Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИ
ТОКТОМУ
2023-жылдын 3-марты № 123
Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттер менен соода жүргүзүүнүн алкагында Кыргыз Республикасына ташып киргизүүдө (импорттоодо) салык салуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 15-сентябрындагы № 475 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 5-сентябрындагы № 304 "Контрабандага жана товарларды Кыргыз Республикасынын аймагына эсепке алынбаган ташып келүүгө каршы күрөшүү боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу жана кыйыр салыктарды башкарууну жакшыртуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 15-сентябрындагы № 475 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-февралындагы № 95 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 59, 85, 127, 130, 131, 329, 414 жана 415-беренелеринин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
аталган токтом менен бекитилген Рейддик салык контролун жүргүзүү жана материалдарын тариздөө тартибинде:
- 451, 452-пункттардагы "товарды (жүктү)" деген сөздөр "автотранспорт каражатын жана/же товарды (жүктү)" деген сөздөргө алмаштырылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-апрелиндеги № 221 "Кыргыз Республикасына ташып киргизүүдө (импорттоодо) Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттер менен соода жүргүзүүнүн алкагында товарларды эсепке алууну камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасына ташып киргизүүдө (импорттоодо) Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттер менен соода жүргүзүүнүн алкагында товарларды эсепке алууну камсыз кылуу тартибинде:
- 2-пунктта:
2-пунктчанын экинчи абзацындагы "Коштомо кагазда көрсөтүлгөн" деген сөздөр алып салынсын, "товардын" деген сөз баш тамга менен жазылсын;
5-пунктчадагы "укук коргоо органынын статусуна ээ" деген сөздөр алып салынсын;
13-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"13) товардык коштоочу документтер - эл аралык автомобилдик коштомо кагаз, темир жол транспорттук коштомо кагаз, товардык-транспорттук коштомо кагаз, бирдиктүү үлгүдөгү коштомо кагаз, багаж ведомосту, почта ведомосту, багаж квитанциясы, авиа коштомо кагазы, коносамент жана акциздик товарлардын айрым түрлөрүн ташууда пайдаланылуучу, ошондой эле транспорт жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларында жана Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдерде каралган ташууларда товарларды жана транспорт каражаттарын коштоочу башка документтер; эсеп-фактуралар, спецификациялар, жүктөө жана таңгактоо барактары, ошондой эле товарлар жөнүндө маалыматтарды, анын ичинде товарлардын наркын тастыктаган жана Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдерге ылайык пайдаланылуучу башка документтер;";
- 5-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5. ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин аймагынан Кыргыз Республикасынын аймагына товарды ташып келүү (импорттоо) датасы болуп төмөнкү даталар эсептелет:
- көздөгөн станцияга келген дата - товарларды темир жол транспорту менен ташууда;
- ыйгарым укуктуу уюмдар тарабынан товар таризделген дата - товарларды аба транспорту менен ташууда;
- товарларды эсепке алуу пунктунун ишине тартылган салык органынын кызмат адамы тарабынан "Жыйынды пост" АМСте коштомо кагаз кабыл алынган дата - товарларды автомобиль транспорту менен ташууда;
- ушул Тартиптин 21-пунктунда көрсөтүлгөн учурларда кагаз жүзүндө берилген коштомо кагаздын штампында көрсөтүлгөн дата.";
- 7, 8-пункттардагы "коштоочу" деген сөз "товардык коштоочу" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 9-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"9. Импорттоочу жана/же анын ыйгарым укуктуу адамы Казакстан Республикасында алып коюлууга туш болгон товарлар боюнча эсеп-фактурада жана ушул Тартиптин 7 жана 31-пункттарында көрсөтүлгөн товардык коштоочу документтерде көрсөтүлүүчү маалыматтардын аныктыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине жана Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине ылайык жоопкерчилик тартат.";
- 10-пункттун биринчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Кыргыз Республикасынын аймагына товарларды импорттоо фактысы боюнча импорттоочу жана/же анын ыйгарым укуктуу адамы тарабынан салык органдарына салык отчеттору берилет жана Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында белгиленген тартипте импорт боюнча кыйыр салыктар төлөнөт.";
- 11-пункттагы "тийиштүү" деген сөз алып салынсын;
- 16-пункттун биринчи абзацындагы "коштомо кагаздын электрондук формасын" деген сөздөр "электрондук коштомо кагазды" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 17-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"17. Консолидацияланган жүктү импорттоого (ташып киргизүүгө) чейин импорттоочу/ташуучу жүктүн (товардын) ар бир алуучусуна коштомо кагазды же консолидацияланган жүккө коштоочу кагазды тариздейт, ага жүк алуучулар жөнүндө кошумча маалыматтар киргизилет.
Консолидацияланган жүктүн курамында ишкердик максаттар үчүн товарларды импорттогон (ташып киргизген) учурда жүктү (товарды) алуучу импорттоочуну/ташуучуну ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдөн импорттоо максаттары үчүн салыктык каттоосу жөнүндө маалымкаттын каттоо номери жана товарларды эсепке алуу пунктуна андан ары берүү үчүн эсеп-фактура менен камсыз кылууга милдеттүү.";
- 21-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"21. ЕАЭБге мүчө мамлекетте сатып алынган автотранспорт каражатын Кыргыз Республикасынын аймагына ташып кирүүдө ага 2 нускада кагаз жүзүндөгү коштомо кагаз таризделет, ага автотранспорт каражаттарын каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда автотранспорт каражатын каттоо үчүн зарыл болгон төмөнкүдөй кошумча маалыматтар киргизилет:
- автотранспорт каражатынын маркасы;
- автотранспорт каражатынын идентификациялык номери (VIN коду);
- автотранспорт каражатынын тиби;
- кыймылдаткычтын көлөмү;
- чыгарылган жылы.
"ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден товарларды импорттоо максаттары үчүн" деген белгиси бар салыктык каттоосу бар экендиги жөнүндө маалымкат жана электрондук формадагы коштомо кагаз милдеттүү эмес.";
- төмөнкүдөй мазмундагы 211-пункт менен толукталсын:
"211 Автотранспорт каражаты товарларды эсепке алуу пунктунан эсепке алуу жол-жобосунан өтпөстөн Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы аркылуу ташылып келген учурда, автотранспорт каражатынын ээси же болбосо ал ыйгарым укук берген адам товарларды эсепке алуу пунктуна төмөнкүлөрдү көрсөтүүгө милдеттүү:
- ким экендигин ырастоочу документтин көчүрмөсүн;
- автотранспорт каражатынын документтеринин көчүрмөлөрүн;
- нотариалдык ишеним каттын же болбосо ушул автотранспорт каражаты менен байланышкан маселелер боюнча мамлекеттик органдарга кайрылууга ыйгарым укук берген башка документтин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн;
- ушул автотранспорт каражатынын мамлекеттик чек арадан өтүү фактысы жөнүндө Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдан ырастоочу маалыматтарды (датасы, убактысы, өткөн жери, ушул автотранспорт каражаты жана анын ээси тууралуу маалыматтар);
- эки нускада кагаз жүзүндөгү коштомо кагазды.
Товарларды эсепке алуу пунктунун кызмат адамы берилген документтердин негизинде коштомо кагазга Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын маалыматында көрсөтүлгөн датаны жана штампты коет жана коштомо кагаздын бир нускасын автотранспорт каражатынын ээсине кайтарып берет.";
- 31-пункттагы "импорттоочунун/жүк ташуучунун" деген сөздөр "импорттоочунун/ташуучунун" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 34-пунктта:
биринчи абзацында "укук коргоо органынын статусуна ээ" деген сөздөр алып салынсын;
экинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Салык органы Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттер менен соода жүргүзүүнүн алкагында Кыргыз Республикасына ташып келүүдө (импорттоодо) товарларды эсепке алууну жүзөгө ашырууда товарларды эсепке алуу пункттарынын ишин уюштурууда координациялоочу орган болуп саналат жана зарыл болгон учурда тиешелүү сунуштарды киргизет.";
төртүнчү абзац күчүн жоготту деп таанылсын;
- 35-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"35. Товарларды автомобиль транспорту менен ташып келүүдө импорттоочу/ташуучу мамлекеттик чек аранын автожол контролдук-өткөрмө пунктунан өткөндөн кийин СГКДСте транспорттук эсепке алуудан өтөт жана салмактык контролдон өтүү үчүн товарларды эсепке алуу пунктуна чейин барат.";
- 37-пункттагы "тиешелүү" деген сөз алып салынсын;
- 38, 39-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"38. Товарларды эсепке алуу пунктунун тиешелүү кызмат адамы импорттолуучу товар (жүк) жөнүндө берилген документтерди төмөнкү аракеттерди жасоо жолу менен каттоого алат:
1) товарларды ташуу жана/же өткөрүп берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу уюмдун жооптуу адамынан ташылуучу товарга (жүккө) товардык коштоочу документтерди, темир жол коштомо кагаздарынын/авиа коштомо кагаздарынын нускаларын алардын көчүрмөлөрү менен, транзит учурунда - транзиттик декларациянын көчүрмөсүн кабыл алат;
2) товарды импорттоочудан же анын ыйгарым укуктуу адамынан салык төлөөчүнүн жеке кабинетинде таризделген электрондук коштомо кагаздын каттоо номери, "ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден товарларды импорттоо максаты үчүн" деген белгиси бар салыктык каттоосу бар экендиги жөнүндө маалымкатты номери жана датасы менен кабыл алат;
- Казакстан Республикасында алып коюлууга дуушар болгон товарлар боюнча электрондук эсеп-фактуралардын кагаз жүзүндөгү көчүрмөлөрүн жана Кыргыз Республикасынын жана ЕАЭБдин ченемдик укуктук актыларында белгиленген талаптарга ылайык таризделген, ошол товарды Кыргыз Республикасынын аймагына ташып киргизүү укугун ырастоочу тиешелүү коштоочу документтерди.
Мында Казакстан Республикасында алып коюлууга дуушар болгон товарлар боюнча электрондук эсеп-фактурасында жана товардык коштоочу документтерде көрсөтүлгөн маалыматтар Казакстан Республикасынын тийиштүү органдарынан алынган маалыматтарга ылайык келүүгө тийиш;
3) ташылуучу товарга (жүккө) карата товардык коштоочу документтер салык төлөөчүнүн жеке кабинети аркылуу таризделген коштомо кагаздын маалыматтары менен салыштырат;
4) Салык кызматынын "Жыйынды пост" АМСтен ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден алдыдагы импорт жөнүндө "ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден товарларды импорттоо максаты үчүн" деген белги менен салыктык каттоосунун бар экендиги жөнүндө маалымкаттын болушун текшерет;
5) товардык коштоочу документтерди Мамлекеттик чек арасын кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдан келип түшкөн, республиканын аймагына товарларды ташып келүү үчүн негиз болуп саналган сканерленген документтердеги маалыматтар жана СГКДС маалыматы жана/же статикалык салмагы менен салыштырып текшерет;
6) товардык коштоочу документтерди Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасынан жана "Компания Манас Менеджмент" жабык акционердик коомунан, "Манас" эл аралык аэропорту" ачык акционердик коомунан же товарларды эсепке алуу жана/же жүктү алуучуга өткөрүп берүү милдети жүктөлгөн агенттен келип түшкөн сканерленген документтердеги маалыматтар менен салыштырып текшерет;
7) товардык коштоочу документтердеги маалыматтарга ылайык келүү предметине карата жүктөргө кароо жүргүзөт жана зарыл болгон учурда:
- сүрөткө/видеого тартат;
- эгерде жүк ЕАЭБге мүчө мамлекеттин ишкердик субъекти тарабынан пломбаланса, кароо жүргүзүү үчүн пломба алынат.
Пломбаны алуу учурунда кызмат адамы пломбаны алуу актысын эки нускада түзөт, алардын бир нускасын импорттоочуга же анын өкүлүнө берет;
8) коштомо кагаздар кагаз жүзүндө берилген учурда салык кызматынын "Жыйынды пост" АМСине импорт жөнүндө маалыматтар киргизилет;
9) уюштуруу техникасы техникалык жактан бузулган же электр энергиясы, интернет байланышы жок болгон учурда же салык кызматынын маалыматтык системасында өткөрүлүп жаткан товарларды эсепке алуу жол-жобосун жүргүзүүгө мүмкүндүк бербеген башка объективдүү себептер болгондо, "Жыйынды пост" АМСтин ишин камсыз кылуу максатында түздөн-түз жетекчиликке жана салыктын маалыматтык системаларын техникалык колдоону камсыз кылуу үчүн бекитилген жооптуу кызматкерге токтоосуз кабарлайт жана себептерин көрсөтүү менен 1-тиркемеге ылайык техникалык бузулууларды эсепке алуу журналына жазат, ошондой эле техникалык бузулуулар жөнүндө акт түзөт;
10) автотранспорт каражаттарын жеке (ишкердик эмес) максатта импорттоодо/ташып келүүдө, ошондой эле ушул Тартиптин 12-пунктунда көрсөтүлгөн учурларда, импортоочу салык кызматынын кызмат адамына кагаз жүзүндө коштомо кагаздарды 2 нускада андан ары "Жыйынды пост" АМСке каттоо үчүн берет, аларга товарларды эсепке алуу пунктунан өткөн датаны көрсөтүү менен штамп коет жана 1 нускасын импорттоочуга кайтарып берет, ошондой эле 5-тиркемеге ылайык журнал толтурат.
39. Товарларды эсепке алуу пунктунун кызмат адамы кагаз жүзүндө кабыл алынган коштомо кагаздардын, транзиттик же бажылык декларациялардын реестрин түзөт, алар реестр боюнча салык кызматынын органына күн сайын өткөрүп берилет.";
- 41-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"41. Төмөнкү фактылар белгиленген учурда:
- товарларды импорттоочуда/ташуучуда тиешелүү коштомо кагаздын, "Жыйынды пост" АМСте "ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден товарларды импорттоо максаттары үчүн" деген белгиси бар салыктык каттоосу бар экендиги жөнүндө маалымкаттын, транзиттик же бажылык декларациянын, ошондой эле ушул Тартиптин 7-пунктунда көрсөтүлгөн документтердин жоктугу;
- салык кызматынын маалыматтык системасында башка ыйгарым укуктуу органдардын автоматтык контролдоо маалыматтары менен салыштырып текшерүү жолу менен аныкталуучу жыйынды посттон документтерди тариздебестен (токтобостон өтүү) бул автотранспорт каражаты менен өткөн мезгилдерде чек араны кесип өтүү фактысы болгон жерде коштомо кагаздын жоктугу;
- товардык коштоочу документтердин Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасын кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынан келип түшкөн сканерленген документтердин маалыматтары жана СГКДСтен же статикалык салмагынан алынган маалыматтар менен ылайык келбегендиги;
- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасын кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдан сканерленген товардык коштоочу документтин (версиясы) жоктугу;
- тиешелүү коштомо кагаздын көрсөткүчтөрүнүн импорттолуучу товардын (жүктүн) иш жүзүндөгү көрсөткүчтөрүнө ылайык келбегендиги;
- товарды импорттоочуда/ташуучуда ЕАЭБ техникалык регламентине шайкештик сертификаты же ветеринардык жана фитосанитардык сертификаты же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана ЕАЭБ укугунун талаптарына ылайык стандарттарга шайкештик жөнүндө декларациясы сыяктуу товардык коштоочу документтердин, анын ичинде ТЭИ ТН коду көрсөтүлгөн документтин жоктугу;
- транспорт каражаты Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын өткөрүү пунктунан өткөндөн кийин 2 сааттын ичинде товарларды эсепке алуу пунктунан өтпөй калган учурда;
- же болбосо ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен соода жүргүзүүнүн алкагында товарларды эсепке алуу боюнча маалыматтардын бурмаланышына алып келиши мүмкүн болгон башка бузууларда.
Товарларды эсепке алуу пунктунун ишине тартылган салык кызматы органынын кызмат адамы төмөнкү аракеттерди көрүүгө милдеттүү:
- бул тууралуу тиешелүү мобилдик топтун жооптуу кызмат адамына токтоосуз маалымдоого;
- ушул Тартиптин 2-тиркемесине ылайык маалыматтарды берүүнү эсепке алуу журналына жазууга;
- товарларды эсепке алуу пункту аркылуу маалымдоо мүмкүн болбогон учурда салык кызматынын жана/же укук коргоо органынын ыкчам-нөөмөт кызматтарынын линиясы боюнча тиешелүү мобилдик топко маалымдоого.
Мында товарларды эсепке алуу пунктунун кызмат адамы транспорт каражатын текшерип кароону жүргүзбөйт;
- тиешелүү мобилдик топтун кызмат адамына маалымдалгандан кийин анын келишин күтөт жана тийиштүү чараларды көрүү үчүн болгон документтерди мобилдик топко өткөрүп берет.";
- 43-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
- 45-пунктта:
биринчи абзацтагы "(мындан ары - тийиштүү мобилдик топ)" деген сөздөр алып салынсын;
экинчи абзацтагы "Тийиштүү мобилдик топ" деген сөздөр "Мобилдик топ" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 46-пункттагы "тийиштүү" деген сөз алып салынсын;
- 47-пункттагы "Тийиштүү мобилдик топ" деген сөздөр "Мобилдик топ" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 48-пунктта:
биринчи абзацтагы "Тийиштүү мобилдик топ" деген сөздөр "Мобилдик топ" деген сөздөргө алмаштырылсын;
үчүнчү абзацтагы "жүктү коштоочу" деген сөздөр "товардык коштоочу" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- жогоруда аталган Тартиптин 2-тиркемесиндеги "укук коргоо органынын статусуна ээ" деген сөздөр алып салынсын;
- жогоруда көрсөтүлгөн Тартиптин 4-тиркемесиндеги "Укук коргоо органынын статусуна ээ", "товарларды эсепке алуу пунктунун" деген сөздөр алып салынсын;
- жогоруда аталган Тартиптин 5-тиркемесиндеги "темир жол/аба транспорту менен", "Станциянын/аэропорттун" деген сөздөр алып салынсын;
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасына ташып киргизүүдө (импорттоодо) Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттер менен соода жүргүзүүнүн алкагында товарларды эсепке алуу пункттары аркылуу (мындан ары - товарларды эсепке алуу пункттары) жеке пайдалануу үчүн жеке жактар тарабынан өткөрүлүүчү, аларга карата товардык коштоочу документтерди (эл аралык транспорттук коштомо кагаз - CMR же коштомо кагаз, эсеп-фактура) милдеттүү тариздөө талап кылынбаган товарлардын тизмесинде:
- 193, 194-пункттар күчүн жоготту деп таанылсын.
4. Ыйгарым укуктуу салык органы күнү-түнү видеобайкоо жүргүзүү жана кармалган транспорт каражаттарынын, товарлардын (жүктөрдүн) сакталышын жана коопсуздугун камсыз кылуу мүмкүнчүлүгү менен транспорт каражаттарынын атайын бөлүнгөн токтотуучу жайларын уюштурсун.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2023-жылдын 10-мартындагы № 18 (3467) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |