Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 17-июну № 325
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 24-октябрындагы № 748 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мыйзам долбоорлоо иштеринин регламентин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 24-октябрындагы № 748 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мыйзам долбоорлоо иштеринин регламентин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-пунктундагы "Өкмөтүнүн" деген сөз "Министрлер Кабинетинин" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мыйзам долбоорлоо иштеринин регламентинде:
- аталышындагы жана преамбуласындагы түрдүү жөндөмөлөрдөгү "Өкмөт" деген сөз тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "Министрлер Кабинети" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Министрлер Кабинети мыйзам долбоорлоо ишине мыйзам долбоорлорун белгиленген тартипте иштеп чыгуу жана илгерилетүү аркылуу катышат.
Министрлер Кабинетинин Төрагасы мыйзам чыгаруу демилгеси укугун мыйзам долбоорлорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин (мындан ары - Жогорку Кеңеш) кароосуна Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин мыйзам долбоорлоо иштеринин планына ылайык (пландуу мыйзам долбоорлору) же бул пландан тышкары (пландан тышкары мыйзам долбоорлору) киргизүү аркылуу ишке ашырат.";
- 2-пунктунда түрдүү жөндөмөлөрдөгү "Өкмөт" деген сөз тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "Министрлер Кабинети" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 3-пунктунда:
1-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1) Министрлер Кабинети үчүн:
- министрликтер, мамлекеттик комитет, администрациялык ведомстволор жана башка мамлекеттик органдар (мындан ары - министрликтер жана ведомстволор) тарабынан мыйзам долбоорлорун иштеп чыгуу, аларды белгиленген тартипте Министрлер Кабинетинин Төрагасынын кароосуна киргизүү. Мыйзам долбоорлору Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан Жогорку Кеңешке киргизилет;
- "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамында белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Президенти жана Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан демилгеленгендерди кошпогондо, мыйзам чыгаруу демилгесинин субъекттери тарабынан демилгеленген мыйзам долбоорлоруна расмий корутунду берүү;
- Жогорку Кеңеш менен дайыма өз ара аракеттенүүнү камсыздоо, мыйзам чыгаруу демилгеси тартибинде Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан киргизилген мыйзам долбоорлорунун өтүшүн көзөмөлдөө, ошондой эле алардын кабыл алынышын камсыздоо максатында анын ишине катышуу;
- Кыргыз Республикасынын эл аралык милдеттенмелеринин алкагында мыйзам долбоорлоо иштеринин аткарылышын контролдоо;";
2-пунктчасында:
биринчи абзацындагы "Өкмөттүн" деген сөз "Президенттин жана Министрлер Кабинетинин" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
экинчи абзацындагы "Өкмөт" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөр менен алмаштырылсын, "Өкмөттүн" деген сөз "Министрлер Кабинетинин Төрагасынын" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
үчүнчү абзацындагы "Өкмөттүн Аппаратынын" деген сөздөр "Президенттин Администрациясынын" деген сөздөр менен алмаштырылсын, "Өкмөттүн" деген сөз "Министрлер Кабинетинин Төрагасынын" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
төртүнчү абзацындагы "Өкмөт" деген сөз "Министрлер Кабинетинин Төрагасы" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
бешинчи абзацындагы "Өкмөттүн" деген сөз "Министрлер Кабинетинин" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
жетинчи абзацындагы "Өкмөттүн" деген сөз "Министрлер Кабинетинин мыйзам чыгаруу боюнча" деген сөздөр менен алмаштырылсын, "Өкмөт" деген сөз "Министрлер Кабинетинин Төрагасы" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
3-пунктчасында:
"Өкмөткө" деген сөз "Министрлер Кабинетине" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
төмөнкүдөй мазмундагы сегизинчи абзац менен толукталсын:
"- бир мыйзамдын долбоорунда редакциялык-техникалык мүнөздөгү (тармактык маселелерди козгобогон) өзгөртүүлөрдү киргизүүнү караштырган оңдоолорду жалпылоо жана мындай мыйзам долбоорлорун Президенттин Администрациясына жылына эки жолудан көп эмес киргизүү;";
4-пунктчасында:
үчүнчү абзацындагы "Өкмөттүн" деген сөз "Министрлер Кабинетинин" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
алтынчы абзацындагы "Өкмөт" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөр менен алмаштырылсын, "Өкмөттүн" деген сөз "Министрлер Кабинетинин Төрагасынын" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 4-пунктунда "Өкмөттүн" деген сөз "Министрлер Кабинетинин" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 5-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5. Мыйзам долбоорлоо иши боюнча Министрлер Кабинетинин Жогорку Кеңеш менен өз ара аракеттенүүсүн камсыздоо Президенттин жана Министрлер Кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлүнө жана Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан дайындалуучу министрлерден, мамлекеттик комитеттин төрагасынан, администрациялык ведомстволордун жетекчилеринен, башка мамлекеттик органдардын жетекчилеринен же алардын биринчи орун басарларынан, орун басарлардан турган мыйзам долбоорлору боюнча расмий өкүлдөрүнө жүктөлөт.";
- 6-пунктунун экинчи абзацындагы "Өкмөттүн Аппаратында" деген сөздөр "Президенттин Администрациясында" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 7-пунктунда "Өкмөт" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 8, 9-пункттары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"8. Министрликтердин жана ведомстволордун мыйзам долбоорлоо ишинин алкагында документтер менен иштөө тартиби ушул Регламентте, Президенттин Администрациясынын, Министрлер Кабинетинин, Президенттин Администрациясында документтер менен иштөөнүн регламенттери жана министрликтердин жана ведомстволордун иш кагаздарын жүргүзүү боюнча тиешелүү ички ведомстволук актылары менен аныкталат.
9. Планды жыл сайын Министрлер Кабинети бекитет.
Пландын долбоору Юстиция министрлиги тарабынан төмөнкүлөрдүн негизинде иштелип чыгат:
- жалпы мамлекеттик жана улуттук программалардын;
- Президент жана Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген мамлекеттик программалык жана стратегиялык документтердин;
- Президенттин кайрылууларынын, билдирүүлөрүнүн жана тапшырмаларынын;
- Жогорку Кеңештин депутаттарынын сунуштарынын;
- министрликтердин жана ведомстволордун сунуштарынын;
- башка кызыкдар органдардын, илимий мекемелердин, жарандык коомдун өкүлдөрүнүн сунуштарынын;
- жаңы мыйзамдарды кабыл алууну, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүүнү караштырган Кыргыз Республикасынын эл аралык милдеттенмелеринин.";
- 11-пунктунун бешинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- мыйзам долбоорун иштеп чыгуу мөөнөтү жана Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан мыйзам долбоорун Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизүү мөөнөтү.";
- 12-пунктунун алтынчы жана жетинчи абзацтары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- мыйзам долбоорун иштеп чыгуу жана Президенттин Администрациясына киргизүү мөөнөтүн;
- Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан мыйзам долбоорун Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизүү мөөнөтүн.";
- 13-пунктунда:
биринчи абзацындагы "Өкмөттүн Аппаратына" деген сөздөр "Президенттин Администрациясына" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
экинчи абзацындагы "Өкмөттүн" деген сөз "Министрлер Кабинетинин" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 16-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"16. Мыйзам долбоорлоо иштеринин ведомстволук ички пландары төмөнкү маалыматтарды камтыйт:
- мыйзам долбоорунун аталышын;
- мыйзам долбоорун демилгелөө максатын, ошондой эле аны ишке ашырууда мыйзам долбоору иштелип жаткан ченемдик укуктук актты;
- түзүмдүк бөлүмдүн - жооптуу аткаруучунун аталышын жана тең аткаруучулардын тизмесин;
- мыйзам долбоорлорун иштеп чыгуу жүктөлгөн адистердин фамилиясын жана инициалдарын, алардын байланыш телефондорун;
- мыйзам долбоорун Президенттин Администрациясына киргизүү мөөнөтүн;
- Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан мыйзам долбоорун Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизүү мөөнөтүн.";
- 17-пунктундагы "Өкмөт тарабынан учурдагы жылга Планды бекитүү жөнүндө токтом" деген сөздөр "Министрлер Кабинети тарабынан учурдагы жылга Планды бекитүү жөнүндө тескеме" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 4-главасынын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4. Планга киргизилген мыйзам долбоорлорун иштеп чыгуу жана Президенттин Администрациясына киргизүү, аларды Президенттин Администрациясында кароо";
- 22-пунктундагы "иштеп чыгуу жана" деген сөздөр "иштен чыгуу, коомдук талкуу," деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 25-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"25. Пландын алкагында даярдалган жана Президенттин Администрациясына киргизилген мыйзам долбоорлору биринчи кезектеги тартипте каралат.";
- 5-главасынын аталышындагы "Өкмөт" деген сөз "Министрлер Кабинетинин Төрагасы" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 26-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"26. Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан Жогорку Кеңештин кароосуна киргизилген мыйзам долбоорлоруна Президенттин жана Министрлер Кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү тарабынан виза коюлууга тийиш.";
- 6-главасынын аталышындагы "Өкмөткө" деген сөз "Президенттин Администрациясына" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 28-пунктунда:
биринчи абзацындагы "Өкмөттүн" деген сөз "Министрлер Кабинетинин Төрагасынын" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
экинчи абзацындагы "Өкмөттүн" деген сөз "Министрлер Кабинетинин" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 7-главасынын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"7. Министрлер Кабинетинин расмий корутундуларын, мыйзам долбоорлорун жана мыйзам долбоорлоруна пикирлерди даярдоо";
- 30-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"30. Министрлер Кабинетинин расмий корутундуларын, мыйзам долбоорлорун жана мыйзам долбоорлоруна пикирлерди даярдоо "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамында жана Министрлер Кабинетинин Регламентинде белгиленген тартипте жүргүзүлөт.";
- 39-42-пункттарындагы "Өкмөттүн" деген сөз "Министрлер Кабинетинин" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 9-главасынын аталышындагы "Өкмөт" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөр менен алмаштырылсын, "Өкмөттүн" деген сөз "Министрлер Кабинетинин Төрагасынын" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 43-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"43. Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан мыйзам чыгаруу демилгеси тартибинде киргизилген мыйзам долбоорлору боюнча Жогорку Кеңештин жана анын комитеттеринин ишине Министрлер Кабинетинин катышуусу "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамында жана Министрлер Кабинетинин Регламентинде белгиленген тартипте жүргүзүлөт.".
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Председатель Кабинета Министров Кыргызской Республики |
А.У.Жапаров |