Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 24-июну № 333
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 4-апрелиндеги № 202 "Транспорт каражатын мажбурлап эвакуациялоонун, аны адистештирилген токтотуучу жайга жайгаштыруунун, сактоонун жана дөңгөлөктөргө блокираторлорду же жабдыктардын башка түрлөрүн колдонуунун эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 34, 37 жана 38-беренелерин ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 4-апрелиндеги № 202 "Транспорт каражатын мажбурлап эвакуациялоонун, аны адистештирилген токтотуучу жайга жайгаштыруунун, сактоонун жана дөңгөлөктөргө блокираторлорду же жабдыктардын башка түрлөрүн колдонуунун эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) преамбуласы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:";
2) 2-пункту "Ички иштер министрлиги" деген сөздөрдөн кийин "жана Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги" деген сөздөр менен толукталсын;
3) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Транспорт каражатын мажбурлап эвакуациялоонун, аны адистештирилген токтотуучу жайга жайгаштыруунун, сактоонун жана дөңгөлөктөргө блокираторлорду же жабдыктардын башка түрлөрүн колдонуунун эрежелеринде:
- 1-пунктунда:
биринчи абзацы "(мындан ары - ИИО)" деген сөздөрдөн кийин "жана транспорт чөйрөсүндөгү транспорттук контролдоону жүзөгө ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу органдын (мындан ары - ТКЫО)" деген сөздөр менен толукталсын;
төртүнчү абзацы "эрежелери бузулган учурларда" деген сөздөрдөн кийин ошондой эле Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору менен өтүү үчүн транспорт каражаттарынын салмак-габариттик параметрлеринин белгиленген жол берилген ченемдери сакталбаган (ашкан) жана чет өлкөлүк ташуучу тарабынан эл аралык автомобилдик ташуулар уруксатсыз же Кыргыз Республикасынын аймагы боюнча өтүү үчүн атайын уруксатсыз же болбосо ташуунун түрүнө шайкеш келбеген уруксат менен жүзөгө ашырылган учурларда" деген сөздөр менен толукталсын;
- 2-пунктунун төртүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- дөңгөлөктөргө блокираторлорду же жабдыктардын башка түрлөрүн колдонуу - транспорт каражатынын айдоочусу тарабынан Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 181-беренеси, 187-беренесинин 1-бөлүгү, 563-беренесинин 1-бөлүгү, 200-беренесинин 5-бөлүгү менен жоопкерчилик каралган эрежелер жана талаптар бузулган учурларда транспорт каражатынын жүрүү мүмкүндүгүнө (дөңгөлөктүн айланышына) бөгөт коюучу техникалык каражаттарды мажбурлап орнотуу.";
- 3, 5-пункттары "ИИОго", "ИИО" деген аббревиатуралардан кийин тиешелүү түрдө ", ТКЫОго", ", ТКЫО" деген аббревиатуралар менен толукталсын;
- 4-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4. Транспорт каражатын мажбурлап эвакуациялоодо менчик ээсине Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин тиешелүү сайттарына маалыматтарды жайгаштыруу жолу менен транспорт каражатынын турган жери жөнүндө кабарланат, бул тууралуу Укук бузуулардын бирдиктүү реестринин Автоматташтырылган маалыматтык тутумуна (АМТ) маалыматтар киргизилет. Транспорт каражатын мажбурлап эвакуациялоо жана дөңгөлөктөргө блокираторлорду колдонуу тууралуу укук бузуу жөнүндө протоколго тиешелүү белги коюлат.";
- 6-пунктунда:
биринчи абзацы "ИИОнун жол кыймылынын коопсуздугу бөлүмдөрүнүн" деген сөздөрдөн кийин "жана ТКЫОнун" деген сөздөр менен толукталсын;
төмөнкүдөй мазмундагы он биринчи-он төртүнчү абзацтар менен толукталсын:
"Транспорт каражатын адистештирилген токтотуучу жайга мажбурлап эвакуациялоо ТКЫОнун кызмат адамдары тарабынан төмөнкүлөр үчүн жүргүзүлөт:
- Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору менен өтүү үчүн транспорт каражаттарынын салмак-габариттик параметрлеринин белгиленген жол берилген ченемдерин сактабоо (ашыруу);
- чет өлкөлүк ташуучу тарабынан эл аралык автомобилдик ташууларды уруксатсыз же Кыргыз Республикасынын аймагы боюнча өтүү үчүн атайын уруксатсыз же болбосо ташуунун түрүнө шайкеш келбеген уруксат менен жүзөгө ашыруу.
Транспорт каражатын адистештирилген токтотуучу жайга мажбурлап эвакуациялоо ИИОнун жол кыймылынын коопсуздугу бөлүктөрүнүн жана ТКЫОнун кызматкерлери тарабынан Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 21-главасында каралган укук бузууларды жасаган учурда 100 эсептик көрсөткүчтөн ашкан айып пулду 563-беренесинин 1-бөлүгү менен белгиленген төлөө мөөнөтүн бузгандыгы үчүн жүзөгө ашырылат.";
- 7-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"7. Транспорт каражатын мажбурлап эвакуациялоодо ИИОнун жол кыймылынын коопсуздугу бөлүгүнүн жана ТКЫОнун кызматкери тарабынан Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 512-беренесинин талаптарын сактоо менен транспорт каражатына тышкы кароо жүргүзүлөт, бул тууралуу протокол түзүлөт, ошондой эле транспорт каражатын фотого же видеого тартып, анын материалдары бузуулар жөнүндө ишке тиркелет, бул тууралуу протоколго белги коюлат.";
- 8-пунктунун үчүнчү абзацы, 9, 10, 11, 12, 15, 25 жана 26-пункттары "ИИОнун жол кыймылынын коопсуздугу бөлүгүнүн", "ИИОнун жол кыймылынын коопсуздугу бөлүгүнө", "ИИОнун жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу тийиштүү органына", "ИИОнун жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органы" деген сөздөрдөн кийин тиешелүү түрдө "жана ТКЫОнун", "жана ТКЫОго", "жана ТКЫО" деген сөздөр менен толукталсын;
- 16-пункту төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"ТКЫОнун кызматкери Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору менен өтүү үчүн транспорт каражаттарынын салмак-габариттик параметрлеринин белгиленген жол берилген ченемдери сакталбаган (ашкан) жана чет өлкөлүк ташуучу тарабынан эл аралык автомобилдик ташуулар уруксатсыз же Кыргыз Республикасынын аймагы боюнча өтүү үчүн атайын уруксатсыз, же болбосо ташуунун түрүнө шайкеш келбеген уруксат менен жүзөгө ашырылган учурларда транспорт каражатынын дөңгөлөгүн блоктоону колдонот.";
- 18-пункту төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"ТКЫОнун кызматкери транспорт каражатынын дөңгөлөгүн блоктоо колдонулгандыгы жөнүндө бузуу жасалган жердеги ТКЫОнун аймактык түзүмдүк бөлүмүнө дароо маалымдайт.";
- 20-пункту төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү абзац менен толукталсын:
"Транспорт каражатынын дөңгөлөгүнөн блоктоо ТКЫОнун кызматкери тарабынан аны колдонуу үчүн негиз болгон бардык себептер жоюлгандан кийин алынат.";
- 22, 33 жана 34-пункттары "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин", "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги" деген сөздөрдөн кийин тиешелүү түрдө "жана Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин", "жана Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги" деген сөздөр менен толукталсын.
2. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги бир айлык мөөнөттө ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл чараларды көрсүн.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз-Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |