Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 8 августундагы № 482 токтомуна ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

 

2022-жылдын 31-майы № 287

 

Байланыш түзүлүштөрүн идентификациялоонун мамлекеттик тутумун уюштуруу жана мобилдик байланыш түзүлүштөрүн, ошондой эле маалыматтарды берүү үчүн пайдаланылуучу түзүлүштөрдү идентификациялоо маселелери жөнүндө

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 14-декабрындагы № 678 токтомунун редакциясына ылайык)

"Электр жана почта байланышы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 91-статьясын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15-беренесине ылайык, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерин жетекчиликке алуу менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

 

1. Байланыш түзүлүштөрүн идентификациялоонун мамлекеттик тутумун уюштуруу жана мобилдик байланыш түзүлүштөрүн, ошондой эле маалыматтарды берүү үчүн пайдаланылуучу түзүлүштөрдү идентификациялоо тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 14-декабрындагы № 678 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

3. Байланыш түзүлүштөрүн идентификациялоо мамлекеттик тутуму ишке киргизилген учурдан тартып идентификациялоо оператору мобилдик байланыш түзүлүштөрүн, Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан жана байланыш операторлорунун тармагында активдүүлүктү көрсөткөн, маалыматтарды берүү үчүн пайдаланылуучу түзүлүштөрдү алты айдын ичинде акысыз негизде каттоого тийиш деп белгиленсин.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы

 

 

А.У. Жапаров