Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын сентябрындагы № 605 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИ
ТОКТОМУ
2022-жылдын 9-сентябры № 509
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 20-июнундагы № 326 "Улуттук экономиканын субъекттерине кепилдик берүү тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Өлкөнүн улуттук, экономикалык жана азык түлүк коопсуздугун камсыздоого багытталган кризиске каршы чараларды натыйжалуу ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 20-июнундагы № 326 "Улуттук экономиканын субъекттерине кепилдик берүү тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 5-пунктунун 1-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1) жыл сайын улуттук экономиканын субъекттерине кепилдик берүү механизмин ишке ашырууга тиешелүү жылга республикалык бюджетте каражаттарды карасын;";
2) төмөнкүдөй мазмундагы 5-1-пункт менен толукталсын:
"5-1. Финансы-кредиттик уюмдарга ушул токтом менен бекитилген Улуттук экономиканын субъекттерине кепилдик берүү тартибин жетекчиликке алуу сунушталсын.";
3) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Улуттук экономиканын субъекттерине кепилдик берүү тартиби ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” газетасынын 2022-жылдын 16-сентябрында № 83(3418) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У.Жапаров |
Улуттук экономиканын субъекттерине кепилдик берүү тартиби
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Тартип Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансы-кредиттик фонд (мындан ары - Фонд) тарабынан улуттук экономика субъекттерине кепилдик берүү жол-жоболорун регламенттейт.
2. Бул Тартипте төмөнкүдөй аныктамалар колдонулат:
1) улуттук коопсуздук - бул инсандын, коомдун, мамлекеттин, ошондой эле анын эгемендүүлүгүнүн, аймактык бүтүндүгүнүн жана тышкы жана ички коркунучтардан көз карандысыздыгынын корголуусуна кепилденген абалы;
2) бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - бюджеттик жана финансылык чөйрөлөрдө мамлекеттик саясатты иштеп чыгууга, координациялык жөнгө салууну жана аткаруу функцияларын аткарууга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан ыйгарым укук берилген аткаруу бийлигинин борбордук органы;
3) экономикалык болжолдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан экономикалык өнүктүрүү жана салык жаатында бирдиктүү мамлекеттик саясатты иштеп чыгууга жана ишке ашырууга ыйгарым укук берилген аткаруу бийлигинин борбордук органы;
4) кепилдик - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимине ылайык берилүүчү улуттук экономиканын субъекттеринин финансы-кредиттик, эл аралык жана чет өлкөлүк уюмдардын (мындан ары - кредит берүүчүлөр) алдындагы кредит жана банктык кепилдик боюнча милдеттенмелерин аткаруу үчүн бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын атынан жооп берүүгө Фонддун милдеттенмеси;
5) азык-түлүк коопсуздугу - республиканын азык-түлүккө көз карандысыздыгын камсыз кылуучу жана тамак-аш азыктарын керектөөнүн белгиленген минималдуу ченемдерине ылайык калк үчүн тамак-аштын физикалык жана экономикалык жеткиликтүүлүгүн кепилдөөчү Кыргыз Республикасынын экономикасынын абалы;
6) экономикалык коопсуздук - бул улуттук экономиканын тышкы жана ички коркунучтардан корголуу абалы, экономикалык системанын туруктуулугунун узак мөөнөттүү абалы, ошондой эле экономикалык иштин субъекттеринин керектөөлөрүн канааттандыруу жана кеңейтүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылган экономикалык өнүгүү мүмкүнчүлүгү, татыктуу жашоо деңгээлин колдоо жөндөмдүүлүгү.
2. Кепилдик берүүнүн шарттары
3. Улуттук экономиканын субъекттерине (мындан ары - субъект) кепилдик берүү чечими Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан кабыл алынат.
4. Экономикалык болжолдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган кепилдик берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимдеринин долбоорун демилгелейт. Субъекттер төмөнкү критерийлерге жооп бериши керек:
1) Кыргыз Республикасынын резиденттери;
2) 5 (беш) жылдан кем эмес иш жүргүзгөн жана акыркы 3 (үч) жыл аралыгында финансылык-чарбалык иштин оң натыйжасына ээ болгондор, ошондой эле ишенимдүү жана туруктуу иштегендер;
3) өлкөнүн экономикалык иши, өлкөнүн улуттук жана азык-түлүк коопсуздугу үчүн стратегиялык мааниге ээ болгондор;
4) салык төлөө жана бюджетке башка милдеттүү төлөмдөр боюнча, ошондой эле бюджеттик кредиттер боюнча мөөнөтү өткөн карыздарынын жоктугу;
5) ушул пункттун 2-пунктчасы өлкөнүн экономикалык, азык-түлүк жана улуттук коопсуздугун камсыз кылуу зарылдыгы келип чыккан учурда уставдык капиталында катыштык үлүшүнөн 50 пайыз же андан ашык бөлүгү мамлекетке таандык болгон субъекттерге карата колдонулбайт.
5. Кепилдик берүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимдерин демилгелөө үчүн субъекттер экономикалык болжолдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга төмөнкү документтерди берүүгө тийиш:
1) каттоо жана уюштуруу документтеринин (устав, каттоо тууралуу күбөлүк, патент, уюштуруу келишими) мөөр менен күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү;
2) жетекчинин паспортунун, кызмат ордуна дайындоо тууралуу буйруктун көчүрмөлөрү;
3) акыркы үч жылга карата финансылык отчет.
6. Кепилдик Фонд тарабынан субъекттин төлөө жөндөмдүүлүгүн талдоонун жыйынтыгы менен кредит берүү жөнүндө кредит берүүчүлөрдүн жактыргандыгы тууралуу корутунду алгандан кийин берилет.
7. Кредит берүүчүлөр субъектке финансылык талдоо жүргүзүүгө жоопкерчилик тартат.
8. Кепилдик насыя жана кирешелүүлүк боюнча күрөөлүк камсыздоосу милдеттенмелердин толук же жетишпеген бөлүгү боюнча камсыз кылуу үчүн берилет.
9. Милдеттенмелер боюнча кепилдик кредиттик келишимдин колдонуудагы мөөнөтүнө берилет.
10. Кредиттик келишим жана банктык кепилдик боюнча милдеттенмелерди камсыз кылууда кепилдик берүү үчүн төмөнкү өлчөмдөгү бир жолку комиссия алынат:
1) эгерде кепилдик менен камсыз кылынган милдеттенменин өлчөмү бир миллиард сомдон ашыкты түзсө, кепилдик суммасынан бир пайыз;
2) эгерде кепилдик менен камсыз кылынган милдеттенменин өлчөмү бир миллиард сомго чейин болсо, кепилдик суммасынан эки пайыз.
11. Кредиттик ресурстарды максатсыз пайдалангандыгы жана ишенимдүү эмес маалыматтарды жана документтерди бергендиги үчүн субъекттерге кепилдик берүү келишимине ылайык кепилдик суммасынан 5 пайыз өлчөмүндө айып салынат.
12. Кепилдик келишимин тариздөө менен байланышкан бардык чыгымдар субъектке жүктөлөт.
13. Субъект тарабынан милдеттенмелерди аткарууда Фонддун кепилдик түрүндө камсыздалган милдеттенмелери биринчи кезектеги тартипте бошотулат.
14. Фонддун жоопкерчилиги субъект тарабынан кредиттик келишим боюнча кепилдик менен камсыздалган милдеттенмелер аткарылбаган же талаптагыдай аткарылбаган учурда Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык жана кепилдик суммасынын өлчөмүндө аныкталат.
15. Кепилдикти аткаруу боюнча Фонддун милдеттенмелери республикалык бюджетте бекитилген каражаттардын эсебинен жүргүзүлөт.
16. Фонддун алыш-бериш эсептери жана атайын эсеби камакка алынбайт же өндүрүп алуу мүмкүн эмес.
17. Субъекттин милдеттенмелерин аткаруу боюнча Фонддун милдети субъект тарабынан милдеттенмелерди аткаруу мөөнөтү бузулган учурда келип чыгат. Мында кредит берүүчү субъект тарабынан жол берилген келишимдин шарттарын бузгандыгы жөнүндө Фондго жазуу жүзүндө билдирет.
18. Ушул Тартиптин 17-пунктунда көрсөтүлгөн Фонддун милдети субъекттин ссудалык эсеби боюнча күбөлөндүрүлгөн көчүрмөнү бергенден жана кредит берүүчү тарабынан келишимдерде жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте карыздарды өндүрүү боюнча бардык чаралар ишке ашырылгандан кийин келип чыгат.
19. Фонд субъекттин милдеттенмелерин аткаргандан кийин кредит берүүчүнүн бардык укуктары Фонд тарабынан аткарылган милдеттенмелердин көлөмүндө регресс тартибинде Фондго өтөт. Мында кредит берүүчү кепилдик келишими боюнча Фонд милдеттенмелерди аткарган күндөн тартып үч күндүк мөөнөттө карызкор-субъектке карата талап кылуу укугун күбөлөндүргөн документтерди Фондго өткөрүп берүүгө тийиш.
20. Фонд Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык кепилдик келишими боюнча милдеттенмени аткаруу үчүн кредит берүүчүгө Фонд тарабынан төлөнгөн суммаларды субъекттен регресс түрүндө өндүрүп алат.
3. Берилген кепилдиктин алкагында субъекттин ишине мониторинг жүргүзүү
21. Фонд түзүлгөн кепилдик келишиминин алкагында субъекттин ишине мониторинг жүргүзүүгө укуктуу.
22. Субъект Фонддун биринчи талабы боюнча анын ишин сапаттуу жана объективдүү талдоо үчүн зарыл болгон бардык суралган маалыматтарды берүүгө милдеттүү.
4. Кепилдик берүү үчүн каражаттарды түзүү булактары
23. Кепилдиктерди берүү үчүн каражаттарды түзүү булактары болуп төмөнкүлөр саналат:
1) жалпы чыгашалардын бир пайызынан ашпаган өлчөмдө республикалык бюджеттин каражаттары (кепилдик берүү каражаттарын кошпогондо);
2) Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгынын Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында ачылган, тескөөсү донорлордун макулдугун талап кылбаган жана донорлордун макулдугу менен топтолгон каражаттар.
5. Кепилдик берүү үчүн каражаттарды түзүү тартиби
24. Субъекттерге кепилдик берүү үчүн каражаттар тиешелүү жылга республикалык бюджет жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралат.
25. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгынын Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында ачылган топтоо эсептериндеги каражаттардын эсебинен кепилдик берүүдө көрсөтүлгөн каражаттар Фонддун коммерциялык банктардагы депозиттик эсептеринде жайгаштырылат.
Донорлордун макулдугу талап кылынган Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгынын Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында ачылган топтоо эсептериндеги каражаттар белгиленген тартипте донорлор менен макулдашылгандан кийин Фонддун коммерциялык банктардагы депозиттик эсептерине жайгаштырылат.
26. Кепилдик берүү үчүн комиссия жана жайгаштырылган депозиттерден алынган пайыздык кирешелер Фонддун атайын эсебине которулат.
27. Ушул Тартиптин 11-пунктунда көрсөтүлгөн айыптар Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарына ылайык республикалык бюджетке которулат.".