Загрузка документа…
| 1-тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-апрелиндеги № 221 токтомуна ылайык) |
Кыргыз Республикасына ташып киргизүүдө (импорттоодо) Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттер менен соода жүргүзүүнүн алкагында товарларды эсепке алууну камсыз кылуу
тартиби
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 123, 2024-жылдын 23-майындагы № 263, 2025-жылдын 21-майындагы № 272, 2025-жылдын 28-августундагы № 533, 2025-жылдын 18-декабрындагы № 811 , 2026-жылдын 2-февралындагы № 53 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Тартип 2015-жылдын 11-декабрындагы № 226 "2015-жылдын 16-октябрыңда Бурабай поселогунда кол коюлган Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагына товарларды алып келүүнүн жана жүгүртүүнүн айрым маселелери жөнүндө протоколду ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин 2015-жылдын 16-октябрындагы № 22 "Дүйнөлүк соода уюмуна Казакстан Республикасынын кошулуусу менен байланышкан айрым маселелер жөнүндө" чечимине, Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин №18 тиркемесинин 20-пунктунун 3-пунктчасына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 51 жана 261-беренелерине ылайык иштелип чыккан.
Тартип кыйыр салыктарды башкаруу максатында Евразия экономикалык бирлигине (мындан ары - ЕАЭБ) мүчө мамлекеттердин биринин аймагынан Кыргыз Республикасынын аймагына товарларды өткөрүүнү эсепке алуу жол-жобосун аныктайт жана ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен соода жүргүзүүнүн алкагында жогоруда аталган ченемдик укуктук актылардын талаптарын сактоо менен ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин биринин аймагынан Кыргыз Республикасынын аймагына товарларды эркин өткөрүүгө тыюу салууну карабайт (чектебейт).
Ушул Тартиптин колдонулушу төмөнкүлөргө карата жайылтылат:
1) ушул Тартиптин 3-пунктунун 2-пунктчасында аталган ыйгарым укуктуу уюмдарга жана ушул Тартиптин 4-пунктунда каралган тартипте ыйгарым укуктуу уюмдар тарабынан өткөрүлүүчү товарларды жана алардын көлөмүн эсепке алуу жол-жобосуна;
2) иш башталган күндөн тартып товарларды эсепке алуу боюнча төмөнкү пункттарга:
- Талас облусунун Манас районунда ("Чоң-Капка автожолу", "Кичи-Капка автожолу"), Чүй облусунун Панфилов районунда ("Чалдыбар автожолу"), Чүй облусунун Ысык-Ата районунда ("Ак-Тилек автожолу", "Кең-Булуң автожолу"), Чүй облусунун Аламүдүн районунда ("Ак-Жол автожолу"), Чүй облусунун Чүй районунда ("Токмок автожолу"), Чүй облусунун Жайыл районунда ("Жайыл автожолу"), Чүй облусунун Сокулук районунда ("Камышановка автожолу"), Ысык-Көл облусунун Түп районунда ("Каркыра автожолу") мамлекеттик чек аранын кыргыз-казак участогундагы өткөрүү пункттарына жакын жайгашкан автотранспорттук;
- Талас облусунун Кара-Буура районунда (Маймак, Жоон-Дөбө -темир жол станциялары), Чүй облусунун Жайыл районунда (Кара-Балта темир жол станциясы), Чүй облусунун Аламүдүн районунда (Аламүдүн темир жол станциясы), Чүй облусунун Панфилов районунда (Кайыңды темир жол станциясы), Чүй облусунун Москва районунда (Беловодский темир жол станциясы), Чүй облусунун Сокулук районундагы Шопоков шаарында (Шопоков темир жол станциясы), Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Кант шаарында (Кант темир жол станциясы), Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Ивановка айылында (Ивановка темир жол станциясы), Чүй облусунун Токмок шаарында (Токмок темир жол станциясы), Чүй облусунун Кемин районунда (Быстровка, Джиль-Арык темир жол станциялары), Ош облусунун Кара-Суу районунда (Кара-Суу, Кашкар-Кишлак - темир жол станциялары), Ош шаарьтнда (Ош темир жол станциясы), Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарында (Жалал-Абад темир жол станциясы), Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарында - (Таш-Көмүр темир жол станциясы), Жалал-Абад облусунун Шамалды-Сай штп (Шамалды-Сай темир жол станциясы), Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында (Кызыл-Кыя темир жол станциясы), Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында (Рыбачье темир жол станциясы), Бишкек шаарында (Бишкек-1, Бишкек-2 темир жол станциялары) темир жол станцияларында жайгашкан темир жолдук;
- "Манас", "Ош" жана "Ысык-Көл" эл аралык аэропортторунда.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 23-майындагы № 263 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Ушул Тартипте төмөнкүдөй терминдер жана аныктамалар колдонулат:
1) товарды импорттоо - ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден Кыргыз Республикасынын аймагына экономикалык максатта пайдалануу үчүн товарды ташып киргизүү;
2) импорттоочу - импорттолуучу товарды сатып алуучу же алуучу болуп саналган юридикалык же жеке жак, жеке ишкер, Кыргыз Республикасынын резиденти же резиденти эмеси.
Товардын сатып алуучусу же сатуучусу болбогон учурда товарды ташуучу импорттоочу деп таанылат;
3) консолидацияланган жүк - бир транспорт каражатында (темир жолдон тышкары) бир ташуучу тарабынан өткөрүлүүчү, ар башка жөнөтүүчүлөргө таандык болгон жана/же ар башка алуучуларга багытталган товарлардын ар түрдүү партиялары;
4) эл аралык транспорттук коштомо кагаз (СМК) - жүктөрдү эл аралык автотранспорттук ташууну жана ташылуучу товар (жүк) жөнүндө маалыматтарды ырастоочу товардык коштоочу документ;
5) мобилдик топ - курамында салык кызматынын органынын, ички иштер органынын, ветеринардык коопсуздук боюнча ыйгарым укуктуу органдын жана фитосанитардык коопсуздук боюнча ыйгарым укуктуу органдын кызматкерлери болгон, товарларды эсепке алынбаган ташып киргизүү, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын жана ЕАЭБ укугун бузуу фактыларын аныктоо жана бөгөт коюу боюнча ыкчам-контролдук жана рейддик иш-чараларды жүргүзүү максатында түзүлгөн топ;
6) товарды ташуучу - Кыргыз Республикасынын аймагына товарды ташып киргизүүчү жана ага жооптуу жак;
7) товарларды эсепке алуу пункту - салык салуу, ЕАЭБге мүчө мамлекеттин биринин аймагынан Кыргыз Республикасынын аймагына товарлардын эркин өткөрүлүшүн чектебеген товарларга жана башка функцияларга транспорттук контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын, салык кызматынын органынын, ички иштер органынын, ветеринардык коопсуздук боюнча ыйгарым укуктуу органдын жана фитосанитардык коопсуздук боюнча ыйгарым укуктуу органдын кызмат адамдары, ошондой эле зарыл болгон учурда мамлекеттик статистика органынын, саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын, товарларды ташуу жана/же өткөрүп берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу уюмдун кызмат адамдары тарабынан байкоо жүргүзүлүшү максатында товарларды жана өткөрүлүүчү жүктөрдүн көлөмүн эсепке алуу, Кыргыз Республикасына ташып киргизүү (импорттоо) датасын аныктоо үчүн зарыл техникалык каражаттар жана курулмалар менен жабдылган жер;
8) коштомо кагаз - ташылуучу товар жөнүндө маалыматты, анын ичинде жүк жөнөтүүчүнүн жана импорттоочунун реквизиттерин, ошондой эле ташуу жөнүндө маалыматтарды камтыган белгиленген формадагы коштоочу документ;
9) салык төлөөчүнүн жеке кабинети - авторизацияланган пайдалануучуга гана жеткиликтүү болгон, салык органынан документтерди, маалыматтарды электрондук түрдө алуу жана салык органына жөнөтүү үчүн багытталган ыйгарым укуктуу салык органынын сайтынын бөлүмү;
10) жеке жактар тарабынан коштоочу багажда өткөрүлүүчү товарлар - Кыргыз Республикасына кол жүк менен ташып келинүүчү товарлар;
11) транзиттик же бажылык декларация - ЕАЭБдин бажы органдары тарабынан берилүүчү документ;
12) ыйгарым укуктуу өкүл - ишеним кат боюнча башка жактын атынан чыгууга же иш жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу юридикалык же жеке жак;
13) товардык коштоочу документтер - эл аралык автомобилдик коштомо кагаз, темир жол транспорттук коштомо кагаз, товардык-транспорттук коштомо кагаз, бирдиктүү үлгүдөгү коштомо кагаз, багаж ведомосту, почта ведомосту, багаж квитанциясы, авиа коштомо кагазы, коносамент жана акциздик товарлардын айрым түрлөрүн ташууда пайдаланылуучу, ошондой эле транспорт жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларында жана Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдерде каралган ташууларда товарларды жана транспорт каражаттарын коштоочу башка документтер; эсеп-фактуралар, спецификациялар, жүктөө жана таңгактоо барактары, ошондой эле товарлар жөнүндө маалыматтарды, анын ичинде товарлардын наркын тастыктаган жана Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдерге ылайык пайдаланылуучу башка документтер;";
14) салмак габариттик контролдун динамикалык системасы - (мындан ары - СГКДС) - уруксат берилген салмактык лимиттерден жана жалпы габариттерден ашып кетүү жолу менен транспорттук чектөөлөрдү бузган автотранспорт каражаттарын жалпы транспорттук агымдан чыгарып таштоо жана андан кийин транспорт каражатынын салмагын так контролдук таразада текшерүү менен аларды идентификациялоо үчүн багытталган техникалык орнотмо (түзүлүш);
15) товарлардын орун которууларын эсепке алуунун маалыматтык системасы (мындан ары - ТОКЭМС) - товарларды эсепке алуу бөлүгүндө кыйыр салыктарды салыктык башкаруунун, ошондой эле маалыматтык системаларды пайдалануу менен электрондук өз ара аракеттенүү аркылуу товарларды эсепке алуу пунктунун ишине тартылган мамлекеттик органдардын жана товарларды ташуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу уюмдардын салык кызматынын органдары менен андан ары өз ара аракеттенүүсүнүн программалык продукту;
16) авиа коштомо кагазы - жүктөрдү эл аралык авиаташууну ырастаган жана ташылуучу товар (жүк) жөнүндө маалыматтарды камтыган товарды коштоочу документ;
17) темир жол коштомо кагазы - жүктөрдү эл аралык темир жол менен ташууну ырастаган жана ташылуучу товар (жүк) жөнүндө маалыматтарды камтыган товарды коштоочу документ;
18) журнал - ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен соода жүргүзүүдө Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу жүктөрдү өткөрүүдө эсепке алуу журналы;
19) жүктөрдү кабыл алуучу-өткөрүп берүүчү жер - ыйгарым укуктуу уюмдун кампалары, порттору жана башка объекттери, ошондой эле жүктөрдү кабыл алуу жана өткөрүп берүү жүргүзүлүүчү анын ведомстволук бөлүмдөрү.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 123, 2024-жылдын 23-майындагы № 263 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
3. ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен соода жүргүзүүнүн алкагында Кыргыз Республикасына ташып киргизүүдө (импорттоодо) товарларды жана өткөрүлүүчү жүкгөрдүн көлөмүн эсепке алуу салык кызматынын органдары тарабынан салык салуу жана төмөнкүлөр менен биргеликте товарларга байкоо жүргүзүү максатында Кыргыз Республикасына ташып киргизүү (импорттоо) датасын аныктоо үчүн жүзөгө ашырылат:
1) товарларды ташууда - товарларды эсепке алуу пунктунун ишине тартылган мамлекеттик органдар;
2) товарларды төмөнкүлөр аркылуу ташууда товарларды ташуу жана/же менчик ээсине (жүк алуучуга) өткөрүп берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу уюмдар:
- темир жол транспорту - ушул Тартиптин 5-тиркемесине ылайык форма боюнча "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасы;
- аба транспорту - ушул Тартиптин 5-тиркемесине ылайык форма боюнча "Манас" эл аралык аэропорту" ачык акционердик коому же болбосо товарларды эсепке алуу жана/же жүк алуучуга өткөрүп берүү боюнча милдет жүктөлгөн агент;
- почта байланышы - ушул Тартиптин 6-тиркемесине ылайык форма боюнча "Кыргыз почтасы" ачык акционердик коому;
- атайын байланыш - ушул Тартиптин 7-тиркемесине ылайык форма боюнча Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин "Атайын байланыш кызматы" мамлекеттик ишканасы.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 23-майындагы № 263 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Ыйгарым укуктуу салык органы менен Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынын, ыйгарым укуктуу уюмдардын ортосундагы маалымат алмашуу жана өз ара аракеттенүү ушул Тартиптин жана жогоруда аталган мамлекеттик органдардын жана ыйгарым укуктуу уюмдардын биргелешкен чечими менен бекитилген регламенттин негизинде жүзөгө ашырылат.
5. ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин аймагынан Кыргыз Республикасынын аймагына товарды ташып келүү (импорттоо) датасы болуп төмөнкү даталар эсептелет:
- көздөгөн станцияга келген дата - товарларды темир жол транспорту менен ташууда;
- ыйгарым укуктуу уюмдар тарабынан товар таризделген дата - товарларды аба транспорту менен ташууда;
- товарларды эсепке алуу пунктунун ишине тартылган салык органынын кызмат адамы тарабынан ТОКЭМСте коштомо кагаз кабыл алынган дата - товарларды автомобиль транспорту менен ташууда;
- ушул Тартиптин 21-пунктунда көрсөтүлгөн учурларда кагаз жүзүндө берилген коштомо кагаздын штампында көрсөтүлгөн дата.";
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 123, 2024-жылдын 23-майындагы № 263 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
6. ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден Кыргыз Республикасына товарларды ташып киргизүүнү (импорттоону) жана/же убактылуу ташып киргизүүнү ишке ашырууга ниеттенген импорттоочу төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) "ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден товарларды импорттоо максаттары үчүн" деген белгиси менен салыктык каттоосу бар экендиги жөнүндө маалымкатты алууга. Салыктык каттоосу бар экендиги жөнүндө маалымкаттын формасы жана берүү тартиби ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан бекитилет;
2) Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу салык органы бекиткен форма жана тартип боюнча ташып киргизилүүчү товарларга коштомо кагазды тариздөөгө.
3) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттерден товарларды импорттоодо салык органынын депозиттик эсебине акча каражаттарын салуу тартибине ылайык салык органынын депозиттик эсебине товарлардын импортунун салык салынуучу наркынын 12 пайызы өлчөмүндөгү акча каражаттарын салууга.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 23-майындагы № 263, 2025-жылдын 21-майындагы № 272 токтомдорунун токтомунун редакциясына ылайык)
61. "ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден товарларды импорттоо максаттары үчүн" деген белгиси менен салыктык каттоосу бар экендиги жөнүндө маалымкат жана коштомо кагаз төмөнкү учурларда талап кылынбайт:
1) "Кыргыз почтасы" ачык акционердик коому тарабынан почта жөнөтмөлөрүн ташып киргизүүдө (импорттоодо);
2) Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин "Атайын байланыш кызматы" мамлекеттик ишканасы тарабынан атайын кат-кабарларды, атайын жана/же баалуу жүктөрдү ташып киргизүүдө (импорттоодо);
3) Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 299-беренесине ылайык салык кызматынын органдарына иштин тиешелүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын билдирүү-каты болгон учурда товарларды ташып киргизүүдө (импорттоодо);
4) Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык таризделген, ЕАЭБдин алкагында товарларды убактылуу ташып киргизүү жөнүндө билдирүү болгон учурда аскердик машыгуулар үчүн товарларды (техниканы) убактылуу ташып киргизүүдө.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 23-майындагы № 263 токтомунун токтомунун редакциясына ылайык)
7. 2015-жылдын 16-октябрында Бурабай поселогунда кол коюлган Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагына товарларды алып келүүнүн жана жүгүртүүнүн айрым маселелери жөнүндө протоколдун 3-беренесинин 3-пунктунда көрсөтүлгөн товарлардан тышкары, аларга карата Казакстан Республикасы тарабынан Дүйнөлүк соода уюмуна кошулуу шарты катары кабыл алынган милдеттенмелерге ылайык ЕАЭБдин Бирдиктүү бажы тарифинин алымдарынын ставкаларына салыштырмалуу кыйла төмөн ташып келүү бажы алымдарынын ставкалары колдонулуучу жана алымдардын ставкаларынын өлчөмдөрү Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин 2015-жылдын 14-октябрындагы № 59 чечими менен бекитилүүчү Товарлардын тизмегине (мындан ары - Тизмек) киргизилген товарларды Казакстан Республикасынан импорттоодо Казакстан Республикасынын ыйгарым укуктуу салык органынын мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн товарга электрондук эсеп-фактурасынын (инвойстун) (мындан ары - Казакстан Республикасында алып коюлууга туш болгон товарлар боюнча) кагаз түрүндөгү көчүрмөсүнүн жана Кыргыз Республикасынын жана ЕАЭБдин ченемдик укуктук актыларында белгиленген талаптарга ылайык таризделген, Кыргыз Республикасынын аймагына ошол товарды ташып киргизүү укугун ырастаган тийиштүү товардык коштоочу документтердин милдеттүү түрдө болушу талап кылынат.
Мында Казакстан Республикасында алып коюлууга туш болгон товарлар боюнча эсеп-фактурада жана товардык коштоочу документтерде көрсөтүлгөн маалыматтар Казакстан Республикасынын тийиштүү органынан алынган маалыматтарга ылайык келүүгө тийиш.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 123 токтомунун редакциясына ылайык)
8. Казакстан Республикасында алып коюлууга туш болгон товарлар боюнча эсеп-фактуралардын жана ошол товарларды Кыргыз Республикасынын аймагына ташып киргизүү укугун ырастаган тийиштүү товардык коштоочу документтердин болушун жана аныктыгын текшерүү товарларды эсепке алуу пунктунда салык органынын кызмат адамы, аймактык мобилдик топ тарабынан жүзөгө ашырылат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 123 токтомунун редакциясына ылайык)
9. Импорттоочу жана/же анын ыйгарым укуктуу адамы Казакстан Республикасында алып коюлууга туш болгон товарлар боюнча эсеп-фактурада жана ушул Тартиптин 7 жана 31-пункттарында көрсөтүлгөн товардык коштоочу документтерде көрсөтүлүүчү маалыматтардын аныктыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине жана Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине ылайык жоопкерчилик тартат.";
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 123 токтомунун редакциясына ылайык)
10. Кыргыз Республикасынын аймагына товарларды импорттоо фактысы боюнча импорттоочу жана/же анын ыйгарым укуктуу адамы тарабынан салык органдарына салык отчеттору берилет жана Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында белгиленген тартипте импорт боюнча кыйыр салыктар төлөнөт. Тийиштүү салык отчеттору берилбеген жана импорт боюнча кыйыр салыктар төлөнбөгөн учурда импорттоочу жана/же анын ыйгарым укуктуу адамы Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине жана Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине ылайык жоопкерчилик тартат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 123 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Кыргыз Республикасына товарларды импорттоого чейин коштомо кагазды тариздөө жана пайдалануу
11. Товарларды ташып киргизүүнү (импорттоону) жана/же убактылуу ташып киргизүүнү ишке ашырууга ниеттенген импорттоочу салыктык катталган жери боюнча салык органына "ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден товарларды импорттоо максаттары үчүн" деген белгиси менен салыктык каттоосу бар экендиги жөнүндө маалымкат алууга арыз берет.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 23-майындагы № 263 токтомунун редакциясына ылайык)
12. Салык органы арызды карайт жана салык кызматынын маалыматтык системасында импорттоочунун салыктык каттоосунун бар экендигин текшерет.
13. Салык органы "ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден товарларды импорттоо максаты үчүн" деген белгиси менен салыктык каттоосу бар экендиги жөнүндө маалымкатты алгачкы берүүдө 3 (үч) жумуш күндүн ичинде салык төлөөчүнүн ишкердик иш жүргүзгөн жерин жана ишкердик үчүн багытталган товарларды сактоочу жерди текшерет.
"ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден товарларды импорттоо максаты үчүн" деген белгиси менен салыктык каттоосу бар экендиги жөнүндө маалымкатты кийинки берүүдө арыз салык органы тарабынан бир жумуш күндүн ичинде каралат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 18-декабрындагы N 811 токтомунун редакциясына ылайык)
13-1. Салыктык каттоосу бар экендиги жөнүндө маалымкатты берүүдөн баш тартуу үчүн төмөнкүлөр негиз болуп саналат:
- субъект тарабынан өткөн отчеттук мезгилдер үчүн салык отчетторунун берилбегендиги;
- кыйыр салыктар боюнча таанылган салык карызы;
- салык төлөөчү тарабынан 0% жана 0,5% ставкалар боюнча бирдиктүү салыктын негизинде салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасы боюнча ишкердик иш жүргүзүү, ошондой эле өзгөчө режимдеги соода зонасындагы ишке салык боюнча катталган салык төлөөчүлөр;
- ишкердик иш жүргүзгөн жер берилген документтерде көрсөтүлгөн маалыматтарга шайкеш эместиги же субъектте импорттоого пландалган товарларды жайгаштыруу үчүн тиешелүү кыймылсыз мүлк объекттерине менчик укугунда жана/же убактылуу пайдалануу укугунда объекттердин жоктугу;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтому менен аныкталган тобокелдиктер болгон учурда "Электрондук эсеп-фактура" маалыматтык системасында электрондук документ жүгүртүүнүн катышуучусу катары эсептик жазуунун колдонулушу токтотуп турулгандыгы;
- тигүү жана текстиль тармагын кошпогондо, патенттин негизинде ишкердик иш жүргүзүү.
Бузуулар аныкталган же тобокелдик факторлору болгон учурда импорттоочуга же анын ыйгарым укуктуу адамына аларды жоюу тууралуу талап коюлат.
Көрсөтүлгөн талаптар аткарылбаган учурда салык органы маалымкат берүүдөн баш тартат же колдонуудагы маалымкатты ыйгарым укуктуу салык органы аныктаган тартипте кайра чакыртып алат (жокко чыгарат) жана ыйгарым укуктуу салык органы аныктаган тартипте бузуулар жоюлган учурга чейин автоматташтырылган системага кирүү мүмкүнчүлүгүн жабат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 18-декабрындагы N 811 токтомунун редакциясына ылайык)
13-2. ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин аймагынан Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы аркылуу товарларды жана/же транспорт каражаттарын мыйзамдардын талаптарын бузуу менен ташып өтүүнүн үч фактысы аныкталган учурда, аларга карата календардык жылдын ичинде айып салуу жөнүндө токтомдор чыгарылган болсо, салык органы колдонуудагы маалымкатты кайра алат (жокко чыгарат) жана ыйгарым укуктуу салык органы аныктаган тартипте бир жылдык мөөнөткө автоматташтырылган системага кирүү мүмкүнчүлүгүн жабат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 18-декабрындагы N 811 токтомунун редакциясына ылайык)
14. Салыктык каттоосунун бар экендиги жөнүндө маалымкат төмөнкүдөй жарактуу болот:
- Мамлекеттик салык кызматынын ири салык төлөөчүлөрдү контролдоо боюнча башкармалыгында КНС төлөөчүлөрү катары катталган субъекттер үчүн - алган күндөн тартып 180 календардык күндүн ичинде;
- калган субъекттер үчүн - алган күндөн тартып 60 календардык күндүн ичинде.
15. Салык төлөөчүнүн салыктык каттоосу жок болгон учурда салык органынын кызмат адамы салыктык каттоо жол-жобосун жүзөгө ашырат.
16. Импорттоочу же анын ыйгарым укуктуу адамы Кыргыз Республикасынын аймагына товарларды ташып киргизүүгө чейин салык төлөөчүнүн жеке кабинети аркылуу электрондук коштомо кагазды тариздөөгө жана жөнөтүүгө милдеттүү, анда төмөнкүдөй маалыматтар көрсөтүлүүгө тийиш:
- салык төлөөчү жөнүндө маалымат;
- салык төлөөчүнүн иш жүзүндөгү жайгашкан жери;
- андан товар ташыл келинген ЕАЭБге мүчө мамлекеттин коду жана аталышы;
- товарларды (жүктөрдү) жөнөтүүчүнүн аталышы;
- эсеп-фактуралардын (инвойстордун) реквизиттери;
- жеткирүүнүн түрү (импорт; убактылуу ташып киргизүү; иштетип алма чийки зат; гуманитардык жүк, иштетип алма чийки затты кайра иштетүү продуктусу, товарды кайтарып берүү);
- транспорттун түрү жана маалыматтары;
- вагондун номери же рейстин номери;
- ташып келинүүчү товарлар (жүктөр) жөнүндө маалымат;
- товардын (жүктүн) аталышы;
- ЕАЭБ ТЭИ ТНге ылайык товардын он орундуу классификациялык коду;
- жалпы салмагы, саны, нарктын валютасынын коду жана товардын (жүктүн) жалпы наркы;
- коштомо кагазды кабыл алуу жөнүндө маалымат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 123, 2024-жылдын 23-майындагы № 263 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
17. Консолидацияланган жүктү импорттоого (ташып киргизүүгө) чейин импорттоочу/ташуучу жүктүн (товардын) ар бир алуучусуна коштомо кагазды же консолидацияланган жүккө коштоочу кагазды тариздейт, ага жүк алуучулар жөнүндө кошумча маалыматтар киргизилет.
Консолидацияланган жүктүн курамында ишкердик максаттар үчүн товарларды импорттогон (ташып киргизген) учурда жүктү (товарды) алуучу импорттоочуну/ташуучуну ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдөн импорттоо максаттары үчүн салыктык каттоосу жөнүндө маалымкаттын каттоо номери жана товарларды эсепке алуу пунктуна андан ары берүү үчүн эсеп-фактура менен камсыз кылууга милдеттүү.";
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 123 токтомунун редакциясына ылайык)
18. Коштомо кагаз жүк (товар) ташуучу ар бир транспорт каражатына өз-өзүнчө таризделет.
19. Ушул Тартипке ылайык түзүлүүчү товарларды эсепке алуу боюнча маалыматтар салык кызматынын органдары тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык салыктык башкаруу максатында колдонулат, ошондой эле өз ыйгарым укуктарын аткаруу максатында контролдук функцияларды аткаруучу башка мамлекеттик органдар менен иштешүүдө пайдалануу үчүн жеткиликтүү.
20. Товарды импорттоодо пайдаланылуучу тиешелүү коштомо кагаз импорттоочунун салыктык каттоосун ырастоо максатында салык органы тарабынан салык кызматынын маалыматтык системасында берилген маалымкат менен салыштырып текшерилет.
21. ЕАЭБге мүчө мамлекетте сатып алынган автотранспорт каражатын Кыргыз Республикасынын аймагына ташып кирүүдө ага 2 нускада кагаз жүзүндөгү коштомо кагаз таризделет, ага автотранспорт каражаттарын каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда автотранспорт каражатын каттоо үчүн зарыл болгон төмөнкүдөй кошумча маалыматтар киргизилет:
- автотранспорт каражатынын маркасы;
- автотранспорт каражатынын идентификациялык номери (VIN коду);
- автотранспорт каражатынын тиби;
- кыймылдаткычтын көлөмү;
- чыгарылган жылы.
"ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден товарларды импорттоо максаттары үчүн" деген белгиси бар салыктык каттоосу бар экендиги жөнүндө маалымкат жана электрондук формадагы коштомо кагаз милдеттүү эмес.";
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 123 токтомунун редакциясына ылайык)
211. Автотранспорт каражаты товарларды эсепке алуу пунктунда эсепке алуу жол-жобосунан өтпөстөн Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы аркылуу ташылып келген учурда автотранспорт каражатынын ээси же болбосо ал ыйгарым укук берген адам товарларды эсепке алуу пунктуна төмөнкүлөрдү көрсөтүүгө милдеттүү:
- инсандыгын ырастоочу документтин көчүрмөсүн;
- автотранспорт каражатына документтердин көчүрмөлөрүн;
- нотариалдык ишеним каттын же болбосо ушул автотранспорт каражаты менен байланышкан маселелер боюнча мамлекеттик органдарга кайрылууга ыйгарым укук берген башка документтин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн;
- эки нускада кагаз түрүндөгү коштомо кагазды.
Товарларды эсепке алуу пунктунун кызмат адамы берилген документтердин негизинде коштомо кагазга Кыргыз Республикасындагы тышкы миграцияны эсепке алуунун бирдиктүү системасынын тиешелүү маалыматтар базасында көрсөтүлгөн дата менен штамп коёт жана коштомо кагаздын бир нускасын автотранспорт каражатынын ээсине кайтарып берет.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 23-майындагы № 263 токтомунун редакциясына ылайык)
22. ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин аймагынан Кыргыз Республикасынын аймагына товарды убактылуу ташып киргизүүдө "убактылуу ташып киргизүү" деген белгиси менен тийиштүү коштоочу кагаз милдеттүү түрдө таризделет.
Мында убактылуу ташып киргизүүнү жүзөгө ашырган жак салык органына убактылуу ташып киргизүүнү ырастаган кошумча төмөнкү документтердин бирин берет, алар төмөнкүлөр болушу мүмкүн:
- эл аралык макулдашуулар жана/же келишимдер, жана/же мамлекеттик органдардын чечимдери;
- көргөзмө-жарманкелерге катышууга чакыруу.
23. Ташып келинүүчү товарларды кийин кайра ташып кетүү менен, товарларды кайра иштетүү же концерттик оюн-зоок, спорттук, көргөзмө-жарманке иш-чараларын ж. б. жүзөгө ашыруу максатында товарларды, жабдууларды ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин аймагынан Кыргыз Республикасынын аймагына убактылуу ташып киргизүүдө "убактылуу ташып киргизүү" деген белги менен тиешелүү коштомо кагаз жана төмөнкү маалымкаттар таризделет жана берилет:
- товарларды кайра иштетүү үчүн ташып киргизүүдө - товарды кайра иштетүүчү болуп саналган субъекттин;
- концерттик оюн-зоок, спорттук, көргөзмө-жарманке иш-чараларынын ж.б. уюштуруучусу (коюучусу) болуп саналган субъекттин;
- кийин кайра ташып кетүү менен жабдууларды сыноо үчүн товарларды ташып киргизүү;
- (5 абзац Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 23-майындагы № 263 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 23-майындагы № 263 токтомунун редакциясына ылайык)
24. Эгерде товарды ташып киргизүү (импорттоо) адистештирилген ташуучу (транспорттук, почта уюму же ташууларды уюштурууну жүзөгө ашыруучу жак) тарабынан жүзөгө ашырылса, мында товарды алуучулар (сатып алуучулар) бир нече импорттоочулар болуп саналса, консолидацияланган жүккө коштомо кагаз таризделет.
25. Казакстан Республикасында алып коюлууга туш болгон товарлар боюнча коштоочу кагаз, эсеп-фактура жок болгон же таризделбеген, тийиштүү салык отчету берилбеген жана импорт боюнча кыйыр салык төлөнбөгөн, анык эмес маалымат чагылдырылган учурда импорттоочу жана/же анын ыйгарым укуктуу адамдары Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине жана Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине ылайык жоопкерчилик тартат.
26. Товарларды эсепке алуу пункту аркылуу импорттоодо импорттоочуда/ташуучуда салык төлөөчүнүн жеке кабинетинде таризделген электрондук коштомо кагаздын каттоо номери, "ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден товарларды импорттоо максаты үчүн" деген белги менен салыктык каттоосунун бар экендиги жөнүндө салык органынын маалымкатынын номери жана датасы болууга тийиш.
27. Коштомо кагаздагы маалыматтар менен товардык коштоочу документтердин маалыматтарынын ортосунда жүктү ташып киргизүү көлөмү боюнча 5%га чейинки айырмага жол берилет.
28. Импорттоочу жана/же анын ыйгарым укуктуу адамы Казакстан Республикасында алып коюлууга туш болгон товарлар боюнча таризделген коштомо кагаздарды, эсеп-фактураларды эсепке алууну жүргүзөт, аларда төмөнкү көрсөткүчтөр чагылдырылат: таризделген дата, жөнөтүүчү, товардын аталышы, товардын көлөмү, ЕАЭБ ТЭИ ТН боюнча товардын тобу.
29. Казакстан Республикасында алып коюлууга туш болгон товарлар боюнча коштомо кагаздарды, эсеп-фактураларды эсепке алууну уюштуруу жана алардын сакталышын камсыз кылуу үчүн Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине жана Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине ылайык импорттоочу жоопкерчилик таратат.
3. Товарларды эсепке алуу пунктунда коштомо кагазды берүү
30. Кыргыз Республикасынын аймагына товарларды импорттоо үчүн импорттоочу же жүк ташуучу товарларды эсепке алуу пунктунун ишине тартылган салык кызматынын органынын кызмат адамына салык төлөөчүнүн жеке кабинетинде таризделген электрондук коштомо кагаздын каттоо номерин, "ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден товарларды импорттоо максаты үчүн" деген белги менен салыктык каттоосунун бар экендиги жөнүндө маалымкаттын номерин жана датасын көрсөтөт.
2015-жылдын 16-октябрында Бурабай поселогунда кол коюлган Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагына товарларды алып келүүнүн жана жүгүртүүнүн айрым маселелери жөнүндө протоколдун 3-беренесинин 3-пунктунда көрсөтүлгөн товарлардан тышкары, Тизмеге киргизилген товарларды Казакстан Республикасынан импорттоодо ушул Тартиптин 7-пунктунда көрсөтүлгөн документтердин милдеттүү түрдө болушу талап кылынат.
31. Кыргыз Республикасынын аймагына товарларды ташып киргизүү импорттоочунун/ташуучунун автомобиль, темир жол жана аба транспорт каражаты менен жүзөгө ашырылат.
Мамлекеттик чек аранын кыргыз-казак участотундагы автожол контролдоо-өткөрүү пункту аркылуу өтүүдө импорттоочунун/ташуучунун Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасын кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызмат адамына ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин чек аралык контролдоо органдарынын белгиси (штампы) менен эл аралык транспорттук коштомо кагазды (СМR), товарды коштоочу документтерди, транспорт каражатынын техникалык паспортун, импорттоочунун/ташуучунун паспортун көрсөтөт.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 123, 2024-жылдын 23-майындагы № 263 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
32. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасын кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын кызмат адамы ушул Тартиптин 31-пунктунда көрсөтүлгөн документтерди сканерлөөгө, алардын сканерленген версияларын ТОКЭМСке киргизүүгө жана маалыматты реалдуу убакыт режиминде товарларды эсепке алуу пунктуна берүүгө милдеттүү.
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасын кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызмат адамдары транспорт каражаттарын кароо (текшерип кароо) боюнча кызматтык милдеттерин аткарууда денеге тагылуучу камераларды колдонуу менен фотого жана видеого тартууну жүргүзөт.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 23-майындагы № 263 токтомунун , 2026-жылдын 2-февралындагы № 53 редакциясына ылайык)
33. Жүктөргө (товарларга) товарды коштоочу документтердин жана/же эл аралык транспорттук коштомо кагаздын (СМR) жок экендиги аныкталган учурда Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасын кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызмат адамы тийиштүү мобилдик топко токтоосуз маалымдайт.
4. Товарларды эсепке алуу пунктунун ишин уюштуруу
34. Товарларды эсепке алуу пунктунун иши транспорттук контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын, салык кызматынын органынын, ички иштер органынын, ветеринардык коопсуздук боюнча ыйгарым укуктуу органдын жана фитосанитардык коопсуздук боюнча ыйгарым укуктуу органдын, ошондой эле зарыл болгон учурда мамлекеттик статистика органынын, саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын жана салык кызматынын органынын кызмат адамдары тарабынан жүзөгө ашырылат.
Салык органы Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттер менен соода жүргүзүүнүн алкагында Кыргыз Республикасына ташып келүүдө (импорттоодо) товарларды эсепке алууну жүзөгө ашырууда товарларды эсепке алуу пункттарынын ишин уюштурууда координациялоочу орган болуп саналат жана зарыл болгон учурда тиешелүү сунуштарды киргизет.
Мамлекеттик органдар товарларды эсепке алуу пунктунун ишине тартылган кызмат адамдарынын күнү-түнү нөөмөтүн камсыз кылат.
(Абзац Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 123 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
Товарларды эсепке алуу пунктунун ишине тартылган мамлекеттик органдардын кызмат адамдары кызматтык милдеттерин аткарбаган жана/же талаптагыдай аткарбаган учурда ыйгарым укуктуу салык органы аталган мамлекеттик органдардын жетекчилерине тартиптик жаза колдонуу жөнүндө сунуш киргизүүгө укуктуу.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 123 токтомунун редакциясына ылайык)
35. Товарларды автомобиль транспорту менен ташып келүүдө импорттоочу/ташуучу мамлекеттик чек аранын автожол контролдук-өткөрмө пунктунан өткөндөн кийин СГКДСте транспорттук эсепке алуудан өтөт жана салмактык контролдон өтүү үчүн товарларды эсепке алуу пунктуна чейин барат.
35-1. Кыргыз Республикасына товарларды автомобиль транспорту менен ташып киргизүүдө тобокелдик белгилери болгон учурда товарларды Кыргыз Республикасынын аймагы боюнча андан ары өткөрүү (ташуу) салык кызматынын органынын кызмат адамдары жана/же пломбалоо оператору тарабынан жүк салынуучу жайлардын (бөлүктөрдүн) бекитүүчү түзүлүштөрүнө, идиштерге, контейнерлерге жана автотранспорт каражаттарынын товарлар жайгашкан башка жерлерине навигациялык (электрондук) пломбалар салынган шартта жүзөгө ашырылат.
Субъекттерге жана/же товарларга карата тобокелдик белгилеринин критерийлерин ыйгарым укуктуу салык органы аныктайт.
35-2. Салынган навигациялык (электрондук) пломбаны товарлар жеткирилген жерде автотранспорт каражатынан алуу пломбалоо операторунун кызматкери жана/же салык кызматынын органынын кызмат адамы тарабынан ташуучунун/импорттоочунун катышуусунда жүргүзүлөт.
35-3. Ташууну көзөмөлдөө убагында навигациялык (электрондук) пломбанын бүтүндүгү бузулгандыгы же уруксатсыз ачылгандыгы аныкталган учурда салык кызматынын органынын кызмат адамдары ташуучуга/импорттоочуга карата Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарында каралган чараларды көрөт.
35-4. Навигациялык (электрондук) пломбаны салууда/алууда ташуучу/импорттоочу менен салык кызматынын органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамынын/пломбалоо операторунун ортосунда ыйгарым укуктуу салык органы жана пломбалоо оператору бекиткен форма боюнча навигациялык (электрондук) пломбаны кабыл алуу-өткөрүп берүү актысы таризделет.
35-5. Навигациялык (электрондук) пломба алынгандан кийин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бекиткен тартипке ылайык товардык-материалдык баалуулуктардын калдыктарын алып салуу жүргүзүлөт.
35-6. Навигациялык (электрондук) пломбаларды салуу/алуу жана автотранспорт каражаты менен ташууларды кийин көзөмөлдөө боюнча пломбалоо операторунун кызмат көрсөтүүлөрүнө акы төлөө пломбалоо операторунун кызмат көрсөтүүлөрүнүн жана жумуштарынын прейскурантына ылайык ташуучулардын/импорттоочулардын эсебинен жүргүзүлөт.
Бир автотранспорт каражатына (транспорт каражаттарынын курамы (чиркегичи (чиркергичтери) жана жарым чиркегичи (жарым чиркегичтери) менен сүйрөгүч) эки же андан көп навигациялык (электрондук) пломба салынган учурда төлөм ар бир навигациялык (электрондук) пломбага алынат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 123 токтомунун , 2026-жылдын 2-февралындагы № 53 редакциясына ылайык)
36. Товарларды темир жол же аба транспорту менен ташып киргизүүдө товарларды эсепке алуу боюнча иш салык кызматынын органынын кызмат адамдары тарабынан товарларды эсепке алуу пунктунда, товарларды ташуу жана/же өткөрүп берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу уюмдун жүктөрдү кабыл алуу-өткөрүп берүү жерлеринде жүзөгө ашырылат.
37. Товарларды ташуу жана/же өткөрүп берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу уюмдун жооптуу адамы ички иш тартибине ылайык документтерди текшерүү аяктагандан кийин товарды коштоочу документтердин маалыматтарын ТОКЭМСке жөнөтөт жана маалыматты реалдуу убакыт режиминде товарларды эсепке алуу пунктуна берет.
Товарды коштоочу документтер берилбеген учурда жооптуу адам Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине ылайык жоопкерчилик тартат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 123, 2024-жылдын 23-майындагы № 263 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
38. Товарларды эсепке алуу пунктунун тиешелүү кызмат адамы импорттолуучу товар (жүк) жөнүндө берилген документтерди төмөнкү аракеттерди жасоо жолу менен каттоого алат:
1) товарларды ташуу жана/же өткөрүп берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу уюмдун жооптуу адамынан ташылуучу товарга (жүккө) товардык коштоочу документтерди, темир жол коштомо кагаздарынын/авиа коштомо кагаздарынын нускаларын алардын көчүрмөлөрү менен, транзит учурунда - транзиттик декларациянын көчүрмөсүн кабыл алат;
2) товарды импорттоочудан же анын ыйгарым укуктуу адамынан төмөнкүлөрдү кабыл алат:
- салык төлөөчүнүн жеке кабинетинде таризделген электрондук коштомо кагаздын каттоо номерин, "ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден товарларды импорттоо максаттары үчүн" деген белгиси менен салыктык каттоосу бар экендиги жөнүндө маалымкаттын номерин жана датасын;
- Казакстан Республикасында алып коюлган товарлар боюнча электрондук эсеп-фактуралардын жана ошол товарды Кыргыз Республикасынын аймагына ташып киргизүү укугун ырастаган, Кыргыз Республикасынын жана ЕАЭБдин ченемдик укуктук актыларында белгиленген талаптарга ылайык таризделген тиешелүү коштоочу документтердин кагаз жүзүндөгү көчүрмөлөрүн.
Ошол эле учурда Казакстан Республикасында алып коюлган товарлар боюнча электрондук эсеп-фактурада жана товарды коштоочу документтерде көрсөтүлгөн маалыматтар Казакстан Республикасынын тиешелүү органдарынан алынган маалыматтарга шайкеш келүүгө тийиш;
3) ташылуучу товарга (жүккө) карата товардык коштоочу документтер салык төлөөчүнүн жеке кабинети аркылуу таризделген коштомо кагаздын маалыматтары менен салыштырат;
4) Салык кызматынын ТОКЭМСтен ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден алдыдагы импорт жөнүндө "ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден товарларды импорттоо максаты үчүн" деген белги менен салыктык каттоосунун бар экендиги жөнүндө маалымкаттын болушун текшерет;
5) товардык коштоочу документтерди Мамлекеттик чек арасын кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдан келип түшкөн, республиканын аймагына товарларды ташып келүү үчүн негиз болуп саналган сканерленген документтердеги маалыматтар жана СГКДС маалыматы жана/же статикалык салмагы менен салыштырып текшерет;
6) товардык коштоочу документтерди Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасынан жана "Компания Манас Менеджмент" жабык акционердик коомунан, "Манас" эл аралык аэропорту" ачык акционердик коомунан же товарларды эсепке алуу жана/же жүктү алуучуга өткөрүп берүү милдети жүктөлгөн агенттен келип түшкөн сканерленген документтердеги маалыматтар менен салыштырып текшерет;
7) товардык коштоочу документтердеги маалыматтарга ылайык келүү предметине карата жүктөргө кароо жүргүзөт жана зарыл болгон учурда:
- сүрөткө/видеого тартат;
- эгерде жүк ЕАЭБге мүчө мамлекеттин ишкердик субъекти тарабынан пломбаланса, кароо жүргүзүү үчүн пломба алынат.
Пломбаны алуу учурунда кызмат адамы пломбаны алуу актысын эки нускада түзөт, алардын бир нускасын импорттоочуга же анын өкүлүнө берет;
8) коштомо кагаздар кагаз жүзүндө берилген учурда салык кызматынын ТОКЭМСке импорт жөнүндө маалыматтар киргизилет;
9) уюштуруу техникасы техникалык жактан бузулган же электр энергиясы, интернет байланышы жок болгон учурда же салык кызматынын маалыматтык системасында өткөрүлүп жаткан товарларды эсепке алуу жол-жобосун жүргүзүүгө мүмкүндүк бербеген башка объективдүү себептер болгондо, ТОКЭМСтин ишин камсыз кылуу максатында түздөн-түз жетекчиликке жана салыктын маалыматтык системаларын техникалык колдоону камсыз кылуу үчүн бекитилген жооптуу кызматкерге токтоосуз кабарлайт жана себептерин көрсөтүү менен 1-тиркемеге ылайык техникалык бузулууларды эсепке алуу журналына жазат, ошондой эле техникалык бузулуулар жөнүндө акт түзөт;
10) автотранспорт каражаттарын жеке (ишкердик эмес) максатта импорттоодо/ташып келүүдө, ошондой эле ушул Тартиптин 12-пунктунда көрсөтүлгөн учурларда, импортоочу салык кызматынын кызмат адамына кагаз жүзүндө коштомо кагаздарды 2 нускада андан ары ТОКЭМСке каттоо үчүн берет, аларга товарларды эсепке алуу пунктунан өткөн датаны көрсөтүү менен штамп коет жана 1 нускасын импорттоочуга кайтарып берет, ошондой эле 5-тиркемеге ылайык журнал толтурат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 123, 2024-жылдын 23-майындагы № 263 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
381. Эгерде импорттоочу ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин аймагынан Кыргыз Республикасынын аймагына товарларды ташып киргизүүдө (импорттоодо) ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан аныкталган тобокелдик критерийлерине туура келсе, товарларды эсепке алуу пунктунун кызмат адамы товарларды ар бир ташып келүү үчүн депозиттик эсепке же Казыналыктын бюджеттик эсебине акча каражаттарын төлөө фактысын текшерет жана төлөнгөндүгү жөнүндө маалыматтарды ыйгарым укуктуу салык органынын маалыматтык системасында каттайт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 21-майындагы № 272 токтомунун редакциясына ылайык)
39. Товарларды эсепке алуу пунктунун кызмат адамы кагаз жүзүндө кабыл алынган коштомо кагаздардын, транзиттик же бажылык декларациялардын реестрин түзөт, алар реестр боюнча салык кызматынын органына күн сайын өткөрүп берилет.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 123 токтомунун редакциясына ылайык)
40. ТОКЭМСте топтолгон маалыматтар бардык мамлекеттик органдар үчүн алардын ишин регламенттеген Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген ыйгарым укуктарынын чегинде, ошондой эле импорттоо боюнча салык милдеттенмелерин тактоо максатында жазуу жүзүндөгү суроо-талап боюнча импорттоочу-салык төлөөчүлөр үчүн жеткиликтүү.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 23-майындагы № 263 токтомунун редакциясына ылайык)
41. Төмөнкү фактылар белгиленген учурда:
- товарларды импорттоочуда/ташуучуда тиешелүү коштомо кагаздын, ТОКЭМСте "ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден товарларды импорттоо максаттары үчүн" деген белгиси бар салыктык каттоосу бар экендиги жөнүндө маалымкаттын, транзиттик же бажылык декларациянын, ошондой эле ушул Тартиптин 7-пунктунда көрсөтүлгөн документтердин жоктугу;
- салык кызматынын маалыматтык системасында башка ыйгарым укуктуу органдардын автоматтык контролдоо маалыматтары менен салыштырып текшерүү жолу менен аныкталуучу ТОКЭМСтен документтерди тариздебестен (токтобостон өтүү) бул автотранспорт каражаты менен өткөн мезгилдерде чек араны кесип өтүү фактысы болгон жерде коштомо кагаздын жоктугу;
- товардык коштоочу документтердин Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасын кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынан келип түшкөн сканерленген документтердин маалыматтары жана СГКДСтен же статикалык салмагынан алынган маалыматтар менен ылайык келбегендиги;
- ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин чек ара контролдоо органдарынын Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасын кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын белгиси (штампы) бар сканерленген товар коштоочу документтин жана/же эл аралык транспорттук коштомо кагаздын (СМR) жоктугу;
- тиешелүү коштомо кагаздын көрсөткүчтөрүнүн импорттолуучу товардын (жүктүн) иш жүзүндөгү көрсөткүчтөрүнө ылайык келбегендиги;
- товарды импорттоочуда/ташуучуда ЕАЭБ техникалык регламентине шайкештик сертификаты же ветеринардык жана фитосанитардык сертификаты же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана ЕАЭБ укугунун талаптарына ылайык стандарттарга шайкештик жөнүндө декларациясы сыяктуу товардык коштоочу документтердин, анын ичинде ТЭИ ТН коду көрсөтүлгөн документтин жоктугу;
- транспорт каражаты Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын өткөрүү пунктунан өткөндөн кийин 2 сааттын ичинде товарларды эсепке алуу пунктунан өтпөй калган учурда;
- ушул Тартиптин 381-пунктунда белгиленген учурда депозиттик эсепке же Казыналыктын бюджеттик эсебине акча каражаттарын салуу жөнүндө төлөм тапшырмасынын жоктугу;
- же болбосо ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен соода жүргүзүүнүн алкагында товарларды эсепке алуу боюнча маалыматтардын бурмаланышына алып келиши мүмкүн болгон башка бузууларда.
Товарларды эсепке алуу пунктунун ишине тартылган салык кызматы органынын кызмат адамы төмөнкү аракеттерди көрүүгө милдеттүү:
- бул тууралуу тиешелүү мобилдик топтун жооптуу кызмат адамына токтоосуз маалымдоого;
- ушул Тартиптин 2-тиркемесине ылайык маалыматтарды берүүнү эсепке алуу журналына жазууга;
- товарларды эсепке алуу пункту аркылуу маалымдоо мүмкүн болбогон учурда салык кызматынын жана/же укук коргоо органынын ыкчам-нөөмөт кызматтарынын линиясы боюнча тиешелүү мобилдик топко маалымдоого.
Мында товарларды эсепке алуу пунктунун кызмат адамы транспорт каражатын текшерип кароону жүргүзбөйт;
- тиешелүү мобилдик топтун кызмат адамына маалымдалгандан кийин анын келишин күтөт жана тийиштүү чараларды көрүү үчүн болгон документтерди мобилдик топко өткөрүп берет.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 123, 2024-жылдын 23-майындагы № 263, 2025-жылдын 21-майындагы № 272 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
42. Евразия экономикалык бирлигине мүчө болуп саналбаган мамлекеттерден Кыргыз Республикасына товарларды импорттоодо, ошондой эле товарларды Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу транзиттөөдө коштомо кагаздар колдонулбайт. Мындай учурда салык төлөөчү товарларды эсепке алуу пунктунун кызмат адамына эл аралык транспорттук коштомо кагаздын (СМR), транзиттик же бажы декларациясынын көчүрмөсүн берүүгө милдеттүү.
Товарларды эсепке алуу пунктунун тийиштүү кызмат адамы ушул Тартиптин 3-тиркемесине ылайык эл аралык транспорттук коштомо кагаздын (СМR), транзиттик же бажы декларацияларынын көчүрмөлөрүн журналга эсепке алат.
Ыйгарым укуктуу салык органы квартал сайын, отчеттук кварталдан кийинки айдын 20сынан кийинки күндөн кечиктирбестен бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга эл аралык транспорттук коштомо кагаздардын (СМR), транзиттик же бажы декларацияларынын реестрин андан ары контролдоо үчүн жөнөтөт.
43. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 123 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
44. Ушул Тартипте каралган, пайдаланылган (толтурулган) журналдар ыйгарым укуктуу салык кызматынын тиешелүү органына өткөрүлүп берилет.
5. Мобилдик топтун ишин уюштуруу
45. Мобилдик топ тиешелүү аймакка жана/же товарларды эсепке алуу пунктуна бекитилет.
Мобилдик топ товарларды эсепке алуу пунктунун кызмат адамынан же Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасын кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын кызмат адамынан маалыматты алгандан кийин 30 мүнөттүн ичинде товарларды эсепке алуу пунктуна же контролдоо-өткөрүү пунктуна келет, ушул Тартиптин 4-тиркемесине ылайык маалыматты кабыл алууну эсепке алуу журналына жазуу жолу менен маалыматты алгандыгын ырастайт жана ушул Тартиптин жоболоруна ылайык бул маалымат боюнча тиешелүү чараларды көрөт.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 123 токтомунун редакциясына ылайык)
46. Ушул Тартиптин 41-пунктунда көрсөтүлгөн товарларды эсепке алуу пунктунун кызмат адамынан маалыматты алгандан кийин мобилдик топ товарды (жүктү) кармайт.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 123 токтомунун редакциясына ылайык)
47. Мобилдик топ кармалган товарды (жүктү) убактылуу сактоо кампаларына (МБК УСК) же товарды импорттоочунун жана/же ташуучунун кампалык, өндүрүштүк аймагына жагдайларды аныктаганга жана ТОКЭМСтен тиешелүү коштомо кагаздын берилишин камсыз кылганга чейин жайгаштырат.
Казакстан Республикасында алып коюлган товарлар боюнча эсеп-фактурасы жок жана Кыргыз Республикасынын жана ЕАЭБдин ченемдик укуктук актыларында белгиленген талаптарга ылайык таризделген, ошол товарды Кыргыз Республикасынын аймагына ташып киргизүү укугун ырастоочу тиешелүү коштоочу документтери жок товарларды ташып киргизүү фактылары аныкталган учурда мобилдик топ тарабынан ал товарларды Казакстан Республикасынын аймагына кайтарып берүү боюнча токтоосуз чаралар көрүлөт.
Кыргыз Республикасына ташып киргизүүдө (импорттоодо) Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттер менен соода жүргүзүүнүн алкагында товарларды эсепке алуу пункттары аркылуу жеке пайдалануу үчүн жеке жактар тарабынан өткөрүлүүчү, аларга карата товардык коштоочу документтерди (эл аралык транспорттук коштомо кагаз - СМR же коштомо кагаз, эсеп-фактура) милдеттүү тариздөө талап кылынбаган товарлардын тизмеги жана товарларды ташып киргизүү боюнча сунушталган минималдык ченемдер менен белгиленген ченемдерден ашып кетүү менен жеке пайдалануу үчүн товарларды ташып киргизүү фактылары аныкталган учурда мобилдик топ кыйыр салыктарды төлөөнү камсыз кылуу боюнча чараларды көрүү үчүн материалдарды жеке жактын катталган жери боюнча аймактык салык органына жөнөтөт.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 123, 2024-жылдын 23-майындагы № 263, 2025-жылдын 18-декабрындагы № 811 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
48. Мобилдик топ төмөнкүлөргө укуктуу:
- жүктү кармоого жана убактылуу сактоочу кампаларга же сактоо үчүн аныкталган башка жерлерге чейин коштоп барууга;
- товардын иш жүзүндөгү көлөмүн, анын таандыктыгын контролдоого жана аныктоого, иш жүзүндөгү жүктү жана товардын аталышын товардык коштоочу документтерде көрсөтүлгөн маалыматтар менен салыштырып текшерүүгө, салыштырып текшерүү жана кароо жүргүзүү (кароо) үчүн пломбаларды ачууга.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 123 токтомунун редакциясына ылайык)
49. Товарларды эсепке алынбаган ташып киргизүү, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын жана ЕАЭБ укугун бузуу фактыларын аныктоо жана бөгөт коюу боюнча контролдук-ыкчам жана рейддик иш-чараларды жүзөгө ашыруу боюнча мобилдик топтун иш тартиби ыйгарым укуктуу салык органынын, ички иштер органынын, ветеринардык коопсуздук боюнча ыйгарым укуктуу органдын жана фитосанитардык коопсуздук боюнча ыйгарым укуктуу органдын биргелешкен чечими менен бекитилет.
|
| Кыргыз Республикасына ташып киргизүүдө (импорттоодо) Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттер менен соода жүргүзүүнүн алкагында товарларды эсепке алууну камсыз кылуу тартибине 1-тиркеме |
Форма
Товарларды эсепке алуу пунктунун (ТЭП) техникалык мүчүлүштүктөрдү эсепке алуу ЖУРНАЛЫ
Датасы ______________________
ТЭП аталышы_________________________________________________
_____________________________________________________________
№ к/н | Техникалык мүчүлүштүктөрдүн аталышы | Датасы | Техникалык мүчүлүштүктөрдүн убактысы саат ______ дан __________ га чейин | ТЭП кызматкеринин колу | ТЭП кызматкеринин аты-жөнү |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
ТЭП ыйгарым укуктуу кызматкерлеринин колу |
| Аты-жөнү_______________________ |
|
| Кыргыз Республикасына ташып киргизүүдө (импорттоодо) Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттер менен соода жүргүзүүнүн алкагында товарларды эсепке алууну камсыз кылуу тартибине 2-тиркеме |
Форма
Маалымат берүүнү эсепке алуу ЖУРНАЛЫ
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 123 токтомунун редакциясына ылайык)
№ | Маалымат берилген убакыт, датасы | Маалыматты берген товарларды эсепке алуу пунктунун кызматкеринин аты-жөнү жана кызмат орду | Автотранспорт каражаты жана айдоочу жөнүндө маалымат | Ташылуучу жүктүн (товардын) негизги түрү | Маалыматты кабыл алган салык кызматы органынын кызматкеринин аты-жөнү жана кызмат орду | |||
Автотранспорт каражатынын маркасы | Автотранспорт каражатынын мамлекеттик номери | Айдоочунун аты-жөнү | ||||||
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| Кыргыз Республикасына ташып киргизүүдө (импорттоодо) Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттер менен соода жүргүзүүнүн алкагында товарларды эсепке алууну камсыз кылуу тартибине 3-тиркеме |
Форма
Эл аралык транспорттук коштомо кагаздарды (CMR) жана транзиттик (бажылык) декларацияларды эсепке алуу ЖУРНАЛЫ
№ | Жазуу датасы | Эл аралык транспорттук коштомо кагаздын (СМR) жана транзиттик (бажылык) декларациянын номери | Эл аралык транспорттук коштомо кагаздын (СМR) жана транзиттик (бажылык) декларациянын датасы | Алуучу өлкө | Жөнөткөн өлкө | Салык төлөөчү жөнүндө маалымат | Товарларды эсепке алуу пунктунун жооптуу адамынын аты-жөнү, кызмат орду | Колу | |
Аталышы | ИСН | ||||||||
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 | 10 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Эскертүү:
Журналдагы жазуу товарларды эсепке алуудан өтүүдө салык төлөөчү тарабынан берилген эл аралык транспорттук коштомо кагазда (СМR) же транзиттик (бажылык) декларацияда көрсөтүлгөн маалыматтардын негизинде ошол замат жүргүзүлөт.
|
| Кыргыз Республикасына ташып киргизүүдө (импорттоодо) Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттер менен соода жүргүзүүнүн алкагында товарларды эсепке алууну камсыз кылуу тартибине 4-тиркеме |
Форма
Маалымат берүүнү эсепке алуу ЖУРНАЛЫ
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 123 токтомунун редакциясына ылайык)
№ к/н | Маалыматты алуу убактысы, датасы | Cалык кызматынын органынын кызматкеринин аты-жөнү жана кызмат орду | Автотранспорт каражаты жана айдоочу жөнүндө маалымат | Ташылуучу жүктүн (товардын) негизги түрү | Маалымат берип жаткан кызматкеринин аты-жөнү жана кызмат орду | Көрүлгөн чаралар жөнүндө маалымат | |||
Автотранспорт каражатынын маркасы | Автотранспорт каражатынын мамлекеттик номери | Айдоочунун аты-жөнү | |||||||
1 | 2 | 3 | 4 | 6 | б | 7 | 8 | 9 | 10 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| Кыргыз Республикасына ташып киргизүүдө (импорттоодо) Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттер менен соода жүргүзүүнүн алкагында товарларды эсепке алууну камсыз кылуу тартибине 5-тиркеме |
Форма
Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттер менен соода жүргүзүүдө Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы аркылуу товарлардын өтүүсүн эсепке алуу ЖУРНАЛЫ
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 123 токтомунун редакциясына ылайык)
Аталышы____________________________
№ | Жазуу датасы | Коштомо кагаздын номери жана датасы | Жүк алуучу тууралуу маалымат | Инвойс эсеп-фактурасынын № жана датасы | Жүк тууралуу маалымат | Жүк жөнөтүүчү тууралуу маалымат | |||||||||||
Аталышы | ИСН | Коду | МСКБ коду | ТЭИ ТН боюнча товардын тобунун коду | Жүктүн аталышы | Өлчөө бирдиги | Көлөмү (салмагы) | Жүктүн максаттуу багыты | Жүктүн түрү (консолидацияланган - "К", консолидацияланбаган - "КЭ") | Ташып кирүү белгиси (убактылуу ташып кирүү - "У", башкасы - "-'*) | Жөнөткөн өлкө | Субъекттин аталышы | Субъекттин ИСНи | ||||
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 | 10 | 11 | 12 | 13 | 14 | 15 | 16 | 17 | 18 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| Кыргыз Республикасына ташып киргизүүдө (импорттоодо) Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттер менен соода жүргүзүүнүн алкагында товарларды эсепке алууну камсыз кылуу тартибине 6-тиркеме |
Форма
Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттер менен соода жүргүзүүдө "Кыргыз почтасы" ачык акционердик коому тарабынан 202___-жылдын ___________
үчүн берилүүчү почта жөнөтүүлөрүн Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы аркылуу алып өтүүнү эсепке алуу жөнүндө
МААЛЫМАТ
(Аталышы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 23-майындагы № 263 токтомунун редакциясына ылайык)
№ к/н | Почта жөнөтүүсүн берген жери жана номерлери | Почта жөнөтүүсүн алуучунун дареги | Почта жөнөтүүсүн алуучунун аты-жөнү | Почта жөнөтүүсүнүн салмагы | Почта жөнөтүүсүнүн баалуулугу (почта жөнөтүүсүнүн баалуулугун жарыялаганда) | Эскертүү |
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Жетекчинин колу |
|
|
|
|
|
Жооптуу кызматкердин колу |
|
|
|
|
|
МО. |
|
|
| Кыргыз Республикасына ташып киргизүүдө (импорттоодо) Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттер менен соода жүргүзүүнүн алкагында товарларды эсепке атууну камсыз кылуу 7-тиркеме |
Форма
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин "Атайын байланыш кызматы" мамлекеттик
ишканасы тарабынан салык кызматынын органдарына 202___-жылдын ____________ үчүн берилүүчү
Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттер менен соода жүргүзүүдө Кыргыз Республикасынын
Мамлекеттик чек арасы аркылуу жүктөрдү (товарларды) алып өтүүнү эсепке алуу жөнүндө
МААЛЫМАТТАР
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 23-майындагы № 263 токтомунун редакциясына ылайык)
№ | Ташып киргизүү датасы | Жүк алуучу тууралуу маалыматтар | Инвойс эсеп- фактурасынын № жана датасы | Жүк тууралуу маалыматтар | Жүк жөнөтүүчү тууралуу маалыматтар | ||||||||
Субъекттин аталышы | ИСН | МСКБ коду | ТЭИ ТН боюнча товардын тобунун коду | Жүктүн аталышы | Өлчөө бирдиги | Көлөмү (салмагы) | Наркы (сом) | Жөнөткөн өлкө | Субъекттин аталышы | Субъекттин ИСНи | |||
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 | 10 | 11 | 12 | 13 | 14 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Жетекчинин колу
Жооптуу кызматкердин колу
М.О. |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| ||