Загрузка документа…
|
| 1-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 20-майындагы № 267 токтомуна) |
Кыргыз Республикасында продукциялардын шайкештигин милдеттүү түрдө ырастоо жүргүзүүнүн тартиби
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 17-февралындагы № 78 , 2025-жылдын 28-августундагы № 537 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Колдонуу чөйрөсү
Ушул Продукциялардын шайкештигин милдеттүү түрдө ырастоо жүргүзүүнүн тартиби (мындан ары - Тартип) Кыргыз Республикасынын рыногуна жүгүртүүгө келип түшкөн продукциялардын шайкештигине милдеттүү түрдө ырастоо жүргүзүүнүн жалпы принциптерин белгилейт.
2. Терминдер жана аныктамалар
Ушул Тартиптин максаттары үчүн "Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында жана ISO 9000, ISO/IEC 17000 сериясындагы эл аралык стандарттарда белгиленген терминдер жана алардын аныктамалары колдонулат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 17-февралындагы № 78 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Жалпы жоболор
3.1. Продукциялардын шайкештигин ырастоо милдеттүү же ыктыярдуу мүнөздө болот.
Продукциялардын шайкештигин милдеттүү түрдө ырастоо төмөнкүдөй формада жүзөгө ашырылат:
- милдеттүү сертификациялоо;
- шайкештикти декларациялоо.
Продукциялардын шайкештигин ыктыярдуу ырастоо ыктыярдуу сертификациялоо формасында жүзөгө ашырылат.
3.2. Шайкештикти ырастоо боюнча иштер "Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана ушул Тартипке ылайык жүргүзүлөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 17-февралындагы № 78 токтомунун редакциясына ылайык)
3.3. Продукцияларды милдеттүү сертификациялоо улуттук аккредитациялоо системасында аккредитацияланган сертификациялоо боюнча органдар тарабынан алардын аккредитациялоо чөйрөсүнүн чегинде жүргүзүлөт.
3.4. Шайкештик жөнүндө декларацияларды каттоо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети ыйгарым укук берген уюм же продукцияларды сертификациялоо боюнча аккредитацияланган органдар тарабынан (мындан ары - СО) алардын аккредитациялоо чөйрөсүнүн чегинде жүргүзүлөт.
3.5. Эгерде шайкештикти ырастоонун алкагында сыноолор продукцияларды сертификациялоодо колдонулуучу шайкештикти ырастоо схемасында (мындан ары - продукцияларды сертификациялоо схемасы) же шайкештикти декларациялоодо колдонулуучу шайкештикти ырастоо схемасында каралса, же болбосо мыйзамдардын ченемдик укуктук актыларында аныкталса, ал аккредитациялоонун тиешелүү чөйрөсүндө аккредитацияланган сыноо лабораториялары (борборлору) тарабынан жүргүзүлөт.
3.6. Шайкештиги милдеттүү ырасталууга тийиш болгон продукциялар, шайкештикти ырастоо формалары Кыргыз Республикасынын техникалык регламенттеринде (мындан ары - техникалык регламенттер) же алар жок болсо, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген Шайкештиги милдеттүү ырасталууга тийиш болгон продукциялардын тизмесинде (мындан ары - Продукциялардын тизмеси) белгиленет.
3.7. Шайкештигин милдеттүү түрдө ырастоо техникалык регламенттердин талаптарына же алар жок болсо, Продукциялардын тизмесинде белгиленген талаптарга ылайык жүргүзүлөт.
Ыктыярдуу сертификациялоо арыз ээсинин демилгеси боюнча стандарттардын талаптарына жана келишимдин шарттарына шайкештикке арыз ээси менен Тизмеге кирбеген продукциялар үчүн СОнун ортосундагы келишимдин шарттарында жүзөгө ашырылат.
3.8. Продукциялардын шайкештигин ырастоо жүргүзүү иштери бекитилген тарифтерге жана/же прейскурантка ылайык арыз ээси тарабынан төлөнөт.
3.9. Продукцияларды милдеттүү сертификациялоо ушул Тартиптин 4-пунктуна ылайык жүргүзүлөт.
3.10. Шайкештик жөнүндө декларацияларды каттоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 28-январындагы № 20 "Шайкештик жөнүндө декларацияны кабыл алуу формасында продукциянын шайкештигин милдеттүү түрдө тастыктоо жөнүндө" токтомуна ылайык жүргүзүлөт.
3.11. Шайкештикти ырастоо боюнча документтер мамлекеттик жана расмий тилдерде, электрондук басуучу түзүлмөлөрдү пайдалануу менен гана таризделет.
Шайкештик сертификатынын текстин терүү үчүн Times New Roman шрифтинин гарнитуру колдонулат. Шайкештик сертификатын берген СО жөнүндө маалыматтар үчүн шрифтин кегли түз жазылыштагы 9 пункттан кем эмес. Калган маалыматтар үчүн шрифтин кегли түз жазылыштагы 10 пункттан кем эмес.
Сертификациялоо жүргүзүүгө арыз ээсинин же декларацияны кабыл алуучунун аталышы, даярдоочунун аталышы, анын жайгашкан жеринин юридикалык жана иш жүзүндөгү дареги, ошондой эле продукцияларды даярдоо боюнча ишти жүзөгө ашыруучу жердин дареги (даректери), жумуштарды аткарган, кызматтарды көрсөткөн объектинин жайгашкан дареги (мамлекеттин аталышынан тышкары) жана продукциялардын белгилери (тиби, түрү, маркасы, модели, артикул ж.б.) мамлекеттик жана расмий тилдерде же латын алфавитинин тамгаларын колдонуу менен көрсөтүлөт.
Арыз ээсинин расмий кайрылуусу жана мамлекеттик жана расмий тилдерде таризделген шайкештик сертификаты болсо, шайкештик сертификатын чет тилинде тариздөөгө жол берилет.
3.12. Шайкештик сертификатына жана шайкештик жөнүндө декларацияга ушул Тартипте каралбаган маалыматтарды, ошондой эле кыскартылган сөздөрдү киргизүүгө (жалпы кабыл алынган белгилерди жана кыскартууларды кошпогондо) жана тексти оңдоого жол берилбейт.
3.13. Шайкештик сертификаты жана шайкештик жөнүндө декларация берилген шайкештик сертификаттарынын жана катталган шайкештик жөнүндө декларациялардын реестрине катталган күндөн тартып күчүнө кирет.
3.14. Шайкештик сертификатынын көчүрмөлөрү шайкештик сертификатынын түп нускасын берген СО тарабынан Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Кыргыз аккредитациялоо борбору берүүчү каттоо номери бар бланктардын өзүнөн таризделет.
Ар бир СО өздөрү берүүчү шайкештик сертификаттарынын эсепке алынган көчүрмөлөрүн эсепке алууну уюштурат.
Катталган шайкештик жөнүндө декларациянын көчүрмөлөрү ушул декларацияны кабыл алган адам тарабынан А4 форматындагы ак баракта (210 х 297 мм) даярдалат, жетекчинин (мыйзамдарга ылайык жетекчи ыйгарым укук берген кызмат адамынын) колу жана мөөрү менен күбөлөндүрүлөт. Шайкештик жөнүндө декларациянын көчүрмөлөрү жетекчи ыйгарым укук берген кызмат адамы тарабынан күбөлөндүрүлгөн учурда шайкештик жөнүндө декларациянын көчүрмөсүндө ыйгарым укук берүүчү документтин аталышы жана реквизиттери көрсөтүлөт.
3.15. Шайкештикти ырастоонун зарыл болгон бардык жол-жоболору аткарылгандан кийин жана коопсуздук талаптарына продукциялардын шайкештигин документтик ырастоо болгондо продукцияларды шайкештик белгиси менен маркалоо жүзөгө ашырылат.
3.16. Продукциялардын шайкештигин ырастоодо сертификациялоо жол-жоболорунун өтүү процессинде же шайкештик жөнүндө сертификатты каттоодо алынган маалыматтардын купуялуулугун сактоо менен сертификациялоо жүргүзүүгө арыз ээсинин, сертификат ээлеринин, шайкештик жөнүндө декларацияны кабыл алган адамдардын мүлктүк кызыкчылыктары камсыздалат.
4. Продукцияларга милдеттүү түрдө сертификациялоо жүргүзүүнүн тартиби
4.1. Продукцияларды сертификациялоо тиешелүү техникалык регламентте белгиленген продукцияларды сертификациялоо схемасы боюнча, ал эми техникалык регламент жок болсо же продукцияларды сертификациялоо схемасы техникалык регламентте белгиленбесе, ушул Тартиптин 1-тиркемесине ылайык продукцияларды сертификациялоо схемасы боюнча жүзөгө ашырылат.
Сертификациялоо боюнча органдар продукциялардын стандартына ылайык керектөөчүлөр үчүн мамлекеттик тилде, зарыл болгон учурларда расмий тилде маалыматтардын милдеттүү реквизиттери жок продукцияларды сертификациялоо боюнча иштерди жүргүзүүгө укуктуу эмес.
4.2. Арыз ээси:
- ушул Тартиптин 2-тиркемесине ылайык көрсөтүлгөн продукцияларды сертификациялоо боюнча иштерди жүргүзүү аккредитациялоо чөйрөсүнө кирген СОго продукцияларга сертификациялоо жүргүзүүгө өтүнмө берет;
- сертификациялоо схемасын тандайт;
- сертификациялоо боюнча иштердин, сыноо жүргүзүүнүн жана инспекциялык контролдоонун (сертификациялоо схемасында талап кылынса) наркын төлөйт;
- төмөнкүдөй документтерди берет:
а) ушул Тартиптин 4.5.1-пунктуна ылайык өндүрүштүн абалын талдоо менен схема үчүн - даярдоочунун техникалык документтерин (конструктордук, технологиялык, эксплуатациялык ж.б.);
б) сапат системасына документтерди (бар болсо) жана сертификациялоо схемасына жараша башка документтерди;
в) продукцияларды жеткирүүгө контрактты (зарыл болсо);
г) товарды коштоочу документтерди - ташылып келүүчү продукциялар үчүн (анын ичинде мунай продуктулары үчүн: партиянын заводдон чыккан номерин жана жөнөтүлгөн партиянын өлчөмүн көрсөтүү менен белгиленген үлгүдөгү товардык транспорттук накладной; өндүргөн өлкөнүн коопсуздугунун көрсөткүчтөрү боюнча сертификациялоо жөнүндө ырастоону көрсөтүү менен сапат паспортун же сертификаттын кармоочусунун же шайкештик сертификатын берген СОнун мөөрүнүн оригиналы менен күбөлөндүрүлгөн шайкештик сертификатынын көчүрмөсүн);
д) продукциялардын шайкештигин ырастаган документтерди (эгерде арыз ээси сертификациялык сыноонун кыскартылган программасы боюнча сертификациялоого талапкер болсо): шайкештик сертификатын (түп нуска же аны берген аккредитацияланган СО тарабынан күбөлөндүрүлгөн көчүрмө), продукциялардын коопсуздук талаптарына шайкештигин ырастаган аккредитацияланган ата мекендик же чет өлкөлүк сыноо лабораториялары тарабынан жүргүзүлгөн сыноолордун протоколун (түп нуска же сыноолорду жүргүзүү мөөнөттөрүн эске алуу менен аны берген аккредитацияланган лабораториялар тарабынан күбөлөндүрүлгөн көчүрмө);
- сыноолор үчүн продукциялардын партиясын жана үлгүлөрүн СОнун өкүлүнө карап чыгуу үчүн берет;
- продукциялардын коопсуздук талаптарына шайкештиги бузулса, түзөтүүчү иш-чараларды иштеп чыгат, бекитет жана аткарат;
- шайкештигине сертификацияланган техникалык регламенттердин жана/же стандарттардын милдеттүү талаптарына туура келбеген продукцияларды жүгүртүүгө чыгаргандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык жоопкерчилик тартат;
- продукцияларды сертификациялоодо СО менен пикир келишпестиктер келип чыкса, СО апелляциялык комиссияга кайрылат, ал эми анын чечимине макул болбосо, аккредитацияланган СОнун жана сыноо лабораторияларынын укукка каршы аракеттерине Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык СОну аккредитациялаган аккредитациялоо боюнча органга даттануу же апелляция менен же Кыргыз Республикасынын сотуна кайрылат;
- СОнун жана сыноо лабораторияларынын аракеттерине соттук тартипте даттанат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 28-августундагы № 537 токтомунун редакциясына ылайык)
4.3. Сертификациялоо боюнча орган:
- өтүнмөнү кабыл алууну жүзөгө ашырат, арыз ээсине продукцияларды милдеттүү сертификациялоону жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө маалымат берет, арыз ээсине белгиленген тартипте бекитилген продукцияларды сертификациялоо жана сыноо боюнча иштерге баалардын прейскурантын берет жана сертификациялоо боюнча иштерди жүргүзүү келишимине (макулдашууга) кол коёт;
- берилген документтердин толуктугун жана аныктыгын текшерет жана зарыл болгон учурда жетишпеген материалдарды берүү жөнүндө арыз ээсине билдирет жана сертификациялоо боюнча иштерди жүргүзүүгө келишимге кол коюлгандан жана сертификациялоо боюнча иштер үчүн акы төлөнгөндөн кийин бир жумуш күндөн кечиктирбестен сертификациялоо боюнча иштерди жүргүзүү үчүн адисти аныктайт, арыз ээсине ушул Тартиптин 3-тиркемесине ылайык билдирүү жиберет.
4.4. СОнун адиси арызды кабыл алгандан, сертификациялоо боюнча иштерди жүргүзүүгө келишимге кол коюлгандан жана сертификациялоо боюнча иштерге акы төлөнгөндөн жана продукцияларды баалоо үчүн зарыл болгон документтер кабыл алынгандай кийин бир жумуш күндүн ичинде продукциялардын партиясын карап чыгып, сыноо жүргүзүү үчүн продукциялардын үлгүсүн тандап алууга тийиш (зарылдыгына жараша).
Үлгүлөрдүн саны, аларды тандоо тартиби продукцияларга талаптарды белгилеген документтерге жана тандоо жана сыноо методдорун белгилеген документтерге ылайык жүргүзүлөт.
Сыноо үчүн продукциялардын үлгүлөрүн тандоо, маркалоо, пломбалоо жана үлгүлөрдү тандоо жол-жоболорун документтештирүү СО тарабынан сертификациялоо жүргүзүүгө арыз берүүчүнүн жана/же продукцияларды даярдоочунун өкүлүнүн катышуусунда продукциялардын үлгүлөрүн тандоо актын тариздөө менен эки нускада жүзөгө ашырылат: актынын бир нускасы арыз ээсине жана/же продукцияларды даярдоочунун өкүлүнө берилет, экинчи нускасы ушул Тартиптин 4-тиркемесине ылайык СОдо сакталат.
СО үлгүлөрдү туура тандоо аларды сактоо, таңгактарды бузбоо, ташуу шарттарын сактоо жана үлгүлөрдү аккредитацияланган сыноо лабораторияларына өткөрүп бергенге чейин сыноолордун тактыгына таасир этүүчү башка жол-жоболор үчүн жоопкерчилик тартат.
Тандалып алынган үлгүлөр багыты боюнча аккредитацияланган сыноо лабораториясына берилет.
Сертификациялык сыноолорго туш болгон продукциялардын үлгүлөрүн сатуу (пайдалануу) төмөндөтүлгөн баа боюнча жүргүзүлүшү керек. Керектөөчү продукциялардын сертификациялык сыноолорго туш болгондугу тууралуу кабарланууга тийиш. Сыноодон өткөн үлгүлөр, колдонууга жараксыз болгон буюмдар же конструкциялар эсептен чыгарылууга тийиш.
Сыноолордун протоколдору үч нускада таризделет, алардын экөө СОго берилет, бир нускасы СОдо сакталат, экинчиси башка документтер менен биргеликте арыз ээсине берилет. Сыноолордун протоколдору СОдо сертификаттын колдонуу мөөнөтүнөн кем эмес мөөнөттүн ичинде сакталышы керек. Сыноо лабораторияларында протоколдорду сактоо мөөнөтү анын сапат системасынын ички жол-жоболорунда аныкталат.
4.5. Өндүрүштүн абалын талдоо.
4.5.1. Өндүрүштүн абалын талдоо төмөнкүлөргө карата жүргүзүлөт:
- техникалык документтер;
- персоналдардын компетенттүүлүгү;
- керектөөчүлөр менен өз ара аракеттенүү;
- продукцияларды идентификациялоо жана көзөмөлгө алуу;
- техникалык тейлөө жана жабдууларды оңдоо;
- өндүрүштүн технологияларын сактоо;
- материалдардын, комплекттөөчү буюмдардын жана буюмдун курамдык бөлүктөрүнүн киришин контролдоо;
- өндүрүштүк контролдоо системасы жана сыноолорду жүргүзүү;
- контролдоо, өлчөө жана сыноо жабдууларын башкаруу;
- түзөтүүчү иш-чаралар;
- продукцияларды сактоо, таңгактоо, маркалоо, консервациялоо.
4.5.2. Өндүрүштүн абалын талдоо акты негиздүү чечимдердин кабыл алынышын камсыз кылуучу баалоо боюнча так, кыска жана түшүнүктүү жазууну билдирет жана төмөнкүлөрдү камтыйт:
- СО, өндүрүштүн абалына талдоо жүргүзүүчү жак (жактар) жөнүндө маалыматты;
- сертификациялоо жүргүзүүгө арыз ээси жөнүндө маалыматты;
- продукцияларды даярдоочу жөнүндө маалыматты, өндүрүштүн абалына талдоо жүргүзүлгөн жердин дарегин (даректерин);
- сертификациялануучу продукциялар, анын ичинде идентификациялоо жөнүндө маалыматты;
- өндүрүштүн абалына талдоо жүргүзүү датасын;
- өндүрүштүн абалына талдоо жүргүзүү үчүн негизди;
- шайкештигине сертификациялоо жүргүзүлгөн продукцияларга карата техникалык талаптарды белгилөөчү документтердин белгисин;
- сертификациялануучу продукцияларга карата белгиленген талаптарды аткаруу боюнча даярдоочунун өндүрүшүн баалоонун жыйынтыктарын;
- өндүрүштүн абалына талдоо жүргүзүүдө белгиленген байкоолорду жана күбөлөндүрүүлөрдү (кыскача баяндалган шайкештиктер жана толук сүрөттөлгөн шайкеш эместиктер, зарылдыкка жараша ырасталган фактылар менен);
- өндүрүштүн талаптарга ылайык келген продукцияларды туруктуу чыгаруу жөндөмдүүлүгү (жөндөмсүздүгү) жөнүндө тыянактар келтирилген, сертификациялоодо ырасталган корутундуну;
- отчетко тиркемелердин тизмесин (бар болсо);
- өндүрүштүн абалына талдоо жүргүзүүдө алынган башка маалыматтарды.
4.5.3. Өндүрүштүн абалын талдоо актына талдоо жүргүзгөн адам (адамдар) кол коёт жана сертификациялоо жүргүзүүгө арыз ээсинин (жетекчинин же анын өкүлүнүн) отчетто баяндалган материалдар менен таанышкандыгы тууралуу маалымат көрсөтүлөт.
Өндүрүштүн абалын талдоо актында түзөтүүчү иш-чараларды иштеп чыгуу зарылдыгы көрсөтүлөт, өндүрүштүн абалын талдоодо табылган шайкеш эместиктерди даярдоочу тарабынан жок кылуу мөөнөтү, белгилүү болгон укук бузууларды же жагдайларды жок кылуу тууралуу документтештирилген күбөлөрдү СОго берүү мөөнөттөрү, алардын себептери, ошондой эле СОнун түзөтүүчү иш-чараларынын натыйжалуулугун текшерүү ыкмалары көрсөтүлөт.
Түзөтүүчү иш-чаралардын ишке ашырылышын текшерүү ыкмасы табылган шайкеш эместиктердин санына, алардын маанилүүлүгүнө, ошондой эле берилген далилдөө материалдарына болгон ишенимдин деңгээлине жана алардын маалыматтуулугуна жараша болот.
Өндүрүштүн абалын талдоо акты эки нускада түзүлөт: бирөө СОдо калат, экинчи нускасы сертификациялоо жүргүзүүгө арыз ээсине берилет.
4.5.4. Өндүрүштүн абалын талдоонун жыйынтыгы терс болсо, сертификациялоо жүргүзүүгө арыз ээсине табылган шайкеш эместиктердин жок кылууга чейин, бирок бир айдан ашык эмес мөөнөткө токтотуп туруу (эгерде табылган бузууларды же жагдайларды, өндүрүштүн абалын талдоодо терс жыйынтыктарды берген себептерди жок кылуу боюнча СО менен макулдашылган түзөтүүчү иш-чараларды даярдоочу тарабынан ишке ашыруу мүмкүн болсо), же болбосо сертификациялоо боюнча иштерди аткарууга келишимдин (макулдашуунун) алкагындагы иштерди токтотуу (эгерде мындай түзөтүүчү иш-чараларды даярдоочу тарабынан ишке ашыруу мүмкүн болбосо) жөнүндө билдирилет. Сертификациялоо жүргүзүүгө арыз ээсине продукцияларды сертификациялоо боюнча мындан ары иштерди жүргүзүүдөн баш тартуунун негиздемеси менен билдирүү жиберилет. Иштерди кайта баштоо мүмкүнчүлүгү жана алардын көлөмү ар бир конкреттүү учур үчүн продукцияларды сертификациялоо схемасына жараша СО тарабынан аныкталат.
4.5.5. Өндүрүштүн абалын талдоо ишкананын коопсуздук талаптарына ылайык келген продукциялардын сериялык өндүрүшүн камсыздай ала тургандыгына зарыл болгон далилдерди белгилөө үчүн негиздеме катары чыгууга тийиш.
Өндүрүштүн абалын талдоо акты сериялык чыгарылуучу продукцияларга шайкештик сертификатында милдеттүү түрдө көрсөтүлөт.
4.6. Сертификациялоонун жыйынтыктарын талдоо жана продукцияларга шайкештик сертификатын берүү жөнүндө чечим кабыл алуу.
4.6.1. СО продукциялардын коопсуздук талаптарына шайкештигин ырастаган бардык документтерди талдоонун жыйынтыгы боюнча СОнун жол-жоболорунда белгиленген форма боюнча документтик тариздөө менен шайкештик сертификатын берүү жөнүндө чечим кабыл алат.
4.6.2. СО сертификациялоо боюнча ар бир чечим шайкештикке баалоо жүргүзбөгөн адам (адамдар) тарабынан кабыл алынбагандыгына ишенимди камсыз кылууга тийиш.
4.6.3. Бир эле СО бир эле арыз ээсинде сериялык өндүрүлүүчү продукцияларга 2 жолудан ашык сертификациялоо жүргүзгөн учурда сертификациялоодо жана инспекциялык контролдоодо оң натыйжа алса, СО сериялык өндүрүлүүчү продукцияларга кезектеги сертификациялоону жүргүзүүдө сертификациялык иштердин көлөмүн кыскартышы жана шайкештик сертификатынын колдонуу мөөнөтүн 3 жылга чейин узартышы мүмкүн.
4.6.4. Шайкештик сертификаттары энчилүү жана арыз ээсинин менчиги болуп саналат.
4.6.5. Сертификат конкреттүү продукцияларга же СОнун чечими боюнча бир даярдоочу тарабынан чыгарылган жана бир техникалык регламенттин жана/же стандарттын коопсуздук талаптары боюнча сертификацияланган продукциялардын тобуна таризделиши мүмкүн, ошол эле учурда сертификатка (зарылдыгына жараша) анын аракети жайылтылган конкреттүү продукциялардын тизмеси камтылган тиркеме таризделет.
4.6.6. Шайкештигин милдеттүү түрдө ырастоодон өткөн продукцияларга берилген шайкештик сертификаттарынын жана шайкештиги жөнүндө катталган декларациялардын Бирдиктүү мамлекеттик реестрин жүргүзүү эрежеси жана тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат. Продукцияларга (кызмат көрсөтүүлөргө) шайкештик сертификаттарынын номерлерин түзүү түзүмүндө сертификациялоонун түрлөрү төмөнкүдөй белгиленет:
01 - ыктыярдуу сертификациялоо;
02 - милдеттүү сертификациялоо.
Продукцияларды (кызмат көрсөтүүлөрдү) ыктыярдуу сертификациялоодо шайкештик сертификатынын каттоо номеринде милдеттүү сертификациялоо түрүн (02-шифр) көрсөтүүгө жол берилбейт.
4.6.7. Шайкештик сертификатында сертификациялоо схемасына ылайык сертификатты берүү үчүн негиз болуучу бардык документтер көрсөтүлүүгө тийиш.
Шайкештик сертификатынын формасы, алардын тиркемеси, бланктарга карата талаптар жана аларды толтуруу эрежеси Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.
4.6.8. Продукцияларга милдеттүү сертификациялоо жүргүзгөн СОнун чечими боюнча сериялык чыгарылуучу продукциялардын шайкештик сертификатын тариздөө жана каттоо менен катар СОдо аны менен инспекциялык контролдоо жүргүзүү жөнүндө арыз ээсинин ортосунда макулдашуу (келишим) таризделет жана катталат.
4.6.9. Продукциялардын милдеттүү талаптарга шайкештигине таасирин тийгизе турган, продукциялардын конструкциясына (курамына) же аны өндүрүү технологиясына өзгөртүү киргизүүдө арыз ээси сертификат берген органга күн мурунтан кабарлайт, ал ошол продукциялардын өндүрүш абалына жаңы сыноо жүргүзүү же баалоо зарылдыгы тууралуу чечим кабыл алат.
4.6.10. СО арыз ээсине шайкештик сертификатын берүүдөн баш тартышы мүмкүн. Шайкештик сертификатын берүүдөн баш тартуу үчүн сертификациялык сыноолордун, өндүрүштүн абалын талдоонун терс жыйынтыктары, арыз ээсинин иштерге акы төлөөдөн баш тартуусу жана колдонуудагы техникалык регламенттерден же стандарттардан четтөөсү негиз болуп саналат. Сертификатты берүүдөн баш тартуу себептерин негиздөө менен жазуу жүзүндө берилет. СОнун баш тартуу жөнүндө чечими сотко даттанылышы мүмкүн.
4.6.11. СОнун аккредитациялоо аттестатынын колдонулушу жокко чыгарылса, ал тарабынан мурда берилген сертификаттар берилген мөөнөттөрдүн чегинде, бирок Кыргыз Республикасынын аккредитациялоо улуттук системасынын реестрине аккредитациялоо боюнча орган тарабынан аккредитациялоо аттестатынын колдонулушун жокко чыгаруу жөнүндө жазуу түшүрүлгөн күндөн тартып эки жылдан ашык эмес колдонулат.
Ошол эле учурда мындай сертификаттардын колдонулушу өзүнүн продукцияларынын шайкештигин ырастоону улантуу максатында арыз ээси кайрылган башка СО тарабынан сертификаттардын менчик ээлеринин демилгеси боюнча көрсөтүлгөн мөөнөттөргө чейин токтотулушу мүмкүн.
4.7. Сертификацияланган продукцияларды инспекциялык контролдоо.
4.7.1. Эгерде продукцияларды сертификациялоо схемасында каралса, шайкештик сертификатынын бардык колдонуу мөөнөтүнүн ичинде шайкештик сертификатын берген СО сертификациялоо жүргүзүлгөн талаптарга продукциялардын шайкештигин белгилөө максатында сертификацияланган продукцияларга мезгилдүү баалоо жүргүзөт.
4.7.2. Инспекциялык контролдоо жүргүзүү зарылдыгы жана тартиби СО тарабынан аталган продукциялар үчүн кабыл алынган сертификациялоо схемасын эске алуу менен аныкталат.
4.7.3. Инспекциялык контролдоо 12 айда бир жолудан кем эмес жүргүзүлөт, инспекциялык контролдоо жүргүзүүнүн жыштыгы продукциялардын коопсуздук деңгээлине, өндүрүштүн абалына, керектөөчүлөрдөн, керектөөчүлөрдүн коомдорунан даттануулардын же мамлекеттик контролдоо (көзөмөлдөө) органдарынан маалыматтардын болушуна жараша жүргүзүлөт.
4.7.4. Инспекциялык контролдоонун жыйынтыгы СОнун берилген шайкештик сертификаттарынын колдонулушун ырастоо мүмкүнчүлүгү, токтотуп туруу же жокко чыгаруу жөнүндө тиешелүү чечим кабыл алуусу үчүн негиздеме болот.
4.7.5. СО пландан тышкары инспекциялык контролдоону төмөнкүдөй учурларда жүргүзүшү мүмкүн:
- продукциялардын сапатына жана коопсуздугуна карата даттануулар/негиздүү маалыматтар келип түшсө;
- продукциялардын коопсуздугуна таасирин тийгизүүчү белгиленген талаптар бузулгандыгы жөнүндө маалымат келип түшсө;
- шайкештик сертификатын жана шайкештик белгисин туура эмес колдонсо;
- иштин процесстери жана түрлөрү олуттуу өзгөрсө.
Сертификацияланган продукцияларга пландан тышкаркы инспекциялык контролдоо жүргүзүү жол-жобосу пландык инспекциялык контролдоо жүргүзүү жол-жобосуна окшош.
4.8. Шайкештик сертификаттарынын дубликатын берүү.
4.8.1. Шайкештик сертификатынын түп нускасы жоголгон учурда арыз ээси продукцияларга сертификациялоо жүргүзгөн СОго дубликатты берүү тууралуу арызын берет. Эгерде шайкештик сертификаты сериялык чыгарылуучу өндүрүшкө берилсе, мурда берилген сертификаттын негизинде бир күндүн ичинде дубликат берилет. Ал эми калган учурларда СО:
- партиялардын калган санын аныктайт;
- сактоо шарттарын, жарактуулук (сактоо) мөөнөттөрүн текшерет;
- сактоо шарттары бузулса, сыноо жол-жобосу аркылуу продукциялардын шайкештигине текшерүү жүргүзөт. Оң жыйынтык чыкса, ошондой эле мурда берилген сертификаттын негизинде дубликат берилет.
"Шайкештик сертификаты" деген сөздөрдүн алдына "Дубликат" деген сөз менен штемпель же жазуу менен белги коюлуп, Дубликат шайкештик сертификатынын бланкасынын колдонуудагы формасына таризделет.
Ошол эле учурда арыз ээси жалпыга маалымдоо каражаттарында тиешелүү жарыяны жайгаштырууну камсыз кылат.
Дубликатты алуу үчүн акы төлөө арыз ээсинен иш жүзүндө жүргүзүлгөн иштердин наркынын өлчөмүндө алынат.
4.9. Милдеттүү сертификациялоо жыйынтыктары жөнүндө маалымат.
4.9.1. СО өзү берген шайкештик сертификаттарынын реестрин жүргүзөт жана шайкештик сертификаты катталгандан кийинки айдын 5нен кечиктирбестен берилген шайкештик сертификаттарынын жана шайкештик жөнүндө катталган декларациялардын мамлекеттик реестрин жүргүзүү үчүн жооптуу болгон техникалык жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу органга маалыматтарды берет.
4.9.2. Продукциялардын милдеттүү сертификациялоосун ырастаган материалдар жана документтер сертификат берген СОдо шайкештик сертификатынын колдонуу мөөнөтү аяктаган күндөн тартып үч жылдан кем эмес сакталышы керек.
Арыз ээсине продукцияларга шайкештик сертификатын берүүдөн баш тартылган учурда СО бул тууралуу ошол продукциялардын түрүн мамлекеттик контролдоочу (көзөмөлдөөчү) ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмүнө жана аталган продукциялардын жүгүртүүгө киришине жол бербөө чараларын көрүү үчүн арыз ээсинин жайгашкан жери боюнча бажы органына кабар берүүгө тийиш.
4.10. Түзөтүүчү иш-чаралар.
4.10.1. Түзөтүүчү иш-чаралар сертификацияланган продукциялардын коопсуздук талаптарына шайкештиги бузулгандыгы белгилүү болгон учурда жүргүзүлөт. Түзөтүүчү иш-чараларды жүргүзүү тартиби СОнун жол-жобосунда аныкталууга тийиш.
5. Сертификациялык сыноолордун кыскартылган программасы боюнча сертификациялоо жүргүзүү жол-жобосу
5.1. Эгерде продукцияларга карата талаптар эквиваленттүү болуп саналса жана СО тарабынан 5-пунктунун жоболору эске алуу менен белгиленсе, сертификациялык сыноолордун кыскартылган программасы боюнча сертификациялоо жүргүзүү жол-жобосу Продукциялардын тизмегине кирген продукцияларга карата гана жүзөгө ашырылат.
Эгерде арыз ээси продукцияларга сертификациялоо жүргүзүү үчүн продукциялардын Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары берилген коопсуздук талаптарына шайкештигин ырастаган документтерди берсе (шайкештик сертификатынын түп нускасы же аны берген чет өлкөлүк аккредитацияланган СО тарабынан күбөлөндүрүлгөн анын көчүрмөсү; чет өлкөлүк аккредитацияланган сыноо лабораториялары берген сыноолордун протоколдорунун түп нускалары (аларды жүргүзүү мөөнөттөрүн эске алуу менен) же аларды берген чет өлкөлүк аккредитацияланган сыноо лабораториялары күбөлөндүргөн алардын көчүрмөлөрү (мындан ары чет өлкөлүк шайкештик сертификаторы, чет өлкөлүк сыноолордун протоколдору) СОнун чечими боюнча сертификациялык сыноолордун кыскартылган программасы боюнча жүргүзүлөт.
5.2. Сертификациялоо боюнча орган:
- төмөнкүлөрдү жүргүзөт:
4.3-пунктунда көрсөтүлгөн иштерди;
Продукциялардын тизмегине, аларды берүү мөөнөттөрүнө жана аракеттерине ылайык коопсуздук көрсөткүчтөрү боюнча техникалык регламенттердин же стандарттардын талаптарына шайкештигин белгилөө бөлүгүндө берилген документтерге экспертиза жүргүзөт;
аталган продукциялардын партиясынын берилген документтерге шайкештигин белгилөө максатында убактылуу сактоо кампасында жана/же арыз ээсинин (алуучунун) кампасында ташылып келинген продукциялардын партиясына кароо жүргүзөт. Бажы органы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтому менен бекитилген Шайкештиги милдеттүү түрдө тастыкталууга тийиш болгон продукциялардын тизмегине киргизилген продукцияларды Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келүү тартибинин 2.2-пунктуна ылайык кампага кирүүгө уруксат берет;
- продукцияларга берилген документтерди талдоодон жана продукцияларды карап чыккандан кийин жыйынтыгы оң болсо аккредитацияланган сыноо лабораторияларында кыскартылган программа боюнча сыноо жүргүзүү жөнүндө чечим кабыл алат. Продукцияларга берилген документтерди талдоо жана/же продукцияларды карап чыгуу терс натыйжа берген учурда сыноолорду толук көлөмдө жүргүзүү же жетишпеген сыноолорду жүргүзүү жөнүндө чечим кабыл алынат;
- шайкештик сертификатын каттоону жана аны арыз ээсине берүүнү жүргүзөт.
Зарылдыкка жараша ОС кошумча төмөнкү маалыматтарды суратат:
- чет өлкөлүк: шайкештик сертификатында же чет өлкөлүк сыноолордун протоколунда көрсөтүлгөн техникалык талаптарды белгилөөчү документтерди;
- чет өлкөлүк шайкештик сертификатын берүү үчүн негиз болгон документтерди.
5.3. Сертификациялык сыноолордун кыскартылган программасы боюнча сертификациялоону жүргүзүү жол-жобосу боюнча иштерди жүргүзүү мөөнөтү бардык ырастоочу документтери бар болсо, өтүнмөнү кабыл алуудан тартып шайкештик сертификатын арыз ээсине берүүгө чейин продукцияларды сыноо үчүн убакытты эске албастан, продукциялардын бардык түрлөрү үчүн эки күндөн ашпоого тийиш.
5.4. Шайкештик сертификатынын колдонуу мөөнөтү чет өлкөлүк шайкештик сертификатынын колдонуу мөөнөтүн, продукциялардын жарактуулук мөөнөтүн, продукцияларды берүү жөнүндө келишимдердин (контракттардын) колдонуу мөөнөтүн эске алуу менен белгиленет.
5.5. Продукцияларга шайкештик сертификатынын бланкын толтуруу Тартипке ылайык жүзөгө ашырылат, мында "ченемдик документтердин талаптарына шайкеш келет" деген графага техникалык регламент жана (же) стандарт көрсөтүлөт.
5.6. СО тышкы кароону жүргүзүүдө продукциялардын белгиленген коопсуздук талаптарына шайкеш эместигине алып келишине мүмкүн болгон сактоо жана (же) ташуу шарттарын бузуунун айкын кесепеттерин аныктоодо СО белгиленген бузуулар таасир этиши мүмкүн болгон коопсуздуктун бардык көрсөткүчтөрү боюнча сыноолорду жүргүзүүнү дайындоого укуктуу,
5.7. Продукциялардын шайкештигин милдеттүү түрдө ырастоо боюнча иштер ушул Тартипке ылайык жалпы негиздерде жүргүзүлөт.
6. Милдеттүү сертификациялоо схемасын колдонуу
6.1. 1-5-сертификациялоо схемалары (1-тиркеме) даярдоочу тарабынан сериялык чыгарылган продукцияларды сертификациялоодо, 6, 7-схемалар продукцияларды өндүрүү же сатуу бир жолку мүнөздө болгон продукциялардын партияларын (бир жолку буюмдарын) сертификациялоодо колдонулат.
6.2. 1-4-схемаларды төмөнкүдөй учурларда колдонуу сунушталат:
- 1-схеманы - импорттук жана ата мекендик сериялык чыгарылган продукциялар үчүн - контрактта конкреттүү алуучуну (пайдалануучуну) жана кыска мөөнөттүү (12 айдан ашык эмес) контракттарда берилген продукциялардын конкреттүү көлөмү көрсөтүлгөндө. Сертификат продукциялардын үлгүсүнө сыноо жүргүзүлгөндөн кийин жеткирүү башталганга чейин бир жылга чейинки мөөнөткө берилет. Бул схема продукцияларды алуучу (пайдалануучу) келип түшкөн продукцияларды контролдоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон же келип түшкөн продукциялардын берилген үлгүгө шайкештигин текшерүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон учурларда колдонулушу керек, бул жеткирүү контрагында көрсөтүлүүгө тийиш;
- 2-схеманы - импорттук продукциялар үчүн узак мөөнөттүү (бир жылдан ашык) контракттарда же үч жылга чейинки мөөнөткө шайкештик сертификатын берүү жана сатуучудан алынган продукциялардын үлгүлөрүнө инспекциялык контролду жүргүзүү менен өзүнчө контракттар боюнча сериялык продукцияларды туруктуу берүүдө. Продукциялар түздөн-түз өндүрүүчү тарабынан же өндүрүүчүнүн расмий өкүлү тарабынан берилиши керек;
- 3-схеманы - керектөөчүлөрдүн аныкталбаган чөйрөсү үчүн арналган сериялык чыгарылган продукциялар үчүн. Даярдоочу продукциялардын процесстерин системалуу контролдоонун, продукциялардын ар бир партиясын кабыл алуу-тапшыруу сыноолорун жүргүзүүнүн жана продукциялардын ар бир партиясынын коопсуздугун ырастаган документтерди (паспортторду же сапат сертификаттарын) берүүнүн далилдерин көрсөтүүгө тийиш. Шайкештик сертификаты даяр продукцияларды контролдоону уюштуруу системасынын аракетинин натыйжалуулугун, мурдагы сертификациялык сыноолордун жана инспекциялык контролдун натыйжаларын, керектөөчүлөрдөн дооматтардын жоктугун эске алуу менен үч жылга чейинки мөөнөткө берилет;
- 4-схеманы - 3-схемадагыдай эле шарттарда, бирок эгерде продукциялардын коопсуздугу ташуунун жана сактоонун шарттарына көз каранды болсо жана даярдоочунун өзүнүн сыноо лабораториясы жок болсо, керектөөчүлөрдүн белгисиз чөйрөсү үчүн чыгарылган сериялык өндүрүштөгү продукцияларды ар тараптуу жана катуу инспекциялык контролдоо зарылдыгында. Шайкештик сертификаты эки жылга чейинки мөөнөткө берилет.
6.3. 5-схема продукцияларга шайкештик сертификатын үч жылга чейин берүү менен сапат менеджменти системасы бар ишканада продукцияны сертификациялоодо колдонуу сунушталат.
6.4. 6 жана 7-схемаларды бул продукцияларды өндүрүү, жеткирүү же сатуу бир жолку мүнөздө (партия, бир жолку продукциялар) болгондо колдонуу сунушталат.
6-схема боюнча партиядан алынган үлгүлөрдү (үлгүлөрдү) сыноо, ал эми 7-схема боюнча ар бир үлгүнү сыноо жүргүзүлөт.
6 жана 7-схемалар боюнча шайкештик сертификаты бул продукциялардын жарактуулук мөөнөтүн, сактоо, пайдалануу шарттарын жана сатуу мүмкүнчүлүгүн эске алуу менен бир жылга чейинки мөөнөткө берилет.
6.5. Эгерде арыз ээси сертификациялоо боюнча органга коопсуздук параметрлеринин туруктуулугун камсыз кылуучу продукцияларды өндүрүүнүн деңгээли жана абалы жөнүндө маалыматты бере албаса, 2а, 3а, жана 4а схемаларын тиешелүү 2, 3 жана 4-схемалардын ордуна колдонуу сунушталат, анын натыйжасында сертификациялоону жүргүзүү үчүн өндүрүштүн абалына талдоо жүргүзүү зарыл. Сактоо мөөнөтү чектелген жана коопсуздугун сактоо үчүн ташуу жана сактоо шарттарын так сактоону талап кылган сериялык чыгарылган сертификацияланган продукциялар үчүн 4а-схемасы гана колдонулууга тийиш. 4а-схемасы ошондой эле мунай продуктуларын камсыздоо ишканалары, бензин жана дизель отуну (газойлдор) сериялык чыгарылуучу сертификациялангандар үчүн колдонулушу керек. Сыноолорду өткөрүүдө үлгүлөрдү тандоо даярдоочуда, ошондой эле 3төн кем эмес сатуу пункттарында жүргүзүлүшү керек.
6.6. 6а-схемасында шайкештик сертификатын бергенден кийин партиядан алынган үлгүлөргө сыноо жүргүзүү аркылуу сертификацияланган продукцияларга инспекциялык контролдоо каралган.
6.7. Жогоруда келтирилген милдеттүү сертификациялоо схемалары СО тарабынан продукцияларды сертификациялоо жол-жоболорунда продукциялардын өзгөчөлүгүн, аны өндүрүүнү, жүгүртүүнү жана пайдаланууну эске алуу менен колдонулат.
6.8. Бул продукцияларга шайкештик сертификаты колдонулган мезгилде чыгарылган жана жеткирүүчүдө (сатуучуда) сатыкта турган сериялык өндүрүштөгү продукциялар үчүн жарактуулук мөөнөтү же продукцияларды сактоонун кепилдик мөөнөтү аяктаганга чейин жарактуу деп эсептелет.
6.9. Эгерде мунай продуктуларын камсыздоо ишканалары (мунай продуктуларын кабыл алууну, сактоону жана берүүнү жүзөгө ашыруучу) продукциялардын коопсуздугун контролдоо тутумуна ээ болсо жана контролду, анын ичинде мунай продуктуларынын ар бир партиясын резервуарга кабыл алгандан жана куйгандан кийин системалуу түрдө жүзөгө ашырса, Кыргыз Республикасынын аймагына рынокто жүгүртүүгө түшкөн бензинди жана дизель отунун милдеттүү сертификациялоо бул ишканалар тарабынан 4а сертификациялоо схемасы боюнча ишке ашырылат жана ажыратылган продукциялардын ар бир партиясына сапат паспорту берилет.
Мындай учурларда Кыргыз Республикасынын аймагына ташылып келүүчү бензиндин жана дизель отунунун ар бир партиясын милдеттүү сертификациялоону жүргүзүү талап кылынбайт.
7. Милдеттүү талаптарга шайкештик белгисин колдонуу
7.1. Милдеттүү сертификациялоого тийиш болгон жана шайкештик сертификаты берилген продукциялар милдеттүү талаптарга шайкештик белгиси менен маркаланууга тийиш. Буюмдар жана (же) идиш, таңгактар шайкештик белгиси менен маркаланат.
Кыргыз Республикасынын аймагында шайкештик белгиси таанылган продукцияларга шайкештик белгиси менен кошумча маркалоо талап кылынбайт.
7.2. Продукцияларды милдеттүү талаптарга шайкештик белгиси менен маркалоону аны колдонуу укугун алган даярдоочу (сатуучу) жүзөгө ашырууга тийиш, ал шайкештик белгиси түшүрүлгөн жерди аныктайт жана аны мыйзамсыз колдонуу үчүн жоопкерчилик тартат.
7.3. Шайкештик белгисин колдонуу, ошондой эле аны жарнамаларда, басылмаларда, расмий бланктарда, белгилерде, көргөзмөлөрдө жана жарманкелерде экспонаттарды көрсөтүүдө колдонуу болуп эсептелет.
7.4. Конкреттүү продукцияларга милдеттүү талаптарга шайкештик белгисин коюунун эрежелери жана ыкмалары техникалык регламенттерде, ал эми алар кабыл алынганга чейин - ошол продукциялардын стандарттарында, ошондой эле продукцияларды сертификациялоо жол-жоболорунда белгилениши керек.
7.5. Шайкештик белгиси бир түстүү (ар кандай түстө) жана буюмдун фонунда карама-каршы, ачык-айкын, окула турган жана көзгө көрүнгөндөй аткарылышы керек.
7.6. Кыргыз Республикасынын техникалык регламенттерине шайкештик белгиси "Кыргыз Республикасынын техникалык регламенти" деген аббревиатуранын графикалык сүрөттөлүшүн билдирет, ал "ТР" деген айкалышкан тамгалардан турат. "Т" тамгасынын алдында "KG" латын шрифтинин тамгалары жайгашат, анткени мамлекет адамдардын өмүрүн жана ден соолугун коргоо, айлана-чөйрөнү коргоо, жаныбарлардын жана өсүмдүктөрдүн өмүрүн жана ден соолугун коргоо, продукцияларды керектөөчүлөрдү адаштырууга алып келүүчү аракеттерди алдын алуу боюнча коопсуздукту камсыздоого кепилдик берет.
8. Шайкештик сертификатынын колдонуу мөөнөтүн узартуу тартиби
8.1. Сатылуучу продукцияларга шайкештик сертификатынын колдонуу мөөнөтүн узартуу шайкештик сертификатын кармоочунун арызы боюнча же продукцияларды ээликтен ажыраткан учурда анын жаңы сатуучусу тарабынан белгиленген тартипте таризделген шайкештик сертификатынын көчүрмөсүнүн негизинде жүзөгө ашырылат.
8.2. Сертификаттын колдонуу мөөнөтү аяктаганга чейин толук сатылып бүтпөгөн продукциялардын партиясына берилген сертификаттын колдонуу мөөнөтүн узартуу үчүн арыз ээси сертификаттын колдонуу мөөнөтү аяктаганга чейин эки жума калганда сертификатты берген СОго арыз берген учурда сатыла элек продукциялардын так санын, жарактуу мөөнөтүн (сактоонун кепилдик мөөнөтүн) көрсөтүү менен сертификаттын колдонуу мөөнөтүн узартуу жөнүндө кат жиберет.
8.3. СО алынган материалдарды карап чыгат жана иштердин төмөнкүдөй түрлөрүн жүргүзөт:
- партиянын калдыктарынын санын белгилөө;
- сактоо шарттарын, жарактуулук, иштөө мөөнөтүн (сактоонун кепилдик мөөнөтүн) текшерүү;
- эгерде сактоо шарттарынын бузулгандыгы белгилүү болсо, сыноо жол-жобосу аркылуу продукциялардын шайкештигин текшерүү.
Ошол эле учурда шайкештик сертификаты колдонулган мезгилде (сертификациялоонун тандалган схемасына жараша) ушул продукцияларды инспекциялык контролдоонун натыйжалары милдеттүү түрдө эске алынат.
8.4. Шайкештик сертификатын колдонуу мезгилинде өндүрүлгөн сериялык чыгарылган продукциялар үчүн жогоруда саналып өткөн жумуштардан тышкары продукцияларга карата колдонуудагы техникалык регламенттердин жана (же) стандарттардын, алар боюнча сертификациялоо жүргүзүлгөн техникалык документтердин талаптарынын жана продукцияларды кызматтык техникалык контролдоого кабыл алуу шарттарынын сакталышы текшерилет.
8.5. Жогоруда аталган иштер жүргүзүлгөндөн кийин сертификаттын колдонуу мөөнөтүн узартуу (узартпоо) жөнүндө чечим кабыл алынат, бул тууралуу продукциялардын арыз ээсине сертификаттын колдонуу мөөнөтүн узартуу жөнүндө кат алынган күндөн тартып жети күндөн кечиктирбестен билдирилет. Оң чечим кабыл алынганда шайкештик сертификатынын жаңы бланкы таризделет.
Шайкештик сертификатынын мөөнөтүн СО тарабынан продукциялардын жарактуулук мөөнөтүн (кызмат өтөөсүн), сактоо жана ташуу шарттарынын сакталышын, сатылбаган продукциялардын көлөмүн эске алуу менен аныкталат.
Сертификаттын колдонуу мөөнөтүн узартуу жөнүндө маалымат берилген шайкештик сертификаттарынын реестрине киргизилет.
|
| Кыргыз Республикасында продукциялардын шайкештигин милдеттүү түрдө ырастоо жүргүзүүнүн тартибинин 1-тиркемеси |
Милдеттүү сертификациялоо СХЕМАЛАРЫ
Схеманын № | Шайкештигин ырастоо шарттары | Сертификациялоонун башка стадиялары | Сертификацияланган продукцияларды инспекциялык контролдоо |
1 | Тибин сыноо(*) |
|
|
2 | Тибин сыноо |
| Сатуучудан алынган үлгүлөрдү сыноо |
2а | Тибин сыноо | Өндүрүштүн абалын талдоо | Сатуучудан алынган үлгүлөрдү сыноо. Өндүрүштүн абалын талдоо |
3 | Тибин сыноо |
| Даярдоочудан алынган үлгүлөрдү сыноо |
3а | Тибин сыноо | Өндүрүштүн абалын талдоо | Даярдоочудан алынган үлгүлөрдү сыноо. Өндүрүштүн абалын талдоо |
4 | Тибин сыноо |
| Сатуучудан алынган үлгүлөрдү сыноо. Даярдоочудан алынган үлгүлөрдү сыноо |
4а | Тибин сыноо | Өндүрүштүн абалын талдоо | Сатуучудан алынган үлгүлөрдү сыноо. Даярдоочудан алынган үлгүлөрдү сыноо. Өндүрүштүн абалын талдоо |
5 | Тибин сыноо | Сапат системасын сертификациялоо, сертификацияланган сапат системасынын болушу | Даярдоочудан жана (же) сатуучудан алынган үлгүлөрдү сыноо |
6 | Тибин сыноо |
|
|
6а | Тибин сыноо |
| Партиядан алынган үлгүлөрдү сыноо |
7 | Ар бир үлгүнү сыноо |
|
|
Эскертүү: (*) Продукциянын типтүү өкүлдөрү болуп саналган үлгүлөрүн баалоонун негизинде аны сыноо. Үлгүлөрдүн саны сыноо ыкмаларында көрсөтүлгөн санына ылайык келүүгө тийиш.
|
| Кыргыз Республикасында продукциялардын шайкештигин милдеттүү түрдө ырастоо жүргүзүүнүн тартибинин 2-тиркемеси |
_____________________________________________________________________________ СОнун аталышы, дареги
Продукцияга милдеттүү сертификациялоо жүргүзүүгө ӨТҮНМӨ
1. ______________________________________________________________________________________
даярдоочу уюмдун, сатуучунун аталышы
(мындан ары - арыз ээси), ОКПОнун коду жана ИНН же жеке ишкердин
________________________________________________________________________________________
документинин, мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктүн же патенттин
________________________________________________________________________________________
каттоо номери, анын фамилиясы,
юридикалык дареги ______________________________________________________________________
телефону ________________________ факсы ______________________ e-mail ____________________
________________________________________________________________________________ атынан
жетекчинин фамилиясы, аты, атасынын аты
________________________________________________________________________________________
продукциянын түрүнүн аталышы, ЕАЭБ ТЭИ ТН коду,
________________________________________________________________________________________
сериялык же аныкталган өлчөмдөгү партия менен (жалгыз өндүрүлгөн
________________________________________________________________________________________
ар бир буюм)
____________________________________________________________________________, чыгарылган
даярдоочунун чыгарылуучу аталышы, чыгарылган өлкө,
__________________________________________________________________ мен идентификациялаган
даярдалган күнү (жарактуулук, сактоо мөөнөтү)
техникалык регламенттердин жана (же) стандарттардын аталышы жана белгилениши _______________
__________________________________________________________________ талаптарына туура келет
жана схема боюнча аталган документтердин талаптарына ылайык ушул продукцияга сертификациялоо жүргүзүүнү өтүнөт
_______________________________________________________________________________________
сертификациялоо схемасынын номери.
2. Төмөнкүлөргө милдеттенем:
- мен билдирген схема боюнча сертификациялоо иштерин жүргүзүү үчүн бардык зарыл болгон документтерди берүүгө;
- сертификациялоонун бардык шарттарын аткарууга;
- сертификациялоо үчүн мен идентификациялаган продукциялардын туура үлгүлөрүн (сынамдарын) берүүгө;
- продукция сертификацияланган техникалык регламенттердин же стандарттардын талаптарына сатылуучу продукциянын шайкештигин камсыз кылууга;
- сертификаттын колдонулушу жайылтыла турган, техникалык регламенттердин жана (же) стандарттардын талаптарына шайкеш келген гана продукцияларды шайкештик белгиси менен маркалоого;
- продукциялардын техникалык регламенттердин же стандарттардын талаптарына шайкеш эместиги белгилүү болсо, бул продукциялардын сатылышына жол бербөө боюнча чараларды көрүүгө;
- сертификациялоо жүргүзүү жана инспекциялык контролдоо боюнча бардык чыгымдарды төлөөгө.
3. Кошумча маалыматтар
_______________________________________________________________________________________
_______________________________________________________________________________________
Уюмдун жетекчиси | ______________________ | _____________________________________________ |
| колу | аты-жөнү |
Мөөр |
|
|
20___-ж. "____" __________________
|
| Кыргыз Республикасында продукциялардын шайкештигин милдеттүү түрдө ырастоо жүргүзүүнүн тартибинин 3-тиркемеси |
Милдеттүү сертификациялоо жүргүзүүгө өтүнмө боюнча СОго КАБАРЛОО
________________________________________________________________________________________
СОнун аталышы, дареги
20___-жылдын "____" ____________ № ______ өтүнмөнү карап чыгып,
________________________________________________________________________________________
даярдоочу ишкананын, сатуучунун аталышы
________________________________________________________________________________________
сертификациялоого
________________________________________________________________________________________
продукциянын аталышы, ЕАЭБ ТЭИ ТН коду
________________________________________________________________________, СОго кабарлайт.
1. Сертификациялоо органынын өкүлү тарабынан сертификациялоо
______________________________________________________________________________ жүргүзүлөт.
ФАА
2. Сертификациялоо боюнча иштерди жүргүзүү үчүн Сиз төмөнкүдөй документтерди берүүңүз керек:
а) ______________________________________________________________________________________
в) ______________________________________________________________________________________
г) ______________________________________________________________________________________
д) ______________________________________________________________________________________
е) ______________________________________________________________________________________
ж) ______________________________________________________________________________________
з) ______________________________________________________________________________________
3. Сертификациялоо төмөнкүлөр боюнча жүргүзүлөт (толук көлөмдө сыноолорду жүргүзүү менен, жетишпеген сыноолорду жүргүзүү менен, сыноолордун көлөмүн кыскартуу менен)
________________________________________________________________________________________
(керектүүсүн чийүү керек)
Негиздеме (ырастоочу документтер, продукцияга стандарт көрсөтүлөт):
________________________________________________________________________________________
________________________________________________________________________________________
Сыноолорду жүргүзүү үчүн төмөнкү санда үлгүлөр алынат:
________________________________________________________________________________________
(1 үлгүгө конкреттүү физикалык өлчөө бирдиктерин көрсөтүү менен)
________________________________________________________________________________________
(үлгүлөрдү тандоо орду көрсөтүлөт)
4. Иштер төмөнкүлөрдүн негизинде жүргүзүлөт
________________________________________________________________________________________
________________________________________________________________________________________
чарбалык келишим, тариф, төлөөнүн башка варианттары
СО жетекчиси | _________________________ | _________________________________ |
| колу | ФАА |
Мөөр |
|
|
20___-ж. "___" _____________ |
|
|
|
|
|
Кабарлоону алды | _________________________ | _________________________________ |
| арыз ээсинин колу | арыз ээсинин ФАА |
|
| Кыргыз Республикасында продукциялардын шайкештигин милдеттүү түрдө ырастоо жүргүзүүнүн тартибинин 4-тиркемеси |
________________________________________________________________________ СО аталышы
20___-жылдын "___" ______________ сертификациялык сыноолору үчүн үлгүлөрдү тандоо АКТы
20___-жылдын "___" _____________ № ______ өтүнмөнүн негизинде
Мен ___________________________________________________________________________________
СОнун өкүлүнүн ФАА
___________________________________________________________________________ катышуусунда
арыз ээсинин жана/же продукцияны даярдоочунун өкүлүнүн ФАА
________________________________________________________________________________________
продукциялардын коопсуздук көрсөткүчтөрү жана (же)
________________________________________________________________________________________
техникалык регламенттин же стандарттын пункттары
боюнча сертификациялык сыноолорду жүргүзүү үчүн
________________________________________________________________________________________
________________________________________________________________________________________
продукциялардын үлгүлөрүн тандап алдым.
Сертификациялануучу продукциялардын үлгүлөрүнүн (сынамдарынын) аталышы | Өлчөө бирдиги | Буюмдардын партиясынын номери | Партиянын өлчөмү | Даярдалган дата. Үлгүлөрдү тандап алуу убактысы (тез бузулуучу продукциялар үчүн) | Тандалып алынган үлгүлөрдүн (сынамдардын) саны же көлөмү |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
СОнун өкүлү | _____________________________ | ____________________________________ |
| колу | ФАА |
|
|
|
Арыз ээсинин өкүлү | _____________________________ | ____________________________________ |
| колу | ФАА |
|
|
|
Сыноолордон кийинки үлгүлөрдү алган арыз ээсинин өкүлү | _____________________________ | ____________________________________ |
| колу | ФАА |