Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 22-апрелиндеги № 221 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 20-майы № 260
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин айрым маселелери жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 17-февралындагы № 84, 2023-жылдын 4-сентябрындагы № 442 , 2024-жылдын 10-майындагы № 241 токтомдорунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 2-декабрындагы № 541 "Республикалык бюджеттин чыгашаларын оптималдаштыруу, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча - башкаруу органдарынын бюджеттик каражаттарды пайдалануусунун натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр түзүлсүн:
- (абзац Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 17-февралындагы № 84 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Баа түзүү жана сметалык ченемдөө республикалык борбору.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 17-февралындагы № 84 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 17-февралындагы № 84 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти жөнүндө жобо 2-тиркемеге ылайык;
3) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Баа түзүү жана сметалык ченемдөө республикалык борбору жөнүндө жобо 3-тиркемеге ылайык;
4) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Курулушта сертификаттоонун республикалык борбору жөнүндө жобо 4-тиркемеге ылайык;
5) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Мамлекеттик экспертиза департаменти жөнүндө жобо 5-тиркемеге ылайык;
6 КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 10-майындагы № 241 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
7) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институтунун уставы 7-тиркемеге ылайык.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 17-февралындагы № 84, 2024-жылдын 10-майындагы № 241 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Төмөнкүлөр белгиленсин:
- ушул токтомду ишке ашыруу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигине республикалык бюджетте каралган бекитилген финансылык каражаттардын чегинде жүзөгө ашырылары;
- республикалык бюджеттин эсебинен каржылануучу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментин жана Ичүүчү суу менен камсыздоону жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүү департаментин жана Баа түзүү жана сметалык ченемдөө республикалык борборуна каралган 3 штаттык бирдикти кошпогондо, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин ведомстволук бөлүмдөрү 2023-жылдын 1-январынан тартып өзүн-өзү каржылоого өтөрү.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 17-февралындагы № 84, 2023-жылдын 4-сентябрындагы № 442 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги:
- өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин;
- ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл чараларды көрсүн.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 25-июнундагы № 44 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 2-пунктунун үчүнчү жана төртүнчү абзацтары күчүн жоготту деп таанылсын;
2) (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 17-февралындагы № 84 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 17-февралындагы № 84 токтомунун редакциясына ылайык)
6. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 30-августундагы № 600 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин ведомстволук бөлүкчөлөрү жөнүндө жоболорду бекитүү тууралуу" токтомунун 1-пункту, 1-3-тиркемелери;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 24-июнундагы № 372 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги жөнүндө" токтому;
3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 10-июлундагы № 385 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин айрым маселелери жөнүндө" токтомунун 2-пункту;
4) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 13-октябрындагы № 666 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн курулуш чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүү киргизүү жөнүндө" токтому;
5) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-декабрындагы № 634 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн курулуш чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому.
7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгына жүктөлсүн.
8. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |
| 1-тиркеме |
| ( Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 20-майындагы № 260 токтомуна ) |
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Курулуш жана инженердик инфраструктура департаменти жөнүндө Жобо
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Курулуш жана инженердик инфраструктура департаменти (мындан ары - Департамент) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин (мындан ары - Мамкурулуш) ведомстволук бөлүмү болуп саналат жана социалдык-маданий маанидеги, билим берүү, саламаттык сактоо, турак жай объекттерин куруу, реконструкциялоо жана капиталдык оңдоо жана инженердик инфраструктураны өнүктүрүү, анын ичинде борборлоштурулган ичүүчү суу менен камсыздоо, саркынды сууларды чыгаруу жана республиканын калктуу конуштарынын канализациялык тазалоочу курулмаларды пайдалануусу жаатында өз ишин жүзөгө ашырат.
Департамент Мамкурулуштун алдындагы Турак жай-жарандык курулуш департаментинин жана Мамкурулуштун алдындагы Ичүүчү суу менен камсыздоону жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүү департаментинин укуктук улантуучусу болуп эсептелет.
2. Департамент өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана тескемелерин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдорун жана тескемелерин, башка ченемдик укуктук актыларын, эл аралык укуктун жалпыга таанылган принциптерин жана ченемдерин, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Департамент мекеменин уюштуруу-укуктук формасында түзүлгөн юридикалык жактын статусуна ээ, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби түшүрүлгөн, мамлекеттик жана расмий тилдерде аталышы жазылган мөөрү, белгиленген үлгүдөгү штамптары жана бланктары, ошондой эле казыналык системада жана казыналыктын банк-агенттеринде алыш-бериш жана башка эсептери бар.
4. Департаменттин юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Манас проспекти, 28.
5. Департаменттин толук расмий аталышы:
мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Курулуш жана инженердик инфраструктура департаменти";
расмий тилде: "Департамент строительства и инженерной инфраструктуры при Государственном агентстве архитектуры, строительства и жилишно-коммунального хозяйства при Кабинете Министров Кыргызской Республики".
Департамент өз курамында төмөнкү аймактык бөлүмдөргө ээ:
- Департаменттин Чүй облустук курулуш жана инженердик инфраструктура башкармалыгы;
- Департаменттин Ош облустук курулуш жана инженердик инфраструктура башкармалыгы;
- Департаменттин Ысык-Көл облустук курулуш жана инженердик инфраструктура башкармалыгы;
- Департаменттин Талас облустук курулуш жана инженердик инфраструктура башкармалыгы;
- Департаменттин Нарын облустук курулуш жана инженердик инфраструктура башкармалыгы;
- Департаменттин Жалал-Абад облустук курулуш жана инженердик инфраструктура башкармалыгы;
- Департаменттин Баткен облустук курулуш жана инженердик инфраструктура башкармалыгы;
- райондук борборлордо - техникалык сервистик борборлор.
2. Департаменттин максаты
6. Социалдык-маданий багыттагы, билим берүү, саламаттык сактоо, турак жай жана инженердик инфраструктура объекттерин куруу, реконструкциялоо жана капиталдык оңдоо, инженердик инфраструктураны туруктуу өнүктүрүү жана Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарын ичүүчү суу менен камсыздоо, саркынды сууларды чыгаруу жана канализациялык тазалоочу курулмалар системаларын пайдалануу үчүн шарттарды түзүү Департаменттин максаты болуп эсептелет.
3. Департаменттин милдеттери
7. Департаменттин милдеттери болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- социалдык-маданий жана турмуш-тиричилик багытындагы, билим берүү жана саламаттык сактоо, өнөр жай-жарандык жана инженердик инфраструктура объекттерин, анын ичинде борборлоштурулган ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу объекттерин, ошондой эле республикалык бюджеттин жана каржылоонун башка булактарынын эсебинен турак жай курулуш объекттерин куруу, реконструкциялоо жана капиталдык оңдоо;
- турак жай курулушун жана инженердик инфраструктураны, анын ичинде калктуу конуштарды борборлоштурулган ичүүчү суу менен камсыздоо, саркынды сууларды чыгаруу жана канализациялык тазалоочу курулмаларды өнүктүрүү боюнча саясатты ишке ашыруу;
- айыл жеринде жана райондук маанидеги шаарларда борборлоштурулган ичүүчү суу менен камсыздоо, саркынды сууларды чыгаруу жана канализациялык тазалоочу курулмалар системасын пайдалануу;
- социалдык-маданий жана турмуш-тиричилик багытындагы объекттерди, турак жай, инженердик инфраструктура, анын ичинде ичүүчү суу менен камсыздоо, саркынды сууларды чыгаруу жана канализациялык тазалоочу курулмалар системаларын куруу чөйрөсүндө эл аралык кызматташууну өнүктүрүү;
- инженердик инфраструктура объекттерин, анын ичинде республикалык бюджеттин жана эл аралык финансы институттарынын каражаттарынын эсебинен каржылануучу борборлоштурулган ичүүчү суу менен камсыздоо, саркынды сууларды чыгаруу жана канализациялык тазалоочу курулмалар системаларын куруу жана реабилитациялоо боюнча иш-чараларды координациялоо.
4. Департаменттин функциялары
8. Департамент өзүнө жүктөлгөн милдеттерди ишке ашыруу максатында төмөнкү функцияларды жүзөгө ашырат:
- курулуш, реконструкция жана капиталдык оңдоо, ошондой эле инженердик инфраструктура, анын ичинде калктуу конуштарды борборлоштурулган ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу жаатындагы ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгууга катышуу;
- социалдык-маданий жана турмуш-тиричилик багытындагы объекттерди, билим берүү жана саламаттык сактоо, өнөр жай-жарандык жана инженердик инфраструктура объекттерин, анын ичинде мамлекеттин каражаттарынын, гранттардын жана эл аралык долбоорлордун эсебинен каржылануучу борборлоштурулган ичүүчү суу менен камсыздоо, саркынды сууларды чыгаруу жана канализациялык тазалоочу курулмаларды куруу, реконструкциялоо жана капиталдык оңдоо боюнча "Бирдиктүү заказ берүүчүнүн" функцияларын аткаруу;
- долбоордук жана подряддык уюмдарды архитектуралык-инженердик-пландоо шарттары, ошондой эле типтүү, жеке жана кайрадан колдонулуучу долбоорлорду байланыштыруу үчүн зарыл болгон бардык маалыматтар менен камсыз кылуу;
- долбоорлоочу уюмдар менен долбоорлоо-сметалык документтерди даярдоонун жана берүүнүн графигин макулдашуу, анын аткарылышынын жүрүшүн контролдоо, газ менен жабдуу, электр менен камсыздоо, жылуулук берүүнү, ысык жана муздак суу менен камсыздоону, канализацияны, канализациялык тазалоочу курулмаларды, радио жана телефон тармактарын пайдалануучу уюмдар менен макулдашуу, тийиштүү органдардан курууга уруксат алуу;
- долбоорлоо-сметалык документтерге ылайык курулуштун, реконструкциялоонун жана капиталдык оңдоонун мөөнөтүн жана сапатын техникалык регламенттердин шарттарын жана курулуштагы сейсмикалык ченемдерди сактоо менен камсыздоо, долбоорлоо-сметалык документтерге өзгөртүүлөрдү киргизүү жана жумушчу чиймелери, иштин көлөмү өзгөртүлгөн учурда тийиштүү органдар менен макулдашуу;
- курулуш-монтаждоо, берүү-жөнгө салуу жана башка түрдөгү иштерди башкарууну уюштуруу жана камсыздоо, курулуш объекттерин пайдаланууга берүүгө даярдоо;
- курулуп бүткөн объекттерди кабыл алуу боюнча иштерге катышуу жана аларды пайдалануучу уюмдарга тапшырып (өткөрүп) берүүнү жүзөгө ашыруу;
- капиталдык курулуш объекттерин техникалык кайра жабдуу (комплекттөө), ошондой эле бул объекттерди жабдуулар жана курулуш материалдары менен камсыз кылуу;
- курулуп, реконструкцияланып жана капиталдык оңдолуп бүтпөгөн объекттерди консервациялоо учурунда подрядчы менен бирге объекттин сакталышын камсыздоочу тийиштүү уюштуруу-техникалык иш-чараларды жүргүзүү;
- мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык конкурстарды (тендерлерди) уюштуруу жана өткөрүү;
- Мамкурулуштун тапшырмасы боюнча объекттерди долбоорлоо, куруу, реконструкциялоо жана капиталдык оңдоо менен байланышкан иштерди аткаруу;
- долбоорлоочу, куруучу уюмдар жана жабдууларды, курулуш материалдарын жеткирүүчүлөр менен келишимдерди түзүү;
- бюджеттик жана бюджеттик эмес каржылоодо белгиленген чектерде подряддык иштердин капиталдык салымдары боюнча объекттердин тизмегин даярдоо;
- инженердик инфраструктура объекттеринин, анын ичинде эл аралык финансы институттары тарабынан каржылануучу. ичүүчү суу менен камсыздоо, саркынды сууларды чыгаруу жана канализациялык тазалоочу курулмалар системаларынын тизмегин даярдоо;
- пайдаланылуучу капиталдык салымдар боюнча отчеттуулукту жүргүзүү;
- турак жай курулушун өнүктүрүү жана турак жай рыногун түзүү, турак жай маселелерин чечүүгө жаңы мамилелерди ишке ашыруу программалары боюнча сунуштарды даярдоо;
- Кыргыз Республикасында турак жай курулушун өнүктүрүү программаларынын аткарылышын координациялоо;
- менчигинин түрүнө жана ведомстволук таандыгына карабастан Кыргыз Республикасынын аймагындагы архитектура жана курулуштун аймактык органдары, долбоорлоо жана подряддык уюмдар, заказчылар-инвесторлор менен өз ара аракеттенүү;
- борборлоштурулган суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу системаларын тейлөөчү субъекттердин экономикалык жана финансылык абалын жакшыртууга багытталган иштерди жүргүзүү;
- борборлоштурулган суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу системасын тейлөөчү субъекттерди методикалык материалдар менен камсыз кылуу;
- ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу системаларын пайдаланууга байланышкан республикалык жана региондук стратегияларды, программаларды, иш-аракеттер пландарын жана иш долбоорлорун иштеп чыгууда катышуу;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу системаларынын туруктуу эксплуатациялык потенциалын өнүктүрүү боюнча иштерди жүргүзүү;
- курулуш, инфраструктураны өнүктүрүү, анын ичинде борборлоштурулган суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу чөйрөсүндө чет өлкөлүк өнөктөштөр жана эл аралык уюмдар менен кызматташуу, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык' күчүнө кирген эл аралык келишимдерди аткарууну камсыз кылуу;
- ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу секторуна гранттарды, техникалык, донордук жана демөөрчүлүк жардамдарды тартууга түрткү берүүчү документтик долбоордук базаны даярдоо жана түзүү;
- эл аралык каражаттардын жана башка булактардын эсебинен каржылануучу башка субъекттер тарабынан аткарылуучу ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу системаларынын объекттеринин курулушун координациялоо жана реабилитациялоо;
- долбоорлорду ишке ашырууда убактылуу түзүмдүк бөлүмдөрдү же топторду түзүү, зарыл болгон учурда же эгер бул каржылоо жөнүндө макулдашуу менен аныкталса, тиешелүү кызматкерлерди жалдоону ишке ашыруу;
- курулуш жана инженердик инфраструктура, анын ичинде борборлоштурулган ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу чөйрөсүндө эл аралык донорлук жардам, чет өлкөлүк инвестициялар маселелерин координациялоо;
- ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу менен байланышкан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, уюмдардын жана ишканалардын кызматкерлерин даярдоону жана квалификациясын жогорулатууну уюштуруу;
- ичүүчү сууга тарифтерди иштеп чыгууну жана аларды белгиленген тартипте жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдары менен бекитүүнү уюштуруу;
- суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруунун адистештирилген уюмдарын жана борборлоштурулган суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу системаларын пайдалануу жана күтүү боюнча башкаруучу компанияларды түзүүгө жана өнүктүрүүгө көмөктөшүү;
- суу түтүктөрүн жана саркынды сууларды чыгаруу курулмаларын жана алардын жабдууларын пайдалануу, оңдоо жана техникалык тейлөөнү уюштуруу боюнча алдынкы тажрыйбаларды киргизүү;
- актуалдуу маалыматтарды жайылтуу жана алмашуу, ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу системаларына мониторинг жүргүзүү маселелери боюнча министрликтер, административдик ведомстволор, уюмдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттенүү;
- республиканын калктуу конуштарынын борборлоштурулган суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу боюнча маалыматтык базасын түзүү.
5. Департаменттин укуктары
9. Департамент ага жүктөлгөн милдеттерге ылайык төмөнкү укуктарга ээ:
- Департаменттин компетенциясына кирген милдеттерди аткаруу үчүн Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, ошондой эле жеке жана юридикалык жактардан зарыл маалыматты жана материалдарды белгиленген тартипте суроого жана алууга;
- соттордо доогер жана/же жоопкер катары өзүнүн атынан чыгууга;
- Департаменттин компетенциясына кирген иш чөйрөсүндө мамлекеттик саясат жүргүзүү үчүн эл аралык уюмдардын каражаттарын, гранттарды белгиленген тартипте тартууга;
- курулуш подрядынын келишиминин шарттарын бузгандыгы, долбоордук документтерден четтегендиги, ченемдик укуктук актылардын жана ченемдик-техникалык документтердин талаптары сакталбагандыгы, курулуш-монтаждоо жана башка иштердин сапатсыз аткарылгандыгы үчүн адамдарды жоопкерчиликке тартуу жөнүндө материалдарды жана доону мамлекеттик органдарга, прокуратура органдарына жана сот органдарына жиберүүгө жана чыгашалардын ордун толтурууну талап кылууга;
- чет өлкөлүк инвестицияларды белгиленген тартипте тартууга жана инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча заказчынын ролун аткарууга;
- турак жай, социалдык, өнөр жай-жарандык жана инженердик инфраструктура объекттерин куруу үчүн жер участокторун белгиленген тартипте тескөөгө;
- Кыргыз Республикасы катышуучу болгон, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген кредиттик жана гранттык макулдашууларга ылайык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн убактылуу түзүмдүк бөлүмдөрдү жана топторду (ДИБ/ДИТ) түзүүгө;
- курулуш жана подряддык уюмдардын ишине жана алардын кызмат көрсөтүүлөрүнө баа берүүгө, зарыл болгон учурда контракттарды бузуу жөнүндө сунуш киргизүүгө;
- Департаменттин компетенциясына кирген маселелер боюнча юридикалык жана жеке жактар менен жарандык мыйзамдарда белгиленген тартипте кызматташууга;
- Департаменттин компетенциясына кирген маселелер боюнча эл аралык конференцияларга жана семинарларга катышууга;
- Департаменттин ведомстволук сыйлыктарын уюштурууга жана алар жөнүндө жоболорду бекитүүгө.
6. Департаменттин ишин уюштуруу
10. Департаментти Мамкурулуштун директорунун сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызматка дайындалуучу жана кызматтан бошотулуучу директор башкарат.
11. Директордун орун басарлары болот. Директордун орун басарлары Департаменттин директорунун сунушу боюнча Мамкурулуштун директору тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат. Директор жок учурда анын милдеттерин директордун орун басарларынын бири аткарат.
12. Директор:
- Департаменттин ишине жалпы жетекчилик кылат, бардык мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүүнү түздөн-түз ишке ашырат жана аткарылган милдеттер жана функциялар үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
- Департаменттин кызматкерлерин Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына жана Мамлекеттик жарандык кызмат жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот;
- курулуш жана инженердик инфраструктуранын облустук башкармалыктарынын жетекчилерин дайындоого Мамкурулушка сунуштама берет;
- Департаменттин кенже тейлөө персоналын жана техникалык тейлөө персоналын ишке кабыл алат жана иштен бошотот;
- Департаменттин компетенциясына кирген маселелер боюнча эмгек келишимдерин, контракттарды, макулдашууларды түзөт жана кол коёт;
- өзүнүн компетенциясынын чегинде буйруктарды, тескемелерди чыгарат, Департаменттин бардык кызматкерлери аткарууга милдеттүү болгон көрсөтмөлөрдү берет жана алардын аткарылышын текшерет, ушул Жободо аныкталган функцияларды ишке ашыруу үчүн зарыл болгон документтерге кол коёт;
- түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилеринин жана орун басарларынын функциялык милдеттерин жана жоопкерчилик деңгээлдерин бөлүштүрөт;
- эмгек өргүү графигин бекитет, эмгек келишимдерин түзөт жана кол коёт, сыйлоо жана тартиптик жоопкерчилик чараларын көрөт;
- Департаменттин өзгөчө айырмаланган кызматкерлерин белгиленген тартипте ведомстволук сыйлыктарга сунуштайт жана сыйлайт;
- түзүмдүк бөлүмдөр жөнүндө жоболорду жана кызматкерлердин кызматтык нускамаларын бекитет;
- Мамкурулуштун чечимдерин жана тапшырмаларын аткарууну уюштурат жана камсыз кылат;
- Департаменттин атынан ишеним катсыз иш жүргүзөт, Кыргыз Республикасынын бардык мамлекеттик органдарында жана уюмдарында Департаменттин кызыкчылыгын билдирет, келишимдерди түзөт, ишеним каттарды берет, банктарда алыш-бериш жана башка эсептерди ачат, банктык жана финансылык документтерге кол коёт;
- мүлктөрдү, финансы каражаттарын башкаруу боюнча чечимдерин кабыл алат жана Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык финансы-чарбалык иштерге толук жоопкерчилик тартат;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык долбоорлорду ишке ашыруунун убактылуу түзүмдүк бөлүмдөрү жана топтору (ДИБ/ДИТ) жөнүндө жоболорду бекитет;
- Мамкурулуштун борбордук аппараты менен чыгаша жана киреше сметаларын макулдашат;
- Департаменттин ишинин максаттарына жана милдеттерине жетүү үчүн зарыл болгон башка ыйгарым укуктарды ишке ашырат.
7. Департаменттин мүлкү жана каржылоо булактары
13. Департаменттин мүлкүн негизги жана жүгүртүү каражаттары, ошондой эле ага оперативдүү башкаруу укугунда бекитилген жана Департаменттин балансында көрсөтүлгөн материалдык баалуулуктар түзөт.
14. Департаменттин каражаттарын түзүү булактары болуп төмөнкүлөр эсептелет:
1) республикалык бюджет;
2) гранттар;
3) юридикалык жана жеке жактардын ыктыярдуу төгүмдөрү;
4) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка булактар.
15. Департаменттин негизги фонддорун, жүгүртүүдөгү каражаттарын жана пайдалануудагы мүлкүн алып коюу Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат.
8. Департаментти кайра түзүү жана жоюу
16. Департаменттин иши Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык ал өзгөртүп түзүлгөн же жоюлган учурда токтотулат.
17. Департаменттин иш процессинде пайда болгон документтер ал жоюлган учурда "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат жана пайдаланылат.
| 2-тиркеме |
| ( Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 20-майындагы № 260 токтомуна ) |
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти жөнүндө Жобо
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 17-февралындагы № 84 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти (мындан ары - Департамент) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин (мындан ары - Мамкурулуш) ведомстволук бөлүмү болуп саналат жана архитектура-курулуш ишти мамлекеттик контролдоо жана көзөмөлдөө жаатында өзүнүн ишин ишке ашырат.
Департамент Мамкурулуштун архитектура-курулуш контролдоо башкармалыгынын укук улантуучусу болуп саналат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 17-февралындагы № 84 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Департамент өзүнүн ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана тескемелерин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдорун жана тескемелерин, башка ченемдик укуктук актыларды, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, эл аралык укуктун жалпыга таанылган принциптерин жана ченемдерин, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Департамент мекеменин уюштуруу-укуктук формасында түзүлгөн юридикалык жактын статусуна ээ, анын Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби түшүрүлгөн, мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн аталышы жазылган мөөрү, белгиленген үлгүдөгү штамптары жана бланктары, ошондой эле казыналык системасында жана казыналыктын банк-агенттеринде алыш-бериш жана башка эсептери бар.
4. Департаменттин юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Манас проспекти, 28.
5. Департаменттин толук расмий аталышы:
мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти";
расмий тилде: "Департамент государственного архитектурно-строительного контроля при Государственном агентстве архитектуры, строительства и жилищно-коммунального хозяйства при Кабинете Министров Кыргызской Республики".
Департаменттин курамында төмөнкүдөй аймактык бөлүмдөр бар:
- Бишкек шаары боюнча мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо башкармалыгы;
- Ош шаары боюнча мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо башкармалыгы;
- Чүй региондук мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо башкармалыгы;
- Ош региондук мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо башкармалыгы;
- Жалал-Абад региондук мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо башкармалыгы;
- Ысык-Көл региондук мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо башкармалыгы;
- Талас региондук мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо башкармалыгы;
- Нарын региондук мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо башкармалыгы;
- Баткен региондук мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо башкармалыгы.
2. Департаменттин максаты
6. Департаменттин максаты курулуш процессинде аткарылып жаткан иштердин техникалык регламенттин жана долбоордук документтердин талаптарына шайкеш келишин текшерүү жолу менен курулуш объекттеринин коопсуздугун, сапатын, сейсмикалык туруктуулугун жана эксплуатациялык ишенимдүүлүгүн камсыз кылуу болуп саналат.
3. Департаменттин милдеттери
7. Департаменттин милдеттери техникалык регламенттердин, курулуш ченемдеринин, курулуш эрежелеринин жана архитектура-курулуш иш чөйрөсүндөгү башка ченемдик документтердин, шаарлардын жана калктуу конуштардын бекитилген башкы пландарынын, курулуш-монтаждоо иштерин жүргүзүүдө иштелип чыккан долбоордук документтердин талаптарынын сакталышына жана ведомстволук таандыгына, менчигинин түрүнө карабастан жеке жана юридикалык жактар колдонгон курулуш материалдарынын, конструкциялардын жана буюмдардын сапатына мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоону жана көзөмөлдөөнү жүргүзүү жолу менен курулуш объекттеринин талаптагыдай сапатын жана коопсуздугун камсыз кылуу болуп саналат.
4. Департаменттин функциялары
8. Департамент төмөнкүдөй функцияларды жүзөгө ашырат:
- архитектура-курулуш иш чөйрөсүндө техникалык регламенттердин, курулуш ченемдеринин, курулуш эрежелеринин жана башка ченемдик документтердин талаптары сакталышына, курулуш-монтаждоо иштеринин долбоордук документтерге шайкештигине, колдонулуучу курулуш материалдарынын, конструкциялардын жана буюмдардын сапатына мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоону жана көзөмөлдөөнү ишке ашырат;
- капиталдык курулуш объекттеринин реестрин жүргүзөт, курулуш этаптарынын жана курулушу бүткөн объекттердин шайкештигине баа берет;
- архитектура-курулуш иш чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык уруксатсыз курулуш фактыларын табуу боюнча ишти жүргүзөт;
- көзөмөлдөө жана контролдоо аркылуу мамлекеттин жана шаар куруу тармагындагы жарандык-укуктук мамилелердин бардык катышуучуларынын кызыкчылыктарын коргойт;
- Департаменттин компетенциясына кирген маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын министрликтеринде жана ведомстволорунда, ошондой эле мекемелерде жана уюмдарда Мамкурулуштун жетекчилигинин тапшырмасы боюнча анын атынан чыгат;
- жеке жана юридикалык жактардын кайрылууларын, арыздарын, даттанууларын карайт;
- архитектура-курулуш контролдоо маселелери боюнча региондук башкармалыктардан отчетторду алат, аларды жалпылайт жана талдайт;
- Департаменттин региондук башкармалыктарынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу жана түзүмүн оптималдаштыруу боюнча сунуштарды иштеп чыгат жана Мамкурулуштун жетекчилигине киргизет;
- адистерди эксперттер катары курулуштун жана курулуш материалдарын, конструкцияларды жана буюмдарды өндүрүүнүн сапатын баалоо үчүн тартат;
- аналитикалык материалдарды жана башка документтерди даярдайт;
- Мамкурулуштун жетекчилигинин тапшырмасы боюнча башка да функцияларды аткарат.
5. Департаменттин укуктары
9. Департамент төмөнкүлөргө укуктуу:
- техникалык регламенттердин, курулуш ченемдеринин, курулуш эрежелеринин жана архитектура-курулуш иш чөйрөсүндөгү башка ченемдик документтердин, шаарлардын жана калктуу конуштардын бекитилген башкы пландарынын, курулуш-монтаждоо иштерин жүргүзүүдө иштелип чыккан долбоордук документтердин талаптарынын сакталышына жана ведомстволук таандыгына, менчигинин түрүнө карабастан жеке жана юридикалык жактар колдонгон курулуш материалдарынын, конструкциялардын жана буюмдардын сапатына мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоону жана көзөмөлдөөнү жүргүзүүгө;
- шайкештиги милдеттүү ырасталууга тийиш курулуш материалдарына текшерүү жүргүзүүдө шайкештик сертификаттарын көрсөтүүсүн талап кылууга;
- шаар куруу-архитектуралык ишти жүзөгө ашыруу укугуна лицензия жана квалификациялык сертификаттардын бар болушун юридикалык жана жеке жактардан талап кылууга;
- архитектура-курулуш иш чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга жол берген жактарды жоопкерчиликке тартуу жөнүндө маселелерди кароо үчүн көзөмөлдөө, сот жана укук коргоо органдарына материалдарды берүүгө;
- өзүнүн компетенциясынын чегинде маселелерди кароо үчүн эксперттердин жана адистердин ичинен жумушчу топторду белгиленген тартипте түзүүгө;
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузуу үчүн лицензияларды жана сертификаттарды колдонууну убактылуу токтотуу же жокко чыгаруу зарылдыгы тууралуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын лицензиялоо жана сертификациялоо органдарына материалдарды жиберүүгө;
- берилген ыйгарым укуктардын чегинде ишеним кат боюнча сотто доогер жана/же жоопкер катары катышууга;
- курулуш процесстеринин сапатын сактоону контролдоого;
- курулушу бүткөн эксплуатацияга киргизилүүчү объекттердин шайкештигин баалоого;
- уруксатсыз курулуш объекттерин жана курулушу бүткөн эксплуатацияга киргизилүүчү объекттердин шайкештигин баалоо бекитилбеген объекттерди эксплуатациялоодо, ошондой эле мыйзамдардын жана башка ченемдик документтердин талаптарын бузуу менен жүргүзүлгөн курулуш, реконструкциялоо, кеңейтүү жана башка иштерди мыйзам менен белгиленген тартипте токтотууга же тыюу салууга;
- көлөмдүү-пландоо жана конструкциялык чечимдерин өзгөртүү менен капиталдык курулуш, реконструкциялоо жана багыты өзгөртүлгөн объекттердин реестрин жүргүзүүгө;
- ведомстволук таандыгына жана менчигинин түрүнө карабастан Кыргыз Республикасынын аймагындагы шаар куруу ишинин субъекттерине, капиталдык курулуш, реконструкциялоо жана багытын өзгөртүлгөн объекттерге белгиленген тартипте барууга;
- ведомстволук таандыгына жана менчигинин түрүнө карабастан курулуш-монтаждоо жана башка иштерди аткаруу жөнүндө зарыл маалыматтарды, анын ичинде сыноо жыйынтыктары, аткаруу документтери жана объекттерди куруу укугуна уруксат берүү, аткаруу документтери жана долбоордук-сметалык документтер бар экендиги тууралуу башка маалыматтарды шаар куруу ишинин субъекттеринен суроого жана алууга;
- курулуштун сапаты жөнүндө маалыматтарды, контролдоо функцияларын аткаруу үчүн зарыл болгон документтерди, түшүндүрмөлөрдү жана маалыматтарды мамлекеттик башкаруу органдарынын жетекчилеринен жана башка кызмат адамдарынан, юридикалык жана жеке жактардан суроого жана бекер алууга;
- курулуштун сапатын бузгандыгы жана шаар куруу мыйзамдарын сактоо маселелери боюнча түшүндүрмө берүү үчүн уюмдардын жетекчилерин жана башка кызмат адамдарын, ошондой эле жарандарды чакырууга;
- подряддык курулуш уюмдарынан зарыл болгон учурда подряддык уюмдун чыгымдарын кошуу менен кошумча лабораториялык жана башка сыноо, тартуу жана ченөөлөрдү жүргүзүү үчүн имарат жана курулмалардын айрым конструкциялык элементтерин ачууну талап кылууга;
- өндүрүштүн, объекттердин жана иштердин коопсуздугу менен байланышкан текшерүүлөрдү, көз карандысыз экспертизаларды жана иштеп чыгууларды жүргүзүү үчүн республиканын мамлекеттик башкаруу органдары, уюмдар, илимий-изилдөө жана долбоордук-конструктордук институттар менен макулдашуу боюнча алардын адистерин ишке тартууга;
- сапатсыз аткарылган иштер, курулуш өндүрүшүнүн технологияларын бузуу, долбоордук чечимдерден четтеп кетүүлөр, сапатсыз курулуш материалдарын, буюмдарды жана конструкцияларды, жабдууларды шаар куруу субъекттери тарабынан колдонуу фактылары табылганда белгиленген тартипте курулуш-монтаждоо иштерин жүргүзүүнү, ошондой эле объекттерди эксплуатацияга киргизүүнү токтотууга;
- уюмдар, ишканалар, кызмат адамдары жана шаар куруунун башка субъекттери аткаруу үчүн милдеттүү болгон сапатсыз аткарылган курулуш-монтаждоо же ондоо-калыбына келтирүү иштерди четтетүү, сапатсыз курулуш материалдарын, конструкцияларды жана буюмдарды, объекттерди курууда колдонулуучу жабдууларды алмаштыруу жөнүндө тиешелүү жазма буйруктарды, протоколдорду берүүгө;
- адамдардын жашоосуна жана ден соолугуна коркунуч жаратуучу объекттерди (иштерди), айрым өндүрүш бөлүмдөрүн жана жабдууларды пайдаланууну мыйзам менен белгиленген тартипте токтотууга же тыюу салууга;
- курулуштун сапатын системалуу түрдө бузган кызмат адамдарын тартип жоопкерчилигине тартуу жөнүндө министрликтердин, ведомстволордун жана уюмдардын жетекчилерине сунуш киргизүүгө;
- көзөмөлдөө жана контролдоо, курулуш объекттеринин сапатын жакшыртуу, курулуш материалдарын, буюмдарды жана конструкцияларды, жабдууларды чыгаруу, объекттерди эксплуатацияга киргизүү, колдонуудагы имараттардын жана курулмалардын сейсмикалык туруктуулугун камсыз кылуу боюнча тиешелүү маселелерди жана Департаменттин компетенциясына кирген башка маселелерди Мамкурулуштун коллегиясына чыгарууга;
- Департаменттин региондук башкармалыктарын түзүү, кайра . уюштуруу жана жоюу боюнча сунуштарды Мамкурулушка белгиленген тартипте киргизүүгө.
- объектти анын баштапкы абалына келтирүү, объектти же анын бөлүгүн бузуу (демонтаж) жөнүндө сотко доолорду берүүгө.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 17-февралындагы № 84 токтомунун редакциясына ылайык)
6. Департаменттин ишин уюштуруу
10. Департаментти Мамкурулуштун директорунун сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызматка дайындалуучу жана кызматтан бошотулуучу директор жетектейт.
11. Директордун орун басары болот. Директордун орун басарлары Департаменттин директорунун сунушу боюнча Мамкурулуштун директору тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат. Директор жок болгон учурда анын милдеттерин директордун орун басарларынын бири аткарат.
12. Директор:
- Департаменттин ишине жалпы жетекчилик кылат, милдеттердин жана функциялардын аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
- Департаменттин кызматкерлерин мамлекеттик жарандык кызмат жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот;
- облустардагы мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо башкармалыктарынын жетекчилерин дайындоого сунушту Мамкурулушка киргизет;
- белгилүү бир иштерди аткаруу үчүн эмгек келишимдерин жана макулдашууларды түзөт;
- өзүнүн компетенциясынын чегинде Департаменттин бардык кызматкерлери үчүн аткарууга милдеттүү буйруктарды, тескемелерди чыгарат жана алардын аткарылышын текшерүүнү уюштурат, ушул Жободо белгиленген функцияларды жүзөгө ашыруу үчүн керектүү документтерге кол коет;
- ишеним катсыз Департаменттин атынан иш жүргүзөт, республиканын бардык мамлекеттик органдарында жана уюмдарында анын кызыкчылыктарын жактайт, келишимдерди түзөт, ишеним каттарды берет, банктарда алыш-бериш жана башка эсептерди ачат, банктык жана финансылык документтерге кол коет;
- мүлктү, финансы каражаттарын башкаруу боюнча чечимдерди кабыл алат жана финансылык-чарбалык иш үчүн толук жооптуу болот;
- Департаменттин алдында кошумча аймактык бөлүмдөр түзүлгөн учурда алар жөнүндө жобону Мамкурулушка бекитүүгө киргизет;
- Мамкурулуштун борбордук аппараты менен чыгаша жана киреше сметаларын макулдашат.
7. Департаменттин мүлкү жана каржылоо булактары
13. Департаменттин мүлкүн негизги жана жүгүртүүдөгү каражаттар, ошондой эле ага ыкчам башкаруу укугунда бекитилген жана Департаменттин балансында көрсөтүлгөн материалдык . баалуулуктар түзөт.
14. Департаменттин каражаттарын түзүү булактары болуп төмөнкүлөр эсептелет:
1) республикалык бюджет;
2) гранттар;
3) жеке жана юридикалык жактардын ыктыярдуу төгүмдөрү;
4) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка да булактар.
15. Департаменттин негизги фонддорун, жүгүртүүдөгү каражаттарын жана пайдалануудагы мүлкүн алып коюу Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат.
8. Департаментти кайра уюштуруу жана жоюу
16. Департаменттин иши Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык ал кайра уюштурулганда же жоюлганда токтотулат.
17. Департаменттин иш процессинде келип чыккан документтер, ал жоюлган учурда "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат жана колдонулат.
| 3-тиркеме |
| ( Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 20-майындагы № 260 токтомуна ) |
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Баа түзүү жана сметалык ченемдөө республикалык борбору жөнүндө Жобо
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 4-сентябрындагы № 442 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Баа түзүү жана сметалык ченемдөө республикалык борбору (мындан ары - Борбор) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин (мындан ары - Мамкурулуш) ведомстволук бөлүмү болуп саналат жана архитектуралык-шаар куруу иш чөйрөсүндө баа түзүү жана сметалык ченемдөө жаатында өзүнүн ишин жүзөгө ашырат.
2. Борбор өзүнүн ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана тескемелерин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдорун жана тескемелерин, башка ченемдик укуктук актыларды, эл аралык укуктун жалпыга таанылган принциптерин жана ченемдерин, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Борбор мекеменин уюштуруу-укуктук формасында түзүлгөн юридикалык жактын статусуна ээ, анын Кыргыз Республикасынын мамлекеттик герби түшүрүлгөн, мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн аталышы менен мөөрү, белгиленген үлгүдөгү штамптары жана бланктары, ошондой эле казыналык системасында жана казыналыктын банк-агенттеринде алыш-бериш жана башка эсептери бар.
4. Борбордун толук расмий аталышы:
мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Баа түзүү жана сметалык ченемдөө республикалык борбору";
расмий тилде: "Республиканский центр ценообразования и сметного нормирования при Государственном агентстве архитектуры, строительства и жилищно-коммунального хозяйства при Кабинете Министров Кыргызкой Республики".
5. Борбордун юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Манас проспекти, 28.
2. Борбордун максаты
6. Борбордун ишинин максаты болуп сметалык ченемдөөнүн ченемдик-методикалык көрсөтмөлөрүн иштеп чыгуу, курулушта баа түзүү жаатындагы иштерди жүргүзүү эсептелет.
3. Борбордун милдеттери
7. Борбордун милдеттери болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- Кыргыз Республикасынын аймагында курулуш продукциясына карата баа түзүү жаатында бирдиктүү методологияны иштеп чыгуу;
- курулушта баа түзүү системасын жана сметалык ченемдөөнү жакшыртуу, рынок мамилелерине жооп берүүчү курулуш, оңдоо-курулуш, реставрациялык, монтаждоо жана ишке киргизүү иштеринин жаңы түрлөрүнө карата сметалык ченемдерди жана бирдиктүү бааларды иштеп чыгуу;
- курулуштун жана капиталдык оңдоонун наркын аныктоо үчүн сметалык ченемдер системасын түзүү;
- курулуш продукциясынын бааларына мониторинг жана талдоо жүргүзүү;
- негизги фонддорду кайра баалоо, курулушу бүтпөгөн, курулуш жана турак жай-коммуналдык чөйрөдөгү объекттерди келишимдик негизде баалоо;
- коммерциялык уюмдар аткарган курулуш жана турак жай-коммуналдык чөйрөдөгү объекттердин түзүлгөн сметалык документтерине баа берүүнү экспертизалоо;
- капиталдык курулушка, реконструкцияга, имараттарды жана курулмаларды капиталдык оңдоого сметалык документтерди иштеп чыгуу;
- капиталдык оңдоо объекттеринин сметалык наркын аныктоонун ырастыгына карата сметалык документтерди текшерүү;
- капиталдык курулуш, реконструкция, имараттарды жана курулмаларды капиталдык оңдоого сметаларды түзүү;
- мурдагы сметалык-ченемдик базаларга бюджеттик жана бюджеттен тышкаркы каржылоо объекттери боюнча курулуштун сметалык наркынын өзгөрүшүнүн учурдагы индекстерин иштеп чыгуу;
- объекттер боюнча курулуштун сметалык наркынын өзгөрүшүнүн жеке индекстерин иштеп чыгуу;
- турак жай, социалдык-маданий багыттагы ж.б. объекттердин аянтын куруунун орточо наркын эсептөө;
- курулуш машиналарын жана автотранспорт каражаттарын эксплуатациялоонун учурдагы наркын эсептөө;
- "Курулуштагы ресурстарга баалар" маалыматтык бюллетенин иштеп чыгуу жана жарыялоо;
- курулуштун нарктык көрсөткүчтөрүнүн маалыматтар базасын түзүү;
- курулушта керектелүүчү ресурстарга карата бааларды каттоо;
- баа түзүү жана сметалык ченемдөө маселелери боюнча консультациялык кызматтарды көрсөтүү.
4. Борбордун функциялары
8. Борбор өзүнө жүктөлгөн милдеттерге ылайык төмөнкүдөй функцияларды ишке ашырат:
- курулушта баа түзүүчү факторлорго, бүтүндөй регион боюнча курулуш рыногунун абалына жана конъюнктурасына, курулуш материалдарынын жана конструкциялардын наркына, курулуштун даяр объекттерине жана анын элементтерине талдоо жүргүзөт;
- курулуш наркынын баасын түзүү, курулуш материалдарын чыгымдоо, кыймылсыз мүлктү баалоо жана негизги фонддорду кайра баалоо маселелери боюнча түшүндүрмө берет;
- райондордун аймагында ата мекендик жана чет өлкөлүк подрядчылардын катышуусу менен объекттердин курулушуна . подряддык тооруктарды уюштуруу жана жүргүзүү боюнча методикалык жана ченемдик документтерди иштеп чыгууга катышат;
- курулушта баа түзүү боюнча аймактык жана адистештирилген жыйнактарды карайт жана макулдашууга даярдайт;
- турак үйлөрдүн батирлеринин жалпы аянтын куруунун наркын эсептейт;
- курулушта баа түзүү жаатында жаңы ченемдик жана методикалык документтер жөнүндө маалыматтарды жана алдыңкы тажрыйбаны жайылтууну уюштурат;
- кызыкдар тараптар менен макулдашуу боюнча объекттин курулушуна айрым подряддык тооруктарды уюштурууга жана өткөрүүгө катышат;
- турак жай-коммуналдык чөйрөдөгү курулуштун жана бүтпөгөн курулуштун объекттерин куруунун калыбына келтирүүчү наркын аныктоо жана курулушта баа түзүү боюнча мыйзамдык жана ченемдик укуктук актыларды колдонуу практикасын жалпылайт;
- инвестордун заказы боюнча колдонуудагы баа түзүү ченемдерин бузуу фактыларын карайт жана тиешелүү сунуштарды даярдайт;
- курулушта баа түзүүнүн ченемдери, эрежелери жана методикалык маселелери боюнча түшүндүрмөлөрдү жана консультацияларды берет;
- курулуш материалдарын, конструкцияларды жана буюмдарды даярдоочу ишканалардын, жеткирип берүүчүлөрдүн, подрядчылардын, заказчылардын, региондук биржалардын, статистика органдарынын жана башка уюмдардын маалыматтарын колдонуу менен өндүрүштүк жана өндүрүштүк эмес объекттерди курууда керектелүүчү ресурстарга учурдагы баалардын реалдуу деңгээлине каттоону дайыма жүргүзүп турат;
- курулган объекттер, аткарылган иштердин түрлөрү, курулуш үчүн жеткирип берүүнүн адепки шарттары, курулуш уюмдарынын техникалык жана технологиялык мүмкүнчүлүктөрү боюнча чыгымдарга талдоо жүргүзөт;
- курулушта керектелүүчү ресурстарга, курулуш жана монтаждоо иштерине учурдагы жана болжолдуу индекстеринин динамикасы боюнча көрсөткүчтөрдү түзүү, ошондой эле курулуштагы баалар жөнүндө маалыматтык бюллетендерин түзүү үчүн зарыл болгон маалыматтарды белгиленген мөөнөттөрдө Мамкурулушка берип турат;
- курулушта керектелүүчү курулуш продукциясына жана ресурстарга баалардын учурдагы жана кыска мөөнөттөгү болжолдуу индекстерин иштеп чыгат;
- курулуштун түрлөрү жана курулушта керектелүүчү негизги ресурстар боюнча учурдагы жана болжолдуу индекстердин бюллетендерин түзөт;
- курулган жана пайдаланууга киргизилген объекттер жана курулуш материалдарынын өндүрүштүк кубаттуулугу боюнча ресурстук-нарктык көрсөткүчтөрдүн автоматташтырылган банкын райондор боюнча түзөт;
- курулушта баа түзүүнү регламенттөөчү документтерди камтыган маалыматтардын банкын түзөт;
- курулуш объекти боюнча подрядчы менен аткарылган иштердин жана кетирген чыгымдардын иш жүзүндөгү наркын компьютердик программаларда эсептейт;
- инвестициялык процесстин катышуучуларына, башка кызыкдар уюмдарга жана жеке адамдарга зарыл болгон башка иштерди келишимдик негизде аткарат.
9. Борбор өз ишин Мамкурулуш менен, статистика органдары, мамлекеттик ведомстводон тышкаркы экспертиза уюмдары, курулуш материалдарын, конструкцияларды жана буюмдарды өндүрүүчүлөр (жеткирүүчүлөр), ортомчулар жана жеткирүүчүлөр, ошондой эле региондордо баа түзүү факторлоруна таасир этүүчү башка уюмдар менен тыгыз өз ара аракеттенүүдө жүргүзөт.
5. Борбордун укуктары
10. Борбор төмөнкүлөргө укуктуу:
- каттоочулардын райондук тармагын түзүүгө жана курулушта ресурстарга учурдагы бааларды каттоодон өткөрүүгө;
- курулуш продукцияларына баалардын учурдагы жана болжолдуу индекстерин эсептөөгө (регион боюнча) жана жергиликтүү мезгилдүү басылмаларда жарыялоо, ошондой эле керектөөчүлөргө сатуу үчүн берүүгө;
- долбоордук, изилдөө иштерине, курулуш-монтаждоо иштерине баалардын жыйнактарын, баа түзүү маселелери боюнча методикалык адабиятты сатууга;
- сметалык-эсептөө программаларында улуттук базаны колдонуу жөнүндө чечимди кабыл алууга;
- курулушта баа түзүү боюнча маалыматтык-ченемдик базаны түзүүгө;
- колдогу маалыматты берүү жөнүндө колдонуучулардын заказдарын аткарууга, консультациялык иштерди жүргүзүүгө;
- аналитикалык жана эксперттик ишти аткаруу үчүн тиешелүү сунуштарды даярдоо менен долбоорлоо, илимий-изилдөө жана башка уюмдарды, адистерди белгиленген тартипте тартууга, зарыл учурларда убактылуу чыгармачыл жамааттарды түзүүгө;
- коммуналдык кызмат көрсөтүүлөргө бааларды жана тарифтерди иштеп чыгуу ишине катышууга;
- турак жай жана социалдык-тиричилик багытындагы курулушу бүтпөгөн объекттерди баалоого;
- курулуш үчүн долбоордук жана изилдөө иштерине индекстерди иштеп чыгууга;
- курулуштагы ресурстарга болгон баалар жөнүндө маалыматтарды алуу үчүн статистика органдарына, заказчыларга, подрядчыларга, жеткирүүчү-өндүрүүчүлөргө жана ортомчуларга кайрылууга;
- заказ боюнча жеке ченемдердин сметалык эсептөөлөрүн баалоого жана коммерциялык сырды сактоо менен тиешелүү сунуштамаларды берүүгө;
- курулуштагы баа түзүү маселелери, ошондой эле анын компетенциясына кирген башка маселелер боюнча кеңешмелерди, семинарларды, окуу курстарын өткөрүүгө;
- Борбордун компетенциясына кирген милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон маалыматты жана материалдарды белгиленген тартипте мамлекеттик органдардан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, ошондой эле жеке жана юридикалык жактардан суроого жана алууга;
- өзүнүн атынан соттордо доогер жана/же жоопкер катары чыгууга;
- Борбордун компетенциясына кирген иш чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты жүргүзүү үчүн эл аралык уюмдардын каражаттарын, гранттарды белгиленген тартипте тартууга;
- Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарына каршы келбеген чарбалык-эсептик ишти жүргүзүүгө;
- өзүнүн түзүмүн жакшыртуу жөнүндө сунуштарды Мамкурулушка киргизүүгө.
6. Борбордун ишин уюштуруу
11. Борборду Мамкурулуштун директорунун сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызматка дайындалуучу жана кызматтан бошотулуучу директор жетектейт.
12. Директордун орун басары болот. Директордун орун басары Борбордун директорунун сунушу боюнча Мамкурулуштун директору тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат. Директор жок болгондо, анын милдеттерин директордун орун басары аткарат.
13. Директор:
- Борбордун ишине жалпы жетекчилик кылат, милдеттердин жана функциялардын аткарылышына жеке жоопкерчилик тартат;
- Борбордун кызматкерлерин кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте кызматчылардын эмгек акысына кошумча төлөөнү жана үстөк акыларды белгилейт.
- белгилүү иштерди аткаруу үчүн эмгек келишимдерин жана макулдашууларды түзөт;
- өзүнүн компетенциясынын чегинде буйруктарды, тескемелерди чыгарат, Борбордун бардык кызматкерлери үчүн аткарууга милдеттүү көрсөтмөлөрдү берет жана алардын аткарылышын текшерүүнү уюштурат, ушул Жободо белгиленген функцияларды ишке ашырууга керектүү документтерге кол коет;
- Борбордун атынан ишеним катсыз иш жүргүзөт, анын кызыкчылыктарын республиканын бардык мамлекеттик органдарында жана уюмдарында көрсөтөт, келишимдерди түзөт, ишеним каттарды берет, банктарда алыш-бериш жана башка эсептерди ачат, банктык жана финансылык документтерге кол коет;
- мүлктү, финансы каражаттарын башкаруу боюнча чечимдерди кабыл алат жана финансы-чарбалык иш үчүн толук жоопкерчилик тартат;
- Борбордун алдында аймактык бөлүмдөр түзүлгөн учурда, алар жөнүндө жоболорду Мамкурулушка бекитүүгө киргизет.
7. Борбордун мүлкү жана каржылоо булактары
14. Борбордун мүлкүн негизги жана жүгүртүүдөгү каражаттар, ошондой эле ага ыкчам башкаруу укугунда бекитилген жана Борбордун балансында көрсөтүлгөн материалдык баалуулуктар түзөт.
15. Борбордун каражаттарын түзүү булактары болуп төмөнкүлөр эсептелет:
1) гранттар;
2) юридикалык жана жеке жактардын ыктыярдуу төгүмдөрү;
3) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка да булактар;
4) республикалык бюджет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 4-сентябрындагы № 442 токтомунун редакциясына ылайык)
16. Борбордун негизги фонддорун, жүгүртүүдөгү каражаттарын жана пайдалануудагы мүлкүн алып коюу Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат.
8. Борборду кайра уюштуруу жана жоюу
17. Борбордун иши Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык аны кайра уюштуруу же жоюу учурунда токтотулат.
18. Борбордун иш процессинде келип чыккан документтер ал жоюлган учурда "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат жана колдонулат.
| 4-тиркеме |
| ( Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 20-майындагы № 260 токтомуна ) |
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Курулушта сертификаттоонун республикалык борбору жөнүндө Жобо
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Курулушта сертификаттоонун республикалык борбору (мындан ары - Борбор) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин (мындан ары - Мамкурулуш) ведомстволук бөлүмү болуп саналат жана өз ишин курулуш материалдарынын, буюмдарынын жана конструкцияларынын шайкештигин ырастоо, курулуш материалдарын, буюмдарын жана конструкцияларын сыноо, жумушчуларды окутуу жана кайра даярдоо, тармактын адистеринин квалификациясын жогорулатуу, тармактын ишканаларын маалыматтык колдоо боюнча иштерди уюштуруу жаатында жүргүзөт.
2. Борбор өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана тескемелерин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдорун жана тескемелерин, башка ченемдик укуктук актыларды, эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерин жана ченемдерин, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Борбор мекеменин уюштуруу-укуктук формасында түзүлгөн юридикалык жак статусуна ээ, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн жана мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн аталышы жазылган мөөрү, штамптары жана белгиленген үлгүдөгү бланктары, ошондой эле казыналык системасында жана казыналыктын агент-банктарында алыш-бериш жана башка эсептери бар.
4. Борбордун юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Манас проспекти, 28.
5. Борбордун толук расмий аталышы:
мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Курулушта сертификаттоонун республикалык борбору";
расмий тилде: "Республиканский центр сертификации в строительстве при Государственном агентстве архитектуры, строительства и жилищно-коммунального хозяйства при Кабинете Министров Кыргызской Республики".
2. Борбордун максаты
6. Борбордун ишинин максаты имараттардын жана курулмалардын, курулуш материалдарынын, буюмдарынын жана конструкцияларынын коопсуздугун жогорулатууга көмөк көрсөтүү болуп саналат.
3. Борбордун милдеттери
7. Борбордун милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
- курулуш материалдарынын, буюмдарынын жана конструкцияларынын Кыргыз Республикасынын архитектуралык-курулуш иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын, техникалык регламенттердин талаптарына, стандарттардын жоболоруна, эрежелердин жыйындысына же келишимдердин шарттарына шайкештигин ырастоо боюнча иштерди жүргүзүү;
- курулуш материалдарын, буюмдарын жана конструкцияларын сыноо;
- тармактын адистеринин квалификациясын жогорулатуу;
- юридикалык жана жеке жактарды маалыматтык колдоо жана кызматтарды көрсөтүү.
4. Борбордун функциялары
8. Борбор жүктөлгөн милдеттерге ылайык төмөнкүдөй функцияларды аткарат:
- жоболорду, техникалык регламенттердин долбоорлорун жана аларга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө долбоорлорду иштеп чыгууну демилгелейт, баалайт, бизнестин өкүлдөрү, ишканалар, уюмдар үчүн тармактык техникалык регламенттердин жоболорун түшүндүрүү боюнча методикалык жана консультациялык колдоо көрсөтөт;
- курулуш материалдарын, буюмдарын жана конструкцияларын сертификаттоо жана сыноо иштерин жүргүзүүгө аккредитация алуу маселелери боюнча шайкештикти баалоо органдарын аккредитациялоо боюнча улуттук орган менен өз ара аракеттенет;
- сертификатталуучу продукцияны сыноо үчүн аккредитацияланган сыноо лабораторияларын пайдаланат;
- шайкештиги милдеттүү түрдө ырасталууга тийиш болгон продукцияга шайкештик сертификаттарын берет;
- курулуш материалдарына, буюмдарына жана конструкцияларына сыноо жүргүзөт;
- берилген шайкештик сертификаттарынын реестрин жүргүзөт;
- сыноолорду жүргүзүү үчүн сертификатталуучу продукцияны тандайт;
- сертификатталган продукцияга инспекциялык контролду жүзөгө ашырат;
- берилген шайкештик сертификаттарынын колдонулушун токтото турат же жокко чыгарат;
- сыноолордун протоколдорун берет;
- курстардын программаларын жана тестирлөө методдорун иштеп чыгат жана Мамкурулушка бекитүүгө берет;
- инженердик-техникалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу маселелери боюнча иштерди жүргүзөт;
- адистерди окутууну жана кайра даярдоону жүргүзөт;
- тармактын иши регламенттөөчү техникалык документтердин долбоорлорун (техникалык регламенттер, стандарттар, эрежелер жыйындылары) иштеп чыгат жана карайт, аларды шайкеш келтирүүгө катышат;
- тармакта колдонулуучу ченемдик укуктук, техникалык документтердин (техникалык регламенттер, стандарттар, эрежелер жыйындылары жана башкалар) фондун түзөт;
- тармакта колдонулуучу ченемдик укуктук, техникалык документтер жөнүндө кызыкдар жеке жана юридикалык жактарга маалымдайт;
- имараттардын жана курулмалардын конструкцияларын долбоорлойт, техникалык абалын текшерет, ошондой эле аларга мониторинг жүргүзөт;
- Борбордун ишинин чөйрөсүндө эксперттик жана башка иштерди аткаруу жана жүргүзүү үчүн ишканалар, уюмдар, мекемелер менен кызматташат, аларды жана айрым адистерин ишке тартат;
- продукцияны сертификаттоонун тартиби жөнүндө арыз ээсине маалымдоону камсыздайт.
5. Борбордун укугу
9. Борбор төмөнкүлөргө укуктуу:
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, ошондой эле жеке жана юридикалык жактардан Борбордун компетенциясына кирген милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон маалыматтарды жана материалдарды белгиленген тартипте суроого жана алууга;
- соттордо өзүн атынан доогер жана/же .жоопкер катары чыгууга;
- Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарына каршы келбеген чарбалык-эсептик иштерди жүргүзүүгө;
- Борбордун компетенциясына кирген иш чөйрөлөрүндө мамлекеттик саясатты жүргүзүү үчүн белгиленген тартипте эл аралык уюмдардын каражаттарын, гранттарды тартууга.
6. Борбордун ишин уюштуруу
10. Борборду Мамкурулуштун директорунун сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызмат ордуна дайындалуучу жана кызмат ордунан бошотулуучу директор башкарат.
11. Директордун орун басары болот. Директордун орун басары Борбордун директорунун сунушу боюнча Мамкурулуштун директору тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат. Директор жок болгон учурда анын милдеттерин директордун орун басары аткарат.
12. Директор:
- Борбордун ишин жалпы жетектейт жана анын милдеттеринин жана функцияларынын аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте Борбордун кызматкерлерин кызмат ордуна дайындайт жана кызмат ордунан бошотот, кызматкерлердин эмгек акысына үстөктөрдү жана кошумча акыларды белгилейт;
- белгилүү бир иштерди аткарууга эмгек келишимдерин жана макулдашууларды түзөт;
- өзүнүн компетенциясынын чегинде буйруктарды, тескемелерди чыгарат, Борбордун бардык кызматкерлери үчүн милдеттүү болгон көрсөтмөлөрдү берет жана алардын аткарылышын текшерүүнү уюштурат, ушул Жободо аныкталган функцияларды ишке ашыруу үчүн зарыл болгон документтерге кол коет;
- Борбордун атынан ишеним катсыз иштейт, республиканын бардык мамлекеттик органдарында жана уюмдарында анын кызыкчылыктарын коргойт, келишимдерди түзөт, ишеним каттарды берет, банктарда алыш-бериш жана башка эсептерди ачат, банктык жана финансылык документтерге кол коет;
- мүлктү, финансы каражаттарын башкаруу боюнча чечимдерди кабыл алат жана финансы-чарбалык иш үчүн толук жоопкерчилик тартат;
- Борбордун алдында аймактык бөлүмдөр түзүлгөн учурда алар жөнүндө жоболорду Мамкурулуштун бекитүүсүнө киргизет;
- Мамкурулуштун борбордук аппараты менен чыгымдардын жана кирешелердин сметасын макулдашат.
7. Борбордун мүлкү жана каржылоо булактары
13. Борбордун мүлкүн негизги жана жүгүртүлүүнү каражаттар, ошондой эле ага оперативдүү башкаруу укугунда бекитилип берилген жана Борбордун балансында чагылдырылган материалдык баалуулуктар түзөт.
14. Борбордун каражаттарын түзүү булактары болуп төмөнкүлөр саналат:
1) гранттар;
2) юридикалык жана жеке жактардын ыктыярдуу төгүмдөрү;
3) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка булактар.
15. Борбордон анын негизги фонддорун, жүгүртүлүүчү каражаттарын жана пайдаланылуучу мүлкүн алып коюу Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
8. Борборду кайра уюштуруу жана жоюу
16. Борбордун иши Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык ал кайра уюштурулган же жоюлган учурда токтотулат.
17. Борбордун ишинин процессинде келип чыккан документтер ал жоюлган учурда "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат жана пайдаланылат.
| 5-тиркеме |
| ( Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 20-майындагы № 260 токтомуна ) |
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Мамлекеттик экспертиза департаменти жөнүндө Жобо
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Мамлекеттик экспертиза департаменти (мындан ары - Департамент) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин (мындан ары - Мамкурулуш) ведомстволук бөлүмү болуп саналат жана өз ишин долбоордук жана долбоордук-сметалык документтерге экспертиза жүргүзүү жаатында жүргүзөт.
2. Департамент өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана тескемелерин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдорун жана тескемелерин, башка ченемдик укуктук актыларды, эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерин жана ченемдерин, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Департамент мекеменин уюштуруу-укуктук формасында түзүлгөн юридикалык жак статусуна ээ, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн жана мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн аталышы жазылган мөөрү, штамптары жана белгиленген үлгүдөгү бланктары, ошондой эле казыналык системасында жана казыналыктын агент-банктарында алыш-бериш жана башка эсептери бар.
4. Департаменттин юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Манас проспекти, 28.
5. Департаменттин толук расмий аталышы:
мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Мамлекеттик экспертиза департаменти";
расмий тилде: "Департамент государственной экспертизы при Государственном агентстве архитектуры, строительства и жилищно-коммунального хозяйства при Кабинете Министров Кыргызской Республики".
2. Департаменттин максаты
6. Департаменттин ишинин максаты сапатты жана кыймылсыз мүлк объекттерин курууга жана башка өзгөртүүгө (турган кыймылсыз мүлк объекттерин көлөмдүк-пландоо жана конструктивдик чечимдерин өзгөртүү менен реконструкциялоо, багытын өзгөртүү жана кайра пландоо) долбоордук-сметалык документтердин ченемдик талаптарга шайкештигин камсыз кылуу, колдонуудагы сметалык-ченемдик базага колдонулган баалардын жана коэффициенттердин шайкештигине карата сметалык документтерди текшерүү.
3. Департаменттин милдеттери
7. Департаменттин милдеттери болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- шаар куруу, архитектура жана курулуш жаатындагы техникалык регламенттердин, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын сактоо боюнча курулуш объекттерин долбоорлоо жаатында техникалык саясатты ишке ашыруу;
- архитектура-курулуш иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган долбоорлоо ченемдерине жана ченемдик-техникалык документтердин талаптарына шайкеш келишине карата долбоордук жана долбоордук-сметалык документтерге экспертиза жүргүзүү;
- куруу пландалган объекттердин долбоорлоо документтеринин сапатын аныктоо.
4. Департаменттин функциялары
8. Департамент төмөнкү функцияларды ишке ашырат:
- долбоорлоо чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгууга катышуу;
- тийиштүү шаар куруу документтерин иштеп чыгууга жана ишке ашырууга катышуу;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган долбоорлоо ченемдерине шайкеш келишине карата долбоордук жана долбоордук-сметалык документтерге белгиленген тартипте экспертиза жүргүзүү;
- бекемдигин, көтөрүү жөндөмдүүлүгүн, ишенимдүүлүгүн, туруктуулугун, узакка чыдамдуулугун эске алуу менен долбоордук чечимдерде ченемдик-техникалык жер титирөөгө туруктуулукту камсыз кылуу;
- курулуш аянтынын жер титирөөгө туруктуулугуна жараша сейсмикалык таасирге эсептелген имараттарды жана курулмаларды, курулуш конструкцияларын жана элементтерин долбоорлоодо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган курулуш ченемдеринин сакталышын текшерүү;
- долбоорлордун көлөмдүк-пландоо жана архитектуралык чечимдерин текшерүү, курулуш конструкциялары, буюмдары, материалдары, аларды жасоо, куроо жана монтаждоо, инженердик жабдуулар жаатындагы илимий-техникалык жетишкендиктерди жана жайлуулук, инженердик тармактар жана коммуникациялар менен камсыздалуу даражасын эсепке алуу жана пайдалануу;
- реалдуу-критикалык эксплуатациялык шарттардагы имараттардын жана курулмалардын, ошондой эле имараттардын, курулмалардын, курулуш конструкцияларынын өзгөчө жооптуу бөлүктөрүнүн айрым элементтеринин, анын ичинде узун аралыктагы асма конструкциялардын, чоң узундукка созулган консолдук элементтердин, планда кичине өлчөмдүү бийик курулмалардын инженердик-техникалык эсептөөлөрүн текшерүү.
5. Департаменттин укуктары
9. Департамент төмөнкүлөргө укуктуу:
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, ошондой эле жеке жана юридикалык жактардан Департаменттин компетенциясына кирген милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон маалыматтарды жана материалдарды белгиленген тартипте суроого жана алууга;
- соттордо өзүн атынан доогер жана/же жоопкер катары чыгууга;
- Департаменттин компетенциясына кирген иш чөйрөлөрүндө мамлекеттик саясатты жүргүзүү үчүн белгиленген тартипте эл аралык уюмдардын каражаттарын, гранттарды тартууга;
- Департаменттин компетенциясына кирген маселелер боюнча кеңешүүчү органдарды (кеңештер, комиссиялар, топтор) түзүү жөнүндө Мамкурулушка сунуш киргизүүгө;
- долбоорлоо уюмдары жана заказ берүүчүлөр тарабынан милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш болгон оптималдуу долбоордук чечимдерди тандоо үчүн татаал техникалык процесстери жана татаал курулуш конструкциялары бар ишканалардын, имараттардын жана курулмалардын долбоорлоруна (же долбоордун айрым бөлүктөрүнө) кошумча варианттарды иштеп чыгуу үчүн Мамкурулушка сунуш киргизүүгө;
- бекемдигин, көтөрүү жөндөмдүүлүгүн, ишенимдүүлүктү, туруктуулукту, жер титирөөгө туруктуулугун, узакка чыдамдуулугун, курулуштук жылуулук техникасын камсыздоо, архитектура жана шаар куруу, технологиялар, жабдуулар жана инженердик түйүндөр, капиталдык салымдарды пайдалануу маселелери боюнча, лицензиялоо чөйрөсүндөгү тиешелүү комиссияга берүүгө карата ченемдик-техникалык талаптарды бузган лицензиялануучу субъекттерге карата чараларды көрүү жөнүндө Мамкурулушка сунуш киргизүүгө;
- Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарына каршы келбеген чарбалык-эсептик ишти жүргүзүүгө;
- Департаменттин региондук башкармалыктарын түзүү, кайра уюштуруу жана жоюу жөнүндө Мамкурулушка белгиленген тартипте сунуш киргизүүгө.
6. Департаменттин ишин уюштуруу
10. Департаментти Мамкурулуштун директорунун сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызмат ордуна дайындалуучу жана кызмат ордунан бошотулуучу директор башкарат.
11. Директордун орун басары болот. Директордун орун басары Департаменттин директорунун сунушу боюнча Мамкурулуштун директору тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат. Директор жок болгон учурда анын милдеттерин директордун орун басары аткарат.
12. Директор:
- Департаменттин ишин жалпы жетектейт жана анын милдеттеринин жана функцияларынын аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
- Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык Департаменттин түзүмдүк бөлүмдөрүнүн, филиалдарынын, өкүлчүлүктөрүнүн жетекчилерин жана кызматкерлерин кызмат ордуна дайындайт жана кызмат ордунан бошотот;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте кызматкерлердин эмгек акысына үстөктөрдү жана кошумча акыларды белгилейт;
- белгилүү бир иштерди аткаруу үчүн эмгек келишимдерин жана макулдашууларды түзөт;
- өзүнүн компетенциясынын чегинде буйруктарды чыгарат, Департаменттин бардык кызматкерлери үчүн милдеттүү болгон көрсөтмөлөрдү берет жана алардын аткарылышын текшерүүнү уюштурат, ушул Жободо аныкталган функцияларды ишке ашыруу үчүн зарыл болгон документтерге кол коёт;
- Департаменттин атынан ишеним катсыз иштейт, республиканын бардык мамлекеттик органдарында жана уюмдарында анын кызыкчылыктарын коргойт, келишимдерди түзөт, ишеним каттарды берет, банктарда алыш-бериш жана башка эсептерди ачат, банктык жана финансылык документтерге кол коёт;
- мүлктү, финансы каражаттарын башкаруу боюнча чечимдерди кабыл алат жана финансы-чарбалык иш үчүн толук жоопкерчилик тартат;
- Мамкурулуштун борбордук аппараты менен чыгымдардын жана кирешелердин сметасын макулдашат.
7. Департаменттин мүлкү жана каржылоо булактары
13. Департаменттин мүлкүн негизги жана жүгүртүлүүчү каражаттар, ошондой эле ага оперативдүү башкаруу укугунда бекитилип берилген жана Департаменттин балансында чагылдырылган материалдык баалуулуктар түзөт.
14. Департаменттин каражаттарын түзүү булактары болуп төмөнкүлөр саналат:
1) мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдөн түшкөн кирешелер;
2) гранттар;
3) юридикалык жана жеке адамдардын ыктыярдуу төгүмдөрү;
4) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка булактар.
15. Департаменттен анын негизги фонддорун, жүгүртүлүүчү каражаттарын жана пайдаланылуучу мүлкүн алып коюу Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
8. Департаментти кайра уюштуруу жана жоюу
16. Департаменттин иши Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык ал кайра уюштурулган же жоюлган учурда токтотулат.
17. Департаменттин ишинин процессинде келип чыккан документтер ал жоюлган учурда "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат жана пайдаланылат.
| 6-тиркеме |
| ( Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 20-майындагы № 260 токтомуна ) |
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Шаар куруу жана архитектура мамлекеттик долбоорлоо институтунун Уставы
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Шаар куруу жана архитектура мамлекеттик долбоорлоо институту (мындан ары - Институт) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин (мындан ары - Мамкурулуш) ведомстволук бөлүмү болуп саналат жана өз ишин шаар куруу жана архитектура жаатында жүзөгө ашырат.
2. Институт өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана тескемелерин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдорун жана тескемелерин, башка ченемдик укуктук актыларды, эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерин жана ченемдерин, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, ошондой эле ушул Уставды жетекчиликке алат.
3. Институт мекеменин уюштуруу-укуктук формасында түзүлгөн юридикалык жак статусуна ээ, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби түшүрүлгөн жана мамлекеттик жана расмий тилдерде аталышы жазылган мөөрү, белгиленген үлгүдөгү штамптары жана бланктары, ошондой эле казыналык системада жана казыналыктын банк-агенттеринде алыш-бериш жана башка эсептери бар.
4. Институттун иши министрликтердин жана администрациялык ведомстволордун программаларына жана тематикалык пландарына ылайык, ошондой эле менчигинин түрүнө карабастан уюмдар, ишканалар жана жеке адамдар менен түзүлгөн чарбалык келишимдердин негизинде жүзөгө ашырылат.
5. Институттун юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Москва көчөсү, 172.
6. Институттун толук расмий аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Шаар куруу жана архитектура мамлекеттик долбоорлоо институту";
- расмий тилде: Государственный проектный институт градостроительства и архитектуры при Государственном агентстве архитектуры, строительства и жилищно-коммунального хозяйства при Кабинете Министров Кыргызской Республики".
Институт өзүнүн курамында филиалдарга ээ:
- Институттун Ош филиалы;
- Институттун курорттук-рекреациялык жана туристтик комплекстер боюнча Ысык-Көл филиалы.
2. Институттун максаты
7. Институттун ишинин максаты илимий изилдөөлөрдүн негизинде шаарлардын, айылдык калктуу конуштардын жана курорттук-рекреациялык зоналардын, комплекстердин жана ар кандай имараттардын жана курулмалардын башкы пландарынын долбоорлорун жана долбоордук-пландоо документтерин иштеп чыгуу болуп саналат.
3. Институттун милдеттери
8. Институттун милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
- архитектура жана шаар куруунун келечектүү багыттары боюнча илимий изилдөөлөрдү, шаарлардын жана айылдык калктуу конуштардын аймактарын, ошондой эле курорттук-рекреациялык зоналарды өнүктүрүүнүн башкы пландарынын долбоорлорун, деталдуу пландоо долбоорлорун жана схемаларын иштеп чыгууну камсыз кылуу;
- архитектура жана шаар куруунун келечектүү багыттары боюнча, ошондой эле курорттук-рекреациялык зоналарды өнүктүрүү жаатында топогеодезиялык, инженердик-геологиялык, долбоордук, илимий-изилдөө иштерин аткаруу;
- курорттук ден соолукту чыңдоочу жайлар, туризм жана эс алуу объекттери, жаңы курулуш, реконструкциялоо жана калыбына келтирүү объекттери, турак жай-жарандык, социалдык-маданий, өнөр жай жана айыл чарба багытындагы объекттер үчүн долбоордук-пландоо документтерин иштеп чыгуу.
4. Институттун функциялары
9. Институт төмөнкү функцияларды жүзөгө ашырат:
- шаар куруу документтерин, техникалык регламенттердин, стандарттардын жана башка техникалык документтердин долбоорлорун иштеп чыгуу, ошондой эле архитектуралык-шаар куруу кадастрын, анын ичинде курорттук-рекреациялык зоналарды өнүктүрүү жаатында түзүү, жүргүзүү жана контролдоо;
- илимий-маалыматтык ишти, архитектура жана шаар куруу, инженердик системалар жаатындагы жетишкендиктерди илимий-техникалык пропагандалоону жүзөгө ашыруу;
- шаарларды, калктуу конуштарды жана курорттук-рекреациялык зоналарды реконструкциялоонун теориялык маселелерин иштеп чыгуу;
- архитектура жана шаар куруу жаатында Кыргыз Республикасынын эл аралык кызматташтыгын өнүктүрүүгө катышуу;
- калктуу конуштардын жана курорттук-рекреациялык зоналардын башкы пландарынын долбоорлорун жана деталдуу пландоо долбоорлорун иштеп чыгуу;
- Институт иштеп чыккан долбоордук документтер боюнча жүзөгө ашырылуучу курулушка жана курууларга белгиленген тартипте автордук көзөмөл жүргүзүү;
- архитектура жана шаар куруу, райондук пландоо жана инженердик курулуш жаатындагы илимдин жана техниканын жетишкендиктерин курулуштук долбоорлоо аркылуу турак жай-жарандык курулушка жайылтуу;
- эксперименттик долбоорлорду иштеп чыгуу;
- комплекстердин, өзүнчө имараттардын жана курулмалардын, турак үйлөрдүн жана башка ар кандай багыттагы обьекттердин долбоорлорун иштеп чыгуу;
- башка лицензиялоо субъекттери тарабынан иштелип чыккан шаар куруу документтеринин мурда иштелип чыккан шаар куруу документтерине райондук пландоонун долбоорлору жана схемалары боюнча ылайык келүүсүн макулдашуу;
- мамлекеттик эмес лицензияланган долбоордук уюмдар тарабынан иштелип чыккан шаар куруу документтерин (калктуу конуштардын башкы пландары, деталдуу пландоонун долбоорлору) рецензиялоо.
5. Институттун укуктары
10. Институт төмөнкү укуктарга ээ:
- Институттун компетенциясына кирген милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон маалыматтарды жана документтерди мамлекеттик органдардан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, ошондой эле жеке жана юридикалык жактардан белгиленген тартипте суроо жана алуу;
- соттордо доогер жана/же жоопкер катары өз атынан чыгуу;
- Институттун компетенциясына кирген иште колдонуу үчүн эл аралык уюмдардын каражаттарын, гранттарды белгиленген тартипте тартуу;
- иштин толук көлөмүн, иштин башка түрлөрүнүн айрым этаптарын же бөлүктөрүн аткарууга подряддык жана субподряддык келишимдерди түзүү;
- Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык, өз ара пайда жана тең укуктуулук принциптеринде өзүнүн өндүрүштүк-экономикалык ишин жүзөгө ашыруу;
- Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларында окуу сабактарынын профилине ылайык келген кафедралардын филиалдарын уюштуруу;
- Институт негизги аткаруучу катары аныкталган эмгек макулдашуулары боюнча адистерди айрым жумуштарды аткаруу үчүн тартуу же убактылуу чыгармачыл жамааттарды түзүү;
- Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарына каршы келбеген чарбалык-эсептик ишти жүргүзүү;
- Мамкурулуш менен макулдашуу боюнча Институттун түзүмдүк бөлүмдөрүн, филиалдарын, борборлорду түзүү.
6. Институттун ишин уюштуруу
11. Институтту Мамкурулуштун директорунун сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызматка дайындалуучу жана кызматтан бошотулуучу директор башкарат.
12. Директордун орун басары болот. Директордун орун басары Институттун директорунун сунуштамасы боюнча Мамкурулуштун директору тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат. Директор жок болгон учурда анын милдеттерин директордун орун басары аткарат.
13. Директор:
- Институттун ишине жалпы жетекчиликти жүзөгө ашырат жана анын милдеттерин жана функцияларын аткаруу үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
- Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык Институттун кызматкерлерин, түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жана филиалдарынын жетекчилерин кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот;
- белгилүү бир жумуштарды аткаруу үчүн эмгек келишимдерин жана макулдашууларын түзөт;
- өз компетенциясынын чегинде Институттун бардык кызматкерлери үчүн милдеттүү болгон буйруктарды, тескемелерди чыгарат, көрсөтмөлөрдү берет жана алардын аткарылышын текшерүүнү уюштурат, ушул Уставда аныкталган функцияларды жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон документтерге кол коёт;
- Институттун атынан ишеним катсыз иш алып барат, республиканын бардык мамлекеттик органдарында жана уюмдарында анын кызыкчылыгын билдирет, ишеним каттарды берет, банктарда алыш-бериш жана башка эсептерди ачат, банктык жана финансылык документтерге кол коёт;
- мүлктү, финансылык каражаттарды башкаруу боюнча чечимдерди кабыл алат жана финансылык-чарбалык иш үчүн толук жоопкерчилик тартат;
- Мамкурулуштун борбордук аппараты менен чыгашалар жана кирешелер сметасын макулдашат.
14. Институтта маанилүү илимий иштеп чыгууларды жана изилдөөлөрдү, долбоорлорду, архитектуралык, шаар куруу инженердик жана экономикалык маселелерди кароо үчүн Институттун жана башка уюмдардын квалификациялуу адистеринен турган кеңеш берүүчү орган катары техникалык кеңеш түзүлөт.
Техникалык кеңешти Институттун директору башкарат.
Кеңештин курамы жана саны Институттун директору тарабынан бекитилет.
Техникалык кеңештин чечими шаар куруу процессинин бардык катышуучулары үчүн милдеттүү.'
7. Институттун мүлкү жана каржылоо булактары
15. Институттун мүлкүн негизги жана жүгүртүү каражаттары, ошондой эле ага оперативдүү башкаруу укугунда бекитип берилген жана Институттун балансында чагылдырылган материалдык баалуулуктар түзөт.
16. Институттун каражаттарын түзүү булактары болуп төмөнкүлөр саналат:
1) республикалык бюджет;
2) гранттар;
3) юридикалык жана жеке жактардын ыктыярдуу төгүмдөрү;
4) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка булактар.
17. Институттан анын негизги фонддорун, жүгүртүү каражаттарын жана пайдалануудагы мүлкүн алып коюу Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
8. Институтту кайра түзүү жана жоюу
18. Институттун иши Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык ал кайра түзүлгөн же жоюлган учурда токтотулат.
19. Институттун иш процессинде пайда болгон документтер ал жоюлган учурда "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат жана пайдаланылат.
| 7-тиркеме |
| ( Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 20-майындагы № 260 токтомуна ) |
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институтунун Уставы
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институту (мындан ары - Институт) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин (мындан ары - Мамкурулуш) ведомстволук бөлүмү болуп эсептелет жана өз ишин жер титирөөгө туруктуу курулуш, курулуш материалдарын жана буюмдарын өндүрүү, ошондой эле имараттарды жана курулмаларды инженердик иликтөө жаатында жүзөгө ашырат.
2. Институт өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана тескемелерин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдорун жана тескемелерин, башка ченемдик укуктук актыларды, эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерин жана ченемдерин, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, ошондой эле ушул Уставды жетекчиликке алат.
3. Институт мекеменин уюштуруу-укуктук формасында түзүлгөн юридикалык жак статусуна ээ, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби түшүрүлгөн жана мамлекеттик жана расмий тилдерде аталышы жазылган мөөрү, белгиленген үлгүдөгү штамптары жана бланктары, казыналык системада жана казыналыктын банк-агенттеринде алыш-бериш жана башка эсептери бар.
4. Институттун иши министрликтердин жана администрациялык ведомстволордун программаларына жана тематикалык пландарына ылайык, ошондой эле менчигинин түрүнө карабастан уюмдар, ишканалар жана жеке адамдар менен түзүлгөн чарбалык келишимдердин негизинде жүзөгө ашырылат.
5. Институттун юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Чокан Валиханов көч., 2.
6. Институттун толук расмий аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институту";
- расмий тилде: "Государственный институт сейсмостойкого строительства и инженерного проектирования при Государственном агентстве архитектуры, строительства и жилищно-коммунального хозяйства при Кабинете Министров Кыргызской Республики".
2. Институттун максаты
7. Институттун ишинин максаттары жер титирөөгө туруктуу курулуш, курулуш материалдарын жана буюмдарын өндүрүү, имараттарды жана курулмаларды инженердик иликтөө жаатында эксперименттик иштерди жүргүзүү, атайын техникалык шарттарды иштеп чыгуу, курулган жана жаңы курулуп жаткан имараттардын жана курулмалардын жер титирөөгө туруктуулук деңгээлин жогорулатуу болуп саналат.
3. Институттун милдеттери
8. Институттун милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
- Кыргыз Республикасынын аймагында жер титирөөгө туруктуу курулуштун келечектүү багыттары боюнча инженердик-техникалык, технологиялык, окуу жана башка эксперименттик иштерди жүргүзүүдө бирдиктүү техникалык стратегияны камсыздоо, жаңы курулуш конструкцияларын, материалдарын жана буюмдарын иштеп чыгуу, курулуш конструкцияларынын жана буюмдарынын айрым түйүндөрүнө, элементтерине, ошондой эле жалпы имараттарга, комплекстерге, инженердик тармактарга жана курулмаларга сыноо жана инженердик иликтөө жүргүзүү;
- турак жай-жарандык, коомдук жана өнөр жай курулушу, инженердик тармактар, системалар жана курулмалар, ошондой эле айлана-чөйрөнү коргоо (курулуш экологиясы) боюнча тажрыйбалык-конструктордук жана эксперименттик иштерди аткаруу.
4. Институттун функциялары
9. Институт төмөнкү функцияларды жүзөгө ашырат:
- жер титирөөгө туруктуу курулуш жаатындагы теориялык жана эксперименттик иликтөөлөр, курулуш конструкцияларын, материалдарын жана буюмдарын иштеп чыгуу;
- жер титирөөгө туруктуу курулуш, курулуш конструкцияларын, материалдарын жана буюмдарын өндүрүү, инженердик тармактар, системалар жана курулмалар жаатында илимдин жана техниканын жетишкендиктерин. курулуштук долбоорлоо аркылуу өнөр жай-жарандык курулушка жайылтуу;
- жер титирөөгө туруктуу курулуш жана энергиялык натыйжалуулук боюнча заманбап ченемдерге жооп берген курулуш материалдарын жана буюмдарын сериялык өндүрүү боюнча жаңы технологияларды өздөштүрүү жана пайдалануу долбоорлоруна катышуу;
- жер титирөөгө туруктуу курулуш боюнча, ошондой эле шаар куруу жана архитектуралык иш жаатында ченемдик-техникалык документтерди иштеп чыгуу;
- жоопкерчиликтин бардык деңгээлдериндеги өнөр жай жана жарандык багыттагы объекттер, инженердик тармактар, системалар жана курулмалар боюнча, ошондой эле жоопкерчиликтин бардык деңгээлдериндеги имараттарды жана курулмаларды социалдык-соода инфраструктура, турак жай жана өндүрүш багытындагы объекттерге өзгөртүп куруу, кайра пландоо жана реконструкциялоо боюнча долбоордук-конструктордук жумуштарды иштеп чыгуу;
- Институт тарабынан иштелип чыккан долбоордук документтер боюнча курулуучу курулушка белгиленген тартипте автордук көзөмөл жүргүзүү;
- курулуш конструкцияларына, материалдарына жана буюмдарына сыноолорду жүргүзүү, ошондой эле сертификаттоо жана стандартташтыруу максатында аларга сыноолорду жүргүзүү;
- курулуш-монтаждоо иштерин, имараттарды жана курулмаларды инженердик иликтөөнү, курулуш конструкцияларын, материалдарын жана буюмдарын өндүрүүнү, ошондой эле шаар куруу жана архитектура объекттерин өзгөртүп курууну, кайра пландоону жана реконструкциялоону жүзөгө ашырууга ниети бар лицензиялоо субъекттерине экспертиза жүргүзүү;
- республиканын курулуштук, инженердик жогорку окуу жайларында ата мекендик жана чет өлкөлүк практикадагы жетишкендиктерди кеңири алмашуу базасында долбоорлоо практикасы, теориялык окутуулар, чыгармачылык талкуулар комплексинде пайдалануу менен окутуу-тарбиялоо процессинин заманбап моделин өркүндөтүү;
- жер титирөөгө туруктуу курулуш объекттерин, инженердик тармактарды жана курулмаларды эксперименттик жана типтүү долбоорлоо;
- жер титирөөгө туруктуулугун, эскирген деңгээлин жана техникалык абалын аныктоо максатында бардык багыттагы жана жоопкерчилик деңгээлиндеги имараттарды жана курулмаларды инженердик иликтөө;
- долбоордук курулуш документтерин, техникалык регламенттердин долбоорлорун, долбоорлоого атайын техникалык шарттарды, стандарттарды жана башка техникалык документтерди иштеп чыгуу;
- эксперименттик долбоорлорду иштеп чыгуу;
- имараттарды жана курулмаларды иликтөө боюнча адистерди окуудан өткөрүү.
5. Институттун укуктары
10. Институт төмөнкүдөй укуктарга ээ:
- мамлекеттик органдардан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, ошондой эле жеке жана юридикалык жактардан Институттун компетенциясына кирген милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон маалыматтарды жана документтерди белгиленген тартипте суроо жана алуу;
- соттордо доогер же жоопкер катары өз атынан чыгуу;
- Институттун компетенциясына кирген иш чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты жүргүзүү үчүн эл аралык уюмдардын каражаттарын, гранттарды белгиленген тартипте тартуу;
- биргелешкен сыноолорду жүргүзүү үчүн чет өлкөлүк адистерди тартуу;
- иштин толук көлөмүн, айрым этаптарын же бөлүктөрүн аткарууга подряддык жана субподряддык келишимдерди түзүү;
- чет өлкөдө жүргүзүлүүчү эксперименттерге, сыноолорду жүргүзүүгө катышуу;
- жер титирөөгө туруктуу курулуш жана энергиялык натыйжалуулук боюнча заманбап ченемдерге жооп берген курулуш материалдарын жана буюмдарын сериялык өндүрүү боюнча жаңы технологияларды өздөштүрүү жана пайдалануу долбоорлоруна катышуу;
- жумуштарды аткарууда Институт негизги аткаруучу катары аныкталган эмгек макулдашуулары жана келишимдери боюнча адистерди айрым иштерди аткаруу үчүн ишке тартуу же убактылуу чыгармачыл жамааттарды түзүү;
- Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарына каршы келбеген чарбалык-эсептик ишти жүргүзүү;
- Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларында окуу сабактарынын профилине ылайык келген кафедралардын филиалдарын уюштуруу.
6. Институттун ишин уюштуруу
11. Институтту Мамкурулуш директорунун сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызматка дайындалуучу жана кызматтан бошотулуучу директор башкарат.
12. Директордун орун басары болот. Директордун орун басары Институттун директорунун сунушу боюнча Мамкурулуштун директору тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат. Директор жок болгон учурда анын милдеттерин директордун орун басары аткарат.
13. Директор:
- Институттун ишине жалпы жетекчилик кылат жана анын милдеттерин жана функцияларын аткаруусу үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
- эмгек мыйзамдары чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Институттун кызматкерлерин кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот;
- белгилүү бир иштерди аткаруу үчүн эмгек келишимдерин жана макулдашууларын түзөт;
- өз компетенциясынын чегинде Институттун бардык кызматкерлери үчүн милдеттүү болгон буйруктарды, тескемелерди чыгарат, көрсөтмөлөрдү берет жана алардын аткарылышын текшерүүнү уюштурат, ушул Уставда аныкталган функцияларды жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон документтерге кол коёт;
- Институттун атынан ишеним катсыз иш алып барат, республиканын бардык мамлекеттик органдарында жана уюмдарында анын кызыкчылыгын билдирет, ишеним каттарды берет, банктарда алыш-бериш жана башка эсептерди ачат, банктык жана финансылык документтерге кол коёт;
- мүлктү, финансылык каражаттарды башкаруу боюнча чечимдерди кабыл алат жана финансылык-чарбалык иш үчүн толук жоопкерчилик тартат,
- ушул Уставга ылайык кирешелер жана чыгашалар сметасын ушул Мамкурулуштун борбордук аппараты менен макулдашат.
14. Институтта илимий иштеп чыгууларды жана иликтөөлөрдүн жыйынтыктарын, курулуш объекттерин инженердик иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча техникалык корутундуларды, долбоордук документтерди, инженердик жана экономикалык маселелерди кароо жана талкуулоо, ошондой эле жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо жаатында диссертациялык иштерди рецензиялоо үчүн Институттун жана башка уюмдардын жогорку квалификациялуу адистеринен турган коллегиялык орган катары техникалык кеңеш түзүлөт.
Институттун техникалык кеңешин директор башкарат.
Техникалык кеңештин курамы жана саны Институттун директору тарабынан бекитилет.
Техникалык кеңештин чечими процесстин бардык катышуучулары үчүн милдеттүү.
7. Институттун мүлкү жана каржылоо булактары
15. Институттун мүлкүн негизги жана жүгүртүү каражаттары, ошондой эле ага оперативдүү башкаруу укугунда бекитип берилген жана Институттун балансында чагылдырылган материалдык баалуулуктар түзөт.
16. Институттун каражаттарын түзүүнүн булактары болуп төмөнкүлөр эсептелет:
1) мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдөн түшкөн кирешелер;
2) гранттар;
3) юридикалык жана жеке жактардын ыктыярдуу төгүмдөрү;
4) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка булактар.
17. Институттун негизги фонддорун, жүгүртүү каражаттарын жана пайдалануудагы мүлкүн алып коюу Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамына ылайык жүзөгө ашырылат.
8. Институтту кайра түзүү жана жоюу
18. Институттун иши Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамына ылайык ал кайра түзүлгөн же жоюлган учурда токтотулат.
19. Институттун ишинин процессинде пайда болгон документтер Институт жоюлган учурда "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат жана пайдаланылат.