбоорлоо институту тарабынан даярдалган алдын ала техникалык-экономикалык негиздөө боюнча отчетту, ошондой эле маршруттун комбинацияланган варианты боюнча ТЭН иштеп чыгууну жана талаадан изилдөөнү камтыган 2022-жылга долбоорду ишке ашыруунун биргелешкен иш планын кароо боюнча үч тараптуу жыйналышты өткөрүү пландалууда.
Долбоорго катышкан өлкөлөр менен техникалык, финансылык жана экономикалык мүнөздөгү маселелер боюнча консенсуска жетишкенден кийин Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан темир жолун куруу жөнүндө көп тараптуу өкмөттөр аралык макулдашууга кол коюу пландалууда.
2. Негизги багыттардын алкагында темир жол транспортунун негизги фонддорун реконструкциялоо жана жаңылоо милдеттерин чечүү төмөнкү чаралардын ишке ашырылышын караштырат:
- рельс астына темир бетон төшөөгө жабууга өтүү менен жол чарбасынын инфратүзүмүн модернизациялоо;
- кыймылдуу курамдын паркын (локомотивдер, вагондор) толуктоо;
- темир жол транспортун электр менен жабдуунун, сигнализациянын жана байланыштын натыйжалуу системасын түзүү.
Жолдор
Темир жолдун ташуу жана өткөрүү жөндөмдүүлүгүн чыңдоо поезддердин жүрүү ылдамдыгын жогорулатууну камсыз кылуучу иштердин аткарылышына көз каранды, бул темир жол инфратүзүмүнүн иштеп жаткан объекттерин реконструкциялоого жана техникалык жактан кайра жабдууга тиешелүү капиталдык салымдарды талап кылат.
Негизги багыттарды ишке ашыруунун алкагында темир жолдорун жана жол инфратүзүмүн чыңдоо жана калыбына келтирүү милдетин чечүү Кыргыз темир жолунун үстүңкү түзүлүшүн рельс астына жыгач эмес темир бетон төшөөгө этап-этабы менен которуу аркылуу, ошондой эле көп эмгекти талап кылган жол жумуштарын механизациялаштыруу машиналарын (ВПО-3-3000, шагыл тазалоочу ЩОМ-1200ПУ машинасы) жана жол машиналарын (электрбалластер жана жол төшөгүч) сатып алуу менен темир жолду модернизациялоону караштырат.
Жыгач шпалаларды темир бетонго алмаштыруу Кыргыз темир жолуна темир бетон шпалалардын узакка жарай тургандыгынан улам темир жолдун бардык участокторунда жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташуучу поезддердин кыймылынын белгиленген деңгээлин камсыз кылып, оңдоо мезгилинин аралыгын көбөйтүүгө жана поезддердин жүрүшүнүн участоктук ылдамдыгын жогорулатууга мүмкүндүк берет.
Негизги багыттардын бул блогун ишке ашыруу өздүк жана тартылган каражаттардын эсебинен жыл сайын орто эсеп менен 25 км жолду капиталдык оңдоодон өткөрүүгө, кийин 5-7 жылдын ичинде Кыргыз темир жолунун участокторунда жыгач шпалалардан темир бетонго өтүүгө мүмкүндүк берет.
Бул ошондой эле жолдун эң татаал участокторунда темир бетон шпалалары жана жаңы рельстер төшөлгөнүнө жараша участоктук ылдамдыкты жогорулатууга жана Негизги багыттарды ишке ашыруунун ичинде белгиленген ылдамдыкка чыгууга (70-80 км/саат) жардам берет.
Ошондой эле Кыргыз темир жолунун стратегиялык долбоорлорунун бири болуп эл аралык финансы уюмдарынын каражаттарын тартуунун эсебинен жолдун үстүңкү түзүлүшүн жаңылоо, модернизациялоо долбоору саналат.
Негизги багыттардын алкагында жолду оңдоо жана жол чарбасын өнүктүрүү программасын ишке ашырууга каржылоонун зарыл көлөмү жыл сайын 477,1 млн. сомдон ашыкты түзөт.
Республиканын экономикасынын жана калкынын темир жол ташууларына өсүп бараткан муктаждыгын камсыз кылуу боюнча коюлган милдеттерди аткаруу ишке жарамдуу кыймылдуу составды, атап айтканда, локомотивдерди жана вагондорду зарыл санда кармап турууну талап кылат.
Эксплуатацияга жарамдуулугун жана эксплуатациялик натыйжалуулугун, коопсуздугун жогорулатуу үчүн жүк, жүргүнчү вагондордун, локомотивдердин кыймылдуу курамынын паркын модернизациялоо жана толуктоо милдетин чечүү максатында жана темир жол транспортун өнүктүрүүнүн ушул Негизги багыттарынын алкагында кыймылдуу курамдын паркын жаңылоонун төмөнкү чаралары пландалууда:
- кошумча кыймылдуу курамды сатып алуу;
- эксплуатациялоо ресурсун узартуу жана техникалык-экономикалык мүнөздөмөлөрүн жакшыртуу менен колдонуудагы автопаркты модернизациялоо;
- сүйрөгүч-кыймылдуу курамды оңдоо базасын модернизациялоо жана "КТЖ" УК" МИ учурда жүргүзбөгөн оңдоонун түрлөрүн өздөштүрүү.
Азыркы учурда Кыргыз темир жолунун өндүрүштүк базасы тепловоздордун татаал техникалык деңгээлдеги капиталдык оңдоосун жүргүзүүгө мүмкүндүк бербейт.
Локомотивдерди оңдоо
Оңдоонун түрлөрү | 2022-ж. | 2023-ж. | 2024-ж. | 2025-ж. | 2026-ж. |
Өзүнүн базасында пландуу оңдоолор (шарттуу бирдиктер) | 139,237 | 138,827 | 139,237 | 138,827 | 138,827 |
Өзүнүн базасында пландуу оңдоолор (тепловоз) | 6 | 6 | 6 | 6 | 6 |
Чет өлкөдө капиталдык жана күндөгү оңдоолор (тепловоз) | 7 | 6 | 7 | 6 | 6 |
Мурда белгиленгендей, жаңы муундагы тепловоздорду сатып алуу кыймылдуу курамды техникалык тейлөө үчүн өндүрүштүк базаны өнүктүрүү зарылдыгын шарттайт.
Негизги багыттардын алкагында сүйрөгүч кыймылдуу курамдын паркын локомотивдер менен толуктоонун төмөнкүдөй программасы ишке ашырылат.
Сүйрөгүч кыймылдуу курамдын паркын толуктоо программасы
Сатып алуу | 2022 | 2023 | 2024 | 2025 | 2026 | Натыйжада |
Тепловоздор (бирдик) | 2 |
| 2 | 2 |
| 6 |
Кыргыз темир жолунун вагондор паркын толуктоо маселесин чечүү максатында мындан аркы кызматташууну Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында жүргүзүү зарыл. Ошондой эле финансылык институттардын жана инвесторлордун финансылык колдоосу менен кыймылдуу паркты толуктоо жөнүндө маселени иштеп чыгууга чоң көңүл бурулууда.
Болжолдонгон жүк жана жүргүнчү ташууларды эске алуу менен 2026-жылга чейин вагондорду оңдоо планын ишке ашыруу пландаштырылууда.
Вагондорду оңдоо
| 2022-ж. | 2023-ж. | 2024-ж. | 2025-ж. | 2026-ж. |
Бардыгы | 269 | 359 | 442 | 370 | 350 |
Жүк ташуучу вагондор | 219 | 300 | 380 | 310 | 292 |
Жүргүнчү ташуучу вагондор | 50 | 59 | 62 | 60 | 58 |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 29-мартындагы № 140 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-2023-жылдарга программасын ишке ашырууга ылайык, ошондой эле болжолдонгон жүк жана жүргүнчү ташууларды эске алуу менен 2026-жылга карата кыймылдуу курамдын паркын модернизациялоонун жана жаңылоонун төмөнкүдөй программасын ишке ашыруу пландаштырылууда, анын ичинде:
Жүк жана жүргүнчүлөрдү ташуучу вагондордун паркын толуктоо программасы
Сатып алуу | 2022 | 2023 | 2024 | 2025 | 2026 | Натыйжада |
Жүк ташуучу вагондор |
| 50 | 50 | 50 |
| 150 |
Жүргүнчү ташуучу вагондор |
|
|
|
| 34 | 34 |
Кыймылдуу курамдын паркын толуктоону ишке ашыруу үчүн зарыл болгон көлөм 4752,1 млн. сомдон ашыкты түзөт.
Электрификация, сигнализация жана байланыш
Жогоруда айтылгандай, Кыргыз темир жолундагы байланышты камсыз кылуу системасынын негизги көйгөйү болуп бүгүнкү күндө сапаттуу байланышты камсыз кыла албаган моралдык жактан эскирген аналогдук система саналат.
Электрификация, сигнализация жана байланыш системасын модернизациялоо милдетин чечүү үчүн, ушуга байланыштуу баланстагы төрт байланыштын волокнолук-оптикалык линиясынын (мындан ары - БВОЛ) волокносун андан ары өнүктүрүү, ошондой эле темир жол транспортунда санариптик технологияларды киргизүү жана модернизациялоо, байланыш кызматтарынын жаңы түрлөрүн көрсөтүү жана анын сапатын жакшыртуу максатында темир жол транспортун өнүктүрүүнүн негизги багыттарында бир катар иш-чаралар каралган:
- Түрксиб станциясынан Рыбачье станциясына чейин БВОЛду өнүктүрүүнүн модернизациялоо жана ыкчам-технологиялык байланышты санариптештирүү боюнча долбоорду иштеп чыгуу жана ишке ашыруу. Долбоордук-изилдөө жана курулуш-монтаждоо жумуштарын эсепке алуу менен долбоордун болжолдуу наркы 60,2 млн. сомду түзөт;
- Аламүдүн станциясынан Рыбачье станциясына чейинки участокто байланыштын аба линиясын этап-этабы менен кабелдик байланыш линиясына өткөрүү. Аткарылуучу иштин болжолдуу наркы 375,5 млн. сомду түзөт.
Кыргыз темир жолун сигнализацияны, борборлоштурууну жана бөгөттөөнү орнотуу боюнча төмөнкүдөй иштерди аткаруу зарыл:
- Аламүдүн станциясында электр борборлоштурууну долбоорлоо жана куруу - 19 жебе (стрелка), Кант станциясында - 16 жебе, Токмок станциясында - 20 жебе, Рыбачье станциясында - 19 жебе. Материалдардын наркын эсепке алуу менен реле негизиндеги долбоордун жалпы наркы болжол менен 634,5 млн. сомду түзөт;
- байланыштын аба линиясын магистралдык байланыш кабелине өткөрүү менен Бишкек-2 станциясы - Рыбачье станциясынын участогунда диспетчердик борборлоштуруу менен автоматтык бөгөттөөнү куруу. Долбоордук-изилдөө иштеринин наркы болжол менен 465,3 млн. сомду түзөт.
Электр менен камсыздоо үчүн Кыргыз темир жолунун станцияларынын иштеп жаткан жарык берүү системасын энергияны үнөмдөөчү жарык берүү системасына акырындык менен алмаштыруу зарыл. Иштин болжолдуу наркы 7,7 млн. сомду түзөт.
Бул блокту ишке ашыруу үчүн зарыл болгон көлөм болжол менен 1543,2 млн. сомду түзөт.
3. Темир жолдо поезддердин кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу системасын бекемдөө
Кыргыз темир жолунда транспорттук процесстердин коопсуздугун камсыз кылуу жана жакшыртуу максатында Негизги багыттарды ишке ашыруунун алкагында төмөнкүдөй иш-чаралар каралат:
- темир жол транспортунда техникалык жөнгө салуу системасын өнүктүрүүгө багытталган иштерди ишке ашыруу;
- "УАЗ-Патриот" автомобилдин базасында мурда сатып алынган ЛДМ 1 сериясындагы лабораториянын жардамы менен жолдун үстүңкү түзүлүшүнө диагностика жасоо;
- "адам фактору" менен байланышкан тобокелдиктерди азайтуу боюнча системалуу ишти жүргүзүү;
- РДМ-24 рельстерин текшерүү үчүн үч ультрадефектоскопиялык чакан арабаларды сатып алуу.
Темир жолдо поезддердин кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу системасын бекемдөө "УАЗ-Патриот" автомобилинин базасында мурда сатып алынган ЛДМ 1 лабораториясынын жардамы менен жолдун үстүңкү түзүлүшүн диагностикалоо боюнча иштерди караштырат, мындан тышкары РДМ-24 рельстерин текшерүү үчүн үч ультрадефектоскопиялык чакан арабаларды сатып алуу керек.
Темир жолдогу транспорттук процесстердин коопсуздугун камсыз кылуунун эң маанилүү фактору катары "адам факторунан" келип чыгуучу тобокелдиктерди кыскартуу боюнча системалуу иштерди киргизүү болуп берет.
Ал эми бул иште бардык компоненттер - окутуу, технологиялык процесстердин аткарылышын контролдоо, өзгөчө алардын эң кризистүү элементтеринде, шайкештикти көп деңгээлде контролдоо менен технологиялык процесстерди автоматташтыруунун өсүшү маанилүү. Ушуга байланыштуу башкаруунун жаңы түзүмүндө ташуулардын коопсуздугун камсыз кылуу блогу өндүрүштүк регламенттерди иштеп чыгууда жана ишке ашырууда, кадрларды даярдоодо жана квалификациясын жогорулатууда, коопсуздукту камсыз кылуу жагынан техникалык саясатты иштеп чыгууда өзүнүн ролун жогорулатууга тийиш.
Темир жолдун кыймылдуу курамынын техникалык абалына системалуу контролду камсыз кылуу максатында Кыргыз темир жолу Беловодск жана Бишкек вагон оңдоочу заводдорунун базасында жыл сайын жүк жана жүргүнчүлөрдү ташуучу вагондорду оңдоону улантат.
Ошондой эле поезддердин кыймылынын коопсуздугун камсыздоо системасын 2023-жылга чейин жакшыртуунун алкагында эталондук гиря (компаратор) текшерүүчү приборду сатып алуу зарыл. Бүгүнкү күндө "Кыргыз темир жолу" УК" МИ жүк алуучулардын жана жүк жөнөтүүчүлөрдүн вагон таразасын текшерүү боюнча кызмат көрсөтөт. Жылына бир жолу ошол эталондук гирялардын өздөрүн текшерүү керек, бирок Кыргыз Республикасында тиешелүү база жок. Буга байланыштуу "Кыргыз темир жолу" УК" МИ вагондук таразаны салмак текшерүүчү вагон менен текшерүүгө сертификат алуу үчүн жыл сайын "Казахстан темир жолы" УК" акционердик коомуна кайрылууга туура келет, бул үчүн 1,3 млн. теңге чыгымдалат.
"Кыргыз темир жолу" УК" МИ Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-июнундагы № 394 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-2022-жылдарга экстремизмге жана терроризмге каршы аракеттенүү боюнча программасынын алкагында "Кыргыз темир жолу" УК" МИ объекттеринде өрттөн коргоо сигнализациясын жана видеобайкоону орнотуу боюнча иштерди улантууда.
4. Темир жолдун иштешинин натыйжалуулугун жана сапатын жогорулатуу жана темир жол транспортунун кызмат көрсөтүүлөрүнүн жеткиликтүүлүгүн камсыздоо үчүн маалыматтык технологияларды киргизүү
Башкаруунун автоматташтырылган системасынын иштеши төмөнкү чаралардын комплекстүү ишке ашырылышын болжолдойт:
- маалыматтарды башкаруунун колдонуудагы автоматташтырылган системаларын модернизациялоону;
- башкаруунун заманбап реляциялык системаларынын негизинде борборлоштурулган маалыматтар базасынын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү;
- "кардар-сервер" технологиясын колдонууну кеңейтүү;
- поезддик, вагондук жана контейнердик моделдер боюнча узак мөөнөттүү архивдерди ишке киргизүү;
- жүк ташуу боюнча кардарларды тейлөөнүн заманбап технологияларын, электрондук транспорттук коштомо кагаздарын колдонууну ишке ашыруучу автоматташтырылган системанын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жана электрондук финансылык, статистикалык отчеттуулукту түзүү;
- финансылык агымдарды, адам ресурстарын, материалдык ресурстарды башкаруунун автоматташтырылган системасын өнүктүрүү.
Маалымат каналдары аркылуу берилүүчү маалыматтын агымынын көбөйүшү аларды иштетүүнүн ыкчамдыгына таасирин тийгизет. Ушуга байланыштуу "Кыргыз темир жолу" УК" МИ жетекчилиги тарабынан заманбап операциялык системаларды, программалык камсыздоону орнотуу, сервердик жана тармактык жабдууларды жаңыртуу жаатында маалыматтын-эсептөөнү камсыз кылуу боюнча филиалдын программалык-техникалык комплексин модернизациялоо боюнча милдеттери коюлду.
Мында алмаштыруусуз же олуттуу модификациялоосуз жети жылдан кем эмес иштей ала турган жана маалыматтык системалардын иштешинин натыйжалуу үзгүлтүксүз сапатын камсыз кылуучу программалык продукттарды сатып алууга басым жасоо керек, бул чыгымдарды азайтып, универсалдуулукту, жогорку өндүрүмдүүлүктү жана тейлөөнүн жөнөкөйлүгүн камсыз кылууга жардам берет.
Эсептөө ресурстарын борборлоштуруу үчүн милдеттүү шарт болуп перифериялык объекттердин, станциялардын, маалыматтык-эсептөө борборлорунун, филиалдарынын жана кызматтардын ортосунда ишенимдүү жогорку өндүрүмдүү байланыш каналдарынын болушу саналат.
Пайдалануучулардын маалымат базалары менен иштешинин натыйжалуулугун динамикалуу жогорулатуу үчүн маалыматтарды чагылдырган ийкемдүү программалык системалар ишке киргизилет.
Ошондой эле, ЕАЭБде Кыргыз Республикасынын милдеттенмелерин аткаруунун алкагында темир жол транспортунун системасында бирдиктүү транспорттук рынокту түзүүдөгү тоскоолдуктарды жоюу үчүн технологиялык процесстерди маалыматташтырууга багытталган чаралар ишке ашырылат, анын ичинде төмөнкүлөр үчүн:
- мамлекеттик контролдоочу органдардын, анын ичинде эл аралык жүк ташууларда алдын ала маалымдоо боюнча маалыматтык системалары менен Кыргыз темир жолунун маалыматтык системаларынын өз ара аракеттенүү деңгээлин жогорулатуу;
- ташуучулар менен ташуу процессинин башка катышуучуларынын ортосунда юридикалык мааниге ээ болгон электрондук документ жүгүртүүгө өтүү, б.а. жүк ташууларды тариздөөдө кагазсыз технологиялардын негизинде документтер менен алмашууга өтүү;
- кошуна темир жол администрациялары менен өз ара таанылган электрондук кол тамганы колдонуу менен электрондук транспорттук документтер менен алмашуу.
Кыргыз темир жолунун локалдуу эсептөө тармагын жана программалык-техникалык комплексин модернизациялоо боюнча масштабдуу иштерди аткаруу олуттуу финансылык салымдарды талап кылат, алар маалыматтык-эсептөө жагынан камсыз кылуу боюнча филиалдардын ишине керектүү чыгымдардын болжолдуу суммалары жана чыгашанын беренелери боюнча төмөндө чагылдырылды:
Чыгашанын беренелери | Суммасы (млн. сом) |
Программалык-техникалык комплексти жаңылоо | 94,0 |
Кыргыз темир жолунда санариптештирүү процессинин алкагында төмөнкү милдеттерди ишке ашыруу пландалууда:
- ташуу процессин башкаруунун жаңы автоматташтырылган жаңы системасына өтүү;
- республикалык ички жүк ташуу каттамында ташуу процессинин катышуучулары менен электрондук документ жүгүртүүгө өтүү;
- эл аралык жүк ташуу каттамдарында жүк ташууну уюштурууда жана тариздөөдө кагазсыз технологияларды киргизүү. Электрондук транспорттук коштомо кагазды пайдалануу аркылуу башка темир жол администрациялары менен өз ара аракеттенүү;
- темир жол кызматтарын көрсөтүү боюнча интерактивдүү порталды төмөнкү сайтта өнүктүрүү: www.kjd.kg;
- республиканын ичиндеги каттамдарда жүргүнчү поезддерине билеттерди электрондук сатуунун маалыматтык системасын өнөр жайлык эксплуатацияга киргизүү;
- www.kjd.kg сайт аркылуу алыска бара турган поезддердин жол жүрүү документтерин сатуунун маалыматтык системасын өнөр жайлык эксплуатацияга киргизүү.
Темир жолдун иштешинин сапатын жогорулатуу жана темир жолдогу транспорттук кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу максатында Негизги багыттардын алкагында төмөнкү чаралар ишке ашырылат:
- "АТР өлкөлөрү - Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан - Түркмөнстан - Азербайжан - Грузия - Түркия - Европа" мультимодалдык маршрутун өнүктүрүү;
- темир жол транспорту менен Өзбекстан Республикасынын аймагы аркылуу Кыргыз Республикасынын түштүк региондоруна/региондорунан жүктөрдүн бардык түрлөрүн транзиттик ташуу үчүн жеңилдетилген тарифтик шарттарды түзүү;
- Иран Ислам Республикасына/Иран Ислам Республикасынан багытында эл аралык контейнердик темир жол коридорлорун өнүктүрүү;
- эл аралык жүргүнчүлөрдү ташуунун жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу.
Негизги багыттардын алкагында жүк ташууларды андан ары өркүндөтүү жана көлөмүн көбөйтүү максатында Кыргыз Республикасынын АТР өлкөлөрү - Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан - Түркмөнстан - Азербайжан - Грузия - Түркия - Европа эл аралык мультимодалдык транспорттук коридорлордо катышуусун кеңейтүү күтүлүүдө.
Координацияланган чаралар жана коридордун бардык катышуучуларынын өз ара аракеттенүүсү маршрутту жандандырууга, жүк ташуулардын көлөмүн көбөйтүүгө, контейнердик поезддердин өтүүсүн тездетүүгө жана бул маршрут боюнча жүктөрдү бириктирилген ташууларды уюштурууга түрткү берди.
Атайын тарифтик ставкаларды жана жүктөрдү ташуу шарттарын колдонуу өлкөлөр ортосундагы сооданын көлөмүн көбөйтүүгө мүмкүндүк берет, бул бардык катышуучулардын кызыкчылыктарына жооп берет жана кошумча жүк агымын тартууга түрткү берет.
Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы жүк ташууларды көбөйтүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын түштүк облустарын транспорт менен камсыздоо маселесин чечүү максатында Өзбекстандын аймагы аркылуу жүктөрдү транзиттик ташууга жеңилдиктерди узартуу жөнүндө "Кыргыз темир жолу" УК" МИ менен "Узбекистан темир йуллари" акционердик коомунун ортосунда макулдашуу жетишилди.
Мындан тышкары Негизги багыттар Иран Ислам Республикасына/Иран Ислам Республикасынан багытында эл аралык контейнердик темир жол коридорлорун өнүктүрүүгө багытталган.
Кыргыз Республикасы үчүн Ирандын Бендер-Аббас порту аркылуу Түркмөнстанга, Өзбекстанга жана Кыргызстанга жана алар аркылуу кайра артка контейнердик ташуулардын темир жол коридорун түзүүнүн стратегиялык маанилүүлүгүн эске алуу менен, бизнести өнүктүрүүгө колдоо көрсөтүү үчүн КЭРден, Индиядан жана Түштүк-Чыгыш Азиянын башка өлкөлөрүнөн товарларды жеткирүүлөрдү көбөйтүү, ошондой эле Жакынкы Чыгыш өлкөлөрү менен оптималдуу транспорттук каттам үчүн контейнердик темир жол ташууларын өнүктүрүү жана Кыргыз темир жолуна жүктөрдүн кошумча көлөмүн тартуу максатында Иран Ислам Республикасынын темир жолдору менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жөнүндө меморандумду ишке ашырууга багытталган конкреттүү чаралар ишке ашырылат.
Негизги багыттарды ишке ашыруунун алкагында эл аралык жүргүнчүлөрдү темир жол менен ташуулардын жеткиликтүүлүгү боюнча маселени чечүү максатында транспорттун башка түрлөрү менен атаандаш эмес эл аралык жүргүнчүлөрдү ташуучу каттамда жүрүү наркын төмөндөтүүгө багытталган иш-чаралар, атап айтканда Россия Федерациясы жана Казакстан Республикасы менен "Кыргыз темир жолу" УК" МИнин жүргүнчүлөрдү ташуучу поезддеринде жүргүнчүлөрдүн жүрүүсүнө тарифтин базалык ставкаларына жогорулатылган индексациялоо коэффициенттерин төмөндөтүү боюнча биргелешкен иштерди жүргүзүү каралган.
Мындан тышкары эл аралык жүргүнчү ташуулардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн темир жолдун үзгүлтүксүз жана токтоосуз иштешинин көрсөткүчү катары коронавирус инфекциясынын жайылышын алдын алуу боюнча чаралар пландалган.
Негизги багыттардын алкагында "Кыргыз темир жолу" УК" МИнин кызматкерлеринин ден соолугун сактоону камсыз кылуу максатында коронавирус инфекциясынын жайылышын алдын алуу маселелерин чечүү каралууда.
Буга байланыштуу Негизги багыттарды ишке ашыруу чаралары менен коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы аракеттенүү жаатында COVID-19 коронавирус инфекциясынын алып келинишин жана "Кыргыз темир жолу" УК" МИнин темир жол өткөрүү пункттарында чек арадан өтүүчү кызматкерлерине карата (локомотивдик бригадалар, түзүүчүлөр, дефектоскопистер, поезд бригадалары ж.б.) жайылышын болтурбоо боюнча иш-аракеттердин алгоритмин ишке ашыруу механизмдери жөнүндө" биргелешкен буйрукту ишке ашыруу каралууда.
Ошондой эле Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу органдарынын "Кыргыз темир жолунун эл аралык каттамда жүргүнчүлөрдү ташуусунда коронавирустун жайылышын алдын алуу боюнча иш-аракеттердин алгоритмин ишке ашыруу механизмдери жөнүндө" чечимдерин ишке ашыруу боюнча иштер андан ары жүргүзүлөт.
5. Темир жол транспортунун кадрларын сапаттуу даярдоого жана алардын квалификациясын жогорулатууга багытталган чараларды кеңейтүү
Негизги багыттарды ишке ашыруунун алкагында кадрларды даярдоо маселелеринде төмөнкү чаралар ишке ашырылат:
- бардык деңгээлдеги темир жол транспортун камсыздоо үчүн кеңири, ошондой эле тар профилдеги жумушчуларды жана инженердик адистиктерди максаттуу даярдоо;
- карьералык өсүштүн натыйжасы катары кесипкөйлүгүн жана квалификациясын жогорулатууга кызматкерлерди мотивациялоо жана кызыктыруу системасын түзүү;
- эмгек өндүрүмдүүлүгүн жогорулатууга жана иштин натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган корпоративдик этика системасын күчөтүү;
- Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин, "Кыргыз темир жолу" УК" МИнин жана персоналды даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу чөйрөсүндөгү билим берүү мекемелеринин ортосундагы өз ара аракеттенүү механизмдерин күчөтүү;
- темир жол транспортун өнүктүрүү проблемаларын изилдөө үчүн илимий мекемелерди тартуу;
- илимий-билим берүү мекемелеринин кызматкерлерин стажировкадан өткөрүү жана темир жол кызматкерлерин ЖОЖдон кийинки окутуу практикасын кеңейтүү;
- ноу-хау жана илимий-техникалык кызматташтык жаатында Евразия экономикалык биримдигинин болгон ресурстарын активдүү пайдалануу.
Темир жолчу-адистерди даярдоо, ошондой эле темир жол транспортунун иштешинин проблемалары боюнча илимий-изилдөө иштерин жүргүзүү үчүн билим берүү жана илимий базанын жетишсиз өнүгүү деңгээли Кыргыз темир жолунун эң негизги проблемаларынын бири болуп саналат.
Темир жол транспорту чөйрөсүндөгү алдыңкы билим берүү мекемелери менен кызматташуунун алкагында, Негизги багыттарды ишке ашыруунун алкагында М.Тынышпаев атындагы Казак транспорт жана коммуникациялар академиясы (Казакстан Республикасы) менен "Кыргыз темир жолу" УК" МИнин кызматташуусун кеңейтүү пландалууда.
М.Тынышпаев атындагы Казак транспорт жана коммуникациялар академиясы топтолгон чоң тажрыйбага ээ, жогорку квалификациялуу педагогикалык кадрлары жана кеңири илимий-методикалык базасы бар.
Н.Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин базасында Кыргыз темир жолунун түштүк бөлүмүнүн адистерин "Темир жол транспортунда ташууларды уюштуруу жана башкаруу" адистиги боюнча сырттан даярдоого багытталган практика кеңейтилет.
№ 97 кесиптик лицейдин базасында ишкананын кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу үчүн шарттарды камсыздоого багытталган иш күчөтүлөт.
Өкмөттөр аралык комиссиялардын кол коюлган Протоколдорун ишке ашыруунун алкагында Кыргыз Республикасынын профилдик окуу жайлары жана темир жол тармагы үчүн адистерди даярдаган чет өлкөлүк алдыңкы ЖОЖдор менен кызматташуу чаралары жүзөгө ашырылат.
Натыйжалуулук системасында адистер менен камсыз кылуу жана бузбоочу контролдун натыйжаларын таануу максатында ишкананын кызматкерлерин Федералдык мамлекеттик "Стандартташтыруу, метрология жана сертификациялоо академиясы" кошумча кесиптик билим берүүнүн автономиялык билим берүү мекемесинин Уралдагы филиалында окутуу боюнча ишти кеңейтүү пландалууда:
- бузбоочу контролдун магниттик (магниттик порошок, феррозонд) түрлөрү боюнча;
- бузбоочу контролдун айланма ток түрү боюнча;
- бузбоочу контролдун ультра үн түрү боюнча.
Негизги багыттарды ишке ашыруунун ичинде бардыгы Кыргыз темир жолунун 50гө жакын кызматкеринин квалификациясын жогорулатуу жана окутуу пландалууда.
6. Мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн, бюджеттик кредиттөөнүн алкагында темир жол транспортунун фонддорун жаңылоону жана модернизациялоону каржылоодо мамлекеттик-жеке өнөктөштүк практикасын кеңейтүү үчүн Негизги багыттардын алкагында төмөнкү чараларды ишке ашыруу пландалууда:
- "Түрксиб - Балыкчы темир жол участогун электрлештирүү" инвестициялык долбоорунун ТЭН даярдоо;
- "Кыргыз темир жолу" УК" МИнин өздүк өндүрүштүк базасында темир-бетон шпалаларын чыгаруучу заводду куруу долбоорун ишке ашыруу;
- Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын эл аралык донор уюмдарынын жана Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун каржылоосу менен лизинг шарттарында жүк ташуучу вагондорду сатып алуу долбоорун ишке ашыруу.
Негизги багыттардын артыкчылыктуу долбоорлорунун ичине мамлекет ичиндеги темир жол тармагын өнүктүрүү долбоору - "Түрксиб - Балыкчы темир жол участогун электрлештирүү" инвестициялык долбоору кирет, аны каржылоону ишке ашыруу мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагындагы демилгелерди карайт.
"Түрксиб - Балыкчы" темир жол участогу Кыргызстанды Казакстан жана башка мамлекеттер менен байланыштыруучу башкы транспорттук артерия болуп саналат. Участок бир жолдуу, эксплуатациялык узундугу 321,5 км, анын 60,3 км - Казакстандын аймагында, 261,2 км - Кыргызстандын аймагында.
"Түрксиб - Балыкчы темир жол участогун электрлештирүү" долбоорун ишке ашыруу темир жолдун өткөрүү мүмкүнчүлүгүн жогорулатууга, отунга көз карандылыкты жана айлана-чөйрөнүн булганышын азайтууга түрткү берет.
Түрксиб - Балыкчы участогун электрлештирүүгө капиталдык салым кымбат баалуу дизелдик отундун ордуна энергия алып жүрүүчү катары электр энергиясын колдонуунун эсебинен алынуучу эксплуатациялык чыгымдарды жыл сайын үнөмдөөнүн жана электрдик сүйрөгүчтө поезддердин жүрүү ылдамдыгын кыйла жогорулатуунун, электровоздордун кубаттуулугун жогорулатуунун жана кыймылдуу курамды оңдоого жана амортизациялоого чыгымдарды кыскартуунун, айлана-чөйрөнүн булганышынан келтирилген зыянды азайтуунун эсебинен өзүн актайт.
Түрксиб - Балыкчы участогун электрдик сүйрөгүчкө өткөрүүдө жүк, жүргүнчү жана шаар четиндеги каттамдарда тепловоздордун паркы электровоздорго алмаштырылат. Ушуга байланыштуу атмосферага: көмүртек кычкылын, азот оксилдерин, күкүрт ангидридин, көө жана башка зыяндуу заттарды камтыган зыяндуу заттардын бөлүп чыгаруу массасы 100%га кыскарат. Поезддик локомотивдердин сууну керектөөсү жылына 4400 м3 жана саркынды сууларды чыгаруу жылына 1900 м3 кыскарат. Жолдун үстүнкү түзүлүшүнүн жана өтүүчү тилкесинин май менен булгануусу азаят. Тепловоздордун айлана-чөйрөгө жана адамдардын ден соолугуна тийгизген таасиринин олуттуу зыяндуу фактору болуп андан чыккан ызы-чуу саналат. Электрдик сүйрөгүчкө өткөрүү менен ызы-чуунун деңгээли төмөндөйт.
Негизги багыттарды ишке ашыруунун алкагында Кыргызстандын түндүк темир жол тармагына таандык болгон Түрксиб - Балыкчы участогун электрлештирүүгө алдын ала ТЭН даярдоо пландалууда.
Темир-бетон шпалаларын чыгаруучу завод
Негизги багыттарды ишке ашыруунун алкагында жылына 100-130 миң шпала чыгаруучу темир-бетон шпалаларды чыгаруучу заводду куруу маселесин чечүү пландалууда.
Мында Кыргыз темир жолунун шпала чарбасын оңдоого жана модернизациялоого жалпы керектөөсү 1 млн. шпаладан ашыкты түзөрүн белгилей кетүү керек.
Кыргыз темир жолунун базасында шпалаларды чыгаруучу заводду куруу ишкананын жолдун үстүңкү түзүлүшүн оңдоого керектөөлөрүн өз убагында жана толук камсыздоого мүмкүндүк берет.
Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын эл аралык донор уюмдарынын жана Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун каржылоосу менен лизинг шарттарында жүк ташуучу вагондорду сатып алуу боюнча долбоорду ишке ашыруу.
Жогоруда айтылгандай кыймылдуу курамдын паркын жаңылоо зарылчылыгы колдонуудагы вагон паркынын өтө эскиргендигине жана эксплуатациялоо мөөнөтүнүн бүтүшүнө байланыштуу келип чыккан.
Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын темир жол транспортун стратегиялык өнүктүрүү милдеттерин чечүүнүн алкагында ишкананын кыймылдуу курамынын паркын жаңылоо, азык-түлүк коопсуздугун чыңдоо жана күзгү-кышкы мезгилге өз убагында даярдык көрүү, кант кызылчасын жана көмүрдү ташууну камсыздоо максатында Негизги багыттарда Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын эл аралык донор уюмдарынын жана Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун каржылоосу менен лизинг шарттарында жүк ташуучу вагондорду сатып алуу каралат.
Жүк ташуучу вагондордун паркын сатып алуу боюнча долбоорду ишке ашыруудан жыйынды натыйжа төмөнкүдөй болот:
- кыймылдуу курамга карата коюлуучу эл аралык стандарттарынын талаптарын канааттандыруу;
- кыймылдуу курамдын эксплуатациялык ишенимдүүлүгүн жогорулатуу, жолдо кыймылдуу курамдын бузулууларынын санын азайтуу;
- тейлөөгө жана оңдоого кеткен чыгымдарды кыскартуу;
- компаниянын чарбалык ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу.
Жүк ташуучу вагондордун паркын жаңылоо стратегиялык ишкананын өнүгүүсүнө гана эмес, Кыргыз Республикасынын чарбалык субъекттеринин жүктөрдү темир жол менен ташууга керектөөлөрүн өз убагында камсыздоо аркылуу жалпысынан мамлекеттин экономикасын чыңдоого да түздөн-түз таасирин тийгизет.
VI. Негизги багыттарды ишке ашыруудан күтүлүүчү натыйжалар
Бул Негизги багыттар 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасынын темир жол транспортун өнүктүрүү жаатындагы иш-чаралар планын иштеп чыгуу үчүн негиз болуп саналат.
Негизги багыттардын жобосу жыл сайын Кыргыз темир жолун өнүктүрүү пландарын ишке ашыруу аркылуу жүзөгө ашырылат.
Ресурстарды бөлүштүрүү жана артыкчылыктуу багыттарды түзөтүү жөнүндө чечимдер Негизги багыттарды ишке ашыруудагы прогресстерге мониторинг жүргүзүү жана баалоо жыйынтыктарын эске алуу менен кабыл алынат.
Ошондой эле Негизги багыттарды ишке ашыруу темир жол транспорту жаатындагы мамлекеттик милдеттерди чечүүнү камсыз кылат.
Оңдоо-калыбына келтирүү базасын заманбап диагностикалык жана метрологиялык каражаттар менен жабдуу кыймылдуу курамды жана инфратүзүм түзүлүштөрүн оңдоонун жана техникалык абалын жогорку деңгээлде кармоонун жаңы системаларын киргизүүгө мүмкүндүк берет.
Кыймылдуу курамдын паркын калыбына келтирүүнүн жана толуктоонун натыйжасында эксплуатациялануучу паркка башка мамлекеттердин кыймылдуу курамын тартууга көз карандылыктын деңгээли олуттуу кыскарат, алыска жүрүүчү жүргүнчүлөрдү ташуучу поезддердин маршруттук ылдамдыгы жогорулайт, тейлөөнүн деңгээли жакшырат, жаңы маршруттар ишке киргизилет.
Жүк көп ташылуучу участоктордо иштөөнүн жаңы материалдарын жана методдорун пайдалануу менен жолдорду жана жол инфратүзүмүн калыбына келтирүү поезддердин жана жүктөрдү жеткирүүнүн ылдамдыгын жогорулатат.
Негизги багыттарды ишке ашыруунун натыйжасында жарандардын жүргүнчүлөрдү ташууларга керектөөлөрүн ишке ашыруу үчүн шарттар олуттуу жакшырат.
Ошондой эле бул документти ишке ашыруунун натыйжасында Кыргыз Республикасынын темир жол транспортун дүйнөлүк транспорттук системага интеграциялоо милдети жарым-жартылай чечилет. Жаңы темир жол линияларын куруу жанаша жайгашкан инфратүзүмдү өнүктүрүүгө, анын ичинде станциялык түйүндөрдү, разъезддерди, ошондой эле перегондорду, тоннелдерди, көпүрөлөрдү жана башкаларды тейлеген темир жолчулар үчүн турак жай поселокторун курууга мүмкүндүк берет.
Негизги багыттарды ишке ашыруунун жыйынтыгы боюнча:
- ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин темир жол транспорту чөйрөсүндө транспорттук кызмат көрсөтүүлөрдүн жалпы рыногун түзүү үчүн болгон тоскоолдуктар жоюлат;
- жүргүнчүлөрдү ташуулардын жеткиликтүүлүгү жана сапаты жогорулайт;
- темир жол тармагынын инфратүзүмүн жаңылоо боюнча иштер жүргүзүлөт (151,4 км жол модернизацияланат);
- 34 жүргүнчү жана 150 жүк ташуучу вагон сатып алынат;
- 6 даана тепловоз сатып алынат;
- Түрксиб - Балыкчы темир жол участогун электрлештирүү боюнча алдын ала техникалык-экономикалык негиздеме даярдалат;
- поезддердин жүрүүсүнүн жана жүктөрдү жеткирүүнүн ылдамдыгы жогорулайт;
- "Транспорт жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жүргүнчүлөрдү ташуу чыгымдарын мамлекеттик субсидиялоо маселеси чечилет;
- Балыкчы - Кочкор темир жол магистралдарын (63 км) куруу улуттук стратегиялык долбоорлорунун курулушу башталат;
- 100дөн ашык жумуш орундары түзүлөт.
Негизги багыттарды ишке ашыруу "Кыргыз темир жолу" УК" МИнин финансылык туруктуулугун, Кыргыз Республикасынын темир жол тармагын натыйжасы катары стратегиялык ишкананы динамикалуу өнүктүрүүнү камсыз кылууга кошумча шарттарды түзөт.
VII. Негизги багыттарды каржылоо булактары
2022-2026-жылдарга негизги багыттарды ишке ашырууну каржылоо булактары "Кыргыз темир жолу" УК" МИнин өздүк каражаттары, эл аралык финансы институттары менен кызматташуунун алкагында гранттык жана кредиттик негизде тартылган каражаттар, ошондой эле жеке инвестициялар болот.
Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун каржылоосу жарым вагондорду сатып алууга багытталат.
Ошондой эле азыркы учурда "Жолдордун жогорку түзүлүшүн модернизациялоо жана Кыргыз темир жолунун коопсуздугун жогорулатуу" долбоорун биргелешип ишке ашыруу үчүн Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын Жашыл фондунун каражаттарынан грант жана кредит бөлүү мүмкүнчүлүгү жөнүндө маселелер иштелип чыгууда.
Инвестицияларды тартуу үчүн мамлекеттик-жеке өнөктөштүк механизмдерин ишке ашыруунун алкагында мамлекеттик-жеке өнөктөштүк механизмдери жана формалары темир жолдорду курууда да, локомотивдерди, вагондорду алууда, электрлештирүүдө, байланыш системаларын модернизациялоодо да колдонулат.
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу "Кыргыз темир жолу" УК" МИнин кирешеси артыкчылыктуу түрдө темир жол транспортун өнүктүрүүгө багытталат.
VIII. Жагымдуу өбөлгөлөр жана тобокелдиктер
Негизги багыттарды натыйжалуу ишке ашырууга төмөнкү факторлор таасирин тийгизиши мүмкүн:
1) экономикалык өсүү темптерин жана инвестициялык активдүүлүк деңгээлин төмөндөтүү мүмкүндүгү менен байланышкан макроэкономикалык тобокелдиктер. Бул тобокелдик "Кыргыз темир жолу" УК" МИнин финансылык абалына терc таасирин тийгизиши мүмкүн, ал эми бул пландын ишкананын өздүк каражаттарынын эсебинен аткаруу белгиленген иш-чараларынын аткарылбай калышына алып келиши мүмкүн;
2) темир жол транспортунун фонддорун модернизациялоого жана жаңылоого, Кыргыз Республикасында темир жол транспортунун транзиттик каттамын өнүктүрүү милдеттерин ишке ашырууга финансылык ресурстардын жетишсиздиги;
3) Кыргыз Республикасынын темир жол транспортунун инфратүзүмүнүн жана кыймылдуу курамынын андан ары эскириши;
4) квалификациялуу темир жол кадрларынын жетишсиздиги.