Загрузка документа…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы № 287 токтомуна) |
Байланыш түзүлүштөрүн идентификациялоонун мамлекеттик тутумун уюштуруу жана мобилдик байланыш түзүлүштөрүн, ошондой эле маалыматтарды берүү үчүн пайдаланылуучу түзүлүштөрдү идентификациялоо ТАРТИБИ
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 18-октябрындагы № 550, 2024-жылдын 24-июлундагы № 421, 2024-жылдын 23-августундагы № 498, 2024-жылдын 12-октябрындагы № 615, 2024-жылдын 25-декабрындагы № 794 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Тартип Кыргыз Республикасынын аймагында колдонулуп жаткан жана ташып келинген мобилдик байланыш түзүлүштөрүн, ошондой эле маалыматтарды берүү үчүн пайдаланылуучу түзүлүштөрдүн эл аралык уникалдуу идентификациялык кодун идентификациялоонун жана аутенттүүлүгүнүн, Байланыш түзүлүштөрүн идентификациялоонун мамлекеттик тутумун уюштуруунун жол-жоболорун аныктайт.
2. Үчүнчү өлкөлөрдөн жана ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден колдонуудагы жана импорттолуучу мобилдик байланыш түзүлүштөрүнүн, ошондой эле маалыматтарды берүү үчүн колдонулуучу түзүлүштөрдүн бардык эл аралык идентификаторлору Байланыш түзүлүштөрүн идентификациялоонун мамлекеттик тутумунун маалыматтар базасына киргизилүүгө тийиш, алардан ташып киргизилүүчү түзүлүштөр жана импорттоочулар жөнүндө маалыматтар ыйгарым укуктуу салык органынын маалымат системаларына берилет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 18-октябрындагы № 550 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Ушул Тартип Кыргыз Республикасынын аймагында эл аралык роуминг кызматтарын пайдаланган абоненттерге жайылтылбайт (чет өлкөлүк байланыш операторунун SIM-картасын колдонуу менен Кыргыз Республикасынын мобилдик операторлорунун тармактарында кызматтарды алуу).
31. Мамлекеттик корголууга тийиш болгон адамдардын коопсуздугун, өлкөдө коргоо жөндөмдүүлүгүн, коопсуздукту камсыздоо жана ички тартипти колдоо жана өзгөчө кырдаалдар учурунда муктаждыктарды камсыздоо, ошондой эле эл аралык иш-чараларды өткөрүү үчүн Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келинген мобилдик түзүлүштөрдүн IMEI-коддорун каттоо ыйгарым укуктуу органдардын тиешелүү кайрылууларына ылайык өзүнчө тартипте жүргүзүлөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-октябрындагы № 615 токтомунун редакциясына ылайык)
2-глава. Негизги түшүнүктөр
4. Ушул Тартипте төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат:
1) идентификациялык маалыматтар - мобилдик түзүлүш, ошондой эле маалыматтарды берүү үчүн пайдаланылган түзүлүш жөнүндө, эл аралык талаптарга ылайык түздөн-түз өндүрүүчү тарабынан ыйгарылган уникалдуу идентификациялык маалымат;
2) эл аралык идентификациялык код (International Mobile Equipment Identifier) (мындан ары - IMEI коду) - мобилдик байланыш түзүлүштөрүнүн, ошондой эле товардын же кызмат көрсөтүүнүн белгилүү бир тибине ыйгарылган белгилердин (цифралардын) жыйындысы түрүндөгү маалыматтарды берүү үчүн пайдаланылган түзүлүштөрдүн эл аралык идентификациялык коду (IMEI);
3) клондолгон IMEI код - бирден ашык түзүлүштө пайдаланылуучу товардын же кызмат көрсөтүүнүн белгилүү бир тибине ыйгарылган белгилердин (цифралардын) жыйындысы түрүндөгү түзүлүштөрдүн эл аралык идентификациялык коду;
4) мобилдик байланыш түзүлүшү, маалыматтарды берүү үчүн пайдаланылуучу түзүлүш (мындан ары - түзүлүш) - электр байланыш тармактарына абоненттик линиялар аркылуу же зымдуу, оптика-булалык жана электрмагниттик түзүлүштөрдү пайдалануу менен түз же түз эмес кошулган акыркы жабдуу (абоненттик терминал), анын жардамы менен пайдалануучу билдирүүлөрдү кабыл алып, өзгөртүп түзүп же өткөрүп бере алат;
5) "Ак тизме" - түзүлүштөрдүн катталган IMEI коддорунан жана роумингде жайгашкан түзүлүштөрдөн турган түзүлүштөрдүн IMEI коддорунун тизмеси;
6) "Кара тизме" - уурдалган, жоголгон, Байланыш түзүлүштөрүн идентификациялоонун мамлекеттик тутумунда (мындан ары - ИМТ) белгиленген тартипте катталбагандарга кирген түзүлүштөрдүн IMEI коддорунун тизмеси;
7) "Боз тизме" - "Ак" же "Кара" тизмеге кирбеген, бирок мобилдик байланыш кызмат көрсөтүүлөрүнө кирүү мүмкүндүгү болгон түзүлүштөрдүн IMEI коддорунун тизмеси;
8) EIR (EquipmentIdentity Register) - абоненттердин мобилдик түзүлүштөрүн каттоо статустары жөнүндө маалыматтар менен маалыматтар базасын билдирген абоненттик жабдууларды идентификациялоонун регистри;
9) IMSI (International Mobile Subscriber Identity) - абоненттин жеке номеринин эл аралык идентификатору;
10) GSMA (Global System for Mobile Communication Association) - GSM Эл аралык ассоциациясы. Мобилдик түзүлүштөрдүн өндүрүүчүсүн жана моделин идентификациялоого мүмкүндүк берген IMEI коддорунун тизмелерин түзүүчү уюм;
11) TAC (Type Approval Code) - мобилдик түзүлүштүн тибин ырастоо коду;
12) электрондук же кагаз түрүндөгү сертификат - идентификациялоо оператору тарабынан катталган түзүлүш жөнүндө документ;
13) MSISDN (Mobile Station Integrated Services Digital Network) - мобилдик тармактык (абоненттик) номер;
14) МИТ субъекттери - Кыргыз Республикасынын байланыш боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы, улуттук коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы, ички иштер органдары, ыйгарым укуктуу салык органы, бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы, электр байланышынын операторлору, идентификациялоо оператору.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 18-октябрындагы № 550 токтомунун редакциясына ылайык)
3-глава. ИМТны уюштуруу тартиби
5. Улуттук коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ИМТнын маалыматтар базасынын кармоочусу болуп саналат, кызыкдар ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар, ошондой эле идентификациялоо операторлору жана электр байланыш операторлору менен өз ара аракеттенүү аркылуу аны өнүктүрүүнү жүзөгө ашырат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 18-октябрындагы № 550 токтомунун редакциясына ылайык)
6. ИМТнын маалыматтар базасы электр байланышы операторлорунан жана идентификациялоо операторлорунан алынган маалыматтардын негизинде түзүлөт.
7. Улуттук коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ИМТнын маалыматтар базасындагы маалыматтардын сакталышын, купуялуулугун жана ушул маалыматтарды ИМТ субъекттеринин маалымат системаларына берүүнү камсыз кылат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 18-октябрындагы № 550 токтомунун редакциясына ылайык)
8. Кыргыз Республикасына ташып киргизүүчү жана аймагында жайгашкан түзүлүштөрдү каттоо жөнүндө жеке жана юридикалык жактардын арыздарынын (мындан ары - түзүлүштөрдү каттоо жөнүндө арыздар) формаларын идентификациялоо оператору иштеп чыгат жана байланыш боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бекитет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 18-октябрындагы № 550 токтомунун редакциясына ылайык)
81. Улуттук коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ИМТнын маалыматтар базасында каттоодон өтүүгө тийиш болгон ЕАЭБ ТЭИ ТНге ылайык товарлардын тизмесин аныктайт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 18-октябрындагы № 550 токтомунун редакциясына ылайык)
4-глава. Колдонуудагы түзүлүштөрдү идентификациялоо тартиби жана шарттары
9. Колдонуудагы түзүлүштөрдү идентификациялоо төмөнкү негизги этаптарды камтыйт:
1) идентификациялоо операторуна түзүлүштөрдү каттоо жөнүндө арыздарды берүү;
2) идентификациялоо оператору тарабынан түзүлүштөрдү каттоо жөнүндө арыздарды кабыл алуу;
3) арыз берилген түзүлүштөрдүн идентификациялык маалыматтарын идентификациялоо тутумунун маалыматтары менен текшерүү жол-жобосу GSMA базасында идентификациялоо оператору тарабынан ушул ассоциациянын ассоциацияланган мүчөсүнөн жетүү укугун алуу аркылуу жүргүзүлөт;
4) идентификациялоо оператору тарабынан түзүлүштүн IMEI-кодун идентификациялоо тутумунун тиешелүү тизмесине киргизүү жөнүндө чечимди кабыл алуу;
5) идентификациялоо оператору тарабынан катталган түзүлүш жөнүндө электрондук же кагаз түрүндөгү сертификатты берүү жолу менен арыз ээсине кабыл алынган чечим жөнүндө кабарлоо.
5-глава. Ташып келинүүчү түзүлүштөрдү идентификациялоо тартиби жана шарттары
10. Өлкөнүн аймагына жеке пайдалануу максатында ташып келинген түзүлүштөр Кыргыз Республикасынын аймагына ташып киргизилген датадан тартып 30 (отуз) календардык күндөн кечиктирбестен идентификациялоо операторунда катталууга тийиш.
101. Кыргыз Республикасынын аймагына жеке пайдалануу максатында чет өлкөлүк жарандар алып келген түзүлүштөр алар өлкөдө болгон мезгилде идентификациялоо операторунда убактылуу катталууга тийиш.
Убактылуу каттоо ушул Тартипке ылайык жалпы негиздерде жүзөгө ашырылат.
11. Өлкөнүн аймагына жеке пайдалануу максатында ташып келинген түзүлүштөрдү каттоо үчүн өлкөгө түзүлүштү ташып келген адам идентификациялоо операторуна түзүлүштөрдү каттоо жөнүндө электрондук же кагаз түрүндө толтурулган арыз жана ким экендигин ырастаган документтин көчүрмөсүн тиркөө менен кайрылат.
12. Сатуу жана/же башка ишкердик ишин жүзөгө ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын рыногуна импорттолуучу түзүлүштөр идентификациялоо операторунда милдеттүү түрдө катталууга тийиш. Ушул пунктта көрсөтүлгөн түзүлүштөрдү ИМТда каттоо кызмат көрсөтүүлөрү Кыргыз Республикасынын аймагына түзүлүштөрдү сатуу боюнча ишкердик ишин жүзөгө ашыруу максатында аларды ташып келүүнү жүзөгө ашырган жеке жана/же юридикалык жактар тарабынан төлөнүүгө тийиш. Эгерде мобилдик түзүлүштө эки же андан көп SIМ-карт слоту, эки же андан көп IMEI коду болсо, ар бир IMEI код катталууга тийиш.
Түзүлүштөрдү каттоо жөнүндө маалыматтар ИМТнын маалыматтар базасына төмөнкүдөй учурларда милдеттүү түрдө киргизилет:
- ички керектөө үчүн чыгаруунун бажы жол-жобосуна ылайык товарлар чыгарылгандан кийин, ошондой эле ушул Тартиптин 17-1-пунктунда каралган учурларда ЕАЭБдин Кыргыз Республикасындагы бажы аймагына үчүнчү өлкөлөрдөн ташып киргизүүдө;
- Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык салык отчётторун бергенден жана кыйыр салыктарды төлөгөндөн кийин, ошондой эле ушул Тартиптин 17-1-пунктунда каралган учурларда ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин аймагынан Кыргыз Республикасынын аймагына ташып киргизүүдө.
ИМТда түзүлүштүн IMEI кодун каттоонун жыйынтыгы боюнча арыз ээсине электрондук же кагаз түрүндөгү сертификат берилет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 18-октябрындагы № 550, 2024-жылдын 24-июлундагы № 421, 2024-жылдын 12-октябрындагы № 615 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
121. Ички керектөө үчүн чыгаруунун бажы жол-жобосуна ылайык чыгарылууга тийиш болгон жана кийин Кыргыз Республикасынын аймагынан сырткары ташып чыгарылууга тийиш болгон мобилдик байланыш түзүлүштөрү, ошондой эле маалыматтарды берүү үчүн пайдаланылуучу түзүлүштөр ИМТнын борбордоштурулган маалымат базасына акысыз негизде жана билдирилген түзүлүштөрдүн наркын ИМТнын наркы менен салыштыруу болбогон шартта киргизилүүгө тийиш. Аталган түзүлүштөргө Кыргыз Республикасынын электр байланыш операторлорунун байланыш тармактарына жетүүсү чектелүүгө тийиш.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 24-июлундагы № 421 токтомунун редакциясына ылайык)
13. Түзүлүштөрдү каттоо үчүн импорттоочу идентификациялоо операторунун порталында алгачкы каттоодон өтүүсү зарыл. Идентификациялоо оператору Порталда түзүлүштөрдү каттоо боюнча кызматтарды көрсөтүүгө ачык оферта келишимин жайгаштырууга милдеттүү.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-октябрындагы № 615 токтомунун редакциясына ылайык)
14. Кыргыз Республикасынын аймагында сатуу жана/же башка ишкердик ишти жүргүзүү максатында өлкөгө түзүлүштөрдү ташып келүүчү юридикалык жана жеке жактар идентификациялоо операторуна алар ташып келүүчү түзүлүштөрдүн маркалары, моделдери, ЕАЭБ ТЭИ ТН коддору, саны жана IMEI коддору жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен электрондук форматта түзүлүштөрдү каттоо жөнүндө арызды берет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 24-июлундагы № 421 токтомунун редакциясына ылайык)
15. Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлгөн түзүлүштөрдү идентификациялоодо өндүрүүчү идентификациялоо операторуна алар тарабынан өндүрүлгөн түзүлүштөрдүн маркалары, ЕАЭБ ТЭИ ТН коддору, моделдери, саны, IMEI коддору, өндүрүлгөн датасы жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен электрондук формада толтурулган түзүлүштөрдү каттоо жөнүндө арызды берет.
Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүү учурунда жаңы TAC пайдаланылганда, өндүрүүчү арызга TAC түзүлүштөрүнүн маркасы, модели жана TAC уячаларынын саны жөнүндө маалыматты берет.
16. Жеке колдонуудан тышкары, сатуу жана/же башка ишкердик жүргүзүү максатында Кыргыз Республикасынын аймагына ташып киргизилген түзүлүштөрдү каттоо жөнүндө жеке жана юридикалык жактардын арызын идентификациялоо оператору 3 (үч) жумуш күндүн ичинде карайт.
Арызды кароонун жыйынтыгы боюнча идентификациялоо оператору арыз ээсине төмөнкүдөй жооп жөнөтөт:
- каттоого берилген документтерге сын пикирлер жана аларда кемчиликтер жок болсо жана ИМТнын маалыматтар базасына түзүлүштүн окшош идентификациялык коду болбогондо катталгандыгы жөнүндө. Идентификациялоо оператору арыз ээсине катталган түзүлүш жөнүндө электрондук же кагаз түрүндөгү сертификат берет;
- төмөнкүдөй учурларда баш тартуунун себептерин көрсөтүү менен ИМТнын маалыматтар базасынын "Ак тизмесине" түзүлүштү каттоодон баш тартылганы жөнүндө:
документтер ушул Тартиптин талаптарын бузуу менен берилсе;
билдирилген идентификациялык коддор ИМТнын маалыматтар базасында мурда катталса жана/же катталуучу түзүлүш клондолгон, өзгөртүлгөн, жок, жасалма, кайра жазылган, колго жасалган идентификациялык кодду камтыса;
(абзац КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-октябрындагы № 615 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
үчүнчү өлкөлөрдөн ташып келинген түзүлүштөргө бажы декларациясынын же товарларды ташып келүү жана ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин аймагынан ташып келинген түзүлүштөр үчүн кыйыр салыктарды төлөө жөнүндө арыздын жоктугу.
Түзүлүштүн идентификациялык кодун каттоодон баш тартууда, ошондой эле билдирилген идентификациялык код буга чейин ИМТнын маалыматтар базасында болгон учурларда, идентификациялоо оператору билдирилген идентификациялык коддорду "Кара тизмеге" киргизет.
Талаш маселелер келип чыккан учурда арыз ээси маалыматтар базасынын ээсине кайрылууга укуктуу.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 18-октябрындагы № 550, 2024-жылдын 24-июлундагы № 421, 2024-жылдын 12-октябрындагы № 615 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
17. Кыргыз Республикасынын аймагына жеке пайдалануу үчүн ташып киргизилген түзүлүштү каттоого арыз идентификациялоо оператору тарабынан 3 (үч) иш күндүн ичинде каралат.
Арызды кароонун жыйынтыгы боюнча идентификациялоо оператору арыз ээсине төмөнкүдөй жооп жиберет:
- каттоого берилген документтерге сын пикирлер жана аларда кемчиликтер жок болсо жана идентификациялоо операторунун маалыматтар базасында түзүлүштүн окшош идентификациялык коду болбогондо ийгиликтүү катталгандыгы жөнүндө. Идентификациялоо оператору арыз ээсине катталган түзүлүш жөнүндө электрондук сертификат берет;
- төмөнкүдөй учурларда баш тартуунун себептерин көрсөтүү менен ИМТнын маалыматтар базасында түзүлүштүн идентификациялык кодун каттоодон баш тартылганы жөнүндө:
эгерде документтер ушул Тартиптин талаптарын бузуу менен берилсе;
эгерде билдирилген идентификациялык коддор идентификациялоо операторунун маалыматтар базасында мурда катталса жана/же катталуучу түзүлүш клондолгон, өзгөртүлгөн, жок, жасалма, кайра жазылган, колго жасалган идентификациялык кодду камтыса.
Түзүлүштүн идентификациялык кодун каттоодон баш тарткан, ошондой эле билдирилген идентификациялык код маалыматтар базасында бар болгон учурларда идентификациялоо оператору билдирилген идентификациялык коддорду "Кара тизмеге" киргизет.
Эскертүү: жылына 2ден көп түзүлүш алынып келсе, түзүлүштөрдү каттоо ушул Тартиптин 16-пунктуна ылайык жүзөгө ашырылат.
Талаш-тартыш маселелер келип чыккан учурда арыз ээси маалыматтар базасын кармоочуга кайрылууга укуктуу.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 18-октябрындагы № 550 токтомунун редакциясына ылайык)
171. Жеке жак Кыргыз Республикасынын аймагына жеке пайдалануу үчүн жылына 2ден көп эмес түзүлүштү алып келүүгө укуктуу. Жылына 2ден көп түзүлүштү каттоого төмөнкү учурларда уруксат берилет:
1) үчүнчү өлкөлөрдөн түзүлүштөрдү алып келүүдө бажы иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык бажы төлөмдөрүн телөө менен мындай түзүлүштөрдү бажылык декларациялоодо;
2) ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден түзүлүштөрдү алып келүүнү жүзөгө ашырууда салык мыйзамдарына ылайык салыктык отчёттуулукту берүүдө жана кыйыр салыктар боюнча төлөөдө.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 18-октябрындагы № 550 токтомунун редакциясына ылайык)
17-2. ИМТ маалыматтар базасында билдирилген идентификациялык код жана/же клондолгон, өзгөртүлгөн, жок, жасалма, кайра жазылган, колго жасалган идентификациялык код бар болгондуктан, үчүнчү өлкөлөрдөн ташып келинген түзүлүштөрдү каттоодон баш тарткан учурларда мындай түзүлүштөр ИМТда катталбайт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 18-октябрындагы № 550, 2024-жылдын 24-июлундагы № 421, 2024-жылдын 12-октябрындагы № 615 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
173. Түзүлүштөрдү каттоого арыз ушул Тартиптин талаптарын бузуу менен берилгендиктен, же болбосо ИМТ маалыматтар базасында билдирилген идентификациялык код жана/же клондолгон, өзгөртүлгөн, жок, жасалма, кайра жазылган, колго жасалган идентификациялык код бар болгондуктан, ЕАЭБ мүчө мамлекеттерден алып келинген түзүлүштөрдү каттоодон баш тарткан учурларда мындай түзүлүштөр Кыргыз Республикасынын аймагынан сырткары кайра ташып чыгарылууга тийиш.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 18-октябрындагы № 550 токтомунун редакциясына ылайык)
18. Импорттоочу идентификациялоо операторуна товардын коштомо документтерин, импорттолуучу түзүлүштөр жөнүндө маалыматтарды камтыган таблицаны кошо берет. Таблицанын бир сабы төмөнкү маалыматтар менен түзүлүштүн бир моделин камтууга тийиш:
- түзүлүштүн аталышы жана түзүлүштүн модели;
- түзүлүштүн моделине шайкеш келген IMEI коддорунун тизмеси;
- түзүлүштүн ички маалымат сактагычы (ГБ);
- түзүлүштүн саны;
- (абзац КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-октябрындагы № 615 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- (абзац КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-октябрындагы № 615 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- (абзац КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-октябрындагы № 615 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- түзүлүштүн абалы (колдонууда болгон, кайра калыбына келтирилген);
- бажы декларациясынын болушу;
- товарларды ташып келүү жана ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин аймагынан ташып келинген түзүлүштөр үчүн кыйыр салыктарды төлөө жөнүндө арыз.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 18-октябрындагы № 550, 2024-жылдын 12-октябрындагы № 615 токтомунун редакциясына ылайык)
19. (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 18-октябрындагы № 550 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
20. (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-октябрындагы № 615 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(Абзац КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-октябрындагы № 615 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(Абзац КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-октябрындагы № 615 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин аймактарынан Кыргыз Республикасынын аймагына түзүлүштөрдү алып келүүдө, анын ичинде ушул Тартиптин 17-1-пунктунун 2-пунктчасында каралган Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык импорттоочу салык отчётун берет жана кыйыр салык төлөйт, андан кийин салык органы ИМТда алдын ала каттоону ырастайт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 18-октябрындагы № 550, 2024-жылдын 24-июлундагы № 421, 2024-жылдын 12-октябрындагы № 615 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
21. ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин аймагынан Кыргыз Республикасынын аймагына товарды импорттоодо импорттоочу отчёт бербеген жана кыйыр салык төлөбөгөн учурда Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында белгиленген тартипте түзүлүш каттоого алынбайт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 18-октябрындагы № 550 токтомунун редакциясына ылайык)
22. Идентификациялоо оператору импорттоочу тарабынан берилген IMEI коддордун тизмесин алдын ала текшере алат.
Идентификациялоо оператору импорттоочулар үчүн ырастоо жөнүндө электрондук кат берет, анда түзүлүштөр жөнүндө маалымат камтылат. Бул документ GSMA тарабынан жактырылбаган IMEI коддорду да камтыйт.
22-1. Салык органы тарабынан ташылып келген түзүлүштөрдү алдын ала каттоону ырастоо ИМТда салык жана бажы органдары тарабынан ишке ашырылат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 18-октябрындагы № 550, 2024-жылдын 12-октябрындагы № 615 токтомунун редакциясына ылайык)
6-глава. ИМТ маалыматтар базасында түзүлүштөрдү идентификациялоо процессинде IMEI коддордун тизмесин түзүү
23. Түзүлүштөрдүн IMEI коддорун каттоону талдоо IMEI коддорун маалыматтар базасынын тиешелүү тизмегине, атап айтканда "Ак тизмеге", "Боз тизмеге" жана "Кара тизмеге" киргизүүдөн турат.
IMEI коддорунун ИМТ маалыматтар базасынын тиешелүү тизмесинде болуу мөөнөтү, ошондой эле IMEI коддорун бир тизмеден башка тизмеге которуу улуттук коопсуздукту камсыздоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечимдери менен аныкталат.
IMEI коддорун бир тизмеден башка тизмеге которуу аларды ИМТ маалыматтар базасынын тиешелүү тизмесине киргизген улуттук коопсуздукту камсыздоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкерлери тарабынан жүзөгө ашырылат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 18-октябрындагы № 550 токтомунун редакциясына ылайык)
24. Электр байланыш операторлору "Кара тизмеге" киргизилген түзүлүштөргө өз тармактарын пайдаланууга уруксат берүүгө укугу жок.
25. Улуттук коопсуздукту камсыздоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ИМТ аркылуу "Боз тизмени" IMEI коддору "Кара тизмеге" же "Ак тизмеге" киргизиле элек түзүлүштөрдү аныктоо предметин талдайт. "Боз тизмеге" IMEI коддору "Ак тизмеде" же "Кара тизмеде" болбогон түзүлүштөр киргизилүүгө тийиш.
Талдоо электр байланыш операторунун тармагында биринчи активдүүлүктүн пайда болушу боюнча жүргүзүлөт. ИМТда катталбаган түзүлүштүн IMEI коду аныкталганда абонентке түзүлүштү ИМТда каттоодон өткөрүү зарылдыгы жөнүндө SMS-билдирүү аркылуу билдирилет. Түзүлүш катталбаган учурда электр байланыш операторунун тармагынын кызмат көрсөтүүлөрүнө жетүү токтотулат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 23-августундагы № 498 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 18-октябрындагы № 550, 2024-жылдын 23-августундагы № 498 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
26. IMEI коддору "Кара тизмеге" киргизилген түзүлүштөрдүн иштеши электр байланыш операторунун тармагында токтоосуз, бирок көрсөтүлгөн IMEI коддору "Кара тизмеге" киргизилгенден тартып 4 (төрт) сааттан кечиктирбестен чектелүүгө тийиш.
"Түзүлүштүн иштөөсүн чектөө" деп IMEI коду "Кара тизмеге" киргизилген түзүлүштүн жардамы менен электр байланыш операторунун тармагынын кандайдыр бир кызмат көрсөтүүлөрүн пайдалануу мүмкүн эместигин билдирет.
27. Түзүлүш жоголгон же уурдалган факты боюнча адамдар ички иштер органдарына кайрылганда, ошондой эле түзүлүш табылганда ички иштер органдарынын ыйгарым укуктуу кызматкери түзүлүштүн IMEI кодун ИМТ маалыматтар базасынын тиешелүү тизмесине киргизет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 18-октябрындагы № 550 токтомунун редакциясына ылайык)
7-глава. Өзгөртүлгөн идентификациялык маалыматтары менен ташып келинген түзүлүштөр
28. Өзгөртүлгөн идентификациялык маалыматтары менен түзүлүштөр кайталанма IMEI-кодго ээ түзүлүштөр же IMEI-коду башка кодго өзгөртүлгөн, бирок ошол эле учурда түп нуска болуп саналбаган жана өндүрүүчү тарабынан дайындалбаган түзүлүштөр саналат.
Идентификациялык коддору клондолгон түзүлүштөр деп идентификациялык коддору идентификациялоо операторунун маалыматтар базасында камтылган жана түп нуска болуп саналбаган жана өндүрүүчү дайындалбаган идентификациялык коддорго толук шайкеш келген түзүлүштөр эсептелет.
29. Идентификациялык маалыматтары өзгөртүлгөн түзүлүштөрдүн IMEI кодун аныктоо үчүн идентификациялоо оператору байланыш операторунун тармактарында активдештирилген IMEI коддорго талдоо жүргүзөт. Өзгөртүлгөн идентификациялык маалыматтар табылганда, идентификациялоо оператору абоненттин колдонгон номерин орнотот жана ИМТ маалыматтар базасына 24 сааттын ичинде тийиштүү маалыматты киргизет.
30. Эки же андан ашык бирдей IMEI коддор аныкталган учурда, ээсинде анын мыйзамдуу келип чыгышын ырастаган документтери бар түзүлүш негизги болуп саналат.
8-глава. ИМТда маалыматтарды түзүүдө идентификациялоо операторлоруна жана электр байланыш операторлоруна карата талаптар
31. Электр байланыш операторлору ИМТ менен байланыш түйүндөрүн интеграциялоону камсыз кылууга жана идентификациялоо операторуна IMEI коддору, мобилдик байланыш түзүлүштөрүнүн пайдалануучуларынын IMSI жана MSISDN, жайгашкан жери, ошондой эле маалыматтарды берүү үчүн колдонулуучу түзүлүштөр жөнүндө маалымат берүүгө милдеттүү.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 18-октябрындагы № 550, 2024-жылдын 12-октябрындагы № 615 токтомунун редакциясына ылайык)
32. Идентификациялоо оператору төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) өзүнүн идентификациялоо тутумун түзүүгө жана анын ИМТ маалыматтар базасы менен өз ара аракеттенүүнү камсыз кылууга;
2) юридикалык жана жеке жактар менен күнү-түнү иштөөчү колл-борборду түзүүгө;
3) (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-октябрындагы № 615 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4) ИМТ маалыматтар базасында маалыматтарды түзүү үчүн түзүлүштөрдү, программалык камсыздоону, хостингди, веб-контентти түзүүнү камтыган тутумдарды иштеп чыгууга жана жайылтууга;
5) EIR тутумун өз каражаттарынын эсебинен сатып алууну жана орнотууну камсыздоого;
6) тийиштүү техникалык инфратүзүмдүн жана тутумдун ишенимдүүлүгүн камсыз кылуу үчүн жана уруксатсыз түзүлүштөрдү байланыш тармактарынан ажыратууда алардын эч кандай кечиктирилбестен андан ары иштеши үчүн EIR тутумунун жана ИМТ маалыматтар базасынын өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылууга;
7) идентификациялоо тутумунун ишинин үзгүлтүксүздүгүн жана бүтүндүгүн камсыз кылуучу идентификациялоо операторунун тармагынын каалаган элементтеринин кандайдыр бир кемчиликтери же бузулгандыгы табылган же пайда болгон учурда оператор бул жөнүндө улуттук коопсуздукту камсыздоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга токтоосуз билдирүүгө милдеттүү. ИМТ маалыматтар базасын түзүүгө тоскоол болгон бардык бузулуулар жана кемчиликтер 24 сааттын ичинде оңдолууга тийиш. Эгерде көйгөйдү чечүү 24 сааттан ашык убакытты талап кылса, оператор мөөнөтүн узартуу үчүн байланыш боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жазуу жүзүндө кайрылат;
8) өз каражаттарынын эсебинен ИМТ сатып алууну, орнотууну камсыз кылууга жана бул тутумду эксплуатациялоого киргизүүгө көмөк көрсөтүүгө;
9) ИМТ маалыматтар базасынын кармоочусунун адистерин ИМТ колдонуу жана башкаруу боюнча даярдоого жана окутууга;
10) ИМТ субъекттеринин адистерин ИМТ ишке киргизүү жана пайдалануу боюнча окутууга.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 18-октябрындагы № 550, 2024-жылдын 12-октябрындагы № 615 токтомунун редакциясына ылайык)
9-глава. Түзүлүштөрдү идентификациялоо процессинде алынган маалыматтын купуялуулугу
33. Түзүлүштөрдү идентификациялоо процессинде идентификациялоо оператору алган ар кандай маалыматты кылмыш-жаза мыйзамдарында жана изин суутпай издөө жана контрчалгындоо иши жөнүндө мыйзамдарда аныкталган учурларды кошпогондо, жеке маалыматтарды коргоо жаатындагы мыйзамдардын талаптарына карама-каршы келген кандайдыр бир максаттарда көчүрүүгө, жарыялоого, кайра сактоого, өткөрүп берүүгө жана/же пайдаланууга болбойт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 18-октябрындагы № 550 токтомунун редакциясына ылайык)
34. Идентификациялоо операторунун идентификациялоо тутумунда пайдалануучулардын маалыматтарынын киберкоопсуздугу жана коргоо боюнча техникалык талаптар Кыргыз Республикасынын маалыматты коргоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык аныкталат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 18-октябрындагы № 550 токтомунун редакциясына ылайык)
10-глава. Өтмө жоболор
35. Түзүлүштөрдү сатуу боюнча ишкердик ишти жүзөгө ашыруучу жеке жана/же юридикалык жактар ИМТ ишке киргизилген учурдан тартып 6 (алты) айдын ичинде сатылууга тийиш түзүлүштөрдү ИМТда каттоо жол-жобосун жүргүзүүгө милдеттүү. Мындай түзүлүштердү каттоого ырастоочу документтер берилген учурда жол берилет:
- түзүлүштөрдү чекене сатуу максатында Кыргыз Республикасынын аймагына түзүлүштөрдү ташып келүүчү жеке жана/же юридикалык жактар үчүн үчүнчү өлкөлөрдөн ташылып келген түзүлүштөргө бажы декларациясын же товарларды ташып келүү жана ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин аймагынан ташылып келинген түзүлүштөр үчүн кыйыр салыктардын төлөнгөнү жөнүндө арызды берүү зарыл;
- түзүлүштөрдү сатуу боюнча ишкердик иш жүргүзгөн жеке жана/же юридикалык жактар үчүн андан ары сатууга түзүлүштөрдү Кыргыз Республикасынын аймагында сатып алган учурда түзүлүштөрдү жеткирүүчүлөр тарабынан таризделген электрондук эсеп-фактураны берүү зарыл.
Идентификациялоо оператору алты айдын ичинде мындай түзүлүштөрдү каттоону акысыз негизде жүзөгө ашырат.
Ушул пункттун экинчи, үчүнчү абзацтарында көрсөтүлгөн ырастоочу документтер жок болгон учурда, мындай түзүлүштөрдү каттоо ИМТда каттоо үчүн кызмат көрсөтүү төлөнгөн шартта 2024-жылдын 15-августуна чейинки мөөнөттө жүргүзүлөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 18-октябрындагы № 550, 2024-жылдын 24-июлундагы № 421 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
36. ИМТ ишке киргизилген учурга чейин электр байланыш операторунун тармагында активдештирилген бардык түзүлүштөр ИМТ ишке киргизилген учурдан тартып алты айдан кечиктирбестен ИМТ маалыматтар базасынын "Ак тизмесине" кайтарымсыз негизде автоматтык түрдө киргизилүүгө тийиш.
ИМТ ишке киргизилгендиги тууралуу улуттук коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдан кабарлама алган учурдан тартып алты айдын ичинде электр байланыш оператору электр байланыш операторунун тармактарында мурда активдештирилген жана колдонуудагы бардык түзүлүштөр жөнүндө маалыматтарды ИМТ маалыматтар базасынын "Ак тизмесине" киргизүү максатында IMSI жана MSISDN байлоо менен IMEI коддорду чагылдыруу менен түзөт жана ИМТга берет. Электр байланыш операторлору жогоруда көрсөтүлгөн мөөнөттө берген, IMSI жана MSISDN пайдаланган байланган түзүлүштөрдүн IMEI коддору дубликацияланган, клондолгон, толук эмес, кайталанган же өзгөртүлгөн IMEI коддорунун болуу факттарына карабастан, ошондой эле IMEI коддордун форматына карабастан ИМТ маалыматтар базасынын "Ак тизмесине" киргизилүүгө тийиш.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 18-октябрындагы № 550 токтомунун редакциясына ылайык)
37. Улуттук коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ага жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинде, "Электр байланышы жөнүндө", "Изин суутпай издөө иши жөнүндө", "Контрчалгындоо иши жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында белгиленген учурларда Кыргыз Республикасынын байланыш тармактарында жана каналдарында изин суутпай издөө иш-чараларын, терроризмге каршы, атайын тергөө иш-аракеттерин жана контрчалгындоо иш-чараларын жүргүзүүнүн уюштуруучулук жана программалык-техникалык мүмкүнчүлүктөрүн камсыз кылуунун алкагында ИМТ маалыматтар базасын пайдаланат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 18-октябрындагы № 550 токтомунун редакциясына ылайык)
38. Кыргыз Республикасынын ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ага жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинде, "Электр байланышы жөнүндө", "Изин суутпай издөө иши жөнүндө" "Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында белгиленген учурларда Кыргыз Республикасынын байланыш тармактарында жана каналдарында изин суутпай издөө иш-чараларын, атайын тергөө иш-аракеттерин жүргүзүүнүн уюштуруучулук жана программалык-техникалык мүмкүнчүлүктөрүн камсыз кылуунун алкагында ИМТ маалыматтар базасын пайдаланат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 18-октябрындагы № 550 токтомунун редакциясына ылайык)